Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 2
"Санжыра" партиясынын төрагасы Эднан Карабаев:
"Биз азыр мамлекеттин хандыктарга ажырап, бөлүнүп кетүү чегинде турабыз"
- Бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
- Биринчиден, Кыргызстанда парламентаризм жана парламент өз-өзүнчө иш алып барып жатканын так, туура түшүнүшүбүз керек. Парламентаризм дегенибиз - бул биздин аймагыбызда иштеп жаткан бир топ саясий долбоорлордун кооз аталышы. Алардын айрымдары тышкы саясий демократияга мүнөздүү. Анын негизи болуп таасирдин өз чөйрөлөрүн кеңейтүү жана өзүнүн улуттук милдеттерин чечүү үчүн инструментти тандоо эркиндиги. Ал эми башка долбоорлорду мен кезектеги капыстан келип чыга калуучу эски-жаңы миссиялар жаркын келечекти туристтик долбоорлор менен каптап калган мезгилдеги ички демократия катары аныктар элем.
Мына жакынкы май айында эле айлык акы, пенсияларды көтөрөбүз деп убада берип коюш эч нерсеге деле турбайт. Ал эми февраль кирип келди, бюджетибиз бекиле элек. Андан сырткары өткөн жылды бюджеттик жетишсиздик менен аяктадык, экономикабыздын өсүшүнөн такыр эле кабар жок. Жашырганда эмне, өлкөдө акча жок. Албетте, булар премьер менен спикердин бекитилген резервдик фондуна тиешеси жок. Бирок, бул көрүнүш дагы деле болсо духу бийик ураан, чакырыктардын көлөкөсүндө калып, байкалбай келет. Ал эми бийик ураандар баалардын өсүшүн жана каерде саясий казан оокатын былтыйтып бышыра албаса, ошол жерде эл ачка болот дегенди жаап-жашырууга жардам берет.
Ошондой эле, бизди парламент өз алдынча иштейт. Эл өкүлдөрү, кландар, топтор, буларды эл шайлап отурат. Ошого жараша парламент эки маселени чечет. Биринчиси - өз "шайлоочуларынын" кызыкчылыктарын мындан ары да көбөйтүү. Ал эми экинчи милдети - формалдуу түрдө гана мыйзам чыгаруу менен алектенүү. Эмне үчүн экенин мындай эле түшүндүрсө болот. Февраль айында парламентарийлер тарабынан каралуучу мыйзам долбоорлорду карагыла. Алар негизинен жаңы Конституцияга ылайык иштеген мыйзамдарга оңдоолорду киргизүү. Бирок, негизги мыйзамга кантип кошумчаларды киргизебиз, аныбыз иштебей жатса? Спикердин айтуусу боюнча, Конституцияда президенттин, өкмөттүн жана парламенттин укуктары так бөлүнүп, белгиленген эмес. Башка дагы кемчиликтер бар. Тактап айтканда биз кайра эле конституциялык өзгөртүү зарылдыгына бара жатабыз. Мына ушул убакта байкуш Конституциябыз, сенде гана кепилдик бар, бирок ал дагы кепилдик боло албайт деген аяныч кеп тилиндин учунда гана айланып тургансыйт.
- Баса, Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Өмүрбек Текебаев президенттин жана парламенттин укуктары азыркыга чейин тактала элек деп белгиледи. Ушу бүгүнкү күнгө чейин ЖК мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайыкташтыра элегине эмне себеп?
- Мыйзамдардын макулдашуусу тууралуу айтып өттүм. Кошумчалай кетсем, өлкөдө жакшы ички кырдаал өкүм сүрүп турса- этникалык чыңалуулар жок, экономикалык каатчылыксыз мезгилде да мындай маселени чечүү белгилүү бир убакытты талап кылмак. Албетте, биздин ЖК иштеп жаткан эки ай ичинде эле эмес. Жана бул кырдаал дегеле жогорудагы көйгөйлөргө толгон Кыргызстан үчүн эмес. Анткени, биздин парламент өзүнүн ишмердүүлүгүн өтө эле жашырып келди. Жаңы жылдык эс алууга чыга коюшту,өз жыйындарын радио аркылуу берүү, өздөрүнө дагы бир кошумча имарат издөө менен алек болушту, ар бир парламентарий өзүнө жардамчы жана консультант тандоодо болду.
Ал эми эмне үчүн негизги мыйзамда президенттин жана өкмөттүн укуктары, кызматтары бөлүнгөн эмес деген суроо чындыгында кызыгууну туудурат. Анан бул суроо Конституцияны жазган кишинин оозунан чыгып жатса. Анткен менен, бүгүнкү кырдаал бизде бийлик жана каалаган мыйзам, Негизги мыйзам деле бири-биринен өз-өзүнчө иштээрин анык эле көрсөтүп жатат. Орусча айтсак, "үч П"нын (Президент, Правительство жана парламенттин) кызматтары башка бир "үч П нын" (Президент переходного периода) кызматтарына сонун батып кетип жатат. Ал эми жогорку саясий мектепте математикадагыдай эмес, (П+П+П) кошууда орун алмаштыруу суммага олуттуу таасирин тийгизет.
- Айрым саясатчылар "биз легитимдүү өкмөттү дайындасак, парламентти шайласак эле, донорлордон каражаттар агылып түшөт" деп ырастап жатышты эле. өкмөттү дайындадык, парламентти шайладык, бирок кредит, гранттар дагы эле жок…
- Ооба, бул убадалар бардык шайлоо платформаларында, саясий билдирүүлөрдө берилген эле. Бирок, инвесторлор үчүн башкаруунун формасы эмес, саясий туруктуулук зор мааниге ээ. Шайлоо учурунда бардыгы экономикалык өсүш боюнча программаларын жарыялап келишкен, анан калса, бардык программалар бирдей эле. Бирок, шайлоодон кийинки кырдаал жаркын келечекке кадам таштоо үчүн өткөн жашоосу, эмгеги таза,тунук адамдар керек экенин көрсөтүп жатат. Мына эми алгач иштеп чыгып, анан пландаштыруудабыз. Ошондуктан, инвесторлор каражаттарын эмнеге жумшоо керек экенин, дегеле, бул кадам керекпи, мына ушуну күтүп жатышат. Бажы Кеңеши ишин баштоосу менен биздин буга чейинки эле чектелген мүмкүнчүлүктөрүбүз, андан дагы азая баштады. Бизде унаа жолдору, айыл чарба, өнөр жай жок.
Качандыр бир кезде биз Кыргызстанды эркин сооданын аймактык борбору, туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен өнүккөн республика катары Сингапур менен Араб Эмираттарынын мисалында кура баштаганбыз. Мындай жол менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр инвесторлорду тартуу үчүн тарифтерди нөлгө чейин түшүрүшсө, биз сооданы либералдаштыруунун ордуна дайыма товарга алымдын көлөмүн жогорулатуу менен алекпиз. Ошондой эле салык салуу саясаты да ушул эле багытта иштейт. Мындай учурда сырттан келген инвестор эле эмес, жергиликтүү товар иштетүүчүлөр араң жанын багышат. Баарын баса калып текшерип жаткан текшерүүчүлөрдү багып көр.
- Азыркы кезде ЖКтин айрым депутаттарынын жалпы маданиятына жана өзүн алып жүрүү маданиятына байланыштуу талаш-тартыштар жүрүп, парламент тарыхында мынчалык төмөн деңгээлдеги эл өкүлдөрү болгон эместигин айтып жатышат. Сиз буга эмне дейсиз?
- Билесизби, фестиваль - бул дагы маданияттын бир бөлүгү. Албетте, бул бөлүмгө баары кирип калса, ошондо өкүнүчтүү. Анда улуттук коопсуздуктун негизи болгон маданият жоголуу коркунучу турат эмеспи. Жыйынтыгында Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй сырттан терс таасирин тийгизип жаткан коркунучтарга дуушар болууда, алар экстремизм, ар кандай терс мүнөздөгү идеологиялар. Бул көрүнүш биздин коомдун цивилизациялык биримдигинин бузулушунда, моралдык жашоо принциптеринин бузулушунда байкалууда. Ал эми маданиятка эмгектерин синирбеген ишмерлер тууралуу эмне айтмакпыз.
- Сиз "Санжыра" партиясын түзгөнсүз. Партиянын максаттары жана иштөө багыттары кандай?
- "Санжыра" - бул ортоңку класстын партиясы. Ошого жараша биздин максат - Кыргызстанда ортоңку классты түзүү. Бардык нормалдуу мамлекетте ортоңку класс - туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп саналат. Ал эми бизде болсо ортоңку класс жашоо үчүн күрөшүү менен алышып келет. Анткени, дал ошолорго мамлекеттик колдоо эч качан жетпейт. Ортоңку класстын жардамы менен салык салуунун жана коммуналдык төлөмдөрдү жогорулатуунун эсебинен бюджеттин бардык тешиктери бүтөлүп келет. Лозунг, курулай чакырыктарды эсептеп отурбайын. Максат- милдеттерибизди биздин сайтыбыздагы партиянын манифестинен тапсаңыз болот.
- Шайлоо өткөндөн бери аз эле убакыт өттү. Сиз партияны түзүү, аны менен иштөө боюнча иш жүргүзгөнүңүзгө караганда бир нерседен кабардарсыз го. Бизди жакын арада алдыда парламенттик шайлоо күтүп жаткан жокпу?
- Мен жок деп үмүттөнөм. Анткени, бүгүн парламенттин жана өкмөттүн сапаттуу курамы тууралуу маселе экинчи планга түшүүдө. Биринчи планда республикадагы кырдаалды туруксуздандыруу коркунучунан сактоо турат. Кезектеги шайлоо жаңы революциянын күчөткүчү (катализатор) эле эмес, кыйкыра алган эле жараныбыз өлкөбүздүн башкы аянтында курал менен бир басып алууну каалаган көтөрүлүштөр сериясынын негизи болушу мүмкүн. Биз азыркы күнү бүтүн мамлекеттин салыштырма хандыктарга ажырап, бөлүнүү чегинде турабыз. Ошондуктан, саясий амбициялар менен Кыргызстанды сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн ортосунда бирдей тең салмактуулукка жетерибизге ишенгибиз келет.
Маектешкен
Заирбек БАКТЫБАЕВ









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_9.htm on line 41