Өздөн чыккан жат жаман

Мунизмдин Кыргызстандагы колдоочулары жана жолдоочулары
Кыргызстан диндердин өлкөсүнө айланганы качан. Учурда биздин мамлекетте расмий каттодон өткөн отуздан ашык диндер, диний ишенимдер жана конфессиялар иш жүргүзөт. Ал эми каттодон өтпөй туруп, иш жүргүзгөндөрүнүн так саны белгисиз. А балким, алардын саны расмий катталгандардан да көп болушу мүмкүн. Кыргызстандагы түрдүү диний агымдардын көбөйүшү коомго тынчтык алып келбей эле, тескерисинче адамдардын ортосунда душмандык жаратып жаткандыгы буга чейин миң айтылып, миң жазылды.

Сөз Кыргызстанда кулачын кенен жайып, академик, окумуштуу, ректорлордон тартып, бүткүл мамлекеттик системаны чулгап, сот, прокуратура, укук органдарын, укук коргоочуларды, атүгүл чоң кызматтардагы жетекчилерге чейин имерип алган мунизм сектасы жөнүндө.
Кыргызстанга мунизм 90-жылдары баш баккан. Арийне, бүгүнкү күнгө чейин диний уюм катары Дин агенттигинен каттодон өткөн эмес. Демек, бул Кыргызстанда тыюу салынган агым деп айтууга толук негиз бар. Бирок, мунизм ушул күнгө чейин Кыргызстанда эң сонун эле өнүгүп келди. Өздөрүнүн майда-чүйдө кайрымдуулук деп аталган уюмдарын түзүп алышып, мунизмдин ыплас идеяларын жайылтууну бүгүнкү күнгө чейин улантып келишет. Анын айынан жүздөгөн кыргыз балдар-кыздары тескери жолго түшкөндүгү, дегеле бул уюмдун айтууга ооз барбаган постулаттары биздин менталитетке жат экендиги канча ирет айтылганы менен, ага кызыгып, маселени так кесе коюп, чечкен адам боло элек. Тескерисинче, мамлекеттик кызматта турган адамдар мунизмдин Кыргызстанда өнүгүшүнө, жайылышына шарт түзүп, колдоо көрсөтүп келди. Алар кимдер дээрсиз.
Алгачкылардан болуп, бир кездеги премьер-министр Турсунбек Чынгышев 90-жылдары мунизмдин биздин өлкөгө киришине чоң колдоо көрсөткөн деп айтылып жүрөт. Ал мунизмдин катарына өзү гана кошулбастан, интеллигенциянын өкүлдөрүн тартканы боюнча узун сабак кептер бар. Ал эми Бакиевдин учурунда мунисттер бийлик менен коюн-колтук алышып, өтө жакындашып кеткен. Маселен, мунизмдин негиздөөчүсү 2006-жылдары Кыргызстанга келгенде Ала-Арчадагы президенттик резиденцияда даражалуу конок катары тосулган. Билишибизче, ал кезде №1 мамлекеттик резиденциянын директору болуп Кубанычбек Төрөканов иштеп турган эле. Бул Акмат Бакиевдин досу. Ал мурда мунизмдин өкүлдөрүнө кандай колдоо көрсөтүп келген болсо, учурда да өз ишин ийгиликтүү улантып келүүдө.
Таштан Мамбеталиев. Бул адамдын ысмы да көпчүлүккө тааныш угулуп жатса керек. Т.Мамбеталиев учурда 2002-жылы болгон Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири. 2002-жылы Аксы окуясы жүз берген учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси болуп турган. Албетте, Бакиевдин учурунда Аксы окуясы унутулуп, бул киши укук коргоо органдарында иштеп жүрдү. Кызматта туруп, мунизмге бекем колдоо көрсөткөндөрдүн бири. Мындан тышкары, Таштан Мамбеталиевдин уулу Чыңгыз Мамбеталиев да мундун Кыргызстандагы лөктөрү менен тыгыз мамиледе болуп, чуулгандуу иштерге баргандыгы боюнча маалыматтар айтылууда. Ал жакынкы күндөргө чейин Каржы полициясында иштеп жүрдү. Анда иштеп туруп, мунисттер менен биргелешип жасаган мыйзамсыз иши боюнча үстүнөн кылмыш иши козголуп, бирок акталып чыккан. Анын акталышына, сот тармагында иштеген досторунун жардамы тийгендиги боюнча кабарлар бар. Кыскасы, бул ата-бала Мамбеталиевдер бүгүнкү күнгө чейин мундарга армансыз эле колдоо көрсөтүп келишти. Булардан тышкары, Акыйкатчы Турсунбек Акун мундар менен бекем алакада жүрүп, таяныч көрсөткөндөрдүн катарында. Буга Т.Акундун жыл сайын Кореяга жасаган сапарлары жана 2006-жылы Кыргызстанга Мунизмдин негиздөөчүсү Сан-Мен-Мундун аялы келгенде, ага жүгүрүп барып, бир кучак гүл белек кылганы далил.
Виктор Черноморец. Учурда президент Роза Отунбаеванын кеңешчиси болуп иштейт. Ал да мундардын жасаган иштерин мактап, жактап, алардын Чүй облусундагы Туз айылына курган мектебин айга-күңгө теңеп, айтып чыккан жайы бар. Мындан тышкары, Бакиевдердин өздөрү да Кыргызстандагы мундардын өкүлдөрүн коргоого алып, кылган кылмыштарын жаап жашырып, асырап келишкен. Ага эрдемсинген мунисттер чектен чыккан иштерди жасап, кыргыз жарандарынын укуктарын тебелеп, чуулгандуу иштерге аралашканы боюнча сөздөрдү угуп жатабыз. Эң кызыгы, жогорудагылардан башка бүгүнкү бийликтегилердин ичинен мунисттерге колдоо көрсөткөндөр кимдер? Анткени, мунисттердин Кыргызстандагы өкүлдөрү күнү бүгүн да мыйзамсыз иштерди жасап, кыргыз жарандарынын укугун тебелеп, а бирок эч нерсе болбогондой жүрүшкөндүгү боюнча маалыматтар эл аралап жүрөт. Бул жана башка суроолорго жоопторду кийинки сандарыбызда берүүгө аракет кылмакчыбыз. Айтылгандай эле, Кыргызстандагы чуулгандуу мунизм темасы муну менен гана аяктап калбайт.
Заирбек БАКТЫБАЕВ





"Эркин-Тоодо" "төңкөрүштүн" желаргысы жүрүп жатат
"Эркин-Тоо" гезитине былтыркы жылы Апрель окуясынан кийин белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев редактор болуп дайындалган. Андан бери мамлекеттик басылма оңолуп, гезиттин окумдуулугу мурдагыга караганда кыйла артып калган болчу. Акыркы маалыматтарда, Абдувахаб мырзаны редакторлуктан кетирүүгө катуу аракеттер көрүлүп жатыптыр. Эскерте кетсек, коалициялык көпчүлүк министрликтерди, ведомстволорду жана мамлекеттик гезит жана телеканалдарды бөлүп алышканда "Эркин-Тоо" гезити "Ата-Журт" партиясынын энчисине тийген. Андыктан, шамалдын кай жактан согуп жаткандыгын баамдап жатсаңыз керек. Ал эми Абдувахаб Мониев "Ата-Мекен" партиясынын идеяларын бөлүшүп келгендиги маалым.
"Ата-Журт" партиясы Абдувахабдын ордуна журналист Манас Осмонду коюуну көздөгөндүгү айтылууда. Бирок, буга жамаат каршылык көрсөтүп жаткандыгын билдик.

"Ата-Журттан" он бир депутат айдалат
Учурда Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүнү пландап жаткандыгы белгилүү. Жаңы шайлоо кодексинин долбоору жаңы жылдын алдында биринчи окууда эч кандай талкууланбастан шашылыш кабыл алынган. Эми дагы эки окуудан өтүшү керек. Ушул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ондогон депутаттар мандаттарынан айрылышат. Себеби, жаңы мыйзам долбоорунда депутаттын бошогон ордуна ким депутат болорун партиянын саясий кеңеши чечип калат. Угушубузча, "Ата-Журт" партиясы дээрлик он бир депутатты алмаштырууну көздөп жатыптыр. Алардын ана башында Динара Исаева турат. Канчалык эмгек сиңирип, "Ата-Журт" үчүн күйүп-бышканы менен Жылдыз Жолдошева да алмашууга туш болушу мүмкүн экен. Андыктан, депутаттарга айтаар кеңешибиз, шектүү бул мыйзам долбоорун колдоодон баш тарткыла, өзүңөргө эле тийген муш болот.