Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Түштүк коогалаңы :34 баланын сөөгү дайынсыз бойдон калууда
Ош облусуна барган сапарыбызда, 2010-жылдын июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондордун жакындары менен жолугушуп, алардын бийликке болгон көйгөйүн уктук. Учурда жыйырма үч адамдын дайыны чыкпай, өлүүсү же тирүүсү билинбей келет. Ошону менен бирге дайынсыз жоголгондордун жакындары "Дайынсыз жоголгондор бирдиктүү коомун" түзүп, иш алып барып жаткан кези. Бул бирдиктүү коомдогулар "Роза Отунбаева келгенде ызабыз менен катуу айтып койгонбуз, ошондой эле кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы да бизди пайдаланып кетти" дешет. Учурда ээси жок 34 сөөк бар. Бирок, алардын ДНКсы толук чыгарылмайынча ким экендиктери белгисиз. Жүрөктөрү кусалыкка, үмүткө толгон жоголгондордун жакындары төмөндөгү пикирлерин билдиришти


Алмаз АЛЫМКУЛОВ,
Ош шаары:
- Биз өзүбүз алайлык болобуз. Бирок, шаарда турабыз. Менин бир тууган иним жоголгон. Мына жети айдын жүзү болду, балдарыбыздын сөөгү да табылбай жатат. Россияга ДНК кетти дешкен. Ошого үмүт кылып жүрдүк эле. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан келип, бизге чогулуш жасап "Россиянын алы жетпей калды. Эми Кытай мамлекети кыла турган болуп калды" дешти. Биздин түшүнө албай жатканыбыз, Николайдын тууган-уругун тапкан Россия кантип эле биздин жакындарыбызга келгенде алы жетпей калат? Биздин бийлик Россияга акча которгон эмес. Ошол себептүү Россия баш тартып койду. ДНКнын жыйынтыгын дагы канча күтөбүз, белгисиз. Кайрылчу жерге кайрылып жатып, уялып да калдык. Барсак бизди саясатка да аралаштырып жиберет экен. Бир гана ишеничибиз сиздерге, сиздердин гезитиңерге кайрылууга туура келип калды.
- Алмаз мырза, сиздердин "Ош шейиттери" коому "Ата-Журт" партиясын колдоп чыктыңар. Силердин максат-жакындарыңарды издеп табуубу же башка да саясат жүрүп жатабы?
- Эми "Ата-Журтка" колдоо көрсөткөнүбүздүн себеби, ал партиянын балдары Ошко көбүрөөк көңүл бурушат. Ошол себептүү биз аларды колдоп чыкканбыз. Акматбек Келдибеков "Ош коогалаңына комиссия түзүүнү биринчи планга коёбуз" -деп айтпадыбы. Эгер Текебаев спикер болгондо бул иш козголбойт болчу. Бул маселени карабай ушул бойдон таштап койсок, дагы бир нерсе башталып кетиши мүмкүн.
- Иниңиз кайсыл күндөн баштап жок болду?
- Иним өзү патриот жигит эле. Бир тууган агамдын жалгыз баласы. Согуш башталганда тилди албай "кыргыздарды сактайм"-деп, 10-июнь күнү үй-бүлөсүн чыгарып жиберип, өзү туткунга алынгандарды бошотуп жүргөн экен. Анан колдоруна ок тийип, менин үйүмө келип таңдырып "үйлөрдү кезектешип кайтарып жатабыз, барып кайтарышам"-деп кеткен. Эртеси базарда контейнери бар эле, ошол жакка барса, өзбектер сүйрөп кетишкен экен. Тергөө жүргүзүп, иликтедик, эч жиги билинбей келет. Ошол менин иним менен кошо алып кеткен Сапарбек деген жигиттин сөөгү Андижандан келди. Бул нерсенин бардыгын биздин бийлик билет. Эмне дегенде Сапарбектин сөөгү 15-июнда Андижандагылар кыргыз бийлигине "кыргыздардын өлүктөрү келди, келип алып кеткиле"-деп билдирген экен. Анан эле Референдум тынч өтүп кетсин дешип, ачыкка чыгарышпай, өлүктөрдүн баарысы курттап кетиптир.

Абдумалик АРСТАНОВ,
Кара-Суу району:
- Мен Азамат Арстанов аттуу 31 жаштагы уулумду 13-июндан бери издеп жүрөм. Ошондон бери ушул жерде өлүү болсо өлүгүн, тирүү болсо тиригин таппай, таң заардан кечке чейин турабыз. Шектүү жерлерди танка менен солдаттар барып карашты жок. Уулумдун бир уул бир кызы бар. Өзү филфакты окуп, мугалим эле. Уулумду "өлтүргөнбүз"- деп үч өзбек бала соттон бири 3 жыл, бири 8 жыл, бири 5 жылга кесилишти. Бирок, уулумдун сөөгүн кайда көмгөндөрүн айтышпай жатышат. "Колу-бутун кетмен менен чаап, сууга таштаганбыз" дешти. Бирок, суудан эч нерсе табылбады. Мыкаачылык менен адам өлтүргөндөргө ушунча жеңил жаза берилеби? Айланайын кызым, бизде акыйкаттык барбы деги? Президенттен, парламенттен суранаарым, уулумду тирүү болсо тиригин, өлүү болсо сөөгүн таап бергенге жардам берип койгула.

