Кыргыз Республикасынын
Президенти Р.И.ОТУНБАЕВАга

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин төрагасы
А.КЕЛДИБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри А. Ш. АТАМБАЕВге

КАЙРЫЛУУ
Биз
Кыргызстандагы мекенчил аттуулар Сиздерге мындан мурда бир нече жолу КТРдин "Улуттук" деген статусун калыбына келтирүү, "Коомдук" деген аталышты жокко чыгаруу, Байкоочу Кеңешти таратуу маселеси боюнча КТРдин жана Ак Үйдүн алдына нааразычылык билдирүү иретинде тынчтык митингисин өткөргөнбүз. Бирок, бул маселе боюнча бизге бийлик реакция жасаган жок.
Кандай кана мамлекет болбосун анын коопсуздугун, бекемдигин жана көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн эң биринчи идеологиялык ишти жүргүзө турган басма сөз жана телерадио уюмун өз карамагында бекем кармап, бир багытка салып, тартиптештирет. Бизде болсо андай болмок турсун, улуттук, мамлекеттик идеологияны жүргүзө турган КТР Батыштын, Американын саясатын жүргүзүүгө ылайыкташтырылып, алардын айтканын жасап, ошолордун гранттары менен жашап жүрүшкөндөрдүн "режиссер-дирижерлугу" менен иштеген кадрлар менен толукталды. Байкоочу Кеңеш жалаң бейөкмөт уюмдардан келген өкүлдөр менен куралды.Мунун кесепетинен КТРдеги көрсөтүүлөр жана уктуруулар мамлекеттик саясатты жүргүзүү багытынан ажырап баратат, бирок мамлекеттик каржылоо кайра көбөйтүлдү. Бул эмне деген мамлекеттик саясат!?
Радио уктуруу багытында:
Элдин радио угуу мүмкүнчүлүгү активдүү болгон учурда "Азаттык" радиосу күн сайын эртең мененки саат
7-00 дөн 8-00 гө чейин,
9-00 дөн 9-30 га чейин,
түшкү саат 12-00 дөн 12-15 ке чейин,
13-00 дөн 13-15 ке чейин,
кечки саат 18-00 дөн 19-00 гө чейин жана
20-00 дөн 20-30 га чейин ал эми "Би-Би-Си" радиосу апта ичинде 5 жолу күн сайын 30 мүнөттөн, эки жолу - 1 сааттан эфирге чыгат.
Натыйжада кыргыз радиосу тарабынан жаңылыктарды жана ар кандай кабарларды бере турган бул убакытты "Азаттык" радиосу ээлеп алгандыгына байланыштуу жана бул берүүлөр адамды азгырып, адаштыруучу, ырыс-ынтымагын билгизбестен кетирүүчү, ушак- айыңдарга жык толуп, кызыктыруучу касиетке ээ болгондуктан жалпы эл кыргыз мамлекетине байланышкан, өлкө ичиндеги жакшылыктарды жар салуучу жана оң жолго багыттоочу, кыргыз улутунун улуу баалуулуктарын даңазалоочу, мамлекеттин бүтүндүгүн бекемдөөчү күчтүү идеологиялык уктуруулардан сыртта калып, Батыштын үлгүсүнө адашуунун жана азгырылуунун жолуна түшүп, кыргыз мамлекетинин эртеңки келечегине шектенүү жана коркуу менен карашып, жакшылыктан үмүттөрү азаюуда, элдин өлкө бийлигине болгон ишенимдери жоголууда ...
Мунун негизги себеби-Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратында массалык маалымат каражаттарын (идеологиялык иштерди жүргүзүүчү) тейлөөчү жана тескөөчү кызмат орундарына жана (Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине дүйнө элинин ишенимин кетирген, кыргызды шерменде кылган батышчыл Азиза Абдырасулованы жазалоонун ордуна "Даңк" медалынын туура эмес берилиши ж.б.) КТРдин жетекчилигине, Байкоочу Кеңешке Батыш өлкөлөрүнүн жана Америка, Англиянын каржылоосунан "жем" жеп, алардын идеологиясына сугарылып, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы, эркиндиги, бекемдиги, ырыс-ынтымагы, өнүгүп-өсүшү үчүн баштарын ооруткусу келбегендер келгендигине байланыштуу болуп отурат.
Мына ушундай саткындыктан жана чыккынчылыктын кесепетинен "Азаттык" радиосу кыргыз элин Ош окуясы боюнча дүйнө элине шерменде кылууга себепкер болуп, буларга шериктеш болгон (Батыштан каржыланган) бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү ("укук коргоочулар") аркылуу ар кандай ушак-айыңдарды таратышып("тигил айтты, бул айтты" дешип) , атайылап кыргыз элин жаманатты кылууну көздөгөн материалдарды "Азаттык" радиосу аркылуу дүйнөлүк маалымат каражаттарына таратып, интернетте жар салышып, "кебезге ташты ороп" ургандай жоруктарды жасап турушту...
Мындан тышкары КТРдин жетекчилиги жана Байкоочу Кеңеш жогорудагыдай себептердин натыйжасында идеологиялык "майданга" келип калышкандыгына байланыштуу КТРдеги телекөрсөтүүлөр кыргыз улутунун менталитетине, каада-салтына, адеп-ахлагына, ички маданиятына сокку ура турган: атасы менен баласын, аялы менен күйөөсүн, депутат менен депутатты, министр менен министрди (Мисалы Т. Бакир уулу менен Д. Ошурахунованын тытышы) бирин-бирине карама-каршы коюп, айтыштырып, уруштуруп, ырыс-ынтымагын кетире турган, чет өлкөлөрдүн бузуп-жаруучу саясатына ылайыкташкан, азыркы шайланган, эл- жерге күйгөн депутаттарды "улутчул, фашист" түспөлүнө келтирүүгө аракет кылышкан көрсөтүүлөрдү жар сала башташты.
Чындыгына келип, далилдерге таяна турган болсок, кыргыз эли эч качан улутчул болуп, кыргыз арасына келген башка улуттарды кырып-жойгон эмес, кордогон эмес. Мисалы, Кытайдан кырылып качып келген дунгандарды, уйгурларды сактап калышы, 1933-жылы ачарчылыктан тентип келген казактарды бооруна батырышы, 1943-44-жылдары репрессияланып келген Кавказ элдеринин өкүлдөрүн камкордукка алышы күбө. Кыргыз эли башка элдерге кол салган эмес. Эгерде алар кол салса, катыгын берип, эркиндигин сактап калган фактылар толтура.
Мына ушундай кесепеттүү уктуруулар, көрсөтүүлөр жана бейөкмөт (НПО) уюмдарынын жүргүзгөн тескери иштери мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына жана маалымат коопсуздугуна, өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө, дүйнө элдеринин ичиндеги ээлей турган ордуна тескери таасирин жана орду толгус зыян-кесепеттерин тийгизүүдө.

