Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

УЧУР СОБОЛ
Эл өкүлдөрү тарабынан каралган маселелер жабык эшик артында өтүүсүнө каршысызбы?..

Өткөн аптадагы депуттардын жыйынында Дин башкармалыгы, анын ичинен ажылык иш сапарындагы гүлдөп кеткен коррупция тууралу маселе жабык эшик артында каралды. Ал маселеде ажылыктагы гүлдөп кеткен коррупциянын мурдагы авторлору Жаныш менен Максим болсо, азыр Э.Каптагаевдин баласы жеп атат деген сөздөр кескин айтылды. Бүгүн мындай маселелердин ачык өтүүсү керек. Эл кимдин-ким экенин далили менен көрүп, угушсун дегендер аз эмес…


А.Бекназаров,
"БЕК" партиясынын төрагасы:
- Маселен мыйзамды сот көрсөтөт. Ошондой эле парламент элдик бийлик болгондон кийин, маселелерди элге ачык-айкын чечүүлөрү тийиш. Бирок, кандайдыр бир элге, көпчүлүккө жар салганга мүмкүн болбогон, орчундуу маселелерди жабык эшик артында өтүүлөрү бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Өткөн жумадагы депутаттардын жыйынын жабык эшик аркылуу өтүүсүнө Э.Каптагаевдин буйрутмасы себепкер дешүүдө…
- Азыркы депутаттар Э.Каптагаевди угушпайт. Азыр ар кимдин өзүнүн позициясы күчтүү. Биринин сөзүн бири укпайт. Э.Каптагаевдин буйругу менен дегенге ишенбейм. Бирок, ошол жыйындагы айрым депутаттар Э.Каптагаев менен сүйлөшүп алса керек. Аны мен билбейт экемин.

И.Абдуразаков, коомдук ишмер:
- Негизи депутаттардын жыйынындагы мамлекеттик сырларды, көпчүлүккө жар салууга таптакыр тыюу салынган маселелерди жабык эшик артында өтүүсү керек. Баарын эле ачык өткөрүш керек деген туура эмес. Ал эми элдин көйгөйү тууралу чечилүүчү маселелер ачык, айкын өтсө эң жакшы болот. Себеби, ал жерден кимдин-ким экени даана көрүнүп калат.
- Өткөн аптадагы депуттардын жыйынында дин башкармалыгы, анын ичинен ажылык иш сапарындагы гүлдөп кеткен коррупция тууралу маселе жабык эшик артында каралды. Бүгүн мындай маселелерди ачык өтүүсү керек дегендер аз эмес…
- Буга окшогон маселелер ачык эшик түрүндө өткөнү абзел. Анткени ал маселе балким ушак. А балким чын. Эгерде ушак болуп, аталган маселе жабык эшик артында өтсө, ал ушак дагы ырбап, күчөп кетет. Депутаттар сот эмес. Андай кылмыш ишин атайын иликтөөчү органдар бар. Колдорунда негиздүү далил чындап эле бар болсо, анда сот иши карашы керек. Депутаттар өзүлөрү соттоп, анын арты менен эсептешип отура беришсе "баягы эле баягы, койчунун жаман таягы" дегендей өткөн кемчиликтерибиз кайра кайталанат. Өткөндөн сабак алыш керек. Ар ким тазаланып, коомдо тазалануу болуш керек. Биз ошондо гана өнүгөбүз. Бизде өнүгүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин жерибиз бейштин төрүндөй. Ал жерди туура, ырааттуу колдонушубуз керек. Кай тарабынан карабайлы бизде өнүгүүгө жолдор көп…

Айылчы Сарыбаев,
экономика илимдеринин доктору, эксперт:
- Мамлекеттик жашыруун сырлар, айрым маселелер жабык эшик түрүндө өтүүсү туура. Ал эми көпчүлүктүн кызыкчылыгы, элдин көйгөйү тууралу маселелер ачык түрүндө өтүш керек.
- Өткөн аптадагы депуттардын жыйынында дин башкармалыгы, анын ичинен ажылык иш сапарындагы гүлдөп кеткен коррупция тууралу маселе жабык эшик артында каралды. Бүгүн мындай маселелерди ачык өтүүсү керек дегендер аз эмес…
- Эгерде чиновниктердин артынан кылмыш иши билинип калса, анда аны сотко берип, мыйзам түрүндө иш алып барыш керек. Депутаттар мындай кылмыш ишин талкуулап отурууга таптакыр жол берилбейт. Алар сот эмес. Эгерде айылдык депуттардан баштап, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнө чейин кылмышкерлерди соттоп отура беришсе, анда өлкөдө "беспредел" болуп кетет. Бардыгы мыйзам чегинде болуусу абзел. Он чактуу депутаттар чогулуп алып, бир адамдын кылган кылмыштарын талкуулап отуруусу туура эмес. Эгерде колдорунда чыныгы далил бар болсо, сотко беришсин. Аны жөн эле эрмектебей…

