Келишпестиктер, карама-каршылыктар жана тирешүү
Бийлик кризиси

Кийинки кездери саясый бийлик элитасынын ортосундагы пайда болгон карама-каршылыктарды айрым пресса президенттик шайлоонун алдындагы "компроматтардын" согушу катары мүнөздөштү. Адатта боло жүргөн кыргыз саясатчыларынын жүрүм-турум нормаларынын бири катары көрүп бийлик кризисинин башталышын этибар албаган кыязда турушат. Асыресе, саясый элитанын келишпестиктери менен карама-каршылыктары утурумдук көрүнүштөрдөн эмес, принципиалдуу мүнөзгө ээ экендиги бара-бара оркоюп ачыкка чыга баштаганына күбө болосуң. Бекер жеринен үзүмчүлүк башталган жаз алды менен өлкөдө үчүнчү элдик революция кайталанып кетиши мүмкүн экендиги, кезектеги элдик бунт бышып жетилип калгандыгы боюнча пикирлер басма сөз беттеринде байма-бай кайталанып айтылып жатпагандыр дейсиң.

Айрым саясатчылар, атап айтканда, "революциянын бульдозеру" деп аталган А.Бекназаров кезектеги төңкөрүш болушу кадиксиз деген пикирлерин ачык билдирип киришти. А.Бекназаровдун оюнча, көпчүлүктүн коалициясын түзгөн "Ата-Журт", соцдемократтар менен "Республика" бүт Кыргызстанды өз ара бөлүштүрүп ээлеп алышты. Кой-ай деген эч ким болгон жок. Мисалы, Ысык-Көл областы "Ата-Журтка" тийсе, Жалал-Абадды "Республика" өзүнө ыйгарды. Мына ушу бөлүштүрүүдөн улам жаңжалдар чыга баштады,-дейт "бульдозер" - эл ичинде нааразычылык күн санап өсүүдө. Дагы бир жолу опурталдуу кырдаал үзүлгөнүн жогорку эшелондогу бийликтин өкүлдөрүн эскертип айтпаса болбойт. Эгер бул процессти токтотпосо, азыр байма-бай айтылып жаткан үчүнчү революцияга өбөлгө жаралары анык. Элдин нааразычылыгынын чыгышы менен бир саясый партия менен оппозицияны күнөөлөөгө болбойт. Айыптуулар - парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы -дейт А.Бекназаров.
Эскерте турган жагдай, Борборазия регионунда түзүлгөн геосаясый, геоэкономикалык кырдаалды көптөн бери иликтеп келаткан эл аралык уюмдар Кыргызстанда форс-мажордук абал түзүлгөнүнө көңүл бөлүшүүдө. Атап айтканда, кризистерди теске салуу боюнча эл аралык топ (International Crisis Group, ICG) деп аталган уюмдун кезектеги докладында алдыда Борборазияда, анын ичинде Кыргызстанда 2011-жылдын май-август айларында саясый ири катаклизмдерди күтсө болорун эскертет.
Кийинки кездери пайда болуп, бара-бара курчуп бараткан Президент Р.Отунбаева менен парламенттин ортосундагы от күйүшпөстүктөр менен тирешүүлөр өзгөчө саясый мааниге ээ боло баштады. Келишпестик күн өткөн сайын олуттуу мүнөзгө өтө баштаганына күбө болосуң. Өткөн жумада коалициялык өкмөт ант берип жаткан күнү Жогорку Кеңештин алдында Президент Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, капылеттен эле: "Эгер депутаттар өздөрүнүн түздөн-түз мыйзам чыгаруу милдетин аткарбай саясый оюндар менен алектене бере турган болушса, эгер эл парламенттин тарашын талап кылса, анда аны таратууга туура келет"-деген билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын бул эскертүүсүн парламентке каршы ачыктан-ачык "чабуул" катары мүнөздөсө болор эле. Президенттин сөзү ЖКнын мыкчегерлерин бир кыйла абдыратып таштаганы талаш туудурбастыр. Ырасына келгенде, депутаттар негизги милдети болгон мыйзам чыгаруу ишинен тайсалдап, көбүнесе популисттик акциялар менен алектенип кеткенин көрүү кыйынчылык деле жаратып жибербейт. Мыйзам чыгаруу иштери биротоло эстен чыккандай асер калат. Депутаттар өлкө паралменттик республика экенин бетке кармап алып кийгилишпеген жерге кийлигише, кыпчылбаган жерге кыпчыла берген адат күткөнү ачык байкалат. 7-апрелдеги революциядан кийин жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык келген мыйзамдардын пакетин тезинен кабыл алуу иши колго алынганын мындай кой, ага киришүүнүн карааны да байкалбай жатканы жалган эместир. Депутаттар көбүнесе утурумдук саясый иштер менен алек. Популизм парламенттин ишин аныктап жатканы жашыруун деле болбой калбадыбы. Ошондуктан Президенттин парламентти кууп таратуу жөнүндөгү опузасында жүйөөлүү негиздер бар экени талашсыз.
Депутаттарга итатайын тутултуп, нааразычылыгын пайда кылган Р.Отунбаеванын дагы бир кадамы - борбор калаанын мэрин шайлоо боюнча буйрукка кол коюшу болду. Парламентарийлер алгач Президенттин шаар башчысын шайлоо буйругун токтотууну сунуштап чыгышты. Июнь айында кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык мэрди шайлоого көрсөтмө берүү Президенттин укугуна кирбестигин эскертишти. Асыресе, депутаттардын келтирген жүйөөлөрүнө Президент моюган жок. Р.Отунбаева пресс-кызматы аркылуу мамлекет башчысы катары саясый жоопкерчиликти моюнуна алып жатканын, бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы менен шаар кызматынын толук кандуу иш жүргүзө алышын камсыз кылууну көздөөрүн билдирген жообун таратты. Мындан сырткары, жаз айларына карата коомдук-саясый кырдаалдын чыңалып кетишин болжогон прогноздорду эске алып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биринчи кезекте борбор калааны административдик режимде бекемдөө муктаждыгы чыккандыгын эскертти. Ошентип, Президент менен парламенттин ортосунда дагы бир тирешүүнүн очогу пайда болду.
Президенттен кагуу жеген парламент Президентке кыр көрсөтүү, атүгүл өч алуу жолуна түшкөнүн көрүү - кыйынчылык жаратып деле жибербейт. Адегенде парламент айрым одиоздуу депутаттардын оозу менен Президент жаңы Конституция боюнча тек гана өкүлчүлүк милдетти аркалаарын, де-факто мамлекет башчысы премьер-министр болоорун кыйыта башташкан эле . Кийинчерээк парламентке кирген партиялардын көзөмөлүндө турган гезиттер аркылуу Президент, ошондой эле аппарат башчысы Эмил Каптагаевди каралаган "компроматтардын" агымына жол чабышты. Натыйжада, жогоруда эскерген Президент менен ЖКнын ортосунда тирешүү пайда болду. Ал эми, бул тирешүү кайда алып барат, кандай тыянакка алып келет-азырынча так айтуу кыйын. Бир гана белгилей турган жагдай, бийликтин кризиси, интригаларга белчесинен батып кеткен саясый элитанын кризиси башталганы кажетсиз.
ЖК, анын ичинде "Ата-Журт", соцдемократтар жана "Республика" партиялары өздөрүн бийликтин эпиценттери катары көрүп канчалык каадаланышпасын, позициялары бошоң. Президент Р.Отунбаеванын парламентке каршы жасаган демарштарында коомдук маанайдын туюндурулуп жатканы байкалбай койбойт. Коомдук маанайда болсо ЖКнын бешинчи чакырылышына, б.а. азыркы парламентке, төтөн үч фракциядан турган көпчүлүктүн коалициясына иренжүү күчтүү. Айрыкча, А.Бекназаров айтмакчы, "Ата-Журт", соцдемократтар менен "Республика" фракцияларынын союзу бийликти ээлеп менчиктештирип алуу максаты менен гана түзүлгөнү, алардын бирдиктүү стратегиясы жоктугу элдин ичинде чоң нааразычылыктарды жаратты. Мындан сырткары, башкаруучу коалициянын ичиндеги "Ата-Журт" фракциясы тарабынан Убактылуу өкмөттүн революцияга куйрук улаш чыгарган декреттерин кайрадан ревизиялап чыгууга болгон реваншисттик, реакционердик аракеттери, ошону менен 87 жаш өмүрүн берген 7-апрелдеги революциянын натыйжаларын жокко чыгарууга болгон демилгеси элдин ичинде активдүү каршылыктарды жаратты.
Парламенттин курамын түзгөн беш партия баары биригип келип шайлоого катышкан элдин 37% добушуна ээ болгону белгилүү. Эгер плебецитке шайлоочулардын 59%и катышканын эске алсак, анда азыркы парламент жалпы шайлоочулардын бар болгону 22%инин гана добушун алган болуп чыгат. Бул болсо, парламент жалпы элдин колдоосуна ээ эместигин далилдейт. Бекеринен ЖКга ичи толбогон, парламенттен иренжиген элдин ичинде нааразычылык күч болуп жатпагандыр. Акыркы социологиялык сурамжылоолорго караганда, калктын 57 %и парламентти "кууп таратуунун учуру бышып жетилди" деп эсептейт. Бул - парламент үчүн кооптуу сигнал. Ошентип, беш фракциядан турган парламентти таратуу акциясын баштоо реалдуулукка айланды десек болот.
Үсөн Касыбеков