Гүлдөгөн коррупция!

Гектарлаган жерлерди жексен кылгандарга жаза барбы?
Ош облусунда көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөй-жер тилкесине ээ болуу. Кара-Суу районунун жетекчилеринин шалаакылыгынан улам, напсилерин тыя алышпай көп жылдан бери жер тилкесин ала албай жүргөн адамдарды кезектен сүрүп чыгарып, алардын ордуна таптакыр башка райондун адамдарына жер тилкелерин соодалап жиберишкен. Бул маселе 2003-жылдан бери чечилбей келе жатат. Бакиев бийликте турганда анын бийлигине таянган жетекчилер жер тилкелерин өздөрү каалагандай калчашып, төрт жүзгө жакын адамды көчөдө калтырышкан. Тактап айтканда Кара-Суу районунун акиминен баштап, райондук мамкаттоого чейин коррупцияга малынышып, Папан айыл өкмөтү мыйзамсыз токтомдорду чыгарып, элдин башын айландырган.

Бул тууралуу кенен маалыматтар, атайын журналисттик иликтөөлөр басылмаларга чагылдырылып, бирок, Бакиевдин кылмыштуу бийлигинин табакташтары жазага тартылбастан, опоңой кутулуп кетип турушкан. Учурда бул райондо дале болсо кылмыштуу бийликтин кадрлары иш алып барышууда. Демек, папандыктардын маселеси жакын арада чечилиши күмөн. Ал эми үй-жайсыз, алакандай жер тилкесине ээ боло албаган Баатыр Энелер ыраазы болооруна да али көп күн бар өңдөнөт. Коррупцияга баткан райондун, айылдын жетекчилерине мыйзам чегинде чара колдонулуп, карапайым элдин маселеси чечилмейин, коррупционерлердин саны кыскарбайт. Папан элинин маселеси гезит беттерине чагылдырылганы менен бийлик эч качан көңүл бөлбөгөнү таң калтырууну жаратпай койбойт. Жаңы бийликтин келиши менен көптү үмүт кылган карапайым эл, учурда карайлап турган чагы. Кара-Суудагы жер тилкеси боюнча козголгон чоң маселеге Өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, комиссиянын составына каржы полициясы, прокуратура кошулуп, иликтөө жүргүзүлмөйүнчө жер тилкеси папандыктардын пайдасына чечилээри күмөн. Бул маселе боюнча өз кезегинде жердин айынан Папан менен Төлөйкөн айыл элинин ортосунда чоң кагылышуу болгон. Бирок, эч нерсени тоготпогон жетекчилердин камырап койбогондоруна караганда, карапайым элдин эмгегин жегенге губернатор, аким, прокуратура да ортоктош болгондугунан кабар берет. Жогорудагы коррупция боюнча далил катары кыскача төмөндө билдиребиз.
Папандын элин жерсиз көчөдө калтырган Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Медер Мырзабеков менен Кара-Суу райондук мамкатоосунун башчысы Муктар Раимбердиев. Бул эки жетекчи 2003-жылы трансформация болгон жерге обладминистрация тарабынан түзүлгөн комиссия карап чыккан токтомдору бар адамдарга жер тилкесин берүүнүн ордуна таптакыр башка адамдарга токтом чыгарып жер бөлүп берген. Ошентип ортодо 16 гектар, андан кийин дагы 16 гектар жер кимдерге жана кайсыл токтомдун негизинде берилип кеткени белгисиз болуп калган. Ортодо 8 гектар жер жок болуп кеткен. Бул ачыкка чыккан гана фактылар. Ал эми билгизбей тымызын көз будамайлоо кылгандары четтен чыгууда. 7-апрелден кийин райондук мамкаттоосунун башчысы Муктар Раимбердиевди текшерүүнүн жыйынтыгы менен ошол кездеги Республикалык мамкаттоонун башчысы А.Шыкмаматов 21.05.2010-жылы №11 буйруктун негизинде кызматынан четтеткен экен. Бирок, негедир Раимбердиев 24-майдан баштап, кызмат ордунда кайрадан эмгектене баштаган. Мына ушундай кадрдык башаламандыктын айынан, Он жылдан бери жер тилкесин алуу үчүн кезек күткөн эл, күтө берип үйсүз-жайсыз көчөдө калаарына аз гана убакыт калды көрүнөт. Биздин журналисттер бул маселе боюнча областтын губернатору Сооронбай Жээнбековго бир нече жолу кайрылып, губернатордон комиссия түзүп, элдин маселесин чечип берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирген. Бирок, учурда Сооранбай Жээнбековдун комиссиясынан да эч жыйынтык чыкпагандыгы айкын болду. Демек, папандыктардын маселеси өкмөт тарабынан чечилиши керек. Анткени, облуста жетекчилер коррупцияга бири-бири менен чырмалышып калгандыгы анык. Гектарлаган жерлерди жер менен жексен кылгандарга жаза барбы өзү? Бул иштерге биз дагы кайрылабыз жана элдин үнүн чагылдырып турмакчыбыз.
Баян КӨЛБАЕВА
Бишкек-Ош




