Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
МУНАПЫСКА МУКТАЖДАР КӨП
Урматтуу "Айкын Саясат"!
Сиздердин чыгармачылыгыңар элдин купулуна толо баштады. Оор турмушта чындыкты чагылдырып жатасыздар. Сиздерге чоң ыракмат! Жалпы кыргыз элинин атынан төмөндөгү өтүнүчүбүздү гезит бетине жарыялап койсоңуздар.
2005-жылдан бери заман өзгөрсө да, депутаттар жаңыланса да кыргыз элинин жашоо-турмушунда жылыш жокко эсе. Соттордун сойку саясаты менен күнөөсү жок кыргыздын жигиттерин соттоп жиберген киллер-соттор кызматтан четтетилип, кезегинде эл Бекназаровго ыраазы болгон.
Эми калган Жогорку сот да түп тамырынан бери тазаланышы керек деп ойлойбуз. Эл муну күтүп жатат. Жаңы Өкмөт түзүлүп, Ноокаттык террористтер өмүр бою жазалангандарды бошотуп, жалгыз ноокаттыктарга мунапыс (амнистия) колдонду. 2005-жылдан бери 1-жолу мунапыс 2007-жылы чыкты. Калганына амнистия эмес, гуманизация деп шапка коюп чөнтөктөрү калыңдар Ак үй, Көк үйдөгү депутат, ж.б. чиновниктердин тааныш-билиштери мындай гуманизациядан колдонду. Андан кийин жаш балдар, аялдар демиш болуп, дагы көпчүлүгү бошотулду. Ал эми күнөөсү жок жерден 97-статья менен күнөөлөнүп алты жылдан бери темир тордун артында олтургандарга мунапыстын жыты да жыттанбай келет.
Бийликтин туу чокусунда отургандардан суранчу бир Өтүнүчүбүз бар.
2010-жылкы апрель, июнь окуялары боюнча февраль ичинде мунапыс чыкпаса, анда күнөөсү жок соттолгондор, 6 жылда биринчи мунапыска түшкөндөрдүн ата-энелери март айында чоң көтөрүлүш жасоого даярданып жатат. Көбүнчө Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Бишкектен чогулуп сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын эскертип кеткибиз келет.
Мунапысты күтүп жаткан балдардын ата-энелери.




БЕНЗИН АРЗАНДАСА -
ЖОЛКИРЕ ДА АРЗАНДАЙБЫ?
Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Жакындан бери бензин, солярка арзандайт экен деген кеп боло баштаганына биз, карапайым эл сүйүнүп отурабыз. Ансыз да кымбатчылык кысып эле келатат кыргызды. Мына, жакындан бери азык-түлүктүн дээрлик бардыгы кымбаттады. Баарынан да ундун баасы көтөрүлгөнү- нандын наркы ого бетер көтөрүлүп кетпедиби. Анан, дал ушундай кырдаалда кайсыдыр бир нерсенин арзандашы кимди болбосун кубантпай койбойт.
Бензин арзандаса, жол кире да арзандайт го деген үмүттөбүз. Ал эми солярка болсо дыйкандарыбыз үчүн табылгыс дары. Мына, кыш аяктап, жаз жакындап келатат. Эми жер айдап-себүү иштерин баштай турган кез келет. Бир тамчы соляркага зар болуп турган дыйкандар үчүн мындан ашык жакшылык болобу?
Менимче, бул өкмөт деле бардык күчү менен Кыргызстан элинин жашоосун жакшыртуу далалатын кылып келе жатат. А бирок, көптөгөн кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюп жиберүүгө күч жетпей жатса керек. Минтип четинен арзандай баштаса, кымбатчылыкка белчесинен баткан калайык калпагын асманга ыргыта сүйүнөт да. Эми, бензинге окшоп дагы арзандатуулар жүрөт го деп үмүттөнө туралы.
Шайыр АЙДАКЕЕВА,
Бишкек шаары.




Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдигиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түүзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска,нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772682199


19. Адамдан да машина көп. Бишкектин кайсы көчөсүн алба, тыгылышып турган автоунааларды көрөсүң. Баягы, "Бут коерго жер жок" деген сыяктуу, машинелер жолду бууп, адамдарга ары-бери өтүүгө жол табылбай калган учурлары арбын. Мындайда "кыргыздар жакырчылыкта жашайт" дегенге ишенбей да кетесиң.
Бишкектен Мыскал.
ХХХХ2866

20. "Москалдардын" жардамы менен уткан кыргыздын "хоккеисттери", силерге чоң ыракмат!
Нарындан Талант.
ХХХХ 5035

21. Күнүгө митинг. Кудайдын куттуу күнү Ак үйдүн алдында плакаттарды көтөрүп турушат. Бул - эл ичинде бийликке, өкмөткө нааразылык күч экенинин белгиси да. Демек, жер-жерлерде чечилбей жаткан проблемалар арбын. Аны тезинен чечип берүүгө бийликтин күчү жетпей жатканы анык. Кыргыздардын жашоосу оңолуп, жакшы жашоого жетет болдук бекен?!
Сыягүл, Таластан.

22. Мына, дагы бир күн өттү да кетти. А мен сенин бир ооз сөзүңдү күтө берип бир күн эмес, бүтүндөй бир өмүрүмдү өткөрдүм. Кеша, эч болбосо бары-жогуңду билдирип койсоң боло.
Айдай.
ХХХХ7178

23. Ушундай бир адамдар болот, талуу жериңди таап алып, анан ошону өзүңө кайра-кайра айтып жаныңды ачытат. Ансыз деле өзүңдүн алсыз жериңди өзүң билесиң да, ага тийишпей койсо болот эле да. Ошо, сенин жооруңду чукуган адам балким сенин кейигениңден өлгөндөй рахат алып, өзүнчө сүйүнөт болуш керек. Ошондой адамдарды дилимде жек көрөм...
Ала-букалык Талип.
ХХХХ2521

24. "Керемет көч" деген балдар үчүн көрсөтүүдөгү Актан менен Акылайдын кебетелери күлкү келээрлик, чынбы! Беттери салаңдап, колу-буттары ийкемсиз болуп, сүйлөп аткандарына алардын олдоксон кыймылдары төп келбей калат. Анан, жайы-кышы бир кийим менен жүргөндөрү да анча жакшы көрүнбөйт. Сүйлөгөндөрү маанилүү болгону менен, сүрөттөрүнө анчейин коошпой турганы үчүнбү, кээде көргүм деле келбейт.
Анара, 4-класстын окуучусу.

25. Орусия тарапка иштеп кеткендер деле кыйналып жатышса керек. Атам менен апам экөө тең Подмосковьеде жүрүшөт. Акча салабыз дешти эле, күткөнүмө көп болду. Акчадан жаман жүдөп кеттим. Эртерээк салса, дипломдук иштеримди да эртерээк бүтүрөт элем да.
Мукас, студент.
Бишкек.

26. Гүлзия! Карызымды качан бересиң? Алганыңа бери болгондо беш жыл болуп калды го. Сурасам эле ар нерсени шылтоолой берип, азыр өзүм уялып калдым.
Сайра, Бишкек.
ХХХХ9043

27. Шекердин баасы 70ке бир-эки сом эле жетпей турат. Капырай, бул эмне деген шумдук! Эми, бизге окшогон пенсионерлер эт жемек турсун, таттуу чай ичелбай калабызбы?! Эл багарлардын көзү каякты карап, эмнени көрүп атышат, билбейм. Замандын шүйкүмү жакшы эмес го, жердештер...
Марийпа, 82 жашта.
Бишкек шаары.

28. Кап-кап болуп жыйылып турган төө буурчактарыбыз акча болуп берээр бекен деп күтө берип, төөгө окшоп баратабыз. "Төөнүн куйругу качан жерге тиет" деп акыйып отура беребизби, Бабанов балам!
Таластан Кымбатбек.
ХХХХ6906

29. Көздөрү олуттуу, ошол эле учурда жагымдуу... Сени көргөнүмө, тагыраагы, сени тапканыма кубанам.
Жыпар, Бишкек

30. Луиза! Сага болуп көрбөгөндөй сагынычтуу салам! Көрүшпөгөнүбүзгө көп убакыт болсо да, ар дайым эстеп калам. Сенде баары жакшы экендигине ишенем. Башкысы, саламатта жүр, менин асыл курбум!
Нура, Бишкек


Бетти даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??