Ой ыргактары

Айгерим Ниязбекова,
диктор:
"Кыш айында көңүлүң да тазаргансыйт…"
Айгерим, Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадио
компаниясынын диктору. Ал келечекте Тамара Алсейитова, Жолдубай Кайыпов өңдүү профессионал, татыктуу диктор болууну каалайт.

- Айгерим, Бишкекке кош келипсиз. Шаарыбыз суук бекен?
- (Күлүп…) Туура байкагансыз. Жалал-Абадда күн жылуу. Эки ирет кар жаап, эки саатка жетпей, ал да эрип кеткен. Кар дээрлик жокко эсе. Бизде кадимкидей жаздын илеби согуп, эл жеңил кийине баштаган убак. (Тамашалап…) Бишкектин суугунан качып, айылга кетип бара жатам.
- Бирок, кыш мезгили жагаарын айттыңыз го?
- Ал жагы да бар. Мезгилдердин ичинен айрыкча, кыш айы көңүлүмө жакын сезилет.
- Балким, кыштын татынакай кечтеринде сүйүктүүңүзгө жолуксаңыз керек?
- Мотурайган кичинекей кезимден эле карды жакшы көрчүмүн. Кардан Аяз ата жасап, муз тээп ойноор элек. Анан калса, сапмарлап жааган кар алдында сейил багын аралоонун өзү кандай сонун. Дегинкиси, аппак кар көзгө да ушунчалык сүйкүм көрүнөт эмеспи. Ал мага актыктын, тазалыктын, кандайдыр бир жакшылыктын символундай сезиле берет. Балалыгымда айрыкча, кышкысын мен үчүн өзгөчө көңүлдүү, бакубат көз ирмемдер көп болгон.
- Айтмакчы, дикторлук кесиптин татаалдыктарына карабастан тандап алган экенсиз. Себеп?
- Ата-энем чыгармачыл адамдар. Демек, менин кесип тандоомо алардын да таасири бар. Балалык кыял менен тыкыя кийинип алып, диктор болуп, эфирден чыгып, сүйлөгүм келчү. 2009-жылы 11-классты аяктап жатканымда телевидениеде алып баруучулукка кастинг жарыяланып жаткандыгын угуп калдым. Менде келечек максатымды тандоо мүмкүнчүлүгү турган эле. Ички кыялым, каалоом күчтүүлүк кылды көрүнөт. Бактымды бир сынап көрмөккө кастингге катышып, ал сыноодон ийгилик менен өтүп кеттим. Кубанчым чексиз эле. Көңүлүңө жаккан кесипте эмгектенсең гана кандайдыр бир натыйжа чыгат го. Андан өзүң да эмгектенүүнүн ырахатын, жыргалын сезгендей болосуң.
- Эми ушундай келечектүү дикторго, Жалал-Абаддын сулуусуна арзыгандар да жок эместир? Жуучулар агылып келип жаткандыр?
- (Күлүп…) Ата-энем жуучулардан колу бошобой жаткан кез. А чынында эле ата-энеме: "Кызыңарды биздин балага бербейсиңерби?" деп жең ичинен менин тагдырымды калчашат экен. Бирок, азыр жашпыз. Ишке тойбой турган мезгил. Баардыгы буйруктан эмеспи.
- Буйрук го өзү менен. А кайсы бир жигиттин гүлү жүрөктү жаралап, уйку бербей жаткан жокпу?
- (Тамашалап…) Азыр тынч эле уктап жатам. Бирок, бир кавалер акмалап жүрөт. "Ал азыр сыноодо турат" десем да болот. Эмнегедир, жүрөгүмдүн ачкычын таап, бирок, аны шарт ачып, кире албай жүргөндөй…
- Демек, алдыдагы ашыглык майрамын дал ошол "акмалап" жүргөн мырза менен бирге тосот турбайсызбы?
- Көрөбүз го… Бизде майрам күндөрү иш күчөйт. Мага ушундай буйруганбы, айтор, майрам күндөрү иштеп, үйгө кеч барам. Ошондон улам, махабат күнүндө да мырза жигитимди томсортуп, жалгыз калтырат окшойм.
- Айрыкча, келбети келишкен дикторлорду капчыгы калың мырзаларыбыз "уурдап" кетчү эле?
