Карамат Токторбаева, журналист:
"Өзүмдү
бул жердин коногу катары сезем"
Сагынганда бир келээрмин...

- Карамат, Чехия мамлекетине эмне максат менен кеттиңиз эле?
- Ошол кезде кандайдыр бир кыйын абалга туш болдум. "Биринчи революция жасадык. Эми жашообуз оңолуп, өзгөрүү багытына түшөбүз" деген демим сууп, он айлык баламды колума көтөрүп, аянтта жүргөн күндөрүм үчүн ыза болуп, Акаевдин жылма жолунан качып, өлкөнү карактоонун алда канча зөөкүр, жапайы жолуна кабылганыбызды алгачкылардан болуп сезгендерден элем. Анткени, Жалал-Абад Банк каракчысы тууралуу маалыматым бар болчу. Ал материалды андан ары изилдеп, жарыялоого кудуретим жетпеди. Албетте, мен өз жанымдан коркпойт элем. Эки жашка жаңы караган уулумдун тагдыры ойлондурду. Мурдагыдай демократиянын шарданында каалагандай эркин боло албашыбызды түшүнгөн соң, бир аз алысыраак жашап турууну чечтим. Алгач Алматыда соода кылышкан бир туугандарымдын жанына барып, андан соң Чехияга туристтик виза менен кеткем.
- Башка жердин шартына алгач көнүп, жашоо да кыйын болсо керек?
- Бөлөк элге жат экениңди аэропорттон эле сезесиң. Чехияга алгач келгенимде абасы да бозомтук тартып, көзгө комсоо көрүндү. Мезгил кеч күз болгондуктан Кудайдын куттуу күнү жамгыр жаайт. Күндүн бетин көрө албай койдум. Келгениме үч күн болгондон кийин кандайдыр бир жумуш табылып калып, эртең менен үйдөн чыгып кеткем. Кайра кечинде жашаган үйүмдү табалбай кыйналдым. Мени менен бирге жашаган кыргыз эже "Күн чыгышты карап бассаң жаңылбайсың" дейт. Же күн чыгышы кайда экенин билбейм. Ошентип, бир жагы күлкүлүү, бир жагы трагедиялуу окуялар менен коштолгон жаңы жашоом башталган.
Ал жерде бир топ жыл мурун келип калган кыргыздар жакшы эле турукташып калыптыр. Туристтик виза менен келгендердин катары көп. Андан тышкары, жумуш визасы менен келгендер да кездешет. Негизинен документ көйгөйүн чечип алсаң эле баары жайында болот. Тагдыр экен, алты айдан соң мага Чехиядан официалдуу жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Анан Кыргызстандагы туугандардыкында калган уулумду алып келдим. Болгариялык Радик менен таанышып, жылдызыбыз келишкендиктен баш кошуп алдык. Божидар аттуу улдуу болдук. Азыр сегиз айлык кичинекейим менен үйдөмүн.
- Чех элинин кандай айырмачылыктарын көрө алдыңыз?
- Алардын менталитети биздикине таптакыр окшобогон же болбосо, ошол эле орустардан айырмаланган калк болушат. Алгач келгенде "Биз чет элдиктер десе сыйлуу тамагыбызды алдыларына коюп, урмат кылабыз. А булар…" деп аларды жек көргөн күндөр да болду. Анан калса, тилин да билбейм, эч нерсеге түшүнбөйм. Бирок, бара-бара тил үйрөнүп, акырындык менен алардын атмосферасына да көнүүгө туура келди. Азыр чех эллине карата баштагы көз карашым өзгөргөн. Маданияттуу, токтоо, эмоциясын ката билген, сылык-сыпаа, киши менен өтө жакын эмес, аралыкты сактап мамиле кылган, жокко мүңкүрөбөгөн, барга манчыркап кетпеген, алдыга жулуна бербеген момун калкты эми кантип "жаман" деп айталам. Алар ар дайым жөнөкөй кийинишет. Той өткөрүп, шарактап,шаан-шөкөт уюштургандарды дегеле көрө албайсың. Ал тургай аялдамада туруп, үнүңдү көтөрүп телефондон сүйлөшүү да одоно көрүнөт. Эң жөнөкөй этикалык эрежелерден өйдө мектептеги балдарга мыкты деңгээлде үйрөтүшөөрүн менин алты жаштагы уулум айтып келет.
- Ал жакта кыргыздар көппү? Биздин мекендештерге кандай мамиле жасашат?
- Постсоветтик өлкөнүн катарына күч менен киргизилгендерден Чехия гана батыш Европанын деңгээлинде өнүгө алыптыр. Ошондуктан, Чыгыштан, Азиядан, Африкадан да жумушчу күчтөрү агылып кирип турат. Ал жерде кыргыздар саналуу гана. Ашып кетсе беш жүз болушу мүмкүн. Биз бири - бирибизди таанып, колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Муну көргөндөр: "Силер ынтымактуу калк экенсиңер" деп калышат.
