Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин төрагасы А. Келдибеков мырзага

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
вице-премьер министри Ө. Бабанов мырзага

Көчүрмөсү: Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча
мамлекеттик инспекциясына

Кыргыз республикасынын профсоюздар
федерациясына

Бишкек газ чарба башкармалыгынын
эмгек жамаатынан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Ахматбек Келдибекович!
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
Биздин Сизге кайрылуубузга ишканадагы акыркы убакта түзүлүп жаткан кырдаал түрткү болууда.
Өткөн 2010-жылдын 27-октябрында "КыргызГаз" ААК генералдык дирекциясынын негизделбеген чечиминин негизинде "Бишкекгаздын" жетекчиси Чодонов А. К., башкы инженер Шабунин С. М. ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган, жетекчинин орун басары Бакиров Ж. К. сөгүш (выговор) жарыяланган.
2010-жылдын 5-ноябрында "Бишкекгазга" Дюшеев Т. С. жетекчи болуп дайындалды. Дюшеев Т. С. мурда газ тармагында иштебегендиктен, газ тармагы боюнча спецификалык маалыматы болбогондуктан бүгүнкү күнгө "Бишкекгаз" чарбасы иш жыйынтыгы боюнча алдыга жылбай эле артка абдан төмөндөп бара жатабыз.
Эмгек жамаатынын ичиндеги кырдаал да күндөн күнгө курчуп, оорлоп бара жатат. Ошондуктан бири-бирине болгон мамиле, иш байланышы, жамаат ичиндеги мамиле жаман жагына ооп бара жатат. Себептери, Дюшеев Т.С. келээр замат эле эч негизи жок бөлүм башчысы Рыспаев К. К. кысымга алып, өз ыктыяры менен жумуштан кетүүгө мажбур кылды. Бул калкты тейлеген 115 адамдан (контролерлор) турган чоң бөлүм жана калктан газ үчүн болгон төлөмдөрдү жана газдын сарпталышы боюнча маалыматты чогултуу да ушул бөлүмдүн милдети. Ошондой эле Дюшеев Т. С. мурда Госстандартта иштегендиктен, ал жердеги жумуштан кыскарылып кеткен Турдукулов Улан Аскеровичти "Бишкекгаздын" маркетинг бөлүмүнүн (Служба маркетинга), Ботоев Нургазыны метрология бөлүмүнүн, Мимбаев Эрнест үй ичиндеги газ аспаптарын тейлөө кызматынын (служба внутридомового газового оборудования) башчылыгына дайындаган. Бул адамдар газ тармагынын жумушунун өзгөчөлүктөрүн, маңызын түшүнбөй эле жумушту нугунан чыгарып, башаламандыкка жол берип жатышат. Дюшеев Т. С. тараптан жумушчуларга кысым жасалып, бөлүм башчыларын өз ыктыяры менен кызмат ордуларынан кеткенге мажбур кылуу аракеттери көрүлүп жатат. Газ тармагынын жооптуу кызматтарында иштөө үчүн адамдын атайын окуу жайды бүткөн профессионалдык даярдыгы болуусу зарыл, же төмөнкү жөнөкөй газ жумуштарында иштеп, тажрыйба топтоп, атайын кайра даярдоочу окуу курстарын бүтүрүүсү керек. Бул тармактын өзүнчө спецификалык жагдайлары болгондуктан жооптуу кызматтагы адистердин жетишээрлик тажрыйбасы, жок дегенде 3-5 жылдык ушул тармактагы эмгек стажы болуусу керек. А бүгүнкү күндө Дюшеев Т. С. бир күн да газ тармагында иштебеген адамдарды бөлүм башчылыкка дайындап жатат. Мисалы, Мимбаев Э. 2010 жылдын 12 ноябрында өзүнүн айдоочусу кылып ишке алып, ушул эле жылдын 20 декабрында бөлүм башчысы кылып дайындады. Бул бөлүм болсо үй ичиндеги газ түтүктөрүн, газ аспаптарын текшерүүчү, ремонттоочу, тейлөөчү бөлүм.
Бүгүнкү күндө мындай кызматта атайын даярдыгы жок адамдын иштеши биздин жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде коркунуч туудурбай койбойт, себеби жаратылыш газы жарылуучу, уулантуучу зат. Бул кызматтагы адамдын бир эле туура эмес чечими кырсыкка алып келет же адамдын өмүрүнө зыян келтирет.
2002 жылдан бери Бишкекгазда жети начальник алмашылды. Жетекчилердин төртөө 2006 жылга чейинкилери газдын жоготуу көрсөткүчүн жакшыртабыз деп жок газды ар кандай ыкма менен компьютерге киргизилген (приписка болгон) ошол себептер менен ээлеген кызматтарынан кеткен.
2009-жылдан "Бишкекгазда" колдонууга жаңы компьютердик программа киргизиле баштап, 2010-жылдын июль айына чейин ишке киргиздик. Бирок, ушул 1 жыл 8 айдын ичинде көптөгөн кыйынчылыктар болду, жаңы программанын толук кандуу иштешин камсыз кылуу оңой болгон жок, ар бир абонент боюнча маалыматты тактап, чоң эмгек жумшаганбыз. 2010 жылдагы апрель окуяларынын учурунда "Бишкекгаздын" жамааты күнү-түнү газ түтүктөрүн, газ бөлүштүргүч шкафтарды кайтарып, текшерип, Бишкек шаарынын элин үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыздап турдук. Акча жыйынын толугу менен 2010-жылдын аягына чейин 100% чогултуп жаттык.
