Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Укук коргоочунун өмүрү коркунучта!
Жалал-Абад шаарынын тургуну, шаардын ардактуу атуулу , белгилүү укук коргоочу Шарап Абдыкадыровдун өмүрү коркунучта. Шарап аксакал ушул кезге чейин жетим-жесирдин, кедей-кембагалдын укугун коргоп келген. Эки жылдан бери адам уурдаган уурулар менен күрөшүп, бирок Кыргызстандагы мыйзамдын алсыздыгынан акыйкаттыктын эшигин ачалбай келди. 2010-жылдагы июнь коогалаңында үй-мүлкү тонолуп, материалдык зыянга учураган. Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы ууруларды колго түшүргөнү менен кайра боштондукка чыгарып жиберишкен.
Шарап Абдыкадыров адам уурдоо менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун артынан түшкөнүнө мартта туура эки жыл толот. Адам терисин жамынган эки буттуу "айбандар" учурда укук коргоочунун өмүрүнө коркунуч келтирип жаткан чагы. Шарап аксакал эки жылдан бери бийликке 118 жолу кат жазган. Алардын ичинде сот, прокуратура, президент, депутаттар, премьер-министр, деги койчу, какпаган эшиги да калган эмес. Акыркы үмүтү азыркы бийликтен болуп, президенттик аппаратка кайрылган. Президенттик аппараттан үч жолу Башкы прокуратурага "Ишти тез арада калыс чечүү керек" деген көрсөтмө жиберилген. Бирок, Башкы прокурор Кубатбек Байболов эч кандай чара көргөн эмес. Ошентип укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан улам, карапайым калктын укугун коргогон укук коргоочу өз укугун коргой албай турган кези. Баарынан кызыгы, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан июнь коогалаңында жабыр тарткандардын катарына кошулбай калган. Ошентип, өзбектер алган куруттан да куру калган. Балким акыйкаттыктын желегин желбиреткендерге биздин мамлекетте орун жок болуп калганынын белгисидир.
Учурда Шарап аксакалдын уюлдук телефонуна оозго алгыс уят сөздөр менен сөккөн каттар жазылып, " Сени үй-бүлөң менен союп кетпесек болбой калды" деген үрөйдү учурган билдирүүлөр тындырбай келүүдө. Ал гана эмес, эшигинин алдына шамшар бычак да таштап кетишкен.
Аксакал учурда өз өмүрүн коргоо үчүн чет өлкөдөн баш паанек суроону максат кылууда. Өлкөбүздө акыйкаттыкка, адилеттикке жетпеген ар бир жараныбыз чет жакка кете берсе, мамлекетибизде кимдер калат? "Чөнтөк мыйзамды" колдогондорбу?!


Отунбаева Кадыржанды эмнеге камабайт?
Өлкөбүздөгү акыркы окуялар кыргыз элин бир топ эле алсыратып койду. Кыргызстандын түштүк аймагын түрө кыдырып, карапайым калктын көйгөйүн өз көзүм менен көрүүгө бел байладым. Алгач Жалал-Абад облусуна келип түшүп, эл араладым. Карапайым калктын азыркы кымбатчылыктан, өлкөдөгү саясий башаламандыктан көңүлдөрү суз болгону менен, кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлгөн саясатчылардан бир топ ирээнжип калышкандарын жашырышпады. Баарынан да президентибиз Отунбаевага ар бир жалал-абаддык нааразы экендиги өкүнүчтүү болду. Жүрөгү канап араң турган адамдардын тамырын тартып көрсөм, Отунбаеванын Кадыржан Батыровду камап, жазасын бербегени элдин нааразычылыгын абдан күчөткөн. Кыйын кырдаалда сазга чөгүп кеткен мамлекетти аял башы менен башкарып, Бакиевдин кандуу режимин алсыраткан Роза Отунбаеваны өлкөбүздүн бир ыптасы сыйлабай, көчөдө оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканы бир четинен жүрөктү оорутса, бир четинен кыргыздар маданияттан таптакыр артта калып, жеңил-желпи ушак-айыңга тез берилип жатканы сай-сөөгүңдү сыздатат. Андан да, кылмыштуу кландык бийликти кулатууга өз өмүрүн берген 7-апрелдеги маркумдарды "жинди боло турган порошок ичип алышыптыр" деген акылсыз сөздөргө берилип алышканы кыргыз деген кылым карыткан элдин экиге бөлүнүп калганынан кабар берет. Биз сыртыбыздан "карапайым эл бөлүнбөйт" дегенибиз менен башы жок саясатчылар элди эчак бөлүп коюшканына көзүм жетти. Бардыгын башынан баштап, нааразычылыктарга алдын-ала даярдыктар көрүлбөсө, учурда эл тагдыры кыйын болуп турганы айкын.


