Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

УЧУР СОБОЛ
Бишкек шаарына Иса Өмүркулов кайра мэр болуп келди. Бул боюнча Бишкектик
тургундардын пикири кандай?

Улан
Колунан кокон тыйын келбегендер кайра эле кызматына шайлана бериши бизде адаттагы көрүнүш болуп калбадыбы. Буга өтө деле таң калган жокпуз.

Жаныбек, соодагер
Бишкек шаарынын мэрлигине И.Өмүркуловдун кайра келиши - бул саясатта жаңылык деле эмес. Биздин саясатта баары боло берет. Андыктан анын кайра келишине эч ким деле айраң-таң эмес. Кандай адам болбосун, анын кылган эмгеги бааланат. Ал эми И.Өмүркулов мэр болуп келгени шаарда олуттуу деле өзгөрүү болгон жок. Н.Түлеевдин иш программасынан ашыкча эч нерсе кылалбай келатат. Болгону "Ош базарын тазалап, тегерек-четин ирээтке келтирем" деп соодагер карапайым элди бир сестентип койду.

Сапарна
И.Өмүркулов жакшы эле иштеди. Өзүнүн денгээлин көрсөттү. Учурда бул адамдын мэр болуп турушун туура көргөндөр көп. Мен деле көпчүлүк менен чогуу болом да.

Нурсултан, студент
И.Өмүркуловдун кылган ишин уккан да жокмун, көргөн да жокмун. Анын мэр экенин деле билчү эмесмин. Бишкек шаарынын жүзү кандай болсо, мэрдин жүзү ошондой деп билем. Шаарыбыз бүгүн көңүл жылытаарлык эмес. Демек И.Өмүркуловдун денгээли дал ошондой.

Бүркүтаалы
И.Өмүркуловдун кайра келиши менен сумма өзгөрбөйт. Менин оюмча мэрликке татыктуу азыр эч ким жок. "Жоктон көрө жогору" деп И.Өмүркуловду алып келишти.
Пенсионерка
И.Өмүркуловдун мэр болуп келишине мен өтө деле каршы эмесмин. Андан көрө "Бакиевчил" кадрлардан Кудай сактасын. И.Өмүркуловдун деле "дүң" эткен эмгеги деле көрүнбөйт. Бишкекке баягыдай эле. Ошентсе да Москва бир күндө куралган эмес да. Күтө туралы бир-эки жылда И.Өмүркуловдон майнап чыгып калаар.

Толгонай
Булар Бакиевке каршы турган саясатчылар. И.Өмүркулов мэрликтен өйдөкү кызматка барса деле жарашат. Ал эми Бакиев убагында анын тегерегинде жүргөндөр, бүгүн кайра эле бийлик төрүнө келип калышты. Кудай бизди ошолордон сактасын!

Азамат
И.Өмүркулов Бакиев убагында курулай кыйкырык менен жүрчү. Бирок, көпчүлүк элге күйүмдүү болуп көрүнгөн. Эми Бакиев кетти. Оппозициянын күнү тууп, кызматтарды бөлүштүрүп алышты. Кыйратабыз-жыргатабыз дегендердин, негедир майнаптары көрүнбөйт.


Алтынбек, электрик
И.Өмүркуловдун буга чейинки кылган кызматы жөнүндө жакшы кеп угалекмин. Ким билет, кандай адам экенин. Бирок, иштин көзүн билбегени шаардын кебетесинен көрүнүп турат.


Суроо салган
Элдияр Элчибек





ЭНЕРГЕТИКТЕР ЭЛДЕН КОРКУШСА БОЛМОК...
Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдиргиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска, нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772682199


31. Биз мындай болот экен деп таптакыр ойлогон эмеспиз. Шайлоо убагында депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар келип тимеле кой үстүнө торгой жумурткалаган заманды орнотуп таштаган болучу. Ошого ишенип алыппыз, ишенчээк жаныбыз. А азыр болсо, таптакыр башкача болуп отурганына айран-таңбыз. Баягы бизге кап-кап убаданы бергендер депутат болгон соң баарын унутуп эле кабинет, үй, машине талашып ыркырашып жатып калышты. А бизди ойлоп койгон жан жок. Ушунусу кызык болуп жатпайбы, булардын. Эми "мени депутат кылып шайлап бергиле" деп келгендерди таяк алып айылдан алыс кубалап жиберебиз деп отурабыз...
Ысмайыл, Талас.
32. Мен сиздерге бир анекдот айтып берейин:
Коён токойдо жүгүрүп келе жатып, дөңгөчкө чалынып жыгылып кетип, этин катуу оорутуп алат. Жаны ооруганына чыдабай, "ушундан көрө өлүп калганым жакшы" деп асынып өлмөкчү болуп, даракка аркан ыргытат...
Даракта асынып турган коёнду көргөн жолборс:
- Ия, коён, сен эмнеге белиңден асылып турасың ал жерде?- деп сурайт.
Анда коён:
Өлгүм келип жатат,- дейт.
- Өлгүң келсе - мойнуңдан асылбайсыңбы?!- дейт анда жолборс.
- Ики, анда өлүп калсамчы...- деп чоочуп кетет экен анда коен. Сыягүл, Бишкек.
33. Кыргыздар жалпы сабатсыз болуп баратабы дейм... Күнүгө маршруткага түшөмүн да. Анан, "Кулиевадан токтотуп коюңуз", "Турусбековадан токтотуп коюңуз", "Токтогуладан токтотуп коюңуз" дешет да турушат. Аны уккан шоопурлар да тык токтото коюшат. Айланайындар, ал көчөлөр - Кайсын Кулиев, Жусуп Турусбеков, Токтогул Сатылганов сыяктуу эр-азаматтардын аттарынан коюлган. Мейли: "Остановите на Токтогула", "на Турусбекова", "на Кулиева" деп орусча айтсаң, туура. Ал эми "токтотуп кой" деп кыргызча айтып жатканыңарда бул адамдар аялга айланып кетип жатпайбы! А бул - оюнчук эмес да. Адамдын адамдыгына шек келтирип жатасыңар да! Андыктан, же орусча эмес, же кыргызча эмес сүйлөгөндү таштап, таптаза кыргызча, же таптаза орусча сүйлөгөнгө үйрөнөлү, туугандар! Кеңешбек, Бишкек.

