Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Омоктуу ой

Ишенбай АбдУразаков, коомдук ишмер:
"Саясатчылар фокустары менен жан баккан "маскарапозго" окшоп калышты"
- Акыркы жыйырма жылдын ичинде кыргыз бийлиги "ант" берүүнү, эл алдында убада кылууну абдан жакшы өздөштүрүп алышты. Тим эле ооздору менен ташка гүл өстүрүп да жиберишет. А бирок, иш жүзүнө келгенде баары тең теңирден тескери...
- Туура. Жыйырма жылдан бери көнүмүш адат болуп калды. Сен айткандай, атка минерлердин дээрлик көпчүлүгү оозу менен орок оргонду, эл алдында укмуштуудай убада берүүнү абдан жакшы өздөштүрүп алышты. Бирок, баары эмес. Эгемен жылдардан бери канча шайлоо өттү. Ошол шайлоолордо үгүт иштерин жүргүзгөн саясатчылар сахнага чыгып өзүнүн алдамчы "фокустары" менен жан багып жүргөн "маскарапоздорго" окшошуп калышат. Аларды угуп, жибип кеткен эл, кимисинин убадасы мыктыраак, тактап айтканда, жомоктогу жашоого ээрчитип барчудай болсо, ошону шайлап жатып калышат. Шайлоо бүткөндөн кийин "желкемдин чуңкуру көрсүн" деп, элге далысын салып кеткен чиновниктер бизде аз эмес. Кыргызда илгертен "ант бергенде анын кусуру урат" деп сестенип, эл алдындагы берген убадасына турбаса, эл тараптан "сөзүнө турган жок, жигит эмес экен" деген баалар коюлчу. Ал кездеги атка минерлер, убадага бек турган. "Айтылган сөз - атылган ок" экенин, аткарбаса өзүнүн башына келип бир тиерин билишкен. Буга кечээки, А.Акаев менен К.Бакиев эл алдындагы берген убадаларын, шайлоодон кийинки берген антты унутуп калгандыгы үчүн өлкөдөн куулуп чыкканы далил.
- Азыркы түзүлгөн өкмөт өтө эле чабал, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө мыктылап чара көрө албайт дегендерге кошуласызбы?
- Мындай учурда кыргызда "сынчынын сыңар өтүгү майрык" дейт. Бүгүнкү өкмөт өлкөнүн өтө оор абалында түзүлдү. Азыр кай тарабынан карабайлы, Кыргызстан аксап турат. Бул өкмөттүн түзүлгөнүнө жарым жыл айланбай эле, "булар жарабайт!" деп кыйкыра берүүнүн кажети жок. Кичине убакыт бериш керек. Бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кетүүсүнө биз да салым кошушубуз керек. Ар кимдин кылган иши таза болсо, анда өлкө өнүгөт. Майдасынан, чоңуна чейин коррупцияга батып калышса, кантип оңолобуз? Ошондуктан, жалгыз гана өкмөттү жамандай бербей, ар ким өзүнөн баштасын. И.Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген жакшы накыл кеби бар эмеспи.
- Ошентсе да, өлкөдөгү ички-тышкы саясат талаасындагы тирешүүлөр, элдин бийликке болгон ишенбөөчүлүгү, айланып келип үчүнчү революцияны жаратышы мүмкүн дегендер да жок эмес...
- Кыргызстанда үчүнчү революциянын болушу мүмкүн эмес. Кандайдыр бир деңгээлде өз кызыкчылыгын ойлогон көр пенденин айынан, оозубузду куу чөп менен аарчый бербейли. Мурдунан алысты көрө албагандар, өлкөнү жок кылгысы келгендер үчүнчү революцияны жасап жиберишпесе, бизге азыр анын зарылчылыгы жок. Өлкөдө бир эмес эки жолу революция болду. Жетишет! Ансыз да майышып турган калкты биротоло жүдөтүп алабыз. Андан көрө учурдагы түзүлгөн бийлик акыл калчап иш кылып, эл үчүн таза иштеп берсе, бийик жетишкендиктердин башаты болмок.








Кылмыштуу топтор менен чечкиндүү күрөш баштаган өкмөттүн аракетин кандай баалайсыз?
Орозбек Молдалиев,
саясат таануучу:
- Силер бул суроону туура көтөрүп чыгып атасыңар. Чын-чынына келгенде бул суроо абдан оор. Жыйырма жылдан бери кылмыштуу топтор бийлик менен чырмалышып, кыргыз коомчулугуна мындай көрүнүштөр адаттагыдай нерсе болуп калган. Ал ортодо А.Акаевдин убагында ушул тууралу иш чаралар каралды. Кылмыштуу саясат 6-кабатка жеткенин айтып, кыйкырып чыккандар болгон. Аз күндө 7-кабатка жетээрин да эскертишкен. Айткандай эле 7-кабатка жетип, анын айынан өлкөдө бир эмес эки жолу революция болуп кетти.
- Бүгүн деле бийлик тарапта кылмышкерлер менен кол алышпаган таптаза саясатчылар отурат деп айта албасак керек?
- Бүгүн кылмышкерлерди түп тамыры менен кыркабыз деген атка минерлерди карап отуруп, бизде саясий эрк пайда болду деп баамдап койдум. Демек 7-кабатта кылмыштуу саясат жок. Бийликке кылмыш дүйнөсүн аралаштыруу өлүмгө барабар экенин бүгүнкү өкмөт жакшы түшүнүп жатса керек. Бул жөнүндө депутаттар күчтүү мыйзам жазып берүүлөрү керек. Күч органдары мыйзам менен жакшы куралданышы абзел. Аларды социалдык жактан колдоп алышыбыз кажет. Кылмышкерлер менен күрөшүүдө күч органдардын кызматкерлери майып болуп же көз жуумп кетсе, алардын жакындарына өкмөт тараптан олуттуу жардам көрсөтүлсүн. Экинчиден, массалык-маалымат каражаттарына туура маалымат берип, кармалган кылмышкерлер акталып кеттиби, же кандайдыр бир деңгээлде жаза тарттыбы, анын баарын тактап, элге жеткирилип туруусу керек. Албетте, өлкөбүзгө кылмыштуу топтор тамырын кенен жайып, бийликке чейин чырмалышып калгандыктан, мындай күрөштү жүргүзүү абдан оор. Ошондуктан, баарыбыз жапа тырмак киришибиз абзел.

Мелис Эшимканов,
саясатчы:
- Кылмыштуу топтор менен күрөшүү - бул жаңылануу. Ырас мындай чечкиндүү кадамга баргандан кийин ара жолдо калбай аягына чыгыш керек. Коомду талап-тоноочулардан тазалоону мен да колдойм.Кылмыштуу топтордун бийликке аралашып кеткенинен улам, Бакиев учурунда бир топ аткаминер эр азаматтарыбыз жарык дүйнө менен кош айтышып кетти. Кайнаса каны бирикпеген кылмыштуу топтордун бийликке аралашуусунун арты жаман болоруна соңку окуялар эң сонун далил болуп берди.

Бегалы Наргозуев,
саясатчы:
-Өкмөттүн мындай кадамын баарыбыз колдойбуз. Муну эчак эле башташ керек эле. Бирок, буга чейин кылмыш дүйнөсү саясатка аралашып кеткени эч кимге жашыруун эмес Эртеңки жаркын жашообузду туура багытта түзөбүз десек, дал ушундай мите курттардан тезинен тазаланышыбыз керек. Өкмөттүн мындай иш аракетин келечектүү жакшы иш деп тааныйм.
- Ошол эле убакта кылмыштуу топтордун башчылары, бийлик тарапка, анын ичинен ушул маселени көтөрүп чыгышкан жетекчилерге айыгышкан согуш жарыялашы мүмкүнбү?
- Мындай учурда кылмыштуу топтордон түрдүү кадамдарды күтсө болот. Ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр, ич-ара жең ичинен соодалашуу. Же болбосо, айтканга мүмкүн эместей окуялар жаралып кетиши ыктымал. Мындайда, Президент баш болуп, парламент, өкмөт курамы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, баштаган иштин аягына чыгуулары керек.

Качкынбек Булатов,
укук коргоочу
- Биринчиден, булар элди алаксытып жатышат. Адегенде өздөрүн тазалап алышпайбы. Саат сайын, мүнөт сайын "пара" алып аткан МАИ кызматкерлерин эмнеге кармашпайт. "Пара" деген кылмышпы, кылмыш эмеспи? Тергөө ишинде тергөөчүлөр акча алышканын ким билбейт. Кылмыш иликтөө кызматкерлеринде эмне "пара" деген колдонулбайбы? ИИМде жылына 6-7 миллиард долларды көмүскө сол чөнтөккө салып коюшууда. Милиция жетекчилеринин ар биринде үлкөн үй, чет элдин кымбат автоунаасы бар. Ал тургай кафе, ресторандары бар. Анан ошолор кантип кылмыш менен күрөшөт. Өздөрү мыйзамды бузуп жүрүшүп, башкаларды кантип тыят. Бир -эки кылмышкерди кармап алышып мактанып эле жатып калышат. А чын-чынына келгенде кылмыштуулуктун былыгы өздөрүндө…

Бетти даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«