Жылдыз Жолдошева,
ЖКнын "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"К.Осмоналиев мага "удар" жасайын деди эле, ишке ашкан жок"
- Ж.Айтибаевна сизди Э.Каптагаев менен бирге ажылыкты Муфтиятка өткөрүп бербөөгө, анын өкмөт карамагында калышына жанталашты деп айтышууда. Деги эле Дин башкармалыгындагы миллиондорго кызыккандар акыркы убакта көбөйүп кеткенсийт…
- Мындай маалыматты сизге ким айтса да, эң туура эмес маалымат берген. Биринчиден Бактыбек Нурдинов деген жигит Орто Азия-Кыргызстан Дин конгрессинин жетекчиси. Аны мындай кызматка ким шайлап, ким алып барганы белгисиз. Мен бул боюнча юридикалык документтерди талап кылганымда, эч жерден табылбады. Экинчиден ажылык боюнча бир чоң коррупциялык система бар. Ал системаны ким түзүп, ким автор болгону - бул чоң суроо. Бул схемага 2008-2009-жылдары өзгөрүү, толуктоолор кирген. Азыркы депутат К.Осмоналиев ошол кезде бул жерде иштеген. Б.Нурдинов К.Осмоналиевдин иш бөлмөсүнөн чыкпай, биргелешип бир нерселерди жасашкан. Мен ал кезде Курманжан Датка фондун жетектечимин.
- Бул маселе өткөн жыйында каралгандай болду. Ошондон кеп кылсаңыз?
- 2-февралда бул маселени карадык. Б.Нурдинов, К.Осмоналиев, А.Жапаров үчөө "Ажылык жасоо иши өкмөттөн алынып, диний уюмдарга берилсин" деп мыйзамга толуктоо киргизишти. Мен ушул жерден "Кайсыл диний уюмдарга берилет?" десем, "Каттоодон өткөн диний уюмдарга" дейт. Анан, дароо каттоодон өткөн диний уюмдарды карап чыксам, 215 диний уюм бар экен. Алардын ичинде бир дагы мусулмандардын уюму жок. Баары тең "баптисттер" сыяктуу уюмдар. "Бул уюмдардын кайсынысы ажылык ишин өткөрөт?" десем, оңдуу жооп болгон жок. Учурунда, 2008-жылы К.Осмоналиев менен Б.Нурдиновду Э.Каптагаев жумуштан алган экен. Бул маселени комитетте кабыл алууга мажбур кылышты эле, мен ага жол берген жокмун.
- Мындай коррупциялуу жерди Э.Каптагаевдин баласы жетектеп жүрөт деп айтып чыгышты. Өкмөткө калсын деп жан тартканыңардын өзөгү ушул жерде болуп жүрбөсүн?
- Бизге визаны Аравиянын консулдук башкармалыгы алып келет. Ал эми Э.Каптагаевдин баласы ошол жакта иштеп, аларды коштоп алып келген. Мен бул жерден эч кимди коргогон жокмун. Э.Каптагаев болобу, К.Осмоналиев болобу, мага баары бир. Менин позициям - акыйкаттуулук! Элге, мамлекетке пайдасы тийген мыйзам кабыл алынсын деген пикирди колдойм.
- Дин башкармалыгын көзөмөлдөгөн, ошол эле убакта Э.Каптагаевдин баласы чын эле ошол жерге жетекчилик кылып атканын далилдеген комиссия түзөбүз десе, сиз каршы болуп чыгыптырсыз?
- Комиссия түзгөнгө мен каршы эмесмин. Бул күнөөлүү, бул күнөөлүү эмес дегидей, парламент сот эмес. Ошол эле убакта К.Осмоналиев, Б.Нурдинов дагы сот эмес "Каптагаев күнөөлүү, тигил-бул" дегидей.
- Сизди Э.Каптагаев менен бул тууралуу алдын ала сүйлөшүп алышкан дешет…
- Жыйында Б.Нурдинов: "Эки-үч күн мурун араңардан Э.Каптагаевге кимдир бирөө бул маселе тууралуу кирип чыгыптыр" деди. "Ким кирип чыгыптыр?" деп сурап калышса, Б.Нурдинов: "Жолдошева" деп айтты. А мен керек болсо А.Атамбаевге, Р.Отунбаевага, Ө.Бабановго, А.Келдибековдорго кирип чыгам, бир гана Э.Каптагаевге эле эмес. Өзүңөр билгендей, менин комитетим аябай чоң. Бир топ чоң маселелер каралат.
- Бирок, Э.Каптагаевге киргениңиз чын да?
- Президент Р.Отунбаеванын Жарлыгына ылайык, быйыл - Курманжан Датка жылы деп белгиленбедиби. Ал ишти уюштурууну Э.Каптагаевге буюруптур. Биз аны менен чогуу бул иш-чараны иштеп чыктык. Негизи К.Осмоналиев мага "удар" жасайын деди эле, ишке ашкан жок. "Бүгүнкү күндө булар кийинки ажылыкты ойлонуп, Э.Каптагаев менен сүйлөшүп, аракет кылып жатат" деп айтып чыгышты. Биз ажылык тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Деги эле бул тууралу ойлонуп башымды чиритким келбейт. Менин оюм - ажылык иш сапарын Муфтияттын өзүнө берүү, кандайдыр бир баптисттерге, экстремисттик уюмдарга ыйгарбай. Анан, мамлекетсиз эч кандай иш бүтпөйт. Ошон үчүн мамлекет тараптан коррупцияга каршы механизм иштесин деп жатам. Мыйзам боюнча коррупцияга каршы экспертиза өтсүн. Бүгүнкү күндө бардык ажылар "святой" эмес да, туурабы? Ал эми Э.Каптагаев туурабы, туура эмеспи, К.Осмоналиев туурабы, туура эмеспи? - бул суроого түзүлгөн комиссия чечим чыгарат. Соттун чечими менен "Ушул күнөөлүү" деп айтылмайынча, "Бул күнөөлүү" деп айтууга эч кимдин укугу жок…
Элдияр ЭЛЧИБЕК