А.Салымбеков, саясатчы:
- Кандайдыр бир деңгээлде элдин көйгөйү тууралуу же мамлекеттин кызыкчылыгындагы маселелер эл өкүлдөрү тарабынан чечилгенде, ачык түрүндө өтүүсү абзел. Ал эми айрым депутаттардын жеке аброюндагы маселелер каралып калса, анда аны жабык эшик артында чечүүлөрү туура болот. Эгерде эл өкүлдөрү тарабынан жабык эшик артында маселе каралса, көпчүлүк карапайым калктын депуттарга болгон ишеними жоголот. Кандайдыр бир шектенүүлөр жаралат. Ошондуктан көпчүлүк маселелерди ачык түрүндө, элге айкын өтүшсө менин оюмча, туура болот.

Элдияр ЭЛЧИБЕК





"Мегаком" компаниясы кайрадан Максимдин колундабы?
Өткөн жылдын 7-апрель окуясы кимдир бирөөлөргө жашыл жарык болуп берсе, айрымдарга кара туман болду. Уусунан да чуусу көп парламент мамлекеттеги бийлик бутактарын бөлүштүрүп алуу менен гана чектелбей, кирешелүү ири компанияларды да бөлүштүрүүгө белсене баштаганы айрым маалымат булактарында ачык эле айтылууда. Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш операторлорунун бири "Мегакомго" ээлик кылган "Альфателеком" компаниясынын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, аларга Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси боюнча "мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн" жана 211-беренеси боюнча "салык төлөөдөн баш тарткан" деген айып тагылууда. Өлкөгө эң көп киреше алып келген бул компаниянын негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылаары, апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда "Альфателеком" ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөндүгү айтылууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Даир Кенекеевдин журналисттерге билдиргенине караганда, учурда ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Азамат Мурзалиев дайындалды. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, мындай ири компанияга Ө.Бабанов куда түшүп жүрөт дешет…


"Азиадада"
Кыргызстан жетинчи орунду ээледи
Кандайдыр бир деңгээлде кыргыз спортчулары дүйнө элинин оозуна алынып, акыркы убактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишип келатышат. Кыргыздын мыкты спортчуларына ат көтөргүс көмөк көрсөтүп жүрүшкөн А.Салымбеков сыяктуу өлкөдөгү бай адамдарыбыздын мындай ийгиликтерге салымы зор. Жыл жаңырганы - өлкөбүз кубанычтуу жаңылыктарга бай. Алсак, 7-Кышкы Азия оюндарынын жалпы жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан бир коло медалы менен 27 өлкөнүн ичинен жетинчи орунга чыкты. Бул коло медалды кыргызстандыктар топ менен ойнолчу хоккей оюнунан жеңип алышты. Муз үстүндөгү хоккей боюнча кыргызстандык курама биринчи лигада ойногондуктан, анда ээ болгон алтын медалы жалпы эсепке кошулбайт экен. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, оюндардын жалпы жыйынтыгында 70 медаль менен Казакстан биринчи орунда. Экинчи орунга 54 медаль менен Япония чыкса, үчүнчүнү 38 медаль менен Түштүк Корея алды. Ал эми Кытай 35 медаль менен төртүнчүгө чыкты. Азия оюндарына 27 өлкө катышкан болсо, алардын ичинен медалдар сегиз өлкөгө гана тийди. Казакстанда өткөн 7-Кышкы Азия оюндарына спорттун 11 түрү боюнча миңден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 52 спортчу ат салышты. Жогоруда айтылган бай адамдардын катары калыңдап, спортчуларыбыздын ийгилиги күндөн-күнгө көбөйө берсин демекчибиз…





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«