Элдик курултай дейсиңерби?

АКЫЛ КАЗЫНАСЫ ЭЛДЕБИ ЖЕ ВЕНЕЦИЯДАБЫ?

Элдик Курултай чакыруу, анын толук кандуу иштеп, элге кызмат кылуусу үчүн конституциялык мыйзам менен бекитип алуу маселеси көтөрүлө баштагандан бери элдин эсине Дастан Сарыгулов түшө баштагандай. Убагында Акаев менен бир командада болуп, бирок кийинчерээк алардын үй-бүлөлүк башкаруусуна алгачкылардан каршы чыккандыгы үчүн үстүнөн кылмыш иш ачып, тор артына салаарда качып кутулган коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду Бакиев бийлиги Мамкатчы кылып иш берди. Улуттун, мамлекеттин келечегин эмес, тар чөйрөнүн утурумдук кызыкчылыгын ойлогондордун саясий оюндарынын айынан Д.Сарыгулов бул жолу да кызматын таштоого туура келген. Ошол мезгилден бери кыргыз улутунун тарыхы, мамлекетти башкаруу маселеси, айрыкча Элдик Курултай институту боюнча өзүнүн салмактуу ойлорун коомчулукка тынымсыз айтып келатканы менен же бийлиги, же оппозициясы бул кишинин ойлору менен эсептешкиси келген эмес.

