кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Ташиев Бакиевди алып келет…
Түштүктө "Ташиев Бакиевди алып келет" деген кабар уу-дуу болууда. Аксакал адамдардын айтканына караганда, февралдын аяк ченинде бир балээни баштаганы жатыптыр. Неси болсо да дөң саясатчылардын айынан ортодо карапайым эл жабыркабаса эле болгону. Ал эми Бакиевдерге баары бир эмеспи. Көз карашынан көптү билдирген Ташиев Бакиевдерге мынча неге ичи ачышып жатканы белгисиз. Же акча дегенде атасын өлтүргөн заман болуп калганбы. Бакиевди алып келди дегиче түндүк-түштүк кагылышып, граждандык согуш башталаарын Ташиев мырза ойлонду бекен. 87 кыргыздын башын жуткан Бакиевди алып келүүгө Ташиевдин моралдык укугу барбы өзү? Учурда Бакиев менен табакташ болгондор түштүк элин пайдаланып, төңкөрүш жасаганы жатканы айкын болууда. Айрым маалыматтар боюнча Азимбек Бекназаров да кол кабыш кылганы жатыптыр. Балээни баштаардан мурда биринчи өзбек-кыргызды кагыштырып, анан ойлогон максаттарына жетишет имиш. Неси болсо да карапайым калк көркоолорго азгырылбай, тынчтыкты сактап, акылдарына келсе эле болду.


Көмүрдүн тоннасынан 3 миң сом кимдин чөнтөгүнө түшүүдө?
Кыш кылычын кынына салган кез келгени менен кыргыздын кышы жазында болот эмеспи. Бакиев кетсе эле тезек термейден арылабыз го десек, ал күндөгүдөй электр жарыгы өчпөгөнү менен көмүрдүн баасы асман чапчып, анча-мынчабыздын сатып алганга алыбыз деле келген жок. Себеби, 1 тонна көмүр аталган шахталарда 3 миң сомдон 4 миң сомго чейин сатылууда. Бирок, анын жетекчилиги өкмөткө берген көрсөтмөлөрүндө 600 сомдон 800 сомго чейин сатып жатышкандыктарын белгилешип отчёт беришкен. Мына ушундай окурман. Ал акчалар кимдин чөнтөгүн кампайтып жатканын, Бишкек-ТЭЦ эмнеге Казакстандын "Шабыркуль" шахтасы менен келишим түзөөрүн, көмүр кендериндеги ыраатсыздыктар бир канча жылдан кийин кимдерге азап алып келээрин, алардын артында кайсыл адамдар тураарын кийинки сандарыбыздан кененирээк окуйсуздар.


Бюджет тартыштыгы 21 миллиард. Өкмөт: "буйруса толот"
Кыргыз өкмөтү бюджетти бекитип Жогорку Кеңештин каржы боюнча комитетине жөнөтүптүр. Маалыматтар боюнча бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард сомду түзгөн. Ал суммадагы акчаны кайдан табат? Бул азыркы өкмөттөгүлөрдүн көкөйүнө көк таштай тийип жатыптыр. Ал эми ЖКнын каржы фракция башчысынын орун басары "атамекенчи" Өмүрбек Абдрахманов болсо тиешелүү жетекчилерге кайрылып "мындай акчаны кайдан табасыңар" десе, кебелбеген биздин өкмөт "буйруса толтурабыз, кам санабагыла" дептир оозеки. Кыргыздын "буйруса" дегени бүтпөйт эмеспи. Минтип айтып жатышканына караганда Атамбаев алып келип жаткан акчаларды деле айтып жаткан жок. Кыргызстан кендерге бай эмеспи. Жакында кендердин чоңу З.Эсенаманов Таласка барып эл менен жолукканда "Андаш" кенин ачпайбыз деп, борборго келип "Кендерди эмнеге ачпайт экенбиз, аларсыз биз оокат кыла албайбыз" деп басылмалардын бирине маалымат бериптир. Таластыктар түрүлүп түп көтөрүлө Бишкекке келгени да ошол себептен экен. Демек, өкмөттүн "буйруса толот" дегени ушул кендерди ачуудан башка аргасы калбай, аларды кандай да болсо иштетүү керектигин ойлонуп жатса керек дегенден башка айтаарыбыз жок. Ошентип өзүңөрдү да, элди да кыйнай бербей кетип жаткан негизсиз чыгымдарды туура жолго салып койбойсуңарбы. Маселен, эски чиновниктердин пенсиясын эле алып көргүлөчү, канча акча самандай сапырылып жатат. Усубалиев аксакал 800миң, Баекова 500 миңге жакын, Садыбакасова да андан кем эмес акчаларды пенсияга гана кемирип жатканын эмнеге талдабайсыңар. Акчаңар көп да.


"АС-пресс"





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика