Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Чолпон ЖАКУПОВА:
"Бүгүнкү бийлик Бакиевден да ашып түштү"
- Бакиев убагында оппозициянын катарына кандайча кошулуп калдыңыз эле?
- Бакиев бийликке келгенден кийин КТРде түз эфирде президент менен оппозициянын ачык баарлашуусу өтөт дешти. Мен да чакырылдым. Ошондогу жасалма баарлашуу, уюштурулган суроолорду угуп кыжырым кайнады. Алпаруучу Марат Султановго демократиянын гүлдөп атышы туурасындагы атайын даярдалган суроону берип, ал киши жооп берүүгө камданып калган. Ошол маалда алпаруучу менин жаныма келип калды. Ээн баштык менен анын чөнтөгүнөн башы чыгып турган микрофонду тартып алып, жасалма берүүдө катышууга ниетим жок экенин, эгер андай эмес болсо, түз баарлашуу болгон соң, президентке түз суроо берүүгө мүмкүнчүлүк беришин талап кылгам. Бул ошол учурда залда отурган оппозиционерлерге жакса керек, алар мени өз тарабына тарта башташкан.
Оппозицияда чечим кабыл алгандардын арасына кошулуп калганым кокусунан болду, бирок, оппозициялык маанайым ал капысынан жаралган эмес.
- 7-апрель окуясында кайда элеңиз?
- Ал күнү мен чет өлкөдө элем. Ереванда өтүп аткан ири семинарга катышуумду улантпастан, көпкө билет күтүп, 9-апрелде гана Бишкекке учуп келдим. 6-апрель күнү кечинде мага Темир Аргенбаевич телефон чалган, ал ошол убакта Москвадан Кыргызстанга кайтмак. "Кыргызстанда эмне болуп атканын, азыр кайтсаңыз, жеке коопсуздугуңуз эмне болоорун түшүнүп турасызбы?" деп сурасам, ал киши баарын түшүнүп турганын, ал тургай аэропорттон эле камакка алынаарын айтты. Бирок, ошондой чакта Кыргызстанга кайтпаса, ансыз да Бириккен элдик кыймылдын катарына кошулбагандыгы үчүн басма сөздө ар тараптан сынга алынып келгени бул ирет ого бетер күч алаарын, баарын билип туруп, санаалаштарын "сатып кетти" деген кепке калаарын, ал эми бир жолго түшкөн санаалаштары ушундай күнгө кабылып атканда, кыргыз болуп туруп, кыргыз элин таштап ал эч убакта сыртта кайдыгер тура албастыгын айтты. Анын бир гана өтүнүчү - адвокат сурады. Адвокат дайындаарымды, бирок, ал өзү да Сокулуктагы колдоочуларын кабардар кылышын, камакка алса, эл Сокулуктан Бишкекке карай келишин өтүнгөм. Эки адвокатым Темир Сариев камакка алынган убакта аэропортто болчу. УКМКнын абагына 6-апрель кечинен тарта камалгандарга менин гана адвокаттарым кирүүгө уруксат алганын белгилей кетейин. Алар кирген кабинетте Темир Сариев жана Иса Өмүркулов болгон. Адвокаттардын уюлдук телефондору болгондуктан, сырт менен байланыш ошолор аркылуу жүргөн. Алар камалгандардын туугандарына, жакындарына УКМКдагы абалдан кабарлап, муну менен алар элдин агымын да жөнгө салып, ошону менен бирге УКМКнын тергөөчүлөрүнө да маалымдап, камалгандардын коё берилишине жетишүүгө аракет жасашкан. Кыргызстанда болбосом да, бардык маалыматты өз адамдарымдан алып, Темир Аргенбаевич менен дайым байланышта болгом. Ал эми аягына чыкпастан, келе берген конференция ар өлкөнүн укук коргоочуларынын катышуусундагы ири эл аралык иш чара эле. Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова эже да болуш керек эле ал жерде, биз дароо Кыргызстандагы окуялар туурасында билдирүү жасап, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга, кармалган оппозиционерлерге жардам иретинде билдирүүлөрдү жасоого чакырдык.
