Кандуу коогалаң

Базарбүбү МУРЗАБЕКОВА:
"Машиненин артында уулумдун сөөгү жатыптыр"
Эрмек Мурзабеков июнь айындагы коогалаңда окко учкан. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. Эки уулдун атасы. Учурда энеси жана бир туугандары Эмилди жоктоп, боздоп турган чагы. Кичинесинен жетим өсүп, өз, киндигин өзү кескен Эрмек Мурзабеков бизнес жасоону мыкты өздөштүрүп, эл керегине жарап калган кези эле. Патриоттуулук сезими күч, ашкере боорукер Эмил, Жалал-Абаддын экс-ханы Акмат Бакиевдин кысымына кабылган. Жаңыдан өсүп келе жаткан жигитти сындырууга Акмат көп жерден аракет кылып келсе да ойлогон максаттарын ишке ашыра алган эмес Ким билет балким ушул кезге чейин Акматтын агасы Бакиев бийликте турганда, Эрмек Мурзабеков өзбектердин эмес, ошол кылмыштуу бийликтин курмандыгы болмок. Акыркы күндөрү Эрмек Мурзабековдун артынан Акмат Бакиев гана эмес, өзбек лидери Кадыржан Батыров да бандиттерди жалдап аңдытып, бизнесинин жолун бууп коюуга катуу киришкен.
Мына ошондой күндөрдүн биринде Кадыржан Батыров өзбек лидерлерине, "жыйырма жыл күткөнүбүз эми келди" -деп акылынан айнып, өзбек элин чогултуп Бакиевдердин Тейиттеги үйүн өрттөп, Кыргызстандын желеги менен кыргыз боз үйүнө өрт койгондо намысына чыдабай "Эй кыргыздар, барсыңарбы? Кыргыз деген сезимиңер кана" -деп патриоттуулук духту көтөрүп, кыргыздын намысын ойготкон.
Кадыржан баш көтөргөн май айынан баштап Жалал-Абадда башаламандык башталган. Убактылуу өкмөт тарабынан түштүк регионуна координатор болуп дайындалышкан Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров кырдаалды жөнгө сала алышкан эмес. Бакиевчилер бир ыптасынан басып, экинчи жактан Кадыржан кыргыздарды кырып жатканда маркум Эрмек Мурзабеков кыргыздын тың чыкма уулдарынын башын бириктирип, элди сактап калууга аракеттерди көрө баштаган. Ошентип, Эрмекти июнь айындагы кандуу кармашта шум ажал алып кеткен. Тактап айтканда, Жалал-Абаддан Ошко гумжардам алып барып, жаңыдан тарата баштаганда окко учкан. Ошону менен Эрмек кандуу окуяда курман болгон экинчи депутат болгон. Биринчиси, Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп саналат.

Базарбүбү МУРЗАБЕКОВА, Эрмектин апасы: "Президент мени эне катары түшүнөт деп үмүт кылам"
- Уулумдун өлгөнүнө дагы деле ишенбей келем. Карааны көз алдымдан кетпейт. Эң кенжеси эле. Артында эки уулу жетим, келинчеги жесир калды. Кантейин, уулумдун максаты, элдик уулдардан болуу эле. Жолдошум 34 жашында каза болгон. Уулум Эрмек да 34 жашында каза болуп калды. Алты баланы жалгыз өзүм тарбиялап эрезеге жеткирдим. Кичинесинен жетим өскөндөктөнбү айтор Эрмегим абдан боорукер эле. Балдар үйүнө, жетим-жесирге, кедей-кембагалга дайыма жардам берип, алдыларынан кыя өтчө эмес. "Юг Сити" соода борборун жакшынакай кылып тургузуп, элге кызмат көрсөтө баштаганда Эрмекти көрө албагандар чыкты. Анткени уулумдун артынан колдогон эч кимиси жок эле. Чоң суммадагы салыктар салынып, ишине тоскоолдуктар күч алган. Ошол өлөөр күнү "Апа мен Ошко гумжардам алып барам" дегенинен мен болбой койдум. Анан эле мага айтпай кетип калыптыр. Телефон чалсам "апа мен Оштомун" деди. "Ай уулум, ушул сен ээнбашсың. Барба дебедим беле" десем "Ой апа" - деп аябай каткырып күлдү. Көп өтпөй кайра телефон чалсам өчүп калыптыр. Уулум телефонун эч качан өчүрчү эмес. Жүрөгүм алып учуп, эч нерсе оюма келген жок. Ошентип, үйгө келип, сөрүдө жатып калдым. Бир маалда эле эң улуу уулум Эркин дарбазаны ачып машинесин киргизип, бакырып эле ыйлап жатты. Эрмек эч оюмда жок эле Эркин бирөөнү машинеси менен уруп кеткен го деген ойго келдим. Анан "Эркин сага эмне болду" -деп сурасам, бакырып-өкүрүп, эч нерсе айта албастан машинесинин аркасын ачып жиберди. Карасам, Ошко кеткен уулум Эрмектин сөөгү жатыптыр. Кагылайын кулунум ай! Кайдан да ал жакка барды эле. Ошондон бери жүрөгүм тынчыбай, Эрмегимдин өлүк денесин көрсөм да, тирүүдөй сезилет.
Эрмектин Жалал-Абадга, элге кылган жакшылыктары көп. Ошону эске алып, "Эрдик" наамын алып берсем деп тилек кылып келем. Жок дегенде Эрмегимдин жакшылыгы бааланып, жакшы наамга татыса жүрөгүм тынчып калаар. Президент Роза Отунбаева мени эне катары түшүнүп, согушта курман болгон уулума наам берээр деп үмүт кылып келем.

