Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Тарых, санжыра

Зыйнат Датка
(1805- 1880-ж.кийин)
Газетабыздын 21.01.2011-ж. №5 санына "Курманжан датка" деген аталышта макала жарыяланган. Анда быйыл Курманжан датканын 200 жылдыгы экендиги эскертилип, ал кыргыз тарыхында "датка" наамын кыргыз аялдарынын ичинен эң биринчи алган жападан жалгыз аял деп айтылып келатканы туура эмес экендигин, "датка" наамын ага чейин эле Кокон хандыгында алган аял бар экенин жазганбыз. Ал айтылуу Зыйнат датка эле.


Кыргыз коомчулугунда Курманжан аял затынан "датка" даражасына биринчи жана жападан жалгыз ээ болгон инсан деген түшүнүктүн калыптанып калышына Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы белгилүү деңгээлде таасир этти десек болчудай. Бирок СССР тарап, Кокон хандыгынын тарыхына тиешелүү мурда коомчулукка белгисиз болуп келген жаңы материалдардын табылып, ачыкка чыга башташы менен айныгыс чындыктай болуп калган бул фактынын жаңы жагдайлары билине баштады.
23.11.2010-ж. Аксы районунун Топ-Жаңгак айылында жашап жаткан 93 жаштагы Баркы уруусунан Ниязаалы уулу Жамшитбек карыянын берген маалыматы боюнча Тубайдын Тагайбердисинен -Токтомуш менен Жамантай. Жамантайдан -Жалпак тил, Чаян, Баркы. Баркыдан - Андабай, Кабай, Жабай, Ырай. Андабайдан -Нияз бий. Андан-Бүргө. Бүргөдөн- Чот баатыр. Чоттон-Токтоназар, Кожомберди, Асперди жана Жаркынайым, Зыйнат деген эки кыз.
Ал эми биздин колдогу вариант боюнча Жаркынайым менен Зыйнат Аспердинин кыздары. Ал эми Аксылык журналист Абдымомун Калбаевдин варианты боюнча Жаркынайым менен Зыйнат Аспердинин агасы Токтоназардын кыздары. Болгону Зыйнат Аспердинин колунда ордодо тарбияланып калган. Шералы болсо Жаркынайымга Коконго хан болуп келгенде үйлөнөт деп айтылат. Ал эми биздин колдогу вариантта Шералыны Жаркынайымга ал Таласта жүргөндө эле тагалары үйлөнтөт.
Бул үч варианттан башка азыркы учурда кыргыз тарыхчыларынын, адабиятчыларынын,санжырачыларынын колунда Жаркынайым менен Зыйнат Саруу уруусунун Баркы уругунун Андабайынан тараган эмес деген варианттары жок.
Эмки сөз учугу кыргыз аялдарынан чыккан биринчи датка Зыйнат айым туурасында.
Тарыхта белгилүү болгондой, Шералы 1842-жылы Коконго хан болот эмеспи. Ага чейин 34 жыл Таластагы тагаларында жашынып жүргөн. Шералы 28ге чыкканда Жаркынайымга үйлөнөт, ага чейин Багыш уруусунун бийи Бекботонун Соно деген кызына үйлөнүп, ал 5-6 жыл төрөбөй жүрөт да, ошондон улам 28ге чыкканда Жаркынайымга үйлөнөт. Стамбулда табылган "Фаргана хандарынын тарыхы" деген китепте "Жаркынайымдын тун уулу Кудаяр, экинчиси Султанмурат, андан кийин Анар, Айжан, Саадат (сүчүк), Нарсүчүк деген 4 кыздуу, ал эми байбичеси Соно айымдан Аптабайым, Маклар айым, Малабек, Сопубек деген уулдуу болгон" деп жазылат.
Аялдан чыккан биринчи датка Зыйнаттын өмүр таржымалында да чаташкан жагдайлар бар. Айрым бир варианттарда Зыйнат Жаркынайымдын эжеси деп айтылып жүрөт, демек муну тактоо да келечектин иши.
