Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Мыйзам долбоору кыргызча сүйлөп турбаса, каралбайт
Бүгүнкү парламент чындыгында эле пленардык жыйындарды кыргызча өткөрүп, кыргыз улутунун тил байлыгын өнүктүрүп жаткандыгы маалым. Бирок, өкүнүчтүүсү депутаттардын баары эле кыргыз тилинде так, туура жана куюлтуп сүйлөй алышпайт. Арасында, базарда бозо сатып жүргөндөй кеп кургандары да жок эмес. Ошондон улам, бүгүнкү депутаттардын этикасы, маданияты деген маселелер бир топ талкууларды жаратып келүүдө.
Ал эми кыргыз тилине келсек, 3-февралда Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков жана "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кылмыш жана Административдик кодекстерге киргизилген мыйзам долбоору бир гана кыргыз тилинде болгондуктан, аны кароодон баш тартышты. Алардын айтымында, Конституция боюнча мыйзам долбоору эки тилде тең болушу керек.

Шашылыш билдирүү
3-4-5-февраль күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Ушундан улам, аталган облустардын тоолуу аймактарында дайраларда жана өзөндөрдө суунун арбын топтолушуна жана суу ташкынына алып келүү коркунучу бар.


Жаныбек Бакиевден, "то есть" Жаныбек Бакчиевден сюрприз
Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматында чоң чатак маселе жаралды. Кызматкерлер Болот Берикбаевдин кайрадан ордуна коюлушун талап кылып, эки күн катары менен нааразычылыкка чыгышты. Кечээ да 15:00 чейин Болот Берикбаев ордуна калтырылбаса, иш таштоо жарыяланарын айтып чыгышты. Кечээ Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучулугуна 1-орун басар Молдокмат Тезекбаев дайындалганы боюнча маалымат тараган. Бирок, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Нурлан Миңбаев Молдокмат Тезекбаев жетекчинин 1-орун басары катары гана кызмат аткарарын, жетекчинин милдетин аткаруудан баш тартып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Жаныбек Бакчиевдин буйругу менен Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Болот Берикбаев кызматынан алынып, анын ордуна бул кызматты 7-апрелге чейин аркалап келген Болот Апилов дайындалган. Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жамааты буга каршылыгын билдиришүүдө. А Жаныбек Бакчиев өзү да Бакиевдерге ашкере төшөлүп кызмат кылгандардын бири экендиги жалпыга маалым.

Карганбек Самаков Америкадан алган таасирлери менен бөлүштү
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаковдун Америкага конок катары Барак Обаманын чайын ичкени кеткени буга чейин маалым болгон. Эл өкүлү кайтып келер замат Америкадан алган таасирлеринен журналисттерге бөлүштү. Ал Америкада Евразиялык демократиялык улуттук фондунун координатору Мириам Ланск менен жолугушкан.
Анын айтымында, Американын демократиялык институттары Кыргызстандын тышкы карызын Париж клубу аркылуу чечкенге жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Эсиңизге сала кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы - 2, 6 млрд доллар.

Кээ бир депуттар Жогорку Кеңешке кире албай жатышат
3-февралда парламенттин кезектеги жыйынында "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты акыркы кездери мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери депутаттарды Жогорку Кеңештин имаратынын төрт тарабынан киргизбей, мыйзамды бузуп жатышат деп билдирди. Бул сөздү ырастап депутат Турсунбай Бакир уулу да депутаттар кызматына кире албай жаткандыгын кошумчалай кетти. Кызык, мамлекеттин жана дал ошол депутаттардын коопсуздугу үчүн деп, МУККнын көрүп жаткан аракетин туура түшүнбөй, депутаттардын популисттик билдирүүлөрдү тараткандары кандай?!

"АС-пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика