Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

Кайнаган турмуш
Дүңү менен сатуу, алдоо жана алдануу

Баарыбыз эле өзүбүзгө керектүү буюмдарды дүң базарлардан арзаныраак сатып алганга умтулабыз. Чынында эле ал жерлерде арзан турушу табигый нерсе. Бирок, ал жерде дүңү менен алдап коюшу да мүмкүн. Бул айтылгандын баары чындыкка жатабы?
Бул суроого Бишкек шаар мэриясынын Соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Жаныбек Ботоев жооп берди:
- Ооба, айтылган маселеде чындык бар. Дүң же майда соода жүргүзүүнүн себеби, ал жерден тез убакыттын ичинде "ызы-чуусуз жана чаң жугузбай" киреше, пайда табуу максаты бар. Эмнеден, кандай жолдор менен? Баарынан мурда, эң арзан, эсептен чыгарылып ташталган, нормага же шартка туура келбеген, жашырып алып өткөн (контрабанда) тартыш товарларды сатып, алдоо жолу менен баюу жолуна түшкөндөр тууралуу кыскача баяндама берели.
Эсептен чыгарылган товарларды дүңү менен сатуу. Көбүнчө чет өлкөлөрдө мөөнөтү өтүшүп кеткен товарларды жок кылуу боюнча бай тажрыйбалар бар. Бирок, андай ишке барыш кээ бир бизнесмендер үчүн машакаттуу, кымбатка турчу жумуш. Ошондуктан, көптөгөн супермаркеттердин кожоюндары тапкычтык менен жардам, кол кабыш катары ошондай товарларды көзгө бат түшө турган баада биз тараптан барган "демилгечил" ишкерлерге өткөзүү менен өз жеринде көптөгөн салыктардан кутулушууда. Андай "бекер" товарлардын бажы кампаларда өткөзүлбөй жатканы канча! Мисалга, жакынкы күндөрдө Бишкек-1 темиржол станциясына 16 вагонго жүктөлгөн жалпы салмагы 1200 тонна турган, калай идиштерге салынган, мөөнөтү өтүп кеткен томат пастасы алынып келинген. Жараксыз товар токтотулганы жөнүндө гезит беттеринде жана көгүлтүр экрандарда көрсөтүлгөн маалымат баарыбызга белгилүү.
Жашыруун алынып өтүлгөн товарларды дүң сатуу (контрабандалык товар). Кээде белгилүү эле супермаркеттер эч кимге белгисиз товарларды соода текчелерине тобокелге салышып сатышканын кездештирбей койбойсуң. Мындай көрүнүштөр кичи соода "комокторунда", контейнерлерде, палаткаларда кең пейилдик менен сатылып жаткандары элибизге белгилүү. Акыркы убакта көбүнчө компьютердик тетиктер, уюлдук телефондор, ушул сыяктуу талапка ылайыктуу товарлар, ошондой эле чет элден алынып келинген балык ассортиментиндеги жана эттен жасалган консерва товарлары дүңү менен сатылып жатканынын ким билбейт.
Деңиздин ары жагынан алынып келинген ("заморские") арак-вино товарларын дүң сатуу. Базарларда, кампаларда дүңү менен жашыруун сатылып жаткан чет элдик этикеткалар аркылуу, сатып алуучуну кызыктырган көптөгөн товарлар шаарыбыздын баардык эле булуң-бурчунда толуп кеткен. Сизди алардын сулуулата жабыштырган этикеткасы, фирманын түрлөп чыгарган идиши канчалык кызыктырбасын, көбүнчө жасалма товарларды кардарларга түртүп жибергенге умтулушат. Мисалга, жакында эле маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүндө, Ош базарынын тегерегинде жарым миллиондон ашык суммадагы жасалма спирт ичимдиктери кармалган. Текшерүү кезинде бардык 12 миң бөтөлкөгө жасалма акциздик марка чапталганы аныкталды.
Сууга чылоо, нымдаштырылган (размороженные) товарларды дүңү менен сатуу. Дүң базарда дайыма сыртына муздары кат-кат болуп каткан окарачканы, түрлүү ассортименттеги балыктарды, жада калса, суу майларды, маргариндерди сатып алып жаткан кардарларды кездештиресиз. Ошол эле сууга чыланган, муз болуп тоңуп калган балыктан 600 грамм сатып келип, керектүү тамакты жасаарда эритсеңиз, 300 граммга жетип жетпеген балык эти калганын байкайсыз. Балык эти өзүңүздөргө белгилүү, кымбат баада сатылат. Мисалга, 1 кг.балыкты 400-600 сомго сатып алган болсоңуз, төлөнгөн акчаңыздын жарымы ошол эритилген муз менен кошо кетет. Ошондуктан, "шылуун" дүң сатуучулар баасы жогору, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ушундай жолдор менен сатууга дилгирленишип, колдонууга жарактуу убактысын узартууга аракет кылышат.
Шартына же нормасына ылайык келбеген (некондицией) товарларды дүңү менен сатуу. Белгилүү эле соода түйүндөрүнөн керектөөчү уюлдук телефондорду дүңү менен арзан баада 41 миң 500 сомго сатып алат. Колдонуу кезинде уюлдук телефондордун баары сапатсыз, биздин шартка туура келбеген, сертификаттары жок экени билинет. Керектөөчү мыйзам нормаларыбызга ылайык, экинчи эле күнү дүң сатуучудан сертификаты бар, сапаттуу телефондорго алмаштырып берүүсүн же төлөнгөн акчасын кайтарып берүүсүнө, оң жооп ала албай койгон.
Керектөөчү Бишкек шаарынын Соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылганда, мыйзам чегинде экспертиза жасатышат. Экспертизанын корутундусунун негизинде, уюлдук телефондор чыгарган жеринен эле сапатсыз (шартка ылайык келбеген) экени аныкталып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын 17- беренесинин чегинде Башкармалыктын адистери керектөөчүгө төлөнгөн акчаларын кайтарышып беришти. Сатуучу сертификаты жок саткан буюмдар үчүн кошумча штраф айыбына тартылды.
Айыл-чарба (жер-жемиш) товарларын дүңү менен сатуу. Акыркы кезде базарларда күндөн-күнгө жер-жемиштердин баасы кымбаттагандан кымбаттап бара жатат. Сатып алуучулар арзаныраак баада жер-жемиштерди сатып алыш үчүн дүң базарларды кыдырышууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын 9 айында мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырганда, республиканын базарда сатууга коюлган товарлардын көлөмү 49,2 пайызга, импорттолгон товарлардын көлөмүнөн 2,3 эсеге өскөн болсо, бирок ошол эле мезгилде экспорттолгон товарлардын көлөмү 24 эсе көбөйгөндүктөн, базарларда муктаждыктарга салыштырганда сунуштар аздык кылып, далдалчылардын жана алып сатарлардын да көбөйгөндүгүнөн улам базарлардагы товарлардын баалары өсүп кетүүдө. Көбүнчө дыйкандар же фермерлер жер-жемиштерди жыл бою өз эмгектери менен өстүрүп, канчалык кыйынчылыктарга моюн сунушпастан, жыйып-терип, базарларда өздөрүнүн товарларын ээн-эркин элге сата алышпайт, себеби - далдалчылар - алып сатарлар базарларды өз менчигиндей ээлеп алышкандыгында.
Материалды даярдаган
Геннадий Холкин




