Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Асыл инсан

Академик
жетектеген жети руханий эрдик
Турмушубузда ар кыл адамдар менен ар кандай жагдайларда таанышып, билишебиз. Мен "Акматалиев" деген фамилияны алгач газета-журналдардан кездештирип гана келсем, кийин жолугуп баарлашууну да кудай бактыма жазган экен. Кийинки мезгилдерде, өзгөчө залкар агабыз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайтып кеткенден кийин далай-далай макалаларды жазып, маектерди берип, ыр-поэмалардын циклдерин жаратты.



Абдылдажан агайдын жан дүйнөсүндөгү тазалыкты, адамгерчиликти, сезимталдыкты байкап, таанышкым келди. Редакциядан таанышып да калдык. Абдылдажан агай улуу жазуучу жөнүндө сүйлөп, эскерип отурду. Ошондо дагы бир байкаганым калыстыкты, актыкты, адилеттикти, чындыкты жан дилинде сүйгөнүн, ал үчүн эч нерседен кайра тартпаган өжөрлүгүн, кайраттуулугун, тайманбастыгын, ар-намыстуулугун билдим. Анын жөнөкөйлүгү да мага көп таасир берди. Бир күнү агай үйүнө чакырып калды. Ичимде "мындай адамдын үйү бир укмуш болсо керек" деп ойлодум. "Жал" кичи конушунда 3 бөлмөлүү үйдө турат экен. Үй ичи суук. Кабат-кабат кийинип иш үстүндө отурган Абдылдажан агай "биз ушинтип жашайбыз" деп күлүп койду. "Казакстандан көптөгөн досторум келет, алар үйүмдү көрүп сен суденттердей болуп жашайт турбайсыңбы дешет" деп кээде арданып калаарын бирок, элге болгон эмгегим ушул кичинекей үйдө өткөнү мен үчүн кымбат деп койду. Баарлашуубуздагы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов боюнча айткандары албетте бир топ күн элесимен кетпей жүрдү. Чакырылган көптөгөн жыйындарга, жолугушууларга айдаган унаалары жок, такси жалдап барып жүрүшөөрүн укканымда бир далайга дендароо болдум. Өзүнүн эски советтик автомашинесин көрүп жазмакерликтеги эл жүгүн көтөрөбүз деп өздөрүнө эч бир байлык күтпөгөнүн дароо түшүндүм. Дароо Абдылдажан агайдын чыгармачылык чыйырына кызыгуум артты. Анын эмгегин баалап элге айткым келди.
"Эгерде керек болсо көтөрөйүн, энеке жонума артчы элдин жүгүн" деп 8-класста жазган Абдылдажан агайдын ыр саптары кагаз бетинде калбай, турмуш сапарында жашоосунун пафосу болуп, элдин кызыкчылыгын ойлоп, эл үчүн убактысын биринчи коротуп, жыйынтыктуу иш алып барып бүгүнкү күндө тыным албай чуркап жүрүшү кийинки муундарга үлгү болорлук.
Абдылдажан агай бүгүнкү күндө 30дан ашуун китеп жазды, 60тан ашуун жыйнактарды түзүп, 500дөн ашуун макалаларды жазыптыр. Ырлары жарык көрүп, обондор чыгарылып жатат... Бул да элге берген зор иш. Бирок, кеп учугун бүгүн башка жакка бурайын...
Мен Абдылдажан агайдын накта эл үчүн жасаган эмгегин айырмалап окурмандарга көрсөткүм келип турат. Бүгүнкү экономикалык шартта Абдылдажан агай руханий дүйнөбүздү жыйырма жылдан ашуун мойнуна жалгыз артып, көтөрүп келиптир. Эч ким ишенбеши мүмкүн. Өзүңүздөр калыс болуңуздарчы, 1992-жылдан 2011-жылга чейин мамлекеттен бир тыйын да бөлүнбөгөн учурда өзү башкарган институтта 500дөн ашуун эмгектердин жарык көрүшү эмне деген таң калаарлык көрүнүш. Абдылдажан агай жана анын кызматкерлери башка илимий жамааттардай айлык алып, жүрө беришсе эч ким эч нерсе деп айта алышмак эмес. Бул эмгектер республикада окуу куралдары жетишпей турган убакта жогорку окуу жайларында, мектептерде өз милдетин аткарып келе жатат. Ошентсе да карапайым окурмандар билишсе деген ниетте академик Абдылдажан Акматалиевдин өзү баштап жетектеген коомчулук үчүн зор мааниси бар жети руханий эрдикти баса белгилегим келди. Бардык иш жетекчиге байланыштуу болот эмеспи.
Биринчиси , "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин варианттарында толук түрдө жарык көрүшүнө (манастаануучулар Самар Мусаев, Айнек Жайнакова менен бирдикте) кам көрүп, "Хан-Теңири", "Турар" басмаларынын жетекчилерин ынандырып, каражат таап, окурмандарга тартуу кылгандын демилгечиси жана жетекчиси болгондугу. "Манас" эпосу боюнча академиялык басылыштан тартып, илимий эмгектерге чейин камкордук кылып келет. "Манастын" чыкпаганына күйүнөт. Эпостун 80 вариантын окурмандарга жеткирсек деген тилеги бар. Институттун кызматкерлери айтып жүрүшөт, "мамлекет акча бербесе Ак үйдүн алдында ачарчылык жарыялайм" - дегенде манастаануучу Самар Мусаев токтотуп калган экен.