Өзбек туугандар эмнеге нааразы?
Шумдугуң кургурдуку десе. Кудайга шүгүр, өзбек туугандар кычыраган кыштын суугуна калышкан эмес. Николай тактан кулаган кездеги бир метр жерге кирип кеткен үйлөрүнүн ордуна чет өлкөлүк стилдеги кычыраган тамдар салынган. Кантсе да куулугу башынан ашкан "мениямдар" чет өлкөлүктөр келсе боору ачысын дегениби же кыргыз өкмөтүн шылдың катары көрсөтүүнү көздөп жатышканбы айтор, жарымы күйгөн тамдарын тазалап коюуга да кудуреттери жеткен эмес. Шаардын көркүн сактоо керек экендигин эстен чыгарган мэр өз аброюн араң согуп жатса керек. Кыскасы, ураган үйлөрдөн үрөйүң учат. Баарынан кызыгы өзбек туугандар гумжардам алып келген ар бир чет өлкөлүк уюмга биздин өкмөттү шыбап, "эч кандай жардам берилбей, каралбай жаткандарына" даттангандары таң калтырды. "Кыргыз өкмөтүнүн эч нерсеси кеткен жок. Бизге чет өлкө жардам берип жатат"- деп ооздорун чоюп отурушканы, дагы да болсо биздин мамлекетибизди сыйлабай жаткандарынын белгиси. Эгер кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк уюмдарды Ислам Каримовдой кылып киргизбей койгондо, "мениямдарды" көрөт элек…


Чычалаган чын болот…
Убактылуу өкмөт комиссиянын жыйынтыгына чычалабай эле койсо болот. Чын-чынына келгенде Убактылуу өкмөттүн шалаакылыгынан, кыргыз деген патриоттук сезимдин жоктугунан, ынтымактын ыдырашынан ички душмандарыбыздын ичинен ит өлүп, кандуу кагылыштар болду. Академик Абдыганы Эркебаев баштаган Улуттук комиссиянын жыйынтыгына толугу менен макул болууга болбойт. Коогалаңдын жыйырма пайызы терең иликтенбестен жабылуу аяк жабылуу бойдон калган. Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров курал көтөрүп жүргөн деген көрсөтмө берилген. Ошол эле маалда Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев да элге курал тараткан. Бул боюнча эч кандай көрсөтмө жок. Ошону менен катар июнь окуясында Санжар Бакиев менен бирге Жалал-Абаддын экс-ханы Акмат Бакиев да бетине бет кап кийип эл арасында жүргөн. Эл деген эл да. Акматтын ээн эркин бирде сары маска, бирде кара маска кийип жүргөнү, ошол эле маалда учурда оозунан чаң чыгып жаткан ата журтчулар тымызын жолугушууларды өткөрүп, Убактылуу өкмөттүн ишине бут тосуу үчүн чагымчыл иштерди уюштурууга аракеттерди жасап жүрүшкөн.


Абал тынч, бирок коркунуч күч
Учурда кыргыз-өзбек арасында анда-санда ыйкы-тыйкылар болуп кеткени болбосо, эки элдин ортосундагы ымала акырындап калыбына келип жатканы кубандырды. Бирок, өткөндө "Бөрү баласы ит болбойт"- деп бир депутат айым айткандай, өзбектердин ичинен ит өлүп жатпагай эле, ал ит жыйырма жылга жетпей кайрадан кыргызды шорлотпогой экен деп жүрөкзаада болуп жаткандар да жок эмес. Анткени, карапайым өзбектердин башын айландырып, кыргызга каршы тукурган Кадыржан Батыров тайраңдап эркиндикте жүрөт. Убактылуу өкмөттүн тилин тапкан Кадыржан, карапайым калкты карайлатты. Канчалаган адамдын канына забын болгон Кадыржанды качырган бийликте - ар, намыс, жүрөк барбы деген ызалуу суроолор жамгырдай жаайт. 7-апрелде элге каршы ок аттырган Бакиевдерди, андан соң, түштүктө башаламандыкты уюштурууга аракет жасап, элдин эсин эки кылган Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевди үй камагына чыгарып жиберген Бекназаров кандай түшүнсөк болот. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, үчүнчү төңкөрүшкө даярдык көрүп жатканы Азимбек мырза үчүн акылга сыйбаган көрүнүш эмей эмине.
Жалал-Абадда абал тынч болгону менен, коркунуч күч. Түштүктө "7-канал" деген теле көрсөтүү ачылган. Андагы көрсөтүүлөрдүн идеясынын түбү түндүк эли менен түштүк элин кайраштырууга багытталгандыгы ачык көрүнүп турат. Эл арасындагы маалыматтар боюнча, түштүк элин жакынкы айларда көтөрүлүүгө үндөп жаткандар бар. Ошону менен катар, азыркы өкмөттүн кызмат кылуусуна түштүк эли каршы экендиктерин ачык билдиришүүдө.


Назгүл МАМЫТОВА, Бишкек-Жалал-Абад







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??