кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Президент каяктан болсо боло берсин, аялы таластык болсун…
Мындай сөз Акаев заманынан бери карай лакап-ташып айтылып кеткени баарыбызга белгилүү. Акаевдин алды-артына түшүп Майрам апчебиз далай иштерге аралашып жүргөнүн саясий чөйрө бир далайга уу-дуу кылып айтып, акыры Акаевди ээринен эңшерип түшүүнүн негизги өзөгү анын шылтоосу менен болгону да жалган эмес. "Акаев жакшы эле болчу, аялы кылып кетпедиби" деген сөз айрым жерлерде айтылганы менен Бакиевдин кебетесин көргөндөн кийин ал сөз анча-мынча жерлерде эле эмес, баягы лакап күчүнө кирип барып токтоду. Канткен менен качып, элин таштап кеткен президентти антип айтуу акылга сыйбаган нерсе эмеспи. Кийин Бакиевдин жубайы Татьянаны да Таластын Алексеевкасында туулуп кийин Куйбышевге көчүп кетишкен деген да сөздөрдү учуртуп, удургуп барып бир токтошкон. Айтылган лакап кеп азыркылардын кээ бирине да тийиштүү боло жаздагансып калды. Маселен, парламенттик башкаруу системасын тандап алган Кыргызстан, анын парламентин жетектеп турган Акматбек Келдибековдун да жубайы Таластын кызы. Акмат мырзанын азыркы бийлиги Акаевдикиндей бир өлкөнүнүн ажосу болбосо да өзүнүн айтымында ошол деңгээлде күчү бар экен. Угушубузга караганда, Акмат мырза парламент башчылыгына келгени жакын дос-тууганын, жандалбастап жанында "Акмат аке" деп жүргөндөрдү чогултуп, майлашып-чайлашып отурган жеринде "Мен өлкөнүн башчысымын, азыр биздин өлкө парламенттик өлкө, демек негизги күч парламенттин колунда болгондон кийин, анын башчысы өлкөнүн биринчи адамы болбогондо эмне" деп өктөм сүйлөптүр дейт. Жанына жабалактагандарга кыр көргөзүп коёюн десе керек. Акмат мырза жана анын айланасында жүргөндөр, "атажуртчулар" жогорудагы лакаптын канчалык чындыгы бар экенине ишенип жатышты экен. Айтканыбыз, Акмат Келдибеков сөзүндө өз мартабасын ажонун деңгээли менен карап жатпайбы. Анда азыркы ажону кантип атаар экенбиз. Лакап түп тамырынан өзгөрүп …болсо боло берсин президент Таластан болсун деп кетпейби?




Түштүк коогалаңы:
34 баланын сөөгү дайынсыз бойдон калууда
Ош облусуна барган сапарыбызда, 2010-жылдын июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондордун жакындары менен жолугушуп, алардын бийликке болгон көйгөйүн уктук. Учурда жыйырма үч адамдын дайыны чыкпай, өлүүсү же тирүүсү билинбей келет. Ошону менен бирге дайынсыз жоголгондордун жакындары "Дайынсыз жоголгондор бирдиктүү коомун" түзүп, иш алып барып жаткан кези. Бул бирдиктүү коомдогулар "Роза Отунбаева келгенде ызабыз менен катуу айтып койгонбуз, ошондой эле кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы да бизди пайдаланып кетти" дешет. Учурда ээси жок 34 сөөк бар. Бирок, алардын ДНКсы толук чыгарылмайынча ким экендиктери белгисиз. Жүрөктөрү кусалыкка, үмүткө толгон жоголгондордун жакындары төмөндөгү пикирлерин билдиришти.





Яндекс.Метрика