Зыйнат атасы Асперди менен жакын санаалаш, Чаткалда туулуп чоңойгон Мусулманкул дегендин жээни Ысманга турмушка чыккан деген вариант чындыкка жакын. Бир кыздуу болгондо күйөөсү курман болуп калат. Жесир калган Зыйнат хан ордодо атасы Аспердинин көз алдында кызмат кылганын уланта берет. Асперди ал убакта ордодо таасири салмактуу адамдардан эле. Ордого келген конокторду кабыл алып жайгаштыруу, шарттарын түзүп берүү, тамак-ашын даярдаттыруу жана бердиртүүгө Зыйнат көзөмөл жүргүзчү экен. Мадали хан менен кеңешип иш кылчу. Ордодо кыргыздын ак боз үйүн Жаркынайым ханыша болгонго чейин эле Зыйнат тиктирип, ал жайдыр-кыштыр чечилбей, ичи көркүнө чыгарыла жасалгаланып коюлчу.
Ал ортодо 20 жылдай өтүп, Мадали хандын ордуна Зыйнаттын жездеси Шерали Таластан барып хан болот. Зыйнат буга чейин ордодогу чарбалык жана аз да болсо ордо иштерине аралашып, анын анча-мынча өздөштүрүп калган адам катары эжеси Жаркынайымга аябай эле жардам берет. Датка даражасын жездеси Шералы хан болуп турганда эле алып алса да жарашмак, бирок Зыйнат да, эжеси Жаркынайым да андай ач көздүк, нысапсыздыкка дит баккан эмес. Зыйнатка "датка" даражасы жээни Кудаяр хандын биринчи хандык жүргүзгөн 13 жылы аяктап баратканда -1853-жылы Орто Азия аймагында биринчи жолу берилет.
(Курманжанга болсо "датка" даражасы Жаркынайымдын жардамы аркасында, Коконду Султан Саид эки жылча башкарып калганда 1864-жылы берилген. Ал эми Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Фрунзеден 1978-жылы чыккан 3-томунда Курманжандын аты жазылган эмес. "Датка" деген сөзгө түшүнүк берилген КСЭнин Фрунзеден 1977-жылы чыккан 2-томунда болсо "Орто Азиядагы аялдардын ичинен алайлык Алымбек датканын зайыбы Курманжанга биринчи жолу даткалык даража берилген" деп туура эмес жазылган.)
Зыйнат, анын эжеси Жаркынайым Кокон хандыгында ислам дини башкы таяныч болуп, аял кишинин ролу катуу чектелген заманда жашашса да, алар кыргыз улутунун абалтан келе аткан каада-салтын бузбай сактап, ордонун ичи-тышына боз үйлөрдү тиктирип, конок күтүүнү да кыргыз улутуна мүнөздүү уюштуруп, өздөрү паранжы жамынбай, керек болсо ак элечек кийишип, зарыл учурларда ислам шариятынын каадаларын сактап жашап жүрүшкөндүгү - эмне деген эрдик.
Ормон хан да убагында Коконго келип, мамлекеттик иштерди уюштуруунун тартибин Зыйнаттан үйрөнүп, анан өзүн хан көтөргөн деп айтылат. Оң канат кыргыздардын санжырасы эмне үчүн ийне-жибине чейинки маалыматтары сакталып жазылып келүүдө деген эл ичинде түкшүмөл суроолор арбын. Көрсө Ормон Коконго барганда Зыйнат аны санжыра жазуучуларга жолуктуруп, кийин Ормон иниси Шаменди бир нече сабаттуу молдолор менен Зыйнатка белек-бечкек берип Коконго жиберип, оң кыргыздардын санжырасын алиги молдолор толук көчүрүп алып кетишкен дешет. Ал эми сол канат кыргыздар, айрыкча саруу уруусу Кокон хандыгынын ички-тышкы саясатына жакындан аралашып жүргөндүктөн, алардын санжырасы Кокон хандыгынан өзүнчө ажыратылып жазылбай, кийин Өзбекстандын, айрымдары Россиянын архивдерине өтүп кеткен. Аларды кеңири иликтеп, калкка жеткирүү азырынча өтө түйшүктүү иш болууда.
Кокон хандыгынын тарыхында, ал турмак андан мурунку Бабурдун доорунда, ойрот-жунгарлар менен чабыштарда, кийин болсо солто, сарбагыштардын тукумдарынын кыйын чыгышында да Саруу уруусунан чыккан кыздардын эне катары өзгөчө ролу зор болгондугу ушинтип тарыхта тастыкталып келүүдө. Ал боюнча материалдарды да убагында сунуш кыларбыз.
Машакбай
РАХМАНКУЛОВ.
mukasfond@mail.ru





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??