Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



КАСАПЧЫ
КАЛБАЙ КАЛДЫБЫ?
Негизги кесиби инженер-технолог Замир Эсенаманов Акаев, кийин Бакиев доорунда өз кесибинин үзүрүн көрүп, чүйгүн эт, казы-карта, сары жүрмө жеп, сүт-айран бышырып ичип жүрсө, Отунбаева заманында жаратылыш ресурстар министри боло калып, эми эт-май эмес, кум-шагыл, топурак-сопурак "сугунуп", тоо-кен тармагын майы жок кууруп жейм деп, "кырмычыгын" кырып жаткан кези. Эт-сүт тармактан эми тоо-кен тармагынын "технологу" боло калганы үчүн Өмүрбек Бабановдун этегине намаз окуса да жарашат, себеби Бакиев заманындагы "Жибек Жолчу"депутат азыр "Республикачы" болуп, жаңы союлган койдун терисин жамына салган.
Бабановдун этегине намаз окуганы ушул да - анын 27.12.2010-ж. берген тапшырмасын аткарам деп министр мырза 20.01.2011-ж. №4-буйрук чыгарат да, кен байлыктарды геологиялык изилдөө жана иштетүүгө лицензияларды берүү жана лицензиялык макулдашуулардын мөөнөтүн узартууну убактылуу токтотуп, Конституциябыздын 42-беренесине каршы келет. Бул буйрук ошондой эле "Жер байлыктары жөнүндөгү" мыйзамдын 18-беренесин, "Лицензиялоо жөнүндөгү" мыйзамдын 17, 19-беренелерин бузду. Бул беренелерде лицензия берүүдөн баш тарта турган учурлардын тизмеси берилген, ал эми министрдин буйругу ал талаптарга дал келбейт.
Министрдин буйругу 2011-жылга тоо жана геологиялык чалгындоо иштеринин планын макулдашпай коё тургула деп тыюу салып таштады. Инвестордун укугун коргоо жөнүндөгү Конвенциянын 8-беренеси мындай кылбаш керектигин эт-сүтчү министр билет болду бекен? Мындай учурларда инвесторлордун "материалдык чыгашага туш болдум, баланча миллион сом пайдадан куру калдым" деп сотко берүү укугун унутпасак. Кокус соттошуп, министр мырза утулуп калса, инвесторлорго менчиктештирип алган эт, сүт комбинаттарын кармата салып кутулуп кетет деп күтөлүбү?
Министрдин буйругунда "фондулук жана архивдик маалыматтарга ээ болуу да убактылуу токтотулсун" дейт. Андай болсо министр Конституциябыздын 33-беренесинин 1,2,3,4-пункттарын да (маалыматка ээ болуунун гарантиялары жана эркиндиги жөнүндө) убактылуу жокко чыксын деп бир сүйлөм кошо кетсе болмок экен. "Жер байлыктары жөнүндөгү" мыйзамдын 5-беренесинде лицензиялоо шарттарына көзөмөл жасоо укугу өкмөткө гана берилгендиги жазылган. Биздин министрибиз өз буйругу менен өкмөттүн укуктарын да өзүнө алгысы бар. Буга чейин жалаң эт-сүт ичип көнгөн адам топурак-шагылды деле ичип жиберсе болот дегениби?
Жаңы түзүлгөн өкмөттүн тоо-кен тармагында да орун алган коррупциялык желени үзүп-жок кылууга жасап жаткан бул аракетин жан дилден колдоорубуз айкын. Бирок министрибиз буйрук чыгарган ушундай болот экен деп эле Конституцияны бузуп, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алса, буга да көз жуумп коё берелиби? Жаңы бийликке нукура кесипкөйлөрдү апкелебиз деп ооз толтура берген убадалар каякта, өкмөт аке Атамбаев? Же коалициялык өкмөт Кыргызстанды торт сыяктуу бөлүп алып, тоо -кен тармагына эт-сүт боюнча технологду апкелгендей, өлкөнүн экономикасын тузу өтүшүп кетип бышырылган боткого айланта бересиңерби? Бакиевдердин банктардагы табылган миллиондорун суроо-сопкуту жок эле ар шылтоолорду айтып "ап" этип койсоңор, кылтакка илинген кылмышкерлерди кыргыз, өзбегине карабай, ала турган акчаңарды алып үй түрмөгө чыгардык деп, андан ары бүткүл дүйнөлүк түрмөгө качырып жиберсеңер, биздин турмуш оңолобу да, бизге инвесторлор келеби?
Баш мыйзамыбыз Конституцияга, башка мыйзамдарга каршы келген ушундай токтом, буйруктар азыр ар бир министрликте, ведомстводо саат сайын чыгарылып жатат. Себеби биздин парламент биринчи кезекте биздин Кодекстерди, мыйзамдарды, мыйзамдан кийинки нормативдик актыларды жаңы Конституцияга ылайык келтирген оңдоо-толуктоолорду киргизүү, жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун ордуна Ала-Арча, Чолпон-Атадагы резиденцияларды, "Аврора" санаториясын, Бишкектеги квартиралар менен жеңил машиналарды, портфелдерди бөлүштүрүү менен алек. Ушундай шартта ар ишке накта кесипкөйлөр келсе экен деп тилейт экенсиң. Чымчыкты сойгон касапчылар, каяктасыңар? Замир Эсенаманов чыгарган буйрукка силер да бир сыйра көз жүгүртүп коёсуңарбы?
Жуман Алиев




"Титулдук улутту унуткула"
Президенттик администрациянын алдында ушундай ат менен жаңыдан ачылып иштей баштаган бөлүм кыргыз улутун тукум курут кылуу, басмырлоо үчүн ачылгандай. Бөлүмдүн башчысы Аблабек Асанканов, эксперти Заирбек Эргешов биринин артынан бири "титулдук улут дегенди унуткула, айтпагыла", "башка улуттарды этникалык азчылык дебегиле, антип айта берсек алардын укуктары бузулуп, өздөрүн азчылык улуттун өкүлү катары сезип, укуктары тебеленип калат экен" дей башташты. Ошондуктан Кыргызстандагы жарандардын укуктарын бирдей кылышыбыз керек дешет.
Мына сага, жаңы саясат! Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улут укуктарын гана талаша бербей, биринчи кезекте милдеттери жөнүндө эмне үчүн сөз кылышпайт? Милдет менен укук эмне үчүн дайыма бир тутум болуп, бир чиркелип айтылбайт? "Кыргызстан кыргыздардын тарыхый мекени, биз бул жерге башка жактан көчүп келип гана отурукташып, кыргыздар менен бирге жашап калганбыз, кыйын-кысталыш учурларда же жашоо-тиричилик оор болуп баратса, биз өзүбүздүн тарыхый мекенибизге же жашоо оңоюраак, арзаныраак жакка кетип калабыз, кыргыздардын түпкү тамыры ушул жерде, алар кеталбайт, ошондуктан кыргыздардын тарыхый мекенинде аз жашайбызбы, көп жашайбызбы - алардын тилин, маданиятын үйрөнөлү, кыйынчылыктарын бирге тартышалы" деген улут бар болду бекен?
Кыргыздарды "титулдук улут" деп айтпагыла дейсиңер - анда эмне - Кыргызстанда жашап жаткан 5 миллиондон ашуун элдин көпчүлүгүн түзгөн кыргыздардын тилин, маданиятын тебелеп-тепсеп, өсүп бараткан санын да атайлап азайтып, аларды да этникалык азчылык дейлиби? Анда эмне - "Кыргыз Республикасы" деп титулдук улуттун аты менен аталган мекенибиздин аталышын да өзгөртүп, "Аралаш Республикасы" же СССР учурунда аташкандай "Белгисиз Республика" деп, же силердин атыңарды аргындаштырып "Асан Эр Республикасы" деп атайбызбы?
Елена Авдеева деген айым президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаев тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 21 жылдык салтанатында филармонияда сүйлөгөн сөзүндө "мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек. Муну менен алардын укугу чектелбейт. Мамлекеттик тилдин өнүкпөй келе жаткандыгына өзүбүздүн ыкшоолугубуз жана жеңилине качырган жалкоолугубуз себеп болууда. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, көтөрбөсөк, башка бирөөлөр келип биздин тилибизди өнүктүрүп бербейт" деп айтканын бутага алып, кыргызды көрдөн алып жерге, жерден алып көргө тыкканын окуган жок белеңер? Же силер да Елена айымдын артынан ээрчип алгансыңарбы? Ал "НАЦИОНАЛИЗМ КРЕПЧАЕТ" аттуу макаласында ("Белый парус" интернет-басылмасы) башынан аягына чейин кыргыз улутун, кыргыз тилин, кыргыз мамлекетин каралаган, мазактаган, шылдыңдаган багытта жазган.
Урматтуу "этникалык өнүгүү жана диний саясат" бөлүмү! Силер саясатыңарды кыргыздарды басмырлоо эмес, Кыргызстандагы этникалык азчылыктар тескерисинче кыргыздарды сыйлаган, алар менен эриш-аркак маанайда, жеңилин жерден, оорун колдон алышкан маанайда жашагыла деген духта жүргүзсөңөр жакшы болот эле. Түштүк коогалаңын иликтеген Улуттук комиссиянын отчётунда ушул багытта эсиңерге келерлик кылып эле айтышты го. Кыргызстан бери дегенде 50 жыл, ары дегенде 100 жыл "Кыргыз Республикасы" бойдон эле жашап турсунчу. Жашоо деңгээлибиз жогорулап, илим-билимибиз өнүгүп, өзбектер жалпы элдин 50 пайызын, орустар 60, дунгандар балким 30, уйгурлар 20, каристер 10-15 пайызын түзүп, кыргыздар силер айткандай ушулардын арасына сиңишип, таза кыргыздар "кызыл китепке" жазылып, ал да азчылык абалга жеткенде "титулдук улут" деп оозанбай калаарбыз. Ошондо "Кыргыз Республикасы" деп Конституцияда титулдук улуттун аты менен аталган республикабыздын аталышын да силер каалагандай кылып "Аралаш Республикасы" же "Кошмо Элдер Штаты" деп өзгөртүп алаарбыз?
Саламым менен азырынча кыргызмын деп сыймыктанып жүргөн Таласта туулган кыргыз -
Машакбай Рахманкул уулу.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"