Акопян "фокус":

Мыркальтизм же КВН президентинин "МАМОНТ" жүрүшү

Жакында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан (25-октябрь, 2010-жыл) Бишкек шаарындагы Токтогул №161 имаратты көп жылдан бери адилеттик издеп жүргөн түпкү ээси "Северный ПМКга" кайтаруу боюнча калыс чечим чыккан. Бишкек шаардык сотунун коллегиясы да ушул чечимди (1-февраль 2010-жыл) аныктамасы менен күчүндө калтырган. Дал ушул соттук чечимдерде "КВН, Акопян" тууралуу эч кандай сөз жок. Анан эмне эле КВН клубунун жетекчиси Евгений Акопян оңду-солду "соттор чектен чыгууда, бүт жаштарды митингге чыгарам, мени абийирсиз сатып алуучу дешти" өңдүү түшүнүксүз да, негизсиз да билдирүүлөрү менен маалымат каражаттарында өпкө көптүрөт.


АКОПЯН "ФОКУСТАРЫ" АРКЫЛУУ АБИЙИРСИЗ САТЫП АЛУУЧУЛАРДЫ КОЛДООГО БҮТКҮЛ КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫН ТҮРТӨБҮ?
Соңку жылдар өлкөбүздө митингдерге жык жылдар болду. Бири адилеттик издеп, бийлик тараптан кайсы бир маселеге калыс чечим талап кылса, экинчи бири өзүнүн амбициясын же жеке кызыкчылыгынын кулу болуп, көпчүлүккө жамынып кытмыр көксөөлөрүн көздөгөндөр да жок эмес. Мына ушул ыкманы колдонуп калууну колдон чыгарбагандардын бири "Кыргызстан КВН" коомдук бирикмеси клубунун жетекчиси Евгений Акопян десек жаңылбайбыз. Ал: "Кыргызстан КВНшиктери өз кеңсесинен айрылганы турат. Эгер бизди эч ким укпаса 20-февралда КВНди коргоп бүткүл республиканын жаштары тынчтык митингге чыгабыз, акцияга Кыргызстандагы ЖОЖдор да катышат", - деп бүт кыргыз жаштары атынан жар салууда. Мунусу, кеп жүрчү сот ишинде "шут" же" маскарапоздун" ролуна окшошуп эле калыптыр.
Акопяндын мынчалык дээликкенинен улам окуянын чоо-жайына кызыксак, ал иште иттин өлүгү жатканы дароо эле байкалды. Көрсө, "Акопян жана КВН клубу" байырлаган Токтогул көчөсүндөгү №161 имаратка учурунда (2006-жылы 17-ноябрда) он чакты жолу камак коюлуп, сот иштери жүргүзүлүп жатканына карабай, мыйзам талаптарын тааныбай Заидова С.М. (Акопяндын энеси деп жүрүшөт) аттуу айым абийирсиздик менен өзүнө жаздырган экен. Ал эми Акопян Заидовадан ишеним кат жаздырып, ошол имаратты колдонуп жүргөнү эле болбосо, соттордун чечимдеринде Акопян, же КВН аталган имаратты ээлик кылганы боюнча эч сөз жок, аты да, жыты да жок экен. Анда, эмне эле клуб жетекчиси: "Свой офис квеншики приобрели в 2006-году", - деп каратып туруп калп айтып, алкынат. Мына ушундай жалган, далилсиз билдирүүлөрү менен Акопян бүткүл кыргызстандык жаштардын атынан сүйлөп, аларды өйдөдө айткандай, "Кыргызстан КВНдин" өз кеңсесин тартып алганы жатат, деп коомчулукту көкүтүүдө. Болбосо, ошол КВН байырлаган, тагыраак айтканда ижарада турган имаратты Заидова аттуу айым Озовадан алган, Озова, Бакиевден алган. Түпкү ээси "Северный ПМК" болгон, аны мурунку бийликтер каратып туруп эле, тартып алышып, акыры аны Заидовага абийирсиздик жол менен каттатышкан. Эми Акопян КВН жаштардын атына жамынып өзүнө алып калгысы барбы?
Андан ары Акопян чет өлкөлүк укук коргоо уюмдарына, Россия элчилигине республикадагы жападан-жалгыз орус тилдүү КВНчилерди бийлик жапканга аракет кылып жатат, ушул "беспределди" токтотуп бергиле деп жардам сурайбыз дейт. Маселен, аларга кантип кайрылат болду экен: Заидованын абийирсиздик менен ээлеп алган имараттын түпкү мыйзамдуу ээси табылып сот аркылуу кайтарылып жатат, ошол имаратта өлкөдөгү жападан-жалгыз орус тилдүү "мамонт" КВНчилер ижарада турчубуз, ошону Заидова айымга дагы бир жолу абийирсиздик менен алып бергиле дейби?...

СОТКО ШОРТИКЧЕН КЕЛГЕН АКОПЯН ЖЕ МЫРКАЛЬТИЗМ
Ошентип, Акопян куу кыйкырык менен саясатташтырып, Россия, чет өлкөлүк уюмдарды айтып жиберсем эле акыйкатты, мыйзамды тепселеп өтүп (Бакиев Русландан мурастап алган) имаратты ошол бойдон ооз көптүргөн сөздөр менен Заидовага же өзүнө алып калгысы келеби? Же Максимден калган "МЫРКАльтизм" терминин терең өздөштүрүп, өзүнөн башкалардын баарын "МЫРКА" эсептейби?. (Ушундан улам, Акопяндын бир жоругу эске түшөт: Ал КП газетине интерьвю берип жатып: "Хуже когда отдельные личности начинают проявлять свой МЫРКАльтизм", - дейт. Эгер өзүн ошончолук маданияттуу сезсе, атайын коомдук жайларга болгондо да, сот процесстерине пляжда жүргөнсүп шортикчен, бутуна сланцы сүйрөп келет беле? Өткөн жылкы сот процессине (Заидованын ишенимдүү адамы катары) жалаңдап шортачан келип соттордон эскертүү алганы - МЫРКАльтизм түшүнүгүнө жатып каларын талашып деле кереги жоктур.)

КИМ ЧЕКТЕН ЧЫГУУДА?
Райондук, шаардык соттун чечими жана аныктамасына карабай, маалымат каражаттарына: "Кыргызстанда соттордун чектен чыккандыгы өкүм сүрүүдө", "… районный суд, который признал меня "недобросовестный покупателем. Горсуд оставил это решение без изменений…власти пытаются закрыть единственную русскоязычную игру республике…", - деп муш кезеп, сотторду, бийликти жөн жерден, негизсиз каралаган билдирүүлөрүн (интернетти караңыз) жарыялоодо. Аны "Комсомолская правда" (3-10-февраль) өңдүү гезиттер аныгын аныктабай эле уруп салууда. Калп- чыны аралаш, амбициясы башынан ашкан, өзүн Кыргызстан "КВНинин" "мамонту" атаган интерьвюсунда: "Спустя 4 года АО "Северное ПМК" подали против нас иск в районный суд, который признал меня "недобросовестный покупателем . Горсуд оставил это решение без изменений… Это чистой воды рейдерство", - деп сотторду кызылдай эле каралайт. Райондук соттун чечиминде да, Шаардык соттун аныктамасында абийирсиз сатып алуучулар катары Р.А.Бакиев, С.М.Заидова, А.В. Озова, М.В Данильченколордун гана аттары аталган.
А түгүл, Бишкек шаардык сотунун аныктамасында: (Дело№АБ-1144/10ГД. 1-февраль, 2011-жыл) "…признан недействительным договор-купли продажи части нежилого помещения - магазина и кафе бара (1этаж и подвалные помещение) находящегося по адресу: город Бишкек, ул. Токтогула 161, общей полезной площадью 533, 8 кв.м., заключенный между генеральным директором ОсОО "Силк Вей Инвестмент" Бакиевым Р.А. и Озовой А.В. от 17-апреля 2006-года; признан недействителен договор купли-продажи части нежилого помещения, площадью 90,5 кв.м заключенный между Озовой А.В и Заидовой С.М. от 6-ноября 2006 года;…", - деп Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган, бирөөнүн мүлкүнө абийирсиздик менен ээлик кылып алган Заидова Светлана Мамедовнанын атына катталган Токтогул көчөсүндөгү №161 имарат (90,5 кв. м.) соттун адилеттүү чечими аркылуу өз ээси "Северный ПМКга" кайтаруу боюнча чечиминде да Акопяндын да, КВНдин да аты аталбайт. Анан кайсы бети менен: "признал меня "недобросовестный покупателем", - деп кыпчылып, коомчулукка өзүн адилетсиздикке кабылган адам катары көрсөткүсү келет. Бирок, кенедей дагы далилдүү аргумент алып чыга албады, сөздөрүнүн баары эле жаш бала үйлөп жиберген жел шаригин элестетет. Өзүн КВНдин "жылдызы", "мамонту" катары көрөт. Бирок, мыйзам, чындык баарынан өйдө тураарын эстен чыгарбаш керек го.
Акопяндын "это чистой воды рейдерство.." деп негизсиз түрдө "бийлик, соттор тартып алуу, баскынчылык менен алектенип калгандай" жаманаттылагысы келет. Бирок, бул жерде баса белгилей кетүүчү нерсе, керек болсо далай былыкты камтыган ушул иште Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык сот коллегиясы өздөрүнүн калыстыгынан жазбай, адилеттүү чечимин чыгарышты. (Учуру келгенде бул иштер тууралуу кеп да четинен чубалып чыгаар). Көп жылдык соттошуулардан улам бүгүн соттордун калыс чечими чыгып отурат.

БАКИЕВДЕН МУРАС ЖЕ АБИЙИРСИЗ САТЫП АЛУУЧУ
Адегенде "Силк Вей Инвестмент" ОсООнун генералдык директору канкор президенттин тууганы Бакиев Р. А. А.В Озова менен 17-апрель 2006-жылы жалпы көлөмү 533,8 кв.м.ди түзгөн Токтогул көчөсүндөгү №161 имаратты сатуу-сатып алуу боюнча (талашта, "арестте" турганына карабай) келишим түзүшөт. Тагыраак айтканда, Р.А Бакиев имаратты А.В Озовага сатат. Андан ары Озова А.В. Заидова С.М. менен ошол имараттын 90,5 кв. м.ине келишим түзүшөт. Бул келишимдер түзүлүп жатканда, бир топ эле мыйзамсыздык, абийирсиздиктерге кенен эле жол берилгенин Бакиев доорунда айтып деле кереги жок го.
Мисалы, ошол имараттарды сатуу процесстеринде сатуу-сатып алуу келишими боюнча КР МКсинин 415-беренесинин негизинде объектти берүүдө жактардын алыш-бериш актысы жүргүзүлгөн эмес, анын келишиминде мөөнөттөрү көрсөтүлбөгөн өңдүү кемчиликтер орун алган. А түгүл, алар келишим түзөөрдө аталган объектти 1999-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин отуздан ашуун камакка салынып, сатуу-сатып алуу өңдүү процесстерге тыюу салынганын эң жакшы билишчү. ТСЖ "Румина" председатели Симонова да имарат талашта турганын эскерткен. Бирок, ага карабай, кандайдыр жолдор менен Озова А.В., Заидова С.М., жб.лар сатуу-сатып алуу келишимдери өңдүү процесстерди түзүшкөн. Анан кандайча Заидова С.М. абийирдүү сатып алуучу боло алат? Анын үстүнө, соттор да абийирсиз сатып алуучу деп табууда. Ошондуктан, Озова А.В., Заидова С.М. эч качан абийирдүү сатып алуучу боло албайт…
Эрнест АБДРАХМАН