- Кийинки учурларда ушул суроо мени көбүрөөк ойлондурчу болду... Кечээ жакында эле кимдир бирөөлөр мени "уурдап" кетүүгө даярданышып, жумушумдан чыгышымды күтүп жатышкан болот. Бирок, алардын тилегине каршы, ошол күнү мен жумуштан эрте чыгып кеткем. Алар мени көпкө күтүп, акыры айласыз кетишкен экен. Мен ал "тузактан" кутулганым менен "Экинчисине түшүп калбасам экен…" деп корком. Алар мени дале акмалап жүрүшсө керек.
- Психологиябызга сиңген түшүнүк боюнча ала качып кетишсе, айласыз олтуруп да калышыңыз мүмкүн да?
- Ала качууну салт катары көрүшөт. Бирок, "Ал анык варварчылык, келишкис жапайычылык" деп түшүнөм. Менимче, түбөлүктүү коломто түптөөрдө оболу, кыздын көңүлү, макулдугу менен да эсептеше билүү кажет. Кыздарды чаңыртып, кыйноо жолу менен алып кетпей, башында эле жай гана сүйлөшүү жолу менен маселенин күнгөй-тескейин чечип алууга эмнеге болбосун.
- Мурда дикторлор суфлёрсуз эле текстти күнү-түнү жаттап, аны эфирге профессионалдык деңгээлде алып чыгышаар эле. Албетте, заман талабына жараша илим-техника өстү. Антсе да, азыркы дикторлор жалкоорок эмеспи? Дегеним, баары даяр…
- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Жакшы билесиздер, июнь окуясында Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын имараты өрттөнүп кеткен. Жакында, тагыраагы, телевидение күнүнө карата 8-декабрда жаңы курулган имаратка кирдик. Андагы техникалар да жаңы алынып келинди. Буга чейин бизде суфлёр жок болгондуктан, сиз айткан мурдагы метод менен иштечүбүз. Күнү-түнү текст жаттап, аны кайра-кайра окуп, кыскасы, түйшүктөнүү талабы да күчтүү эле. Бир жагынан туура айтасыз. Азыр эми суфлёрго көнүп алып, бир аз жалкоорок болуп кеттик көрүнөт…
- Мына, мугалимдер: "Айлык аз" деп митингге чыкты. Телевидениеде эмгектенген кызматкерлердин деле маянасы чеке жылытаарлык эмес… Деги сиздер нааразычылык акциясын баштай элексиздерби?
- Ооба, айлыгыбыз абдан аз. Кызматкерлер бар болгону 1800, 2000, 2200 сомдун тегерегинде айлык алышат. Кымбатчылыкта бул акча эч нерсеге жетпеси белгилүү. Мындай шартта, ага да көз жумуп, өз адистигине берилген фанаттар иштей берет тура. "Май айында маянаңар көбөйтүлөт" деп жатышат. Ошондой эле болсун. Үмүт менен жашайбыз да.
- Адамдардын тамаша иретинде айтылган кошумча аты да болот го. Сиздин экинчи атыңыз?
- Арык, кичирээк болгонгобу, мени: "Кукла Барби" деп коюшат. Бирок, кичинекей келгеним менен эфирге чыкканда чоң, улуу эле көрүнүп калганымды айтып, күлүп калышат.
- Диктор болгон соң, кандай чектөөлөргө туш келдиңиз?
- Мен кичинемден эле курутту жана чемичкени аябай жакшы көрчүмүн. Каалоомо каршы, эми аларды жей албайм. Себеп, экөө тең дикторлорго каршы "курал" болуп эсептелет. (Күлүп…) Азыр курут, чемичке көрсөм эле көздөрүм жайнап кетет. Карап-карап, тим болом.
- Кесиптеш, достор арасында түшүнбөстүктөр боло калганда кандай аракет кыласыз?
- Түшүнбөстүктөн чыгуу үчүн биринчи кезекте, компромисске баруу керек. "Менин пикирим туура" деп эле принципке тура берүү жарабастыр. Эгер экинчи тараптын позициясы чындыкка жакын болсо, ал менен да эсептеше билүү зарыл. Болбосо, жөн жеринен таарыныч, көңүл калуулар орун алып калышы да мүмкүн…
Баарлашкан
Аида САДЫКОВА