Спикеру Жогорку Кенеша
КР Кельдибекову А.К.,
Копии (для информации):
Президенту КР Отунбаевой Р.И.,
Премьер-министру КР Атамбаеву А.Ш.
СМИ Кыргызстана
Заявление
Гражданского Движения "Тилектештик-Солидарность" по поводу
практики закрытого заседания

Уважаемый Ахматбек Кельдибекович,
Гражданское общество Кыргызстана глубоко разочаровано и серьезно обеспокоено практикой проведения закрытых заседаний и тайного голосования в Жогорку Кенеше.
По сути, это противоречит принципу демократического государственного устройства и ключевому положению Конституции о том, что единственным источником власти в стране является народ.
Открытость и прозрачность государственных органов являются универсальными инструментами подотчетности и некоррупционности. В этом ряду парламент как представительная и законодательная ветвь власти выделяется особо. Жогорку Кенеш, как и парламенты других стран, сам по себе является инструментом обеспечения прозрачности и подконтрольности государственной власти народу.
Во всем мире именно через полную трансляцию работы депутатского корпуса по радио и телевидению, через возможность присутствия любого гражданина на каждом заседании, не говоря уже о СМИ и представителях НПО, через публикацию поименных результатов голосования депутатов по каждому вопросу, через широкое освещение их работы в комитетах обеспечиваются функции парламента как инструмента народовластия и его подотчетности народу.
В этой связи обсуждения за закрытыми для прессы и общественности дверями и процедура тайного голосования выглядят серьезными отступлениями от демократических принципов, стремлением закрыться от народа и уйти от ответственности.
Источник власти - избиратели и налогоплательщики - имеют полное право следить за ходом дебатов в Жогорку Кенеше и делать выводы о том или ином политике, которого они избрали своим представителем.
Когда такие вопросы как обсуждение возможной коррупции высокопоставленного чиновника при организации хаджа проводятся втайне от народа, в обществе складывается впечатление торга депутатского корпуса с исполнительной ветвью власти, с президентской администрацией и даже с отдельными должностными лицами.
Крайне тревожным сигналом стал также факт закрытого голосования по выборам мэра города Бишкек. Гражданское общество возмущено тем, что в Городском Кенеше их представителей не допустили в зал заседаний во время голосования.
Стремление новой власти рассматривать и решать вопросы в узком кругу, не вовлекая в ход разбирательства широкую общественность, вызывает обоснованную тревогу у граждан, так как не способствует успешной борьбе с коррупцией и очищению государственной власти, во имя чего отдали свои жизни патриоты, убитые 7 апреля 2010 года на площади Ала-Тоо.
Уважаемый Торага,
Просим Вас обнародовать фамилии депутатов, инициировавших и поддержавших решение о закрытом формате обсуждения темы возможного причастия руководителя президентской администрации или его сына к организации хаджа.
Просим внести в Регламент работы ЖК норму, исключающую возможность закрытых заседаний и тайного голосования, за исключением жестко закрепленного перечня вопросов, связанных с безопасностью страны.
Прозрачность, подотчетность и открытость - только таким путем власти могут получить доверие и поддержку общества провозглашенному курсу на искоренение коррупции и борьбу с организованной преступностью.
Надеемся на дальнейшее плодотворное сотрудничество с Жогорку Кенешем Кыргызской Республики.
Гражданское Движение
"Тилектештик-Солидарность".







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??