27-январь 2011-жыл.
Байланыш телефону - (0778) 408-470.

Мекенчил күчтөрдүн
атынан-
К.Айтикеев- "Кыргыз Эл Биримдиги"
А.Сариев- Кыргызстан Жазуучулар Уюму
А.Атабаев- "Аалам кыргыздары" журналы
(Бардыгы 70 тей адам кол коюшкан.)





Ушул маселелер боюнча талап кылабыз:

1. КТРдин Улуттук статусун кайтарып берүүнү
2. КТРди "Коомдук" деген аталышка алып келген Байкоочу Кеңешти таратып, жаңыдан башкача тартип менен түзүүнү
3. КТРдин жетекчилигин (төрагасын, жаңы шайланган эки орун басарын) алмаштырууну
4. "Азаттыкта" тарбияланып келгендерди КР Президентинин жана КР өкмөтүнүн, КР Жогорку Кеңешинин аппаратынан тазалоону
5. Чет өлкөлүктөр тарабынан каржыланып, "адам укугу, демократия принциптерин сактоо керек" деген ураанды жамынып, өлкөнүн уңгусун, улуттун намысын тебелеп-тепсеген жана эл менен бийликти карама-каршы койгон, өлкө ичинде идеологиялык бузуп-жаруучу иштерди жүргүзгөн бейөкмөт (НПО) уюмдарын жоюп, ишкердигине тыюу салууну
6. "Азаттык" жана "Би-Би-Си" радиосунун уктурууларын КТРдин программасынан алып таштоону