Дилбар КӨЧКӨНОВА,
Токтогул району:
- Маңдайымда Кудайдан тилеп алган жалгыз балам эле. Өлсөм көмө турган, бизди бага турган жалгыз ишенээрим эле. 16-июнь күнү "Роза Отунбаева келет, эскерүү күнү болот экен, өзбек-кыргыз жарашып жатыптыр" -деп үйдөн чыгып кетиптир. Сиңдимдикинде жашап, иштечү эле. Ошол күнү өзүнүн туулган күнү болчу. Ошол бойдон жок болуп кеткен. Сиңдим мага билдире албай коркуп, 22-июнда билдиришти. Мына андан бери туура сегиз айдын жүзү болду. Сегиз айдан бери өлтүргөн кишиси жок же кармалган кишиси жок, же уулумдун сөөгү жок ушул жерде отурам. Баламдын денесиндеги белгилерин айтып берсек, башы жок бир сөөккө окшоштурушту. Бирок, ДНКсы чыкмайынча толук билинбейт экен. Жок дегенде өлтүргөндөрдү табышса башын кайда ыргыткандарын айтып беришет эле да. Садага болоюн кызым, кыргыздар сөөгүн таштаган эмес. ДНКсын чыгаргандан Россия баш тартты. Биздин бийликтен суранаарыбыз, эми Кытайга ДНКны текшерткенге каражат бөлүп беришсе деп суранат элек.

Шани ТАЖУБАЕВА,
Алай району:
- Менин уулум Мирбек Арзыбаевдин машинасын 5-июнь күнү балдар тартып алып койгон экен. Анан милициялар уулума тосмо арыз жаздырышып, ишти кыскартып коюшкан. Ошол күндөн бери машинасы менен кошо жок болуп, дайыны чыкпай жатат. Көзү ачыктар уулумду тирүү деп жатышат. Негизи кылмыш-иликтөө тобунун балдары жакшы иштеп, колдорунан келгенин жасап жатышат. Соттор акыйкат чечпей жатат. Прокурорлор чыгарып жиберип жатышат. Азыр МРОдогулар бир өзбек баланы кармап сурак кылышты. Анын айтуусуна караганда, балам тренировкага баргандыктан ошол өзү менен чогуу машыккан өзбек балдар Өзбекстанга алып кетишиптир. Бирок, башынан эле ушундай маалыматтар берилип келген. Эми мына президент шайланып, өкмөт түзүлүп, парламент иштеп жатат. Алардан суранаарым, Өзбекстанда бир топ кыргыз балдар туткунда экен, ошолорду Кыргызстанга которууга Өзбекстандын өкмөтү менен сүйлөшүп, биздин орган кызматкерлери Өзбекстанга кирип кароого жол ачып берип коюшса. Жоголгондордун сөөгү болсо да алып чыкканга жардам бериши керек. Президент сүйлөшүүлөрдү сөзсүз жүргүзүш керек. Органдагылар "Эгер ошондой шарт түзүп, жол ачып берсе, бир топ иштин бети ачылып, тиригин тирик бойдон, өлгөндөрдүн сөөгүн алып чыгат элек" -деп жатышат. Ушуга бийлик катуу киришсе, биздин да көксөөбүз сууп, тынчып калат элек.

Абдылашим ДАНИЯРОВ,
Алай району:
- Менин уулум Мадин Данияров, 11-июндагы Ош коогалаңынан бери жок. Юрфакта экинчи курста сырттан окуйт эле. Ошол окуусу башталып, төрт бала кеткен. Согушта төртөө бөлүнүп качып кетишиптир. Ошондон бери жок. Издебеген жерим калган жок. Сегиз айдан бери баламды издеп Ошто батирде жашап жатам. Алайга барып келгенге үч миң сом акча кетет. Туугандарым күндө табылдыбы деп чалат. Алар чалган сайын сай-сөөгүм сыздап, эмне деп жооп беришти билбей калдым. Кечээ жакында экөө кармалган. Ошол балдар жертөлөгө кармашкан экен. Учурда сурак берип жатышат. Кызым, сегиз айдан бери бизде дарман калган жок. Тиричиликтин калганын айтпай эле коелу.

Кушбак АРЫКОВ,
Кара-Суу району:
- Мен уулум Жыргал Арыковду издеп жүрөм. Жыйырма үч жашта, үйлөнө элек. 12-июнь күнү базардын ичинде болгон. "Бутума ок тийди деп саат: 8-9 дарда телефон чалган. Ошол боюнча таппай калдык. Эч дайыны жок. Айланайын кызым, суранаарым, биздин үнүбүздү Президентке жеткир. Бийлик жардам берсин. Тирүү болсо тиригин, өлүү болсо өлүгүн табалы.