Жылуулук берүү сезону 15-октябрдан башталат. Бирок Дюшеев Т. С. келгенден кийин "1-декабрдан контролердун санын 30%га кыскартабыз, контролер деген болбойт" деп, ал бөлүмдү жоюп салды, анын ордуна "Кыргызгаздын" чечими менен жаңы Маркетинг жана жаратылыш газын реализациялоо (Центр маркетинга и реализации природного газа) борбору ачылды. "Бул жаңы борборго кабыл алуу конкурстук негизде болот, штаттык структурадан чыгарылып салынат, эмгек контрагынын негизинде иштейсиңер" деп контролерлорго түшүндүрүшкөн. Ал эми жаңы эмгек контрагынын шарттарын толук аткаруу мүмкүн эмес, 15 000 сом айлык коюлуп, бирок контракттын 1 эле шарты аткарылбай калса, контролердун айлыгынан ар кандай пайызда кармалып калат штраф катары. Мисалы, контролер 1000 абонентти тейлесе (счетчиктин көрсөтмөсүн алуу, ведомосту толтуруу, квитанцияларды таркатуу ж.б.у.с.), газдын сарпталышын 90% жазып чогултпаса, ошондой эле акча жыйынын чогултууну 100% камсыздай албаса, айлыгы 0,3 коэффициентке кыскартылат (30%). Бишкек шаарынын абоненттери дайыма эле үйүндө болбойт, бардыгы айына 100% төлөм кыла албайт. Төлөмдөрдү төлөтүү үчүн мыйзам чегинде ар кандай ыкмаларды колдонобуз, ал эми ошолор аткарылбаса биздин айлыктан кыскартабыз деген шарт туура эмес деп эсептейбиз. Адам укугун ойлобой, таман акы менен тапкан айлыгын кыскарткан жатат.
2011-жылдын 13-14-15-январында контролёрлорду жумушка алуу боюнча конкурс өткөрүлдү, бирок конкурс мыйзам чегинде өткөн жок. Конкурстун шарты боюнча жыйынтыгы ошол күнү угузулуш керек эле, жыйынтыгы 2011-жылдын 1-февралында жарыяланды, конкурстун жыйынтыгы боюнча 37 адам жумушсуз калды. Ушул себептерден эмгек жамааты да ушул убакка чейин "иштейбизби же иштебей калабызбы" деген ойлордон көңүл кош, ыргылжың маанайда болгон.
2011-жылдын январь айында газ үчүн болгон төлөмдөргө план боюнча 346,5 млн. сом акча коюлган болсо, үстүбүздөгү жылдын 1-февралына төлөмдөрдүн көлөмү болгону 184,9 млн сом акча болду, б.а. пландын аткарылышы факт боюнча 53,4% гана түздү. Газ жоготуусу 2011-жылдын 26 январына болжол менен 36% чыкты. Мындай көрүнүш "Бишкекгазда" эң эле опурталдуу мезгил болгон апрель, Маевка окуяларынын тушунда да жана ага чейин да болгон эмес. Биз жетекчи эмеспиз, бирок биздин оюбузча жылуулук берүү сезону убагында жумушчуларды кетирүү, жумушчу орундарды кыскартуу, алмаштыруу, өзгөчө бөлүм башчыларын жана профессионалдык тажрыйбасы мол адамдарды куугунтукка алып, кетирүү туура эмес деген пикирдебиз.
"Кыргызгаз" жана "Бишкекгаз" жетекчилери тарабынан ар кандай чечимдер, буйруктар көптөгөн мыйзам бузуулар менен чыгарылып жатат. Мисалы, "Кыргызгаздын" генералдык дирекциясынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы №64 чечими жана ушул эле дата дагы №290 буйругунда "контролёрлор кыскартылсын" же "бул бөлүм жоюлсун" деген бир дагы сөз жок, ошондой эле "контролёрлор штаттан тышкары чыгарылсын, оператор деп аталсын" деген чечим же буйрук жок. Бирок "Бишкекгаздын" 2010-жылдын 29-ноябрындагы №346 буйругунда операторлор конкурстук негизде алынуусу жана конкурстук комиссия түзүлүүсү каралган. Ошондой эле жогоруда аталган "Кыргызгаздын" чечими жана буйругунун негизинде чыгарылган "Бишкекгаздын" 2010-жылдын 30-ноябрындагы №347 буйругунда 135 адам 2010-жылдын 1-декабрынан баштап жумуш ордунан кыскартуу боюнча чечим кабыл алынган. Дагы көптөгөн буйруктар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин бузуу менен чыгарылып жатат деп эсептейбиз.
Мыйзам бузуулардын себебинен "Бишкекгаздын" жамаатынын контролёрлор бөлүмү көтөрүлүп, "Кыргызгаз" жетекчилигинин деңгээлинде чогулуш өткөрүлгөн. Бирок, "Бишкекгаздын" начальниги Дюшеев Т. С. тараптан кызматкерлерди жекелеп чакырып сүйлөшүп, кысымга алуу менен көтөрүлгөн элди эптеп тынчыткан. Бирок, эмгек жамааты бүгүнкү күндө да кооптуу абалда турат.

Урматтуу Ахматбек Келдибекович!
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
Сиздерден жогоруда айтылган "Бишкекгаз" жамаатынын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө, мыйзам чегинде чындыкты, акыйкаттыкты орнотууда жардамыңыздарды суранабыз жана чечип берүүңүздөрдү өтүнөбүз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«