- Бүгүнкү күндө сиздин дарегиңизге "Бакиевдерди, бакиевчилерди, "Альфаны" коргоп аткан адвокаттардын атаманы" деген айыптоолор түздөн-түз айтылууда…
- 7-апрелдеги окуяда карапайым элдердин балдары каза болду. Азыркы бийликтегилердин жакындарынан эч кимиси аянтта жан берген жок. Ал тургай жаракат да алышкан жок. Соттолуп аткан балдар - карапайым элдин балдары. Бакиевдерди же бакиевчилерди "Адилет" коргогон жок. Ушул кезге чейин өз дарегиме не деген айыптоолорду уккан жокмун. "Сатылып кеткеним" боюнча баса белгилеп коёюн, "Адилет" укуктук клиникасы өз көмөгүн ушул кезге чейин бекер көрсөтүп келген, бекер көрсөтө бермекчи. Конфликттик жагдайдын курмандыктарын коргоо долбоору иштеп турган маалда "Альфа" бизге кайрылган, ошого таяп алардын ишин алганбыз. Долбоор аягына чыкса да, мен аларды жарым жолго таштап кое албайм. Адвокаттарым алардын кызыкчылыгын бүгүн бекер болсо да, коргоону улантып жатышат. Эгер "альфачылар" менен болгон келишимди бузууну кааласам, ага миң шылтоо тапмакмын. Алар да мага эч кандай кысым көрсөтө алмак эмес. Бирок, менимче, бул процесс - тарыхый мааниге ээ иш. Сот мыйзам күчүнө негизделеби же мыйзамдын, процессуалдык нормалардын кылдаттыктарынан кабары жок, баллистикалык экспертиза эмне экенин так билбеген топтун күчүнө таяп иш алып барабы, дал ушул процессте анык болот. Сүрмө топ эмоция жана адамдык сезимдердин - өч алууну каалоонун жетегинде болот. Андай болсо, варвардык заманга кайтып, канга-кан дейбизби?! Мыйзам өкүм сүрбөгөн мамлекет мамлекет эмес, анда ал миф. Революциялык-оппозициялык кыймылдагы санаалаштарым убагында бул пикирди колдошкон, карманышкан. Элдин алдында "Бакиев - мыйзамсыздыктын, сот өзүм билемдиктин жана күчкө салуунун белгиси (олицетворение)" деп, демократия жана мыйзамды орнотуу ураанынын алдында кол кармашып бирге келгенбиз. "Бакиев кетсин!" деп кыйкырчубуз, Бакиев кетсе мыйзам болот, Конституция иштейт, акыйкат болот дегенбиз. Бирок, мыйзамдуулук мыйзамсыздык аркылуу орнобойт. Азыр ошол санаалаштарымдын колунда Бакиевден айырмаланышаарын, андан мыкты экендиктерин көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк бар болчу. "Биз башкабыз, биз сотсуз эле жазага тартпайбыз, атпайбыз, өлтүрбөйбүз, киллерлерди жалдабайбыз. Жек көрүп турсак да, кечээ эле бизге абдан көптөгөн кыянаттыктарды кылгандарга Бакиевчилеп чара көрбөйбүз. Биз мыйзам чегинде иш алып барабыз" деп айтпайбы. Ошол эле санаалаштарым бүгүн бийликке келип, Башкы прокурор, парламенттеги фракциялардын лидерлери болуп, кечээ көтөргөн туусун, айткан ураандарын унутуп калышты. Алар "толпанын" деңгээлине түшмөк тургай, алар "толпаны" башкарышууда. Бул аракет менен алар коомчулук көңүлүн өлкө тагдырына таасир этчү маселелерден буруп коюшууда. Алар бүгүн элдин сезимине ойноп, бийликти кулатууга кошкон салымдарын эске салып, элдин көңүлүн бүгүнкү реалдуулуктан тескери бурушууда. Алар кечээгилерден кем калышпай, балким, алардан да жаман иштерди баштап атышат. Эл бүгүн Бакиевден талап кылгандай азыркы бийликтегилерден да талап кылса, ошондо эл кечээги фавориттеринин биротоло Бакиевдерге айланып кетишинен сактап кала алат. Антпесе, бүгүн булар Бакиевден ашып түшүштү. Ошондуктан, коркутууларга, дарегиме айтылган мазактоолорго карабастан, бул процесске катышуунун мааниси мен үчүн чоң. Анткени, аянтта туруп элге берген убадаларымды унуткан жокмун.
