Адис кеп

ДОКУМЕНТТИ
мыйзамдаштыруу - мезгил талабы

Нотариат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КР "Нотариат жөнүндө" мыйзамына жана республикабыздын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нотариалдык аракеттерди нотариустар тарабынан жүргүзүү жолу менен граждандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын корголушун камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жана жекече нотариустардын тутумун билдирет.
Нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет. Нотариалдык аракеттерди мамлекеттик жана жеке нотариустар аткарат. Мына ушул багытта кеңири сөз кылууну көздөп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, 1-класстагы юстициянын кеңешчиси Марипа СЕЙДАЛИЕВАны кепке тарттык.

- Ким нотариус боло алат?
- Жогорку юридикалык билими, юридикалык адистик боюнча кеминде үч жылдык стажы бар, мамлекеттик же жеке нотариустарда алты айлык стажировкадан өткөн, квалификациялык экзамен тапшырган, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариус боло алат.
Мамлекеттик нотариус мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет.
Нотариалдык ишти жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга жол берилбейт:
- мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
- атайлап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу барлар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан.
Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерин жасашканда бирдей укуктарга ээ жана бирдей жоопкерчиликтерди тартышат.
Мамлекеттик жана жеке нотариустар тариздеген документтер бирдей юридикалык күчкө ээ.
- Нотариус болууга кандай чектөөлөр бар?
- Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" мыйзамына ылайык төмөнкү чектөөлөр бар:
- ишкерлик кылууга жана нотариалдык, илимий жана окутуучулук иштерден башка иштерди жасоого;
- келишимдерди түзүүдө арачылык кызмат көрсөтүүгө;
- өз атына же өзүнүн атынан, жубайынын (өз жубайынын), анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого;
- аталган нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилесинде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого укуксуз.
- Нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны кандай алса болот?
- Нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензия квалификациялуу экзаменден өткөндөн кийин квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 5 жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде жеке нотариалдык иш жүзөгө ашырылган мезгилде лицензиянын күч-аракети токтотулуп турбаса, лицензиянын күч-аракети квалификациялуу экзаменден өтпөстөн эле улам кийинки 5 жылга узартылып турат.
- Кандай учурда лицензиянын колдонулушун токтото турушат жана аны кандай учурда кайра алат?
- Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана нотариалдык иштерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузганда жеке нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө берилген лицензиясы токтотулат же кайра алынат. Мисалга айтсак, Юстиция министрлиги тарабынан өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2010-жылы 14 жеке нотариустун лицензиясы кайра алынып, ал эми 22 нотариустун жеке нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө берилген лицензияларынын жүгүртүүсү ар кандай мөөнөткө токтотулуп, нотариустар мамлекеттик нотариалдык кеңселерге стажировка өтүү үчүн жөнөтүлдү.
- Юстиция министрлигине жарандар кандай суроолор менен кайрылат?
- Юстиция министрлигине жарандардан бул же тигил маселе тууралуу мыйзамдарды түшүндүрүп берүү жөнүндө кайрылуулар көп түшөт, мисалы, жубайлардын биргелешкен арызы боюнча жалпы мүлкүндөгү үлүшүн менчиктөө укугу жөнүндө, кийин калган жубайдын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшүн менчиктөө укугу жөнүндө, мурас маселелери боюнча жана башка ушуга окшогон суроолор.
Мен ушул суроолорго токтоло кетсем.
Мамлекеттик нотариус жубайлардын жазуу жүзүндөгү биргелешкен арызы боюнча алардын бирине же эки жубайга алар нике учурунда жыйнаган жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет. Турак үйгө, квартирага, дачага, бакча үйүнө, гаражга, ошондой эле жер участогуна менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк бул мүлк турган жердеги нотариус тарабынан берилет.
Жубайлардын биринин көзү өткөндө алардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылып жаткан жердеги нотариус тарабынан мурасты кабыл алып жаткан мураскорлорго кабарлоо менен кийин калган жубайдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк кийин калган жубайга нике учурунда жыйналган жалпы мүлктүн жарымына берилиши мүмкүн.
Ошондой эле нотариустан юридикалык фактыларды күбөлөндүрөт, мисалга - граждандын фотосүрөттөгү адам менен окшоштугун, мындан тышкары нотариус тарабынан соттордо же административдик органдарда иш пайда болгон учурда зарыл болгон далилдерди камсыз кылуу чараларын көрүп документ берилет.
Мындан тышкары, нотариус КР мыйзамдарында алар үчүн милдеттүү нотариалдык түрү белгиленген бүтүмдөрдү да күбөлөндүрө алат.
Нотариус тараптарга алар сунуш кылган бүтүмдөрдүн долбоорунун маани-маңызын түшүндүрүүгө жана анын мазмуну тараптардын чыныгы ниетине ылайык келээрдигин жана мыйзамдын талаптарына каршы келбестигин текшерүүгө милдеттүү.
Азыркы учурда эң эле көп санда башка нотариалдык иш-аракеттерге караганда нотариустар тарабынан ишеним каттар күбөлөндүрүлөт.
Бул жерде айтып кете турган нерсе, ишеним катты күбөлөндүрүүдө ишеним кат берип жаткан адам мүлккө болгон менчик укугунан ажыратылбайт.
- Нотариустун жоопкерчилиги тууралуу айтып кетсеңиз...
- Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка адамдар КР мыйзамдарына карама-каршы келген аракеттерди жасаган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Нотариус жасалган нотариалдык аракет жөнүндө маалыматтарды атайылап ачыкка чыгарса же КР мыйзамдарына каршы келген нотариалдык аракет жасаса, соттун чечими боюнча ушунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Эгерде зыянды башка тартипте өндүрүү мүмкүн болбосо, башка учурларды зыяндын орду нотариус тарабынан толтурулат.
Юстиция министрлиги тарабынан бул багытта укук коргоо жана сот органдары менен да иштерин алып баруудабыз. 2009-2010-жылдар боюнча жалпылоо, анализдердин жыйынтыгы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн 17 жеке нотариустун лицензиясы кайра алынып, 2 мамлекеттик нотариус ээлеген кызматтарынан бошотулду.
- Нотариустардын профессионалдык деңгээлин көтөрүү, мыйзам бузууларды болтурбоо, нотариалдык биримдикти камсыз кылуу максатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Бул максатта министрлик тарабынан көп иштер аткарылды. Атап айтсам, Нотариустардын профессионалдык деңгээлин көтөрүү, нотариалдык биримдикти камсыз кылуу, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди аткарууда мыйзамдуулукту сактоо максатында нотариустарды окутуу Программасы иштелип чыгып, КР Юстиция министрлигинин 2010-жылдын 9-августундагы буйругу менен бекитилди, ага ылайык базалык курстун тематикасы даярдалып, окутуунун графиги түзүлүп, бекитилип (2010-ж.19.11. №140 буйрук) облустардын, Бишкек жана Ош юстиция башкармалыктарына жиберилди. Көрсөтүлгөн программага ылайык ар бир нотариус жылына 30 сааттык окууну өтүш керек.
"Нотариат институту. Адам укуктарын камсыздоо. Нотариустун профессионалдык этикасы" темасы боюнча эл аралык уюмдардын колдоосу менен Чолпон-Ата, Бишкек жана Ош шаарларында республиканын нотариустары үчүн 3 окутуу семинары өткөрүлдү.
- Маегиңизге ыракмат, ишиңиздерди ийгилик жылоолосун.
Маектешкен
Геннадий Холкин