Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кадыржандын миссиясын
Салижан улантып жатабы?
Жалал-Абадда Кадыржан менен айтылуу учкуч Салижан Шариповдун жакындыгы күч экендиги айтылууда. Анткени Салижан акебиз да өзбек улутунан болот эмеспи. Карга карганын көзүн чукубасын эске алып, ишеничтүү булактардын берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровдун өзбек университети менен өзбек мектебин Салижан өз атына жаздырып, иштетүүгө аракеттерди көрүп жүрүптүр. Айрым маалыматтар боюнча университет өзбек тилиндеги опол-тоодой зор мектеп болот. Бирок, Жалал-Абад эли Салижандын мындай кадамына жол бербестен катуу чараларды колдонобуз дешип, бардыгы бир максатты бекем карманууда.
Июнь коогалаңына чейин Кадыржандын университети өзбек лидерлери чогулуп, маанилүү иштерди чечүүчү саясий блок болуп келген. Имараттын жертөлөсүндө акыркы маркадагы курал жарактарды сактоочу жай болгон.

Элдик курултай, элди эзип курутмай
Курултай деген нерсенин өзү туура пайдалана билгендерге жакшы жол. Эзелки ата-бабаларыбыздан калган улуу жыйын, ата-мурас болуп ушул кезге келгенине да сыймыктанбай койбойсуң. Өкүнүчтүүсү, кийинки кездерде курултайды модага айлантып баш-аягы жок аш жемей, арак ичмей салтына айланып кеткени өкүндүрөт. Моюнуңарга алгыңар келбей жатса, ушул кезге чейин канча деген курултайлар өттү, өткөрүп жаткандар жыйынтыгын айтып жылыштар бар экенин кабарлап койгулачы. Жакында мурунку курултайчыларды төштөп жүргөндөр дагы бир курултайга эл чакырабыз деп күпүлдөшүп турган кези. Максаты, Кыргызстандагы бийликтин үстүнөн көзөмөл кылып жылына алардын отчетун угуп, кемчиликтери болсо жумушунан айдап, жыргатып жаткандарын далыга таптап турушат экен. Негизги ой абдан жакшы. Ишке ашыра алабызбы-бул албетте бүдөмүк. Кыргызстандын бүт аймагынан келген делегаттарды бирөөлөрдүн жетеги менен эмес, өздөрү эле келээрине биринчиден шек бар. Экинчиден, алардын баарын кайсыл акчабыз менен 3-4 күн багып, кайда жайгаштырабыз. Буга мамлекеттин күчү жетеби? Курултайды баштап төштөгөн Кадыр Кошалиев мырза азыр өкмөттүн ар бир эшигин тешип акча бергиле, жатакана камдагыла деп чуркап, айрым саясий серепчилерге барып "жылкы жагын кандай кылабыз?" деп жүрүптүр. Ач отурган Кыргызстанга азыр ушундай курултай керек беле, өзүң таразалап көрчү кыргызым!

Свет акенин ашепкеси же куру убадалар
Жалал-Абад шаарында электр маселеси чоң көйгөйдү жаратууда. Июнь коогалаңында жабыркагандарды электр жарыгы менен камсыз кылуу менен алек болгон электр кызматкерлери чарчагандыктанбы же кайсы себептен экендиги белгисиз анча-мынча жаңылыштык кетирип, туура эмес иштерди жасап жиберип жатышат. Буга Уламжан Икрамовдун нааразы болуп бизге кайрылган кайрылуусу далил болуп отурат. Уламжан аксакалдын үйүнө электриктер келишип "Сиз электр энергияны аз колдонупсуз. Демек ууру свет колдонот экенсиз" -деп айып пул салып кетишкен. Нааразы болгон аксакал юристке кайрылып, текшерткенде бардыгы таза болуп чыккан. Бирок, бардыгы жайында болгондугуна карабастан, Жалал-Абад шаардык электр менен камсыздоо бөлүмүнөн айып пулду төлөө боюнча кагазы тынымсыз келип жатыптыр. Биз аксакалдын кайрылуусу менен Жалал-Абад шаардык энергосбытынын жетекчисинин орунбасары Саитов Абдыкайым Токтоназарович менен жолугуштук. Анын айтуусунда кызматкерлери жаңылышып, күмөн саноо менен айып пул салып коюшуптур. Учурда бардыгы юрист тарабынан далилденип, жакын арада салынган айып пулдан Уламжан Икрамов четтетилээрин билдирди. Ал эми Уламжан аксакал "мындай убадаларды берип келе жаткандарына үч ай болуп баратат. Убакыт өткөн сайын айып пулдун тууму да кошулууда" дейт. Ал эми жетекчи Абдыкайым Саитов бизге берген билдирүүсүнө бек турса, чубалган куру убадаларын токтотуп, аксакал адамды убара кылбастыр деп ишене туралы.