Алган тарбиясы жол бербейби, айтор Чехияда улутчулдар деле көрүнбөйт. Кыскасы, мыйзамдын алдында гана башын ийген, криминал деген менен көп кабары жок бул өлкөдө жашаган жердештерибиз да көпчүлүк эмигранттар сыяктуу эле буюрган күнүн көрүп, жашап келишет. Эркектер көбүнчө курулушта, ал эми аялдар ресторан, конок үйлөрүндө иштешет.
- Майрамдарда чогулуп турасыздарбы?
- Ооба. Жаңы жылда, Ноорузда ресторанга чогулуп, майрам тособуз. Көбүнчө шаардын борборуна чогулушат. Брно деген шаардан актриса Айтурган Темирова келип ырдап берип, кичине сагынычыбыз тарап калат. Прагада "Азаттык"радиосунун борбору жайгашкан. Ал көбүнө кадимкидей дем берет. Өзгөчө кыйналганда, документ даярдоодо түшүнбөстүктөр орун алганда ар бирине өз агасындай жардамын көрсөтүп келген Тынчтык Чоротегин агайга көбү ыраазы болгонун угуп калам.
- Туристтердин саны көп болсо керек?
- Чех жери, өзгөчө Прага шаары уникалдуулугу менен айырмаланат. Байыртадан келе жаткан тарыхый эстеликтери өлкөнүн сыймыгы болуп калган. Жаңы келгенде үйлөрүнүн чокуларын карай берчүмүн. Миңдеген жылдарды карытса да, сынын жоготпогон чептерди, храмдарды көрүүгө болот. Немистерге да, орустарга да каршылык көрсөтпөй, багынып берген чехтер акылдуулук кылышкан экен. Тээ байыркы эстеликтерин көрүү үчүн туристтер күн сайын агылып кирип турушат. Влтава дарыясы Праганы экиге бөлүп, жай гана агып турат.
- Тил маселесине кандай маани беришет?
- Чех тили мамлекеттик да, официалдуу да тил болуп саналат. Бул өлкөдө жашадыңбы, демек, тилин да үйрөнүүгө туура келет. Албетте, "Чех тилин үйрөнгүлө" деп эч ким деле мажбурлабайт. Болгону, алар жакшы мыйзам киргизип коюшкан. Эгерде өлкөгө туруктуу жашоого арыз берсең мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу керек. Чех тилин жеткиликтүү билбей туруп, мамлекеттик кызматка жакын да жолой албайсың. Аларда ортомчу тил, кошумча тил деген жок. Жаңы келгенде орусча сүйлөсөм эч ким жооп бербейт. Көпчүлүгү түшүнүшөт, бирок жооп бергилери келбейт. Өмүр бою Кыргызстанда жашап, бир да кыргыз сөзүн билбеген орус улутундагылар деле бул жерге келгенден кийин чехче сайрап башташат.
Өзгөчө мыйзамды сыйлаган өлкөдө өз укугуңду билип, жеке жашооңдун комфортуна ылайыкташып каласың. Бирок, кичи мекеним Алайкуум түшүмө көп кирет. Кандай болбосун, баары бир бөтөн элге эл боло албаган өзүмдү бул жердин коногу катары эле сезем…
- Балдарыңыз менен кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
- Кыргызча эле сүйлөшөбүз. Балдарым эне тилин унутуп калат деп ойлобойм. Кыргызстанда жашаган айрым киргиздердей болбойбуз. Чехия элинин маданиятын, тарбиясын көрүп келип, акыры Кыргызстанга кызмат кылса жаманбы. "Кыргызстан жээндердин өлкөсүнө айланып калат" дейт бир таанышым. Менимче, андан коркпош керек. Жаштарыбыз Европанын же башка өлкөнүн билимин алып, тажрыйбасын топтоп келишсе, Мекенине пайдасы гана тиет деп ишенем.
- Мекениңизге келүүнү максат кыласызбы?
- Эртеби-кечпи келип калаарбыз. Антсе да, алыста туруп деле Кыргызстан үчүн кызмат кылууга болот. Эл, жерден алыс болгон менен жазуу эркиндигибизди, калемибизди эч ким тартып алалбайт! Болгон куралыбыз калем болгон соң, жазганымды улантып, журналист катары иштей берем. Кичи мекеним Каракулжанын энциклопедиясын түзүү боюнча атайын планым бар эле. Буюрса, ишке ашырам деп жүрөм.
Маектешкен
Баймырза Накай