Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бакыт Нурдинов, Орто Азия
мусулмандар конгрессинин төрагасы:
"Бакиевдин
убагында көмүскө штабдын
үстүндө Максим менен Жаныш
турса, бүгүнкү күндө Э.Каптагаевдин
баласы ээлик кылууда"

- Өткөн жумадагы депутаттардын жыйынында, дин башкармалыгында коррупция гүлдөп кеткенин жана ал коррупциянын авторлору ким экенин айтып чыктыңыз…
-Өткөн жума күнү Жогорку Кеңеште эки маселе каралды. Биринчи маселе, ажылыктагы коррупция. Мурдараак, былтыркы жылы ажылыкты уюштуруу иштериндеги коррупцияга кимдин катыштыгы бар экенидигин тактоо үчүн депутаттардын арасынан атайын жумушчу топ түзүлгөн болчу. Бул маселе үч жолу Илим, билим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитетинде каралып, анын төрайымы Жылдыз Жолдошева негедир биздин сунуштарды карабай келди. Акыр аягында бул маселени өткөрбөй коюуга бут тосо баштады. Угушубузга караганда, ал Э.Каптагаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселелерди өткөрбөй коюуга аракеттер көрүлгөн экен. Ал эми быйылкы ажылыкты Э.Каптагаев экөө көзөмөлгө алууга аракет кылышууда.
- Силер сунуштаган маселелер эмнелер эле?
- Биринчи маселе, жумушчу топту түзүү, экинчиси - дин мыйзамына толуктоо киргизүү болчу. К.Осмоналиев, А.Жапаров көтөрүп чыккан маселени, тактап айтканда ажылыкты дин башкармалыгына өткөрүп берүү. Ажылыктагы коррупциялык системаны экиге бөлдүк. Биринчиси, квотаны сатуу, экинчиси калькуляция Дегеле, ажылыкты уюштуруудагы гүлдөп кеткен коррупция. Бакиевдин убагында көмүскө штабдын үстүндө Максим менен Жаныш турса, бүгүнкү күндө ага Э.Каптагаевдин баласы ээлик кылууда. Ал өзү тышкы иштер министрлигинде иштеген. Бул боюнча дыкат иликтенип, жана такталууда. Кечээки жыйында Дин комиссиясынын төрагасынын орун басары Канат Мырзахалимов да Э.Каптагаевдин баласынын тиешеси бар экенин үстүртөн айтып өттү. "Буга чейин Максим менен Жаныш жеп жүрүптүр, бүгүн кимдир бирөө сол чөнтөккө солоп атат. Алар ким?"- деп, депутаттар сураганда, биз ачык эле бул ишке Э.Каптагаев көзөмөл кылып, анын баласы жеп атат деп айттык.
- Ошол эле комитеттин төрайымы Ж.Жолдошеванын айтуусу боюнча, бул жерде сиздердин кызыкчылыгыңыз корголуп жаткандай…
- Ж.Жолдошева бул жерде Б.Нурдиновдун жеке кызыкчылыгы бар деп айтып жүрөт. Менин кандайча кызыкчылыгым болмок эле? Бул маселенин кай жеринде менин кызыкчылыгым бар? Биз болгону ажылык өкмөттөгү чиновниктердин колуна өтпөй, муфтиятка берилсин деп атабыз. А Ж.Жолдошева бул жерден саясый оюн жасап, "тиги-бул" деп айтууда. Эгерде ал купуя саясий оюн курбаганда, биз сунуштаган чечимге дароо эле макул болмок. Керек болсо бизди сотко берем деп да айтып жүрөт. Бизди ал гана эмес, Э.Каптагаев да жети айдан бери сотко берем деп аракетенүүдө. Кудай буюрса, жакын арада комиссия булардын катыштыгы бар экенин далилдеп чыгып, Э.Каптагаевдин чыныгы жүзүн ачып берет деп ойлойм.
- Э.Каптагаевдин жогорку кызматты ээлеп турганынан улам, айрым депутаттар бул ишти оң жакка чечүүдөн айбыгып турушат дешүүдө. Буга не дейсиз?
- Чын-чынына келгенде, Э.Каптагаев өлкөдө чоң кызматтагы адам. Ошондуктан, депутаттардын көбү чочуп, эмне кыларын билбей турушат. Азыр күч структуралары да бул боюнча чечкиндүү чара көрө албай жатышат. Ажы башчыларынан, дин башкармалыгына тиешеси бар дин комиссияларынан коюлган күнөөлөр далилденсе, анда аларга чара колдонуш керек. Э.Каптагаев баласы экөө мыйзамдуу түрдө комиссияга да, штабга да кирбей жатат. Ошентсе да алардын катыштыгы бар экенин Дин комиссиясынын орун басары Канат Мырзахалимов, Дин комиссиянын жетекчиси Абдрахманов сыяктуу толгон токой далилдеп берчүүлөр бар. Бирок, К.Мырзахалимов менен Абдрахман жыйында бул жөнүндө айталбай, коркуп, бир топ түйшөлүштү. Эгерде бул экөөсү чындыкты айтып коюшса, аларды "уйпалап" салганы турушат. Сотко берген күндө деле, булар тоготоорун ким билет. Биз мунун баарын ойлоп, колу менен жасагандарды жалгыз Кудайга койдук. "Он адамды алдаган - жалганчы, миң адамды алдаган - саясатчы" деп элибизде бекер айтылбаганын түшүнүп отурабыз. Булар бет тырмап, бир да сом жеген жокпуз деп беттерин тултуйтуп жүрүшөт. Биз депутаттар тарабынан бул иш оң жагынан чечилээрине ишенебиз.
Элдияр ЭЛЧИБЕК




