Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз искусcтвосунун кайраткерлери
Бусурман Одуракаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Күтүү азабын
көп тартканмын…"

Чыгармачылык - башкалардан айырмаланган, кайталангыс өзгөчө стилди, штампка айланбаган жаңыча методдорду талап кылат. Дал ошондой көз карашты алып жүргөн таланттар менен аңгемелешүүнүн өзү баалуу.


Сапат
- Бул эң туура суроо болду. Ырас, бизде Союз таркаган соң, өзүм билемдик система өкүм сүрүп калды. Биздин сферада да так ошондой абал орун алган. Бир спектакль коёрдо же бир ролду алганда: "Мен ушул аркылуу кандайдыр бир пайда табам же сыйлык-наам алам" деп ойлошот. Ошол максатка умтулушат. Натыйжада, тааныш-билишти ортого салып, айтор, түрдүү айла-амалдар менен каалагандарын да алат. Тааныштарынын жардамы менен фестивалдарга катышат. Өзүн-өзү мактайт, даңазалайт. Мунун баары кайдан келип чыкты?
"Башкысы, бул деңгээл, акыл-эстин тайкылыгы, ички дүйнөнүн жардылыгынан улам пайда болгон көрүнүш" деп эсептейм. Дал ушул сапатты алып жүргөн адамдар максаттарына өзүлөрүнүн накта ички дүйнөсүнөн жаралган таланты менен жете албайт. Себеп, андай дарамет аларда жок. Ошондон улам, алар озунмай, алга жулунмай методдоруна өтүп алган.
Алар: "Мен бир канча роль ойногом. Ал эми тигил актёр эки-үч эле роль жараткан"" деп мактануу менен сөз кылышат. Бирок, театрдын да өзүнүн талабы бар. Ыйык сахнада, куттуу жайда сан эмес, сапат гана каралат. Кандай образды түзбөйлү, оболу, профессионализм бааланат. Ардактуу сыйлык-наамдар татыктуу таланттарга гана тапшырылууга тийиш. Бир канча роль ойноп, бирок, "жарк" этип чыккан эсте калаарлык эмгеги болбосо, ал кандай? Менимче, мамлекет да бул маселеге абдан кылдат мамиле жасаса дейм.
Негизи таланттуу балдарга бала кезден тарта ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүшү керек. А бизде тескерисинче, маска кийип алып, маданияттын кызыкчылыгы эмес, биринчи кезекте өзүнүн пайдасы үчүн жүгүргөн "өнөрпоздорго" жол ачылат, шарттар, мүмкүнчүлүктөр каралат. "Таланттуу адамдарды көтөрмөлөп, колдоо керек. А данеги жоктор жүгүрүп жүрүп, өз ийгиликтерин камсыздай алышат" деп айтып калабыз. Билермандарыбыз муну кулагына күмүш сырга катары кабыл алса деген эле тилек…
Ыңгайлуу
жашоо…
- Кыргызда: "Жүздү көрсө, өң таят" деген жакшы кеп бар. Көшөкөрлүк, хамелеон сыяктуу жүз тайма адаттар бизде калыптанып калганын байкап эле жүрөбүз. Ар кандай иш-чараларга жогору жактан жетекчилер келсе, кан-жаныбызга сиңген жагалдануу чегинен чыкпай, жүгүрүп калышат. Бул адам жан дүйнөсүнүн тайыздыгын, күн карама чарасыздыгын, байкуштугун гана ачыкка чыгарат. Муну: "Абалга ыңгайлашып жашоо" деп айтсак да туура болоор. Кейиштүүсү, бетке айтып, түз жүргөн адамдар мындай жерде өгөй баладай кордолуп, кыйналат. Аларды көпчүлүк жактыра бербейт эмеспи…
Керемет дүйнө
- Мен чыгармачыл дүйнөгө капысынан эле келип калбагам. Бала кезимден бери эле ыр жазчумун. Дүйнөм башкача болчу. Он алты жашымда театрга келгем. Ал менин алгач чыгармачылыкка аралаша баштаган балалык баёо жылдарым боло турган. Ошондо эле бул багыт тазалыкты талап кылаарын, ал адамдарды актыкка, адилеттикке, жакшылыкка үндөөрүн аңдаган элем.

Татаал баскыч
- Туура. Чыгармачыл адамдардын мүнөзү татаал келет. Алар бардык татаал баскычтардан басып өтөт эмеспи. Балким, бул да аларга кандайдыр бир таасирин тийгизсе керек.
Кай бирде бизди түшүнүп турса да, аны анчейин байкамаксанга салган кайдыгер мамилелер болуп калат. Мындайда кең аалам да тарыгансып, өзүңө-өзүң батпай же өзүңдү-өзүң таппай алдастаган абалга кабыласың.
Элестете бериңиз. Айталы, жакшынакай болуп туруп эле жиндинин ролун ойноп калабыз. Аны бир нече жолу сахнага алып чыгабыз. Демек, ал роль биздин кан-жаныбызга да сиңип калат. Ошол эле спектаклди 2-3 ай даярдасак, алган айлыгыбыз эптеген болсо, анан да жиндинин образын түзүп жатсак... Албетте, мындай шартта түзгөн каарманыңдын мүнөзүн турмушта да колдонуп жиберүүгө туура келет.
Эркиндик
- Мен өзүмдү абдан эркин сезип жашайм. Кичинемден эле эч кимге баш ийбей, өз алдынча жүрөөр элем. Көңүлүмдө: "Өзүнүн түз көз карашы бар, эркин жүргөн адам бардык тилектерине жетет" деген ой жашачу. Бул калыптанган мүнөз болсо керек. Непада, мага кимдир бирөө үнүн көтөрүп, чоң сүйлөсө же басым жасап, кекирейген болсо, мен дароо эле басып кетем. Ал мага ким? Ал өзүн кимге теңеп жатат?
Кээде өзүмдү толук эркин сезиш үчүн жалгыз жүргөндү жактырам. Андайда Ала-Арчага барам. Кай бирде баардыгын унуткарып, жакшылап бир эс алууну максат кылам да, Таластагы Беш-Таш жайлоосуна чыгам. Бир таман жол менен карагай, арчаларды аралайм. Шаңгырап аккан мөлтүр суунун добушун тыңшайм. Анан калса, тоолордун кооздугун айт. "Тоолордо тоодой өмүр бар" демекчи, көркөмү тимеле көз тайгылтат. Ошол мүнөттөр мен үчүн өзгөчө баалуу. Мага эч ким тоскоол болбойт, оюмду да бөлбөйт. Өзүм менен өзүм... Табийгаттын тазалыгы жан дүйнөмө кубат берет. Максаттуу бир тапшырмам бардай, эркин дем алып, кадимкидей жарпым жазылып, жыргап калам. Жаратылыштагы баалуулуктарды өзүмө кабыл алып, жакшы ойлор менен үйгө кайтам.
Кызыкчылык
- Адам дайым өз алдынча, көз карандысыз жолду тандап алууга тийиш. Өз көмөчүнө күл тарткан уятсыздар интеллектиси жогору, маданияттуу, ар-намысы бийик адамдарды четке сүрүп таштап, баардыгына өзүлөрү жеткилери келет. Бирок, андайлар жасаган иштери сапатсыз экенин да эске алгылары жок. Ал үчүн уялып да коюшпайт. Андыктан, аларга таарынуу керек эмес. Билек түрүнө алар менен күрөшүп, кайралып, күчөп, оргуштаган талантты көрсөтүү талабы гана турат. Болбосо, эч ким көрбөйт, жөн эле чамындыдай байкалбай агып кетесиң. Ансыз да бизде жеке кызыкчылык үчүн башкалар курмандыкка чалынып, жыйынтыгы, эң күчтүү, профессионал актёрлордун көпчүлүгү сыртта калды…
Залкарлар баскан жол менен…
- Театрда И. Рыскулов, А. Сарлыкбеков, Б. Ибраев, ал эми кино жаатында Д. Садырбаев, А. Сүйүндүков, Марат Саруулу өңдүү залкар режиссёрлор менен бирге эмгектенип калдым. Алар менен иштешүү - накта чыгармачылык менен ширелишип, анын даамын таткандай элес калтырчу. Дал ушул өз ишинин чебери болгон татыктуу режиссёрлордун арабыздан кеткени - мен үчүн орду толгус жоготуу болду. Залкарлардын катары суюлган сайын мен өзүмдү жетим калган баладай алсыз сезе турганмын. Бийик таланттар менен көп иштешкенгеби, эмнегедир кийинки режиссёрлордун эмгегине анчейин алымсына бербейм.
Кайрат
- Турмуш өзү чыйралтса керек. Мен абдан күчтүү адаммын. Жашоо кемесинде толкунга, укмуштай бороон-чапкынга да кабылдык. Тигил жээктен бул жээкке урулуп, калаксыз да калдык. Мүңкүрөбөдүм. Оорчулуктардын баардыгына чыдоого туура келди. Кыйынчылыкты көп тарткан адам ага көнүп, сабырдуу да болуп калат окшобойбу.
Ал гана эмес, жандап жүргөн жан жолдошторум да мага кас чыгып, сатып кеткен кездерде да аны көтөрүп коём. "Мейли. Бул да пендечилик… Ким мага жаман ойлосо, ал өзүнүн пейилинен табат. Мен аны Жараткандын калыс таразасына гана койдум…" деп тим болом.
Күтүү менен күн кечирген жылдарда…
- Баарыдан да күткөндү жактыра бербейм. Кичинемден эле күтүү азабын көп тарттым. (Күлүп…) Ашыгымды канча күттүм. Кийин жакшы тилек менен коммунизмдин келишин күттүк.
Дегеле, жашоо талабы ушул экен. Көптү күтүп, үмүт менен жашайбыз. Эгер күчтүү жана сабырдуу болсок, акырындык менен көөдөндө жай бербеген тилектер да орундалат тура…
Нурзада ОСМОНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??