"Айгай" кайрадан маалымат айдыңында
Эки айлык тыныгуудан кийин "Айгай" коомдук-саясий эркин гезити кайрадан маалымат айдыңына чыгуу алдында турат. Гезиттин эки тизгин бир чылбырын кезинде "Агым", "Аалам", "Назар" гезиттерин жетектеген, кыргыз журналистикасында өз орду, өз стили бар кесиптешибиз Кенжебек Арыкбаев колго алды. Аталган басылма мурдагыдай эле ар жуманын төртүнчү күнү (бейшемби) чыгып турат. "Айгайдын" келе жаткан жаңы санында "Кыргыз Республикасын ким түзгөн?", "Саясий абысындар", "И.Раззаков, Курманжан Датка сыяктуу эле эмне үчүн Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, Б.Исакеев, И.Арабаевдердин ысымдары дүңгүрөбөй турат?", "Бюджеттеги көк жөтөл" жана ушул сыяктуу ачуу чындыкты камтыган макалалар орун алган" дейт, гезиттин башкы редактору К.Арыкбаев.

Кыргыздар азамат...
Кыргызстан азыр өз турмушунун кемчиликтерин оңдоо үчүн улам саясий нааразычылыктар менен өзүбүздүн өкмөттүн катачылыктарын айтып чыгууда. Бир караган адамга бул биздин өлкөдөгү саясий багытыбыздын туруксуздугу катары каралууда. Мындай көрүнүштөр биздин гана мамлекетте болуп жатпаганын эске алсак, анда дүйнө эли дагы демократиялуу өнүгүүнүн жолундагы өз бийлигин тазалоонун негизги жолу катары жалпы элдик нааразычылыктар менен жолго салууну туура көргөн сыяктуу. Кыргызстан эки революцияны жасады. Бул көптөгөн мамлекеттерге таасирин берди. Тазалануунун жолу ушундай жалпы элдик төңкөрүш менен гана ишке ашпаса чырмалышып алган криминалдык жана коррупцияланган бийликти башка күч оң жолго сала албайт окшоп калганын мына ушул элдик толкундоолордун арты айтып турат. Учурда биздин мамлекетте ачыктан-ачык криминалдарга каршы иш чаралар жер-жерде өтүүдө. Элдин мындай талаптарын аткарбай коюудан чоочулаган өкмөт, экстремисттик уюмдар менен криминалдык күчтөргө чечкиндүү кадамдар менен күрөшүүнүн баштады. Ага УКМК, ИИМ жана прокуратура батыл киришти. Улам ар жерден кармалып жаткан андай күчтөр, ушул тармактын адамдары аркылуу тергелип-тескелип, кылмыш иштери козголуп жатканы жашыруун деле эмес. Балык башынан сасыбай ушинтип иштеп коюшса эле саздан суурулуп чыкканы турабыз.

Өкмөт аке не дейт?
Өткөн жуманын соңунда биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов массалык маалымат каражаттарына өкмөттүн 45 күн ичинде аткарган иштери жана 2011-жылы жасай турган жумуштары тууралуу билдирди. Бир жарым айдын ичинде мынчалык иш аткарган өкмөт Кыргызстандын жаңы тарыхында боло элек. Карапайым элге башкасы болбосо да, күйүүчү майдын арзандап жатышы майдай эле жагууда. Ө.Бабанов ушул тапта май 5 сомго чейин арзандаганын, жакынкы күндөрдө 9-10 сомго чейин түшөөрүн айтты. Ошондой эле дыйкандарга 9 пайыздык кредит 1-марттан тарта бериле баштайт экен. Мугалимдер, врачтар жана башка бюджеттен жем жегендердин айлыктарын көрүү боюнча өкмөт быйылкы жылдын бюджетине кошумча 10 млрд. сом киргизиптир. Эми 1-майдан тарта мугалимдер менен врачтардын айлыгы 3 эсеге чейин көтөрүлөрүн билдирди. 26-январда өкмөт аке "Экономика жана коопсуздук" аттуу иш-чаралардын планын бекиткен. Бюджеттик кирешелер да кыйла жогорулатылган. Мисалы, Мамлекеттик салык инспекциясы пландоодон ашык 2 млрд. сом, бажычылар кошумча 2,5 млрд. сом, Маммүлк министрлиги менчиктештирүүдөн 4,2 млрд. сом, Мамлекеттик байланыш агентствосу 200 млн. сом, Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фонду 100 млн. сом бюджетке түшүрөт. Биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов буга чейин көмүскө иштеп келген алкоголдук тармактын быйыл ачыкка чыгып, көрсөткүчтөрүн 2 эсе көбөйтөөрүн айтты. Өмүрбек мырзанын айтымында, мындан ары мамлекеттик структуралар объектилерди сатуу, лицензия берүү ж.б. аукцион, тендерлерди ачык түрдө өткөрө баштамакчы. Баракелде, дей туралы.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??