Мына эми, жакындан бери "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Элдик Курултай маселесин көтөрүп басма сөз жыйынын өткөрдү. Андан көп өтпөй эле "Ар- Намыстын" ана башчысы Феликс Кулов да ушул маселени макулдашып алгансып кайра көтөрдү. Муну уккан таза кыргызы да, орусташкан киргиздер да убагында жогорку кызматтарда отурганда Курултайды кулакка угузба деген бул эки азаматтын мындай окшош кадамдарга барышына айраң-таң. "Бийликти коңторуп түшүш үчүн ич ара сүйлөшүп алышпаптырбы?" дегендер да чыкпай койгон жок.
Ырас, бул эки саясатчы бийликте турганда Сарыгуловдун Элдик Курултай институтун мамлекетти башкаруу структурасына киргизүү сунушун колдобой койгондугу үчүн кечирим сурагандай болуп кайрылып жаткан жери жок. Ал эки азамат парламенттик шайлоодо бири партиясы 5 пайыздык босогодон аттап өталбай калганы үчүн, экинчиси анын партиясы парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияга кирбей, оппозицияда калгандыгы үчүн жан далбас аракет жасап, Элдик Курултайды байрак кыла салышты. Сарыгулов канча жылдан бери бапестеп багып келаткан, таптап куш кылалбай келаткан даяр оокатка колдорун салып жиберишти. Бакиев заманындагы, эми болсо Отунбаева заманындагы жаңы Конституцияга укуктары кеңейтилген форматта киргизилүүсүнө канча аракет кылып, бирок ал аракетинен майнап чыкпай калганына карабай, Сарыгулов жана анын көз карашын жактоочулар Курултай институтун кыргыздын Оң, Сол, Ичкилик урууларынын башын кошкон тарыхый форматта коомдук турмушка колдонуу аракетин көрүп жүрүшөт. Ал турмак өткөн жылдын жай мезгилинде Суусамырда кыргыздардын Улуу Курултайын өткөрүүнүн уюштуруу иштери кызып калганда Кыргызстандын түштүгүн туман менен түтүн каптап, ал иш чара өтпөй калган.
Баса, Бакиев бийлигин оппозициядагы саясий партиялардын мүчөлөрү эмес, 7-апрелде Кыргызстандын бардык дубандарында өтө турган Курултайларга даярдык көрүп баштаган ЭЛ кулатканын эстен чыгарбайлы.
Курултай институту боюнча коомдо ар кыл пикир топтолду. Д.Сарыгулов 5.11.2006-ж. жарыялаган Баш мыйзамдын өзү даярдаган долбоорунда 3-бап толугу менен Элдик Курултайга арналган. Мында 4 берененин ичиндеги 35 кичи беренелерде Элдик Курултайды түзүү, иштөө тартиби,укук-милдеттери бир топ толугураак аныкталган. (Бул жоболор, эрежелер учуру келгенде кенен талкууга алынаар.)
Эми Ф.Куловдун Курултай боюнча айткандарында дурус жана буруш жерлери барбы?
Анын ою боюнча Элдик Курултай 120 депутаттан туруп, 5 жылга шайланып, Жогорку Кеңештин бир палатасы катары кириш керек. Парламенттеги 5 партия жалпы шайлоочулардын 37% гана добушуна ээ болуп мандат алды, бул бардык шайлоочулардын, жалпы элдин кызыкчылыгын билдире албайт. Ошондуктан региондордун да кызыкчылыгын камтыш үчүн Элдик Курултай зарыл. Бул үчүн күздөгү президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өткөрүш керек. Президенттин укуктарын кеңейтип, ал ички,тышкы саясатты аныктап, жергиликтүү бийлик башчыларын дайындай ала турган болсун. Президентке мыйзам чыгаруу демилгесин кайтарып берүү зарыл дейт.
Кыргызстандагы парламенттик түзүлүштү жактырбаган орус президенти Медведев менен убадалашып келген Куловдун бул айткандары президенттик башкарууну Сарыгуловдун колу менен, Элдик Курултай менен ишке ашырам деп жаткан планы эмеспи? Жаңы кабыл алынган Конституциябызга 10 жылга чейин өзгөртүү киргизбейбиз деп эл менен 2010-жылы 27-июндагы референдумда макулдашканыбыз эмне болот? Депутаттык мандат алганда Конституциянын үстүнө колун коюп, аны бузбайм деп ант бергендей болду эле -ал сөзү ооздун жели беле? Же саясий максаттарга жетүү үчүн бардык ыкмалар менен каражаттарды пайдалана берсе боло береби?
Кулов андан ары Элдик Курултай 3 вариант менен түзүлүш керек дейт. Биринчи вариантта райондордон 2ден депутат 2,5жылга шайланат. Же жергиликтүү Кеңештерден 2 ден депутат жиберилет. 2-вариант боюнча ар бир 15 миң шайлоочу 1ден депутат шайлайт. 3-вариант боюнча бир мандаттуу 90 округдан депутаттар 5 жылга шайланышы керек.
Элдик Курултай Улуттук Банктын жетекчисин шайлайт, Президенттин отчетун угат, БШКнын үчтөн бир мүчөлөрүн дайындайт.
Бир караган адамга Элдик Курултайдын укук-милдеттерин кеңейтип, Конституцияга киргизип, бийликти нукура бийликтин булагы болгон элге берүү идеалдуу эле нерсе. Бирок Курултайга кызыга түшкөн Куловдун бул аракети чын дилден чыгып жатканына ишениш кыйын. Анткени ал (дегеле ал эмес, кыргыздын ар бир саясатчысы) элдин ишеничинен чыгып калышкандай. Же чабал өрдөк эрте учат болуп, алдыдагы президенттик шайлоого даярдык деген кезектеги учуп чыккан "уткалардын" бириби? Арыз-муңу угулбай жаткан, 5 партиянын эт туурагычынан чыккан "фаршка" жетпей калган элдин үнүн чындап эле уккусу келсе Курултай деп добулбас кагып башташкан куловчулар, мадумаровчулар,жекшенкуловчулар, сариевчилер сарыгуловчуларга салам айтаар бекен? Же Конституциябызды мындай кылып өзгөртөбүз, түздөйбүз деп Венецияга, Москвага, Астанага чү коюшабы? Балким Батыровдубу, Салахуддиновдубу, Сабировдубу же Фаттаховду издеп таап, өзбекче Курултай өткөрүп жиберишеби? Күтө туралычы.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