Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызстан
дүйнөлүк толкундоолордун
"синдрому" болууда

Борбор Азияда саясий кырдаал жай баракат көрүнгөнү менен жакынкы убактарда силкинип кетиши толук мүмкүн. Дегеле өз тарыхында бийлигине баш көтөрүп үндөбөгөн момун элдер өз бийлигине нааразычылыктарын билдирип топтошуп чыга башташы, ал мамлекеттердин баарынын көтөргөн маселелери биздикине коёндой окшош бийлигине нааразы, кымбатчылык, эзме салыктар, жашоого жеңил болбогон түрдүү кысымдар экени белгилүү. Ошол момун элдердин көч башы катары өз бийлигине эки ирет революция жасаган Кыргызстан экенин биз атабасак да тарых анын далилдеп турат. Биздеги кырдаал жаныбызда жанаша жашап жаткан коңшу мамлекеттерде жок эмес деп кесе айтуу туура болбой калаар. Аларда деле ашынган паракорлук менен эзме салыктар, баалардын асман чапчыган ажаан алкымдар аларды деле коколоп турганын жашырып болбойт. Алар өз элин кандай жол менен кармап калышты? Бизге караганда бай мамлекет катары саналган Өзбекстан, Казакстан жана Россия элдердин талабын канааттандырууда алдына ат салдырышпай келүүдө. Айрымдарында оңбогондой бийликтин күчү диктатуралык-демократиялык маанайда түр берген багытта орун алган. Ошол эле Өзбекстанда бийликке каршы чыккан бир топ оппозициялык күчтөрдүн адамдары, өзбек бийлиги тарабынан оор жазаларды алып, карапайым калкын каратып туруп чоң аянтта атууга алган. Баш көтөргөнүн минтип аз-аздан жок кылуу алардын бийлигин күчтөп берди. Бирок, ушул кезде деле оор турмуштун запкысы айрым өзбек жарандарынын жүрөгүн канатып тураары айдан ачык. Сөз эркиндиги жок өзбек басылмалары ичтеги букту сырткы булактар аркылуу таратып жиберүүгө мажбур болушкан жагдайлары да бар. Ал турсун өзбек окумуштуулары да Каримов бийлигин кескин сынга ала баштады. Жакында Францияда жашаган өзбек укукчусу, доцент Талиб Якубовдун "Каримов Өзбек элинин душманы" деген аталыштагы маегин "Фергана ру" сайты жазып чыкты. Анда Якубов: "Каримов бийликте турганда өзбек-кыргыз турмушу эч жакшырбайт" деген. Мындай ойлор кысымы күчтүү Өзбекстандын ичинде айтылышы мүмкүн эмес эле. Жыланды бурчка кысып такай берсең, качканга жолу жок жаныбар сени көздөй секирет эмеспи. Ошол сынары өзбек эли ичтеги буктарды канчага чейин кармап турушат, аны айтуу кыйын. Казакстан деле жыргап жаткан жери жок. Өз кызынын курмандыгы болуп кала сактаган Нуракебиз деле элине көп жылдык ипотекалык кредит берип араң кармап отурганын баарыңар эле билсеңер керек. Дүйнөлүк кризистин капшабы катуу каптаган кезде, айрым саясий серепчилер Казакстандын Банктары менен кредит алган элдердин тагдыры тууралуу ар кандай болжолдорду келтиришип, "Казакстан түп тамыры менен кризиске кептелет, эли жакыр болот" деген эле. Бирок, мамлекети бай Нураке башында турган Казакстан андай болгон жок. Өкмөт жетекчилеринин күчтүүлүгүнөн эмес, мамлекеттин кармаган туткасы бекемдигинен Казакстан ал кризиске камырабай гана туруштук берди. Мамлекети бай болгону менен элинин жашоосу бардык жактан май-көл болуп кетти деп айтуу чындыкка дал келбейт. Бул жакта да эркин басылмалар жок болгондуктан, көптөгөн телеканалдары, басма сөз тармагы Назарбаевдин ишин апапакай чагылдыруудан башканы көрсөтө албайт. Казакстан да Түркмөнстандын жолуна түшүп бара жаткандай түр берет. Бирок, коңшусу Кыргызстан болгон казак туугандар, демократиянын жел аргысына улам кабыла беришип, биздеги таасирлер ал жакта эзилип жаткан айрым казак күчтөрүнүн бүйүрүн кызытып коёру турган иш. Демек, Казакстан үчүн Түркмөн башыдай болуп жалгыз өзүн гана мактатып, ал тургай телеканалдарга да өз башынын сүрөтүн койдуруп, ар бир унаага чейин өз сүрөтүн илдирип, өзүн кудайга теңата көргүсү келген ойлору ишке ашпайт деп айта берсек болот. Учурда Казакстанда бир кылка жашоо бардай көрүнгөн менен элдеги жагдай оор. Аны Кыргызстанда болуп өткөн революциялардын таасиринен улам казак туушкандар да кыймылдап барып бир токтогонунан билсек болот. Өздөрүнүн улуу жазуучусу Шаханов баштаган топ, казак президентинин шаштысын бир топ кетирди көрүнөт. Дароо боорубузга кысып, төөнүн эки өркөчүндөй эгиз элбиз деп жүргөн Нураке, "кыйналып жашагыңар келсе, шордуу экениңерди билгиңер келсе Кыргызстанга барып жашагыла" деп дароо элин кокодон алды. Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуп кетээрин, анын учкуну биринчи болуп коңшу турган казактарга тийээрин түшүндү да, калкаланып жаткан Бакиевди Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө көмөктөштү. Өз элинин ынтымагын сактап, толкундоолор болуп кетпесин деген аракеттен улам, кыргыз элинин турмушун казак туугандарга сары улак кылып чаап берип, силер бейиш жашоодо жашап жатасыңар дегендей сөз айтты. Амалынын алты кете баштаганы ушул жерден да билүүгө болот. Айтор казак туугандарыбызда деле жашоонун жыргалын сезбей жашап жаткандар четинен чыгат.
Ал эми Россия ичи да саясий өңүттө алып караганда жаңжалдуу көрүнүштөргө улам дуушар болуп жатканы белгилүү. Жакында футбол фанаттарынын толкундоосу орус бийлигин бир аз ойготуп жиберди. Кыргызстандагы улам болуп жаткан элдик толкундоолорду демократиялуу жол катарында эмес, жөнөкөй элдик катмардын өз укуктарын сезүүдөгү чоң эркиндиктин жүрүшү катарында баалабастан, варвардык саясий оюндар катарында белгилешти айрым орус булактары. Демек, Кыргызстан ичиндеги саясий күрөш алардын да чекесине чыккан чыйкан болууда. Оруссияда да кыйналып жашап жатпаган жөнөкөй элдик катмар жок деп кесе эч ким айта албайт. Анда биздеги эркиндик үчүн болгон элдик күрөш, андай катмарлардын бүйүрүн кызытып жиберээри толук мүмкүн. Кыргызстан дүйнөлүк алкакта алганда бийликке ишеним кеткен элдин өз жашоосунун жыргалчылыгы үчүн күрөшүп жаткан бирден-бир мамлекет экенин тастыктоодо. Демократиялуу өнүгүш үчүн жол издеп жаткан мамлекет деп да айтсак жарашчудай. Эски союздаш мамлекет катары саналган биздин коңшу мамлекеттердин саясий-экономикалык өнүгүүдөгү багыты бир экенин эске алсак, анда алардын ортосундагы байланыш менен өсүүнүн темпиндеги айрымачылыктар асман менен жердей деле эмес. Жакында Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Пол Куин Жаж: "Борбор Азия мамлекеттеринин инфраструктурасы кыйроо коркунучу алдында турат" деп билдирди. Анын ою боюнча аймактагы өкмөттөрдү эртерээк көзүн ачып, бирге кызматташуу керектигин айтат. Энергетикалык туташ байланыштар болуп жаткандан кийин эмнеге беш мамлекет биригүүгө болбостугун да баса белгилейт ал. Мындай сөздөрдүн эл аралык эксперттер тарабынан сөз болуп жатышы, Кыргызстанга жана бизге коңшу турган мамлекеттер үчүн кулакка күмүш сырга экенин сезгенибиз оң. Өз бийлигине болуп көрбөгөндөй каршылык көрсөткөн Египеттеги толкундоолор, алардын айланасында жашап жаткан коңшу элдердин саясий ар түрдүү аракеттери айланып эле Борбор Азия мамлекеттерине кайтып келбейт деп айтуу эрте. Египет элинин турмушундагыдай жыргал эмес жашоо биз жашап жаткан чөлкөмдө да орун алганын эске алсак, ооруу адамдын эң эле алсыз жерине барып жабышкан сыңары биз тарапты мээлеп калаары айкын иш. Андыктан ар бир мамлекеттин жер-жерлериндеги болуп жаткан элдик нааразычылыктар кечээ эле болуп кеткен Египет синдромунан эмес, эки бийликти эңшерип түшкөн кыргыздардан болуп жатканын эч ким танбас. Мындай толкундоолорду ар бир мамлекеттин жетекчилери алдына ала туура саясат менен гана жолго салбаса, кудай анын жүзүн ары кылсын тү-тү, чоң согуштун жолуна айдап бараарына бөркүбүздөй ишене берели.
Баймырза НАКАЙ




  Жаман айгыр үйүрүнө тап

Таксисттердин арманы, МАИлердин
майрамы

Эсил кайран Бакиевдин заманы кулаганы көчөнүн кожоюну аталган МАИ кызматкерлеринин үндөрү жапыс чыгып, түшүнүү менен иштеп калышты эле. Кечээ жакында ызы-чуу менен араң коалиция түзүлүп, депутаттар ишке киришкени, көчө кожоюндарынын үндөрү алда канча өктөм чыгып, өзгөрдү.
Айтмакчы, жашоонун мите куртуна айланган "коррупция"- деген балакет мына ушул МАИчилерден башталары какшап эле айтылып келатканы жамы журтка маалым. Эгер МАИлерде азыраак "уят" деген нерсе болгондо, анда алардын дарегине жагымсыз сөз айтылбайт эле. Ар бир машина айдаган айдоочу ата-жотосун калтырбай сөккөн маичилер, эгер өз милдеттерин так аткарышканда анда сөз такыр башкача айтылат болучу. Шаарда машинанын саны көбөйгөнү ар кандай жол эрежеси бузулуп жатканын теске салган жагында эч айып жок. Бирок , "план толбой жатат"- деп, бензинге деп сары майдай сактаган таксистин акчасын шыпырып алган МАИлерди ким сөкпөйт. Ооба, азыр өлкөбүздө иш жоктун айынан айла-амалдары жок көчөдө кезерип кардар күтүп турган таксисттердин эптеп тапкан акчаларын, планга шылтап алып койгон формачандар четтен чыгат. "Кимдин-кимдин заманы, акчалуунун заманы"- деп айтылгандай, азыр акчалуулардын гана айтканы эп болуп, карапайым адамдардын сөзүн уккан ким бар. Эгер, биз кеп кылган ошол планга шылтап акча алган МАИ кызматкери иштен шыпырылып, көчөдө такси айдап калса анда билет эле, кимдин ким экенин.
Кечээ жакында "ылдамдыкты катуулаттың"- деген шылтоо менен тоскон МАИ кызматкери: "Байке, сиз да бизге туура түшүнүңүз, чоңдорубуз план толтургула, мээримдүү болгонуңарды токтоткула-деп, катуу такалап жатат"- деп айтканда, айла жок мени тоскон МАИ кызматкерин аяп кеттим.
"Балык башынан сасыйт" деген туура экен, формачандардын чоңдору планга шылтап акча чогултуп жаткан соң эмне деген сөздү айтсак жарашат. Азыр эл жогору жактагыларга ишенгени соолуган гүлгө суу куюп, үмүт кылгандай эле элес берип калды. "Алдуу алсызды күнөөкөр кылат"-дегендин да чындыгы бар сынары, жогорку кызматтагылар алдоо жолу менен өз кызыкчылыктарын ойлоп, кол алдындагыларын кысымга алса, анан кантип жашоо оңолот дагы иш алдыга жылат.
Кайран Бакиевдин учурунда "акжолчу" депутаттар жол эрежени бузгандар үчүн айыпты үч жүз сомго жогорлатып берген. Ал акчалар казынага түшсө го жакшы болмок. Элин аткан ажо менен алкымы чоң Максимдин чөнтөгүнө түшүп кеттиби, аны так кесе айтып болбойт. Ошондон бери жол эрежесин бузган үчүн үч жүз сомдук айып эч өзгөрүүсүз калды.
Азыр МАИ кызматкерлери таксисттерди таранчыны аңдыган ителгидей ар бир көчөнүн бурчунда аңдып турганы- турган. "Жаман айгыр үйүрүнө тап"- дейт эмеспи элибизде, чоңдун балдары же баасы кымбат машиналардын айдоочулары жол эрежесин одоно бузганын МАИлер көрбөй калат дагы, карапайым айдоочу кичине эле кемчилик кетирсе, кызыл таяк "сорок" деп көтөрүлгөнү - көтөрүлгөн. Бул эми алы жеткенин алдуу басынтканы эмей эмне. Чоңдор тигинтип "мээримдүү болгонду токтоткула дагы, планды толтуруп акча тапкыла"- деп кыйнап жатса, кайран МАИ кызматкерлери эмне кылышат. Ансыз деле акчанын жетишпегенинин айынан ар бир үйдө уруш-талаш болуп жатканын эске алып, жанагы план деген немени токтотуп коюшса жакшы болот эле. Өткөндө бир таксист айтат "акчанын айынан үйдө уруш болуп, балам сабакка бара албай калды. Мурунку күнү керээли кечке кезерип, ачка жүрүп тапкан акчамды МАИлер алып коюшкан. Эгер, алардын колуна түшпөгөнүмдө үйдө жаңжал болбойт болучу"- деп.
Айткандай, өлкөбүз элди иш менен камсыз кылып койгондо көчөнү сагалап, ким эле таксист болгусу келсин. Негизи эле билермандар элге дагы түшүнүү менен карашса деген изги тилек бар. Бирөөнүн ичин оорутуп тапкан акча кимди жыргатат эле. Бакиевдин учурунда МАИлер мыйзамды бетке кармап жакшы эле тайраңдашты, бирок ич оорутуп тапкан акчанын аягы эмне болуп аяктады. Деги, түшүнүү менен иш кылганга качан мезгил жетет.
Бердикожо Бийназаров




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??