Экинчиси , элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн камтыган 30 томдук "Эл адабиятын" баштап, уюштуруп, жетекчилик кылып окурмандарга варианттары менен жеткиргендигинде. Мындай ишти бизден кийин Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев "Ата мура" деген программа түзүп, чоң-чоң каражат бөлүп берип баштап отурат. Ал эми Абдылдажан Акматалиев жетектеген жамаатка мамлекет жардам көрсөтпөгөн, коомдук башталгычта, пландан тышкары иштешкен. Полиграфкомбинаттын директорлору К.Сапарбаев (8 том), Ө.Шаршеналиев (22 том) жардам беришкен. Окурмандар эпостор менен поэмалардын бардыгы менен тааныша алышат. Китепканалардан китеп издеп жүргөндө, аларды да табуу кыйын учурда "Эл адабияты" сериясынын чыгышы руханий күлазык болуп калды.
Үчүнчүсү , "Залкар акындар" сериясы. Абдылдажан агайдын бул проектиси 10 томдук. Совет мезгилинде идеологияга тушуккан акындар Калыгул, Арстанбек, Казыбек, Жеңижок, Калмырза, Чоңду ж.б. чыгармачылыгын камтыйт. Алгач жолу академиянын кол жазмалар фондусунда чаң басып жаткан материалдар жарык көрүп, илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Акындардын чыгармачылыгы бүгүнкү күндө актуалдуу болуп турганда, жаш төкмө ырчылардын мууну тарбияланып жатканда сериянын ролу зор.
Төртүнчүсү , 7 томдук "Кыргыз адабиятынын тарыхы". Бул эмгек Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. Жалпы көлөмү 4900 бетти түзөт. Мындай илимий проект кыска мөөнөттүн ичинде (2000-2002-жж.) мазмундуу жана сапаттуу аткарылып отурат. Совет учурундай ар бир том беш жылга пландаштырылса, отуз беш жыл кетээр эле. Анын үстүнө совет өкмөтү финансылык жактан өзү камкордук кылып, жарыкка чыгармак. "Кыргыз адабиятынын тарыхына" да каражатты окурмандардын өзүнөн табууга туура келген.
Бешинчиси , албетте, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу. Абдылдажан агай дүйнөлүк жазуучу жөнүндө көптөгөн эмгектерди жазса да, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагынын 5 томдугун (1999-ж.) жана 8 томдугун (2008-ж.) окурмандарга тартуулашын бөлүп көрсөтсө болот. Мында да Өкмөт бир тыйын бөлүп берүүгө жараган жок, демөөрчүлөрдүн ("Руханият") жана окурмандардын өз күчү менен чыкты.
Алтынчысы , "Балдар антологиясы"; "Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы" (1,2 том), "Кыргыз адабият таануу илими жана сыны" (1,2 том), "Азыркы кыргыз адабияты", "Кыргыз адабияты" деген фундаменталдуу эмгектер жаралган.
Жетинчиси , "Азыркы кыргыз тили", "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" жетимишинчи жылдары, башкача айтканда кырк жылдай мурун жарык көргөн эле. Абдылдажан агайдын жетекчилиги, уюштуруучулугу менен бүгүнкү күнгө шайкеш бул эмгектер да бүткөрүлдү.
Жети руханий эрдиктин ар бири өзүнчө сөз кылууга татыйт...
Абдылдажан агай идея артынан идея жаратат. Жакында Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдер сөздүгү" алгач жолу кыргыз тилинде жарыкка чыкканы турат. Бул эмгек да коомдук турмушубузда зор мааниси бар. Көрсө, али күнгө чейин Махмуд Кашгаринин ысымы менен сыймыктанып жүргөнүбүз менен анын Сөздүгү кыргыз тилинде чыга элек турбайбы! Бул кезге чейин тилчилер бул маселени көтөрбөгөнүнө таң калам. Угушума караганда, Абдылдажан агай казак достору менен Махмуд Кашгари тууралуу талаша кетишиптир, анан алар "кыргыз тилинде Махмуд Кашгаринин сөздүгү барбы?" - деп суроону түз коюшуптур. Ошондо Алматыдан келээри менен тилчи, профессор Ибраим Абдувалиевге пикирин бөлүшүп, маселени кабыргасынан коюп, "Сөздүктү" которткону киришиптир. Азыр котормонун эки варианты даярдалууда.
Абдылдажан агайдан "Кийинки идеяңыз, максатыңыз кандай?" деп өткөндө сурап калдым. "Аманчылык болсо көрө жатаарбыз", - деп жылмайып койду. Анын жылмаюусунан дагы көп иштер алдыда тургандыгын байкадым.
Күнболот Момоконов




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«