Кундуз СЫДЫКОВА,
Алай району:
- Жолдошум Талгат Орозалиев Ошто кайнимдин үйүндө иштеп жаткан. Коогалаңда кайнимдин үйү да өрттөнүп кетип, жолдошум да ошондон бери жок болуп жатат. Бул боюнча үч бала кармалган. Эки жолу сот болуп, териштирүү жүрүп, акыркы чечим чыга элек. Бирок, соттун адилет кароосунан күмөнүм бар. Милициялар жакшы иштегени менен сот, прокуратурага ишеним жок. Кармалгандарга жеңил жаза берип коюшууда. Сөөктөрдүн баштары, колу-буттары жок. Таанылбайт. Мыкаачыларга жеңил жаза берүү таптакыр болбойт. Алар эки-үч жыл отуруп, кайра кол салышат. Бийликтен суранаарым, сотторду адилет болууга чакырса.

Бурма АШЫМОВА,
Кара-Кулжа району:
- Уулум Назарбек Ашымов жыйырма бир жашта эле. Өзбек-Кыргыз университетинде дене-тарбия факультетинде окучу. 10-июндан 11-июнга караган түнү согуш башталып, уулум эл менен кошо согуш аянтында таңкы саат: 11:00гө чейин болуптур. Түш ченде кайрадан көчөгө чыгышыптыр. Ошол бойдон жок. Сегиз айдан бери ушул жерде уулумду күтүп жүрөм. Өлүүсү же тирүүсү билинбей, ДНКдан мага 35 менен 55 теги адамдын сөөгүн көргөзүштү. Мен кантип ал сөөктү алам. Менин уулум 21 жаштагы, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жапжаш бала. Органдагылар "карап атабыз" дегенден башканы айтышпайт. Биз үчүн күйүп-бышкан милиция кызматкери, областтык ИИБда начальниктин орунбасары Малик Нурдинов. Бул жигит абалыбызды жакшы түшүнүп, колунан келген аракеттерин көрүп жатат. Башкалардан пайда жок.

Асылкан АБЫШОВА,
Араван району:
- Ачыгын айтканда, органдын балдары абдан жакшы иштеп жатышат. Бирок, мен бир нерсеге нааразымын. Соттор, прокурорлор калыс карабай жатат. Кылмышкерлер "мен өлтүргөм" -деп мойнуна алып, тили менен сайрап берип жатса да, жеңил жазаларды берип, "псих" деп чыгарып жиберип жатышат. Минтип отурсак, калыстык эч качан болбойт. Акыры биз кыргызбыз го. Качанга чейин пулга сатылабыз? Бийликтегилерге менин айтаарым, азыр дагы биз коркунучта жашап жатабыз. "Эртең мартта чыгат экен, февралда чыгат экен" деген имиштерден үрөйүбүз учуп бүттү. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, парламент ушуга бир көңүл бөлүп, алдын-ала чараларды көрсө жакшы болот эле. Элдин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Качан эмне болуп кетет деп, балдарымды коргоп жүрүп оорукчан да болуп калдым. Мага окшогон канчалаган кыргыздар бар. "Шейиттер коомун" жетектеген Тургунай эжебиз жоголгондордун таламын талашымыш болуп, көп туура эмес иштерди жасап койду. Биздин ишенген эжебиз ушуну кылып жаткандан кийин башкаларында сөз жок. Согуштан кийин Тургунай эжени ээрчип, Бекжанова деген шаардык соттун төрайымын талкалаганбыз. Мына ушундай адамдардын айынан иш жүрбөй жатат. Дагы бир маселе, жер алууга чыккан элди, "Мелис кылып жатат" -деп атышат. Бул туура эмес. Мырзакматов менен Сооронбай Жээнбеков жер маселесин чечип берүүгө аракет кылып жатат.

Гүлкайыр МАМЫТОВА,
Алай району:
- Биздин Ошто өзбектердин үйүндө батирде жашаганыбызга он жылдан ашып кетти. Согушта жолдошум, эки балам менен аларга туткунга түшүп калганбыз. Жолдошумду бир жерге алып кетишип, мени сабашты. Анан ажыга барган өзбек аксакал мени балдарым менен алып калды. Кыргыздар келип, мени балдарым менен кошо беш өзбекке алмашып, чыгарып кетишти. Ошентип өзүм аман калганым менен жолдошумдун дайыны жок болуп жатат. Учурда абдан кыйналып жатам. Барбаган жерим калбады. Батирде жашагандыктан мага жардам керек болуп жатат. Роза Отунбаева бизге көңүл бөлүп койсо деп суранат элем. Президент Ошко келди бирок, биз менен жолуккан жок.

(Уландысы кийинки санда)
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош
Редакциядан: Гезитибиздин кийинки санынан жакындарын жоготкондордун пикирлеринин уландысы жана ошондой эле Ички иштер кызматкерлери бул боюнча иликтөөлөрдү кандай жүргүзүүдө, ошону менен катар кайсы маселелер тоскоол болуп жатат, ошол туурасында билдиребиз. Жабырлануучулар нааразычылык билдирип жаткан сот жана прокуратура кызматкерлеринин жооптору берилет.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??