Максаттын
максатсыз пайдаланган миллиондору
Жалал-Абадда көптөн бери жетекчилик тарабынан максатсыз пайдаланылган миллиондордун эсеби чыкпай, ызы-чуу болуп келет. Бирок, канчалаган миллиондордун максатсыз пайдаланылгандыгы факты менен далилденип жатса да, айыпкер жетекчилер ордунан козголбостон, камакка алынбастан, прокуратура тарабынан кылмыш иши козголбостон компоюшуп креслолорунда отурушат. Мындай ири суммадагы акча каражатын жок кылып койгон жетекчилерди Президент, парламент, өкмөт эч чара колдонбостон, ээн-эркин жайына коюп жатканы абдан таң калтырууда. Жалал-Абад шаар мэри Максатбек Жээнбеков менен областтын губернатору Бектур Асановдун он миллион сомду максатсыз пайдалангандыгы боюнча каржы полициясы тарабынан иш козголуп, бирок, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келген. Андан соң шаардык мэр Максатбек Жээнбековдун үстүнөн 100 000 сомдук чыгашасы чыгып калып, аны кайра ордуна төгүп берет. "Уурунун арты кууш" деген кыргыздын учкай кеби чын белем, учурда үрөйдү учурган миллиондордун учу чыгып, ага табакташ болгондор табылды. Элүү миң АКШ долларын жана эки миллион эки жүз сексен беш миң сомду (50 миң АКШдоллары жана 2 285 000 сом) кимдер жана кайсы максат менен бөлүп алгандыгы боюнча маалыматтар табылып, колубузга төмөндөгү АКТынын өзү тийди. Мындан улам Жалал-Абад шаар мэри Максатбек Жээнбеков, губернатор Бектур Асановдун кызматында отурууга моралдык укугу барбы деген суроо туулат. Миллиондорго Асылбек Текебаевдин да тиешеси бары бизди таң калтырбай койгон жок. Биздин Кыргызстанда таза адамдар калбай калган окшобойбу. Бул маалыматтан соң Президент чечкиндүү кадамдарды жасап, Жалал-Абад элинин ырыскысына кол салып жаткан жетекчилерге өз жазасын берет деп ишенебиз!

Баян Көлбаева, Бишкек-Жалал-Абад




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??