- Сот процессин коомдук канал бир тараптуу чагылдырып, бийлик тараптан силерге кысымдар болууда дешет…
- Улуттук коомдук каналдын сот процессин бир тараптуу чагылдырууда. Массалык маалымат каражаттары толугу менен көзөмөлдө. Менчик ээлеринен тышкары маалымат каражаттарына ким көзөмөл жүргүзө алышы мүмкүн?! Бул бийликтин гана колунан келет. Маалымат сайттары сындап койсо, түшкө чейин ачылбайт. Мындайга кимдин күчү жетет?! Бийликтин гана. Мамлекеттик айыптоочулардын, Башкы прокуратуранын аракетсиздиги, анан Юстиция министрлигинин адвокаттардын лицензиясынан айырабыз деп сыпайы коркутуулары, бул менимче, бул тармактын дагы да болсо, саясатташканы. Эртеси Башкы прокуратура ошол күнкү процесстеги окуя боюнча иш козгойт деп ойлогом. Кечээ эле мыйзамсыздыкка кабылганда мен Байболовду, анын үй-бүлөсүн коргогом. Ал менин бүлөмдүн досу катарында эмес, Башкы прокурор катары бул ишти көз жаздымында калтырбоого тийиш болчу. Албетте, булардын баары кимдир бирөөлөр тарабынан теске салынууда, дагы тескелет. Режиссёрлордун дарегине чейин мага угулууда. Аларга ишенип-ишенбесим башка кеп, бирок, Азимбек Бекназаров бул процессте башкы режиссёр эмес. Ага баарын илишүүдө. Эмил Каптагаевдин ысымын укканда таң калдым, ага азыр да ишенгим келбейт. Анткени, оппозициялык маалда үйүмдөн менин колумдан чай ичип, балдарымды көргөн киши ушундайга барбайт деп ойлойм. Мунун баарын бул процесске барардан мурун эле билгем, бирок, мынчалык "зоопаркка" айланаарын күткөн эмес элем.
- "Алфачыларды" акысыз коргоп берүүнүн максаты эмнеде. Деги эле калайман калкка жаман көрүнүүнүн кажети барбы?
- Эгер мен жактаган адамдар мыйзамды бузган болсо, анда алар камалсын. Ал эми алардын күнөөсү далилденбесе, анда алардан айып алынсын. Бул тарыхый процесске катышып жатканымдын себеби - сотто бейкүнөө адамдар "сары улак" катары садагага чабылбай, өлкөбүздү бүгүнкү кейиштүү абалга алып келген чыныгы кылмышкерлердин жүзү ачылып, күнөөсү далилденип, "эмне үчүн карапайым элдин жонунан кайыш тилинип, ажыдаардай коррупцияга жол ачылды, эмне үчүн жапжаш мекендештерибиз акыйкат издеп, көкүрөгүн окко тосушту, ошол окту чыгарганга ким буйрук берди, ким атты" деген суроолорго жооп берилсе деп тилейм.
- Мурдагы бир санаалаштарыңызды, өзгөчө мурдагы устат-окутуучуңуз Роза Отунбаева башында турган бүгүнкү бийликти кескин сынга ала баштадыңыз…
- Азыркы бийлик менен конфронтация жолун тандаганым жок. Мен мыйзамды коргоо жолундамын. Сот системасындагы мыйзам бузууларга менин досторум жана санаалаштарым барып жатса, алар менин досторум, жакындарым болгону үчүн көз жуумп коюшум керекпи?! Мыйзамсыздык дал ошол досторум тарабынан жасалып атканын кабылдоо мага албетте, оор. Бирок, мен алардын өздөрүн эмес, эл тагдырын чечүүдөгү иш-аракеттерин сындап жатам. Демек, мен аларды сатып кеткеним жок. Эгерде жакындарымдын чектен чыккан аракеттерине көз жума алсам, анда принцип кайда?! Анда мен өзүмдү да өзүм сатып кеткен болом да. Ал эми адамдын эң башкы душманы - адам өзү.
Элдияр ЭЛЧИБЕК







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«