34. Өткөндө бирөө КТРде балдар үчүн даярдалган "Керемет көч" программасындагы Актан менен Акылайдын жана андагы балдардын кебете-кешпири тууралуу жазыптыр го. Мен анын пикирине кошулам. Балдарым аны көрүп отурганда, өзүмчө ушунчалык күлкүм келип отурат. Өзүм сүрөтчүмүн да. Актан, Акылай, Кенжебектердин көздөрү - алардын өздөрүнүн муштумдары менен бирдей. Ошондой да болчубу? Укканыма караганда, адамдын жүрөгү - анын муштуму менен бирдей болуш керек эле. Мындай нерселер бул программада көп. Кичинекейлер байкабай калат деп эле балдарыбызга туура эмес кебете-кешпирлерди көрсөтө берсе болобу? Бул көрсөтүүнүн мазмуну жакшы болгону үчүн гана мындай кемчиликтер билинбей калып жатса керек. Дыйканбек, ХХХХ5781

35. Элим тартып балдарынын азабын,
Ар бир жазда революция жасады.
Бүт дүйнөгө тарап кетмек болду го,
Кыргызымдын кырды-бычак чатагы...
Асылбек, ХХХХ8588
36. Самат! Таможняда иштейм деп алдап кетипсиң. Сенин там салып курулушта иштээриңди уктум бирөөлөрдөн. Антип алдабай деле койсоң болмок. Эмне, иштеген ишиңден ардандыңбы? Бирөөнүн чөнтөгүнө колуңду салып акча уурдабай өз эмгегиң менен акча таап оокат кылгандын эмнеси уят? Жакшы кесибиң бар экен. Ишиңе ийгилик каалап, жаңы таанышың -
Гүлзина, Бишкек.

37. Чет элдик жигиттерге турмушка чыгып жаткан кыздарыбызды сындагандар көп: "кыргыздын жээндерин көбөйтүп..." дешип. Кыздарыбыз эмне кылсын, жаштыгы кыйын күнгө туш келип, анан кыргыз жигиттеринен ырыстуу сөз укпаса...Кайда барбасын кымбатчылык, алдамчылык болуп жатса, арга жок дурусураак жашоо издеп жөнөшөт да. Мен, мисалы, эне катары өз кызымдын өмүр бою кыйынчылык тартып жүрүшүн каалабаймын. Кызым кимди кааласа - ошол жакка турмушка чыга берсин демекчимин. Шайыргүл, ХХХХ5132

38. Электр энергия үчүн төлөмдөрдү "баланча числого чейин төлөбөсөңөр- өчүрүлөт" деп коркутуп жиберишет. А эмнеге коркутушат, билбейм?! Кыштын кыраан чилдесинде светсиз калтырышкандары үчүн тескерисинче элден коркушса болмок, ошол энергетиктериң. Апыл, Ак-Ордо.

39. Кызмат үчүн тырышкан адамдарды көрүп оозум ачылат. Креслосунан ажырап калса эле өлүп кала тургансып жандалбас кылгандарын айтпа! Бирөөгө кошомат кылып, акчаны күрөп беришип...Коррупция карапайым элде эмес, дал ошол бийликте отургандарда. Анан дагы алар "Коррупция менен күрөшүш керек" деп коюшат. Эң биринчи, ар бир киши өз напсиси менен күрөшсө жакшы болоор эле.
Тахмина, ХХХХ9040

40. Бүгүнкү заманга түшүнбөй калдым. Жакшы-жаманы, адал-арамы аралашкан заман болду го. Кечээ эле чип-чистый көрүнгөн адамдын бир былыгы бүгүн артынан чыкпаса мага кел! Бул - замандын бузулганыбы же адамдын бузулганыбы? Замир, Бишкек.


Даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«