Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

А.Атамбаевдин амалы, акыры президент болуудабы?
Алмаз Шаршенович азыр өкмөттө көп саясий чуунун башында эмес, көптөгөн эл аралык донорлорду тартып, Кыргызстанда бизнес тармагын өнүктүрөйүн деп жаткандай түр берет. Өзү да бизнесмен эмеспи. Азыр анын айланасы абдан эле тынч. Баардык экономикалык оорчулуктарды алар боюнча жоопкерчиликти Өмүрбек Токтогуловичке өткөрүп берди. Бар азапты Бабанов тартып жаткан көрүнөт. Кебетеси, келээрки күздө өкмөт башчы Алмаз мырза президенттик шайлоого бара тургансып калды. Улам ар мамлекетке барып эски кайыкка түшүп акча сурап, алардын колун кармап жатканы да алды-алдынан тал кармап ар кимдин эшигин жөн сүзүп жүргөн жок шекил. Элиме бир нерсе алып келип жатам десе аны деле "азамат" деп айтууга акыбыз болоор, бирок азырынча Алмаз мырзанын андай чечкиндүү кадамдары көрүнө элек. Элдин социалдык-экономикалык турмушу боюнча моюндагы жүктү башкаларга берип, өзү жалаң чет элди гана кыдырып калды. Эгер эл эртең көтөрүлүп чыкса Алмаз мырзанын айтаар жооптору даяр: "Мен ал маселелерди Өмүрбек Токтогуловичке өткөрүп бергем, ошондон сурагыла" дейт. Сары улак болуп Бабанов калат. Ал эми Алмаз Шаршенович дароо азыркы парламентте отурган жаш тууганы Данияр Тербишалиевге окшогон жаштарды жанына топтойт да президенттикти сүзө качырат. Аз-маз жыйган Алмаздын кадыр баркы анан президенттик шайлоодо сыналат.


Бабанов менен Отунбаеванын "Газпром Нефть" боюнча кандай байланыштары бар?
1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 8-февралда Москвага иш сапары менен барып, "Газпром Нефть" ишкананын президенти Александр Дюков менен жолугушту. Басма сөз кызматы бекемдегендей, 1-вице-премьер-министрдин иш сапары өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен атайын авиа күйүүчү май сатып алуу маселесин сүйлөшүү максатында болуптур. Өмүрбек Бабанов иш сапары учурунда орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетика тармагын өнүктүрүү тууралуу да маселелерди талкууга алганы маалым болду. Чындыгында Өмүрбек мырзанын алгачкы бизнеси дал ушул тараптан башталганын эске алсак, анда бир кездеги Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин баш салган акырына анын түшүп жатышы көп нерсени каңкуулайт. Жакында президенттин уулунун айланасындагы ызы-чуу мына ушул күйүүчү майлардын бирине президенттин уулунун башчылык кылып жатышы менен түшүндүрүлөт. Демек, Бабанов менен Отунбаеванын "Газпром Нефть" тармагы боюнча алдыга койгон чоң пландары бар экенинен кабар берет.


Орус өкмөт башчысы оппозиция менен кыл чайнашууда
Дал ушундай жаңылыкты "Азаттык" жазып чыкты. Чыны менен эле таң калыштуу окуя болгонун танууга болбойт. Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 2-февралда Останкинодо ал жерде мамлекеттик биринчи каналдын кызматкерлери менен жолугушкан. Анда премьер-министрдин оппозицияга карата мамилеси тууралуу да суроолор узатылган. Жолугушууда Владимир Путинге белгилүү журналист Владимир Познер "оппозиция өкүлдөрүн, мисалы, Борис Немцовду эфирге чыгарууга уруксатпы?", -деп сураган. Владимир Путин: "Алардын калпты тынбай таратып жүргөнүн мен угуп, көрүп жүрөм, бирок андай сын мени такыр моютпайт. Кимдир бирөө калп айтышы керек, себеби андай калпты кимдир бирөөлөр уккусу келет. Айта беришсин" деп жооп берген. Мунун алдында оппозиция "премьер-министр жалган сүйлөдү" деген жүйө менен Путинди сотко берген. Бул арыз ушул күндөрү Москва райондук сотунда каралууда. Оппозициянын өкүлү Владимир Рыжков "сот Кремлдин кол баласына айланганын" айтып, чечим акыйкат болооруна ишенбейт. Рыжковдун баамында, Путин көрөрмандардын алдында "оппозицияга эфир берилбейт" деп айта алган жок:- Орусияда сөз эркиндигин 10 жыл бою муунткан, муунтуп түбүнө жеткен кишинин убадасын чын деп кабыл алуу туура эмес. Ал эл алдында баары жакшы деген маанайды жаратуунун амалын издеп жатат. 2010-жылы, 30-майда ырчы Юрий Шевчук премьер-министрге "оппозициянын митингдерине эмне үчүн тыюу салынат" деп суроо узаткан. Путин ага мындай деп жооп кайтарган: "Оппозиция бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн жүйөлүү бир нерсе айтса, кайсы бир кемчилигин көрсөтсө анын эмнеси бар? Тескерисинче ыраазычылык билдириш керек". Оппозиция өкүлү Борис Немцов азыркы бийлик мамлекеттин негизин жок кылганын айтып, коопсуздук маселеси колго алынбаганын айтат: "Бизде буга чейин да коррупция болуп келген. Бирок Владимир Путиндин убагындагыдай коррупция терең жайылган эмес" дейт ал.


Биринин сөзүн укпаган бул өкмөт бирди көрөт
Парламенттик башкаруу системасына өткөнү өлкөдө эч бир ырааттуулук жок. Ар бир министрликти, агентстволорду, аймактык башкаруучу жетекчилерди да колго алган парламент улам бир кызматка өңү тааныш адамдарды коюп, алардын ар бири чаржайыт жетекчилерге баш ийип тийешелүү жетекчилерге моюн бербей "мени баланча фракция дайындаган" деген өзүм билемдик саясат азыркы жетекчилердин жоопкерчилигинен биротоло алып салгандай түр берет. Мамлекет оңолуш үчүн система туура жолго түшүш абзел, болбосо чаржайыт жайылган койлордой ар кимиси билгенин маарай берсе, ээсине баш бербей туш-тушка чачырап турса анда мамлекетибиз эмне болот? Жакында Президент Отунбаева парламентти "мындай кебетеңер менен калсаңар таратам" деген таризде сөз ыргытты. Сыягы, ар кимисинин ички саясий кырдаалын сезип жатса керек. Ташиев менен эле Келдибеков бир эле кызматка экөөсү бирден өңү тааныштарын сууруп чыгып дайындоону Шадиевден суранышты. Шадиев алардын сөзүн канааттандырабы, арсар. Бирок жасап берди. Шадиев "Республика" партиясынан, ал эми "Кара-Кече" ишканасынын башчысы болуп барган жетекчи "Ата Журт" партиясынан, алар менен элге көмүр берип иштемекчи болгон "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башчысы СДПК партиясынан болууда. Үчөөсү, үч тарапты караган жетекчилер. Баласы ыйлаактын, энесинин шору болуп улам бирөөсү өз партия башчысынын көзүн карай берсе, анда министрликтин кимге кереги бар эле? Мындай көрүнүштөр азыркы парламенттин ар бир фракциясында орун алууда. 120 депутаттын сунушу менен дайындоолор орун алса Кыргызстандын өзү чоң базарга айланып кетет го! Андыктан Президенттин сунушун колдоп Парламентти таратуу керек болуп калды көрүнөт.


Өлкөнүн өндүрүшчүлөрү салыкты төлөй албай жатат
Кант цемент-шифер заводу 2010-жылы алдын ала маалымат көрсөткүчтөрүн актаган жок, анткени 86млн сом өлчөмүндөгү салык төлөмүн төлөй алган жок. Бул туурасында мамлекеттик салык кызматынын түндүк регион башкармалыгынын башчысы Замир Мамбеткулов айтып чыкты. Анын айтуусу боюнча, салык төлөмүн төлөй албай калуу себеби Казакстан менен чек аранын жабылышы болуптур. Ведомстводо билдиргендей, 2010-жылы түшкөн салык төлөмү 1,6 эсе аз, болгону 142 млн 619,4 миң сомду түзгөн. Мындай салыктардын түшпөшү биздин мамлекеттин казынасына оңбогондой чыгымдарды алып келет. Ишкана сырьёнун жана күйүүчү майдын жоктугуна шылтоо менен жана дагы банк аркылуу төлөмдөрдү жөнөтүү кыйынчылыгын айткан. Натыйжада түндүк аймагы салык төлөмүн 23млн сомго аз төлөгөн. Мындан тышкары, "Ар - Вин" ири өндүрүш арак заводу кайра каттоодон өтүп, салык төлөмүн төлөгөн эмес. Ошондой эле, кыш өндүрүүчү "Ийгилик" заводу боюнча дагы ушундай эле абал көрсөтүлгөн. Алсыраган бюджет эми кантээр экен?






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??