Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кубат Оторбаев КТРКны өйдө чыгарып, бирок өзү ылдый түшүп баратабы?
Акыркы убактарда Коомдук биринчи каналда жакшы өзгөрүүлөр болуп, бардык тараптарга эфирден тегиз убакыт бөлүнүп жтакандыгы баарыбызга белгилүү. Мында, апрель окуясынан кийин КТРге жетекчи болуп дайындалган Кубат Оторбаевдин аракети зор. Анын жасаган эмгеги туура бааланып, КТРКнын Коомдук байкоочу кеңеши декабр айында конкурстук негизде каналга жетекчи кылып дайындаган. Бирок, Кубат мырзанын артынан ар кандай сөздөр илеше баштады. Балким, көрө албагандардын сөзүбү дейин десең, айтылгандарда чындыктын үлүшү бардай. Маселен, мыкты иштеп жаткан жеринен Кубат Оторбаевдин орун басары Уланбек Карыпов кызматынан бошоп калган эле. Көрсө, Кубат Оторбаев Уланбек Карыповдун бир-эки айткан сынына теригип калган экен. Кубат Оторбаевге орун басары Карыпов КТРКнын каржы-чарбалык жагына өз кишилерин дайындаганын, Мелис Эшимканов, Кайыргүл Орозбай кызы жетекчи болуп турганда тендер өткөрүү иштери кандай жасалып келсе, ошол эле жол менен кетип жатканын айтып койгондугу үчүн анын менен оту күйүшпөй калыптыр.
Ал эми Байкоочу кеңеш Уланбек Карыповго сотко арыз жаз деп кеңеш берип, бирок, өздөрү бул маселени көтөрүп чыга албасын билдиришиптир. Анын себеби мындай экен. Ансыз да Байкоочу кеңешти, ага кошуп Кубат Оторбаевди кетирүүнү каалаган күчтөр учурда жетиштүү.

Таластын төө буурчагы 33 сомго көтөрүлөт
Түркиялык "Ардел" компаниясы менен Кыргызстандын Айыл-чарба министрлиги макулдашып, Түркия тарап он миң тонна төө буурчакты килограммын 33 сомдон ала турган болду. Төө буурчактын баасы буга чейин өйдө-төмөн болуп, былтыр күзүндө 20-25 сомдун тегерегинде болуп турган. Буга нааразы болгон дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен былтыр Тараз-Талас-Суусамыр жолун да тосушкан. Алар менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, бааны көтөрүүгө убада берген эле. Төө бурчактын көтөрүлүшүнө Түркиянын премьер-министри Таййип Эрдогандын сапары таасир этти окшойт.




Кен тармагынын жетекчилери биригүүдө
Жаратылыш министрлигинин алдындагы Тоо-кен мамлекеттик инспекциясы менен Тоо-кен металлургиялык профсоюз комитети эки тараптуу келищим түзүштү. Мындай кадам биздин учурдагы тоо-кен тармагындагы болуп жаткан ар кандай иш чараларды алдына алуу болуп саналат. Алардын алдыда аткара турган негизги иши кен тармагында болгон көйгөйлүү маселелерди, жумушчулардын укуктары бузулган учурда аларга жардам көрсөтүүдө, атайын конференцияларды уюштурууда бирге иш алып барууга кол коюшуптур. Буга чейин мындай аракеттер болгон эместигин эске алсак, анда кен тармагына болгон мамлекеттин аракети жана майда жетекчилердин да аткарып жаткан мындай иштерин өлкөдөгү кенге болгон мамилелердин күчтүү башталып жатканы деп эсептесек болот. Алардын жетекчилери Эрматов менен Таджибаев керек болсо ар кандай чечимдерди да мыйзам алкагында бирге аткарып бир, болушаарын да макулдашыптыр. Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы деген көрүнөт.




Ч.Имашов Президент тарабынан колдоо тапканбы?
Өткөн сандарыбызда кызматын өз каалоосу менен тапшырып кеткен өлкөнүн Каржы министри Чоробек Имашов боюнча "Имашов Кыргызстандын Бүткүл Дүйнөлүк Банкынын өкүлү болуп барууну көздөп жатат" деп жазган элек. Ошол макалабыздан кийин дагы бир маалыматтарды уктук. Анда өлкө президенти Швейцариянын Бүткүл Дүйнөлүк Банкынын Аткаруучу директору Майкл Мардасиниге кат жолдоптур. Катта: "Урматтуу Мордасини, сиздин биздин өлкөгө кылган жардамдарыңызды жогору баалайм" деп, андан ары Чоробек Имашовду Швейцариялык Банктын Аткаруучу Директорунун кеңешчиси жумушуна ал жерде иштеп жаткан Садридин Жээнбековдун ордуна коюу маселеси менен өтүнүп кайрылган. Демек, Имашов мырза Президент тарабынан да колдоо тапкандыгы анык болуп жатпайбы. Тереңине кирсек Чоробек мырза Отунбаева менен 1992-жылдан бери качан Отунбаева Америка элчиси болуп турган кезден бери тааныштык жайлары бар имиш. Имашов мырза, элчи айымдын сумкесин колунан ала коюп лепилдеп, жеңилин жерден, оорун колдон алган жаш жигит кези окшобойбу. Андай жагынмачылык жагдайлар ал үчүн жемиштүү деле болсо керек. Өлкөгө Казакстандын "Визор" алтын компаниясын да Чуркин аты бар бир кездеги жардамчысы ж.б. менен биргеликте алып келген деген да сөздөр жүрүүдө. Ал компаниянын чоо-жайын билүү үчүн интернетке баш бакканыбызда, "Визор" компаниясына Казакстан прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголупур. Эгер Чоробек мырза "булардын айланасында бир беткей мени каралап жатат" десе, анда эле телефонун бир бурап элге чындыгын айтып коет деген ишеничтебиз.




Чоңдордун баягы эле бүтпөгөн айлык-акысы
Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан парламенттик мамлекет, ошондуктан, Президент менен өкмөт башчы Жогорку Кеңештин төрагасына караганда көп айлык акы алышы туура эмес. Акылбек Жапаров Президент менен премьер-министрдин аппараты кызматкерлердин санын жана өздөрүнүн айлык акыларын көбөйтүп алышкан. Ал ошондой эле, Президент Роза Отунбаева кол коюп алган айлык акысы тууралуу документти журналисттерге көрсөтүүнү убада кылганын кошумчалады. А. Жапаровдун маалыматы боюнча бүгүнкү күнү ЖК төрагасы 25 миң сом, ал эми депутаттар 18 миң сом айлык алышат.
Мамлекет башчы Роза Отунбаева "Кабарлар" радиосунун кабарчысы менен маектешип жатып, айлык акысы 30 миң сом экенин айткан. Ал эми парламенттин кээ бир депутаттары Президенттин айлык акысы 100 миң сомдун айланасында деп айтып чыгышкан.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??