Нурсулуу АТАЖАНОВА, Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты: "Эрмекке мамлекет тарабынан наам берилишин суранабыз"
- Эрмек Мурзабековдун депутат болгонуна быйыл үч жыл болмок. Бирок, шум ажал арабыздан алып кетти. Депутаттардын арасынан эң активдүү, адамгерчиликтүү, ак көңүл, алдыңкы депутаттардын бири эле. Май айында Кадыржан Батыров теледен чыгып сүйлөгөндөн баштап, Эрмек "улуттук жаңжал чыгып кетпесин" -деп Телтору ат майданындагы чогулуштарда активдүү катышып, элди биримдикке, ынтымакка чакырып турду. Жаалданган элди токтотуп астыда жүрдү. Депутат катары шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы абдан чоң. Шаардагы эң чоң областтык оорукананы реконструкциялап, толугу менен жакшыртты. Керек болсо шаарыбыздагы менменсинген бизнесмен адамдар да элге Эрмектей жардам көрсөтө алышкан жок. Андан сырткары өзүнүн шайлоо округуна жасаган чоң эмгектери бар. Мен Эрмек Мурзабековду өзүмдүн жана шаардык депутат коллегаларынын атынан "Эл Баатыры" наамынын берилишин суранам. Биздин мамлекет мына ушундай мыкты балдарды тирүү кезинде колдоого албаса, жок дегенде өлгөндө колдоп, татыктуу наам берип койсо демекчимин. Эрмек Мурзабековдун элеси жана эл үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбайт!

Урмат Саканова, "Юг Сити" соода борборунун администратору: "Акыркы кезде "Мени көп колдонушат. Эч кимге ишенбей калдым" -деп айтып калган
- Эрмек менен 2007-жылдан бери чогуу иштедим. Мен банкта иштеп жүргөндө биздин чоң кардарыбыз эле. Абдан көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. "Юг Ситини" Эрмек жаңы гана салып бүтүп, иштетип баштаган. Көралбагандар жаш бизнесмендин да жанын коюшпады. Бетке сүйлөгөн, орус мүнөз, боорукер жигит эле. "Юг Ситини" куруп баштагандан тартып, бул баланын көп иштерине күбө болдум. Бизнес жагынан тың болгону менен саясат жагынан алданып калчу. Акыркы кезде "мени көп колдонушат. Эч кимге ишенбей калдым" -деп айтып калган. Он эки майып адамдарга дайыма акчалай жардам берип турчу. "Эне сүтү" кайрымдуулук фондусун ачып, ага жетекчилик кылып келген. 2008-2009-жылдары Узакбай уулу Болот аттуу тоголок жетим баланы Россия федерациясынын Ростов-На-Дону шаарына жөнөтүп, ага 207700,00 сомго эң оор операция жасатып, Болоттун өмүрүн сактап калган. Жалал-Абад шаарынын коомдук-экономикалык жана социалдык иштерине активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу областтык, шаардык мамлекеттик администрациясынын "Ардак громаталары" менен сыйланган. Мына ушул сыяктуу сыйлыктары абдан көп. Жаңыдан өсүп келе жаткан жаш бизнесмен Эрмек июнь коогалаңында Ошко жардамга барып, окко учту. Кыргыз бийлиги Эрмекти эске алып, энеси жана бир туугандарынын жарасын жеңилдетип, "Эрдик" наамын берип коюшун суранабыз.
Өткөн жыл жалпы кыргыз эли үчүн кайгылуу жыл болду. Канчалаган эр азаматтарыбыз 7-апрелде, май-июнь коогалаңдарында окко учуп, оо дүйнөгө кетишти. Жеке өзүнө бийлик, байлык көздөп, элин ким кор кылса, ким бөлүп жарса- ал чыныгы кыргыз эмес. Бүт кыргыз элинин бүтүндүгүн көздөгөн кыргыз гана - нак кыргыз! Маркум Эрмек Мурзабековдун эрдигин, эмгегин Президентибиз Роза Отунбаева эске алып, мамлекеттик наам ыйгарат деген чоң ишенич бар!
Даярдаган Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад