Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 2
Мелис Эшимканов:
"Бакиевдин фронтуна өтүп жатып, оо дүйнөнү эстен чыгардым"
mirbek.a. (24-01-2011). Мэлис Эшимканов, коомдук ишмер болууга аракет кылып элге чыксаңыз, эл сизди кечирет деп ойлойсузбу? Сиз иштеген бийликти кетиребиз деп каза болгон жигиттердин арбагы алдында сурак болсо, эмне деп жооп берет элеңиз?
М.Э: Жалпы эл үчүн сиз дагы мен дагы жооп бере албайбыз. Түшүнгөндөр кечирер, түшүнбөгөндөрдүн өз эрки. 7-апрелде курман болгон боордошторума кечиргиле гана демекмин. Арбактар алдындагы суракты кудай гана жүргүзөөр.
Pudovkin. (24-01-2011). Мелис мырза, сиз анекдоттогу коенго окшоп, бойдоктор оң жакка, үйлөнгөндөр сол жакка дегенде "АЖЫРАШКАНДАР" кайсыл тарапка деп чуркап калгансыз го.
М.Э: Анекдотуңуз жакты Пудовкин мырза. Бирок мен бойдокторго да, үйлөнгөндөргө да, ажырашкандарга да кошулбай, алардын ары-бери чуркагандарын унчукпай, сырттан гана карап турам. Түшүндүңүз да?
Takeda. (24-01-2011). Саясий аренага кайтадан чыкканга моралдык укугуңар барбы?
М.Э: Бул ачуу сурооңуз менен коомубузда эбак баркы кетип, модадан чыгып бараткан уят, ыйман, абийир сыяктуу баалуулуктарды эскертип жатасыз. Саясатка кайтууга моралдык укугум жоктугун сезгеним үчүн - мокоп турганымды айтканда не, айтпаганда не?
mr.freeman (24-01-2011). Мелис Асаналиевич, алгач кепти баштардан мурда алдыга койгон максаттарыңыз туурасында айта кетсеңиз. Экинчиден, кайрадан саясий аренадан сизди көрүүгө мүмкүн болобу?
М.Э: Азырынча сизди өтө кызыктырган так максаттарым деле жок. Китеп жазып жатканымды, руханий, адамдык издөө жолунда жүргөнүмдү эске албаганда. Бийлик тараптан элчилик кызмат, олигарх байлардан ири медиа холдинг долбоору, эл аралык уюмдардан аналитикалык саясат борборун ачуу сыяктуу сунуштар түшүп атат, бирок аларга мынча толук кандуу быша элекмин. Саясий аренага кайтышым дагы белгисиз.
kiyalbek85.(25-01-2011). Melis Myrza emne uchun sayasiy ishinizge tiniguu berdiniz akirki 1 jil? Jeke es aluu dep bilelibi je sayasiy tazalanuubu, je bolboso izi chuuga aralishkaniz kelbedi dep bilelibi?
М.Э: Өз суроолоруңузга өзүңүз эле жооп берип коюпсуз. Акыркы бир жыл унчукпаганым - сиз туура бамдагандай, ызы-чууга аралашкым келбегеним, тазалануу аракетим жана эс алганым деп билиңиз. Мындан дагы терең айтсам, балким ишенбейт чыгаарсыз, былтыркы апрель жана июнь айларындагы бейкүнөө шейит кеткен мекендештериме АЗА күттүм, оорудум, мүңкүрөдүм... Мындайда кайдагы саясат, кайдагы шайлоо, кайдан гезит-телевизорго чыкмай?
Kesh.(25-01-2011). Мелис мырза сиз Бакиевдин курултайында мындай дедиңиз эле: "...тагдырдын тамашасы ушундай экен, Акаев убагында мага Темир Сариев досум Мелис кыйкырып көчөгө чыкпа, митингке барба" дечү. Азыр мен " Темике кыйкырып көчөгө чыкпа, митингке барба Бакиевге каршы чыкпа" деп жатам дегенсиз. Эми сиз Темир мырзага эмне демекчисиз? 2-суроом: Сизди атбашылыктар "саткынчы" деп жүрөт. Бакиевдин убагында сиз" ...мен Жалал-Абаддыкмын" дегенсиз. Деги сиз каяктыксыз?
М.Э: 2010-жылдын 23-мартындагы К.Бакиевдин Ынтымак курултайында Т.Сариевге кайрылганымды эстегениңизге рахмат. Темир бала кезден берки жакын досум болгондуктан, кайсы президенттин мезгилинде жашабайлы, саясий көз карашыбыз боюнча кайсы жээкте турбайлы, ал экөөбүз бири-бирибиздин достугубузду мансап үчүн эч качан саткан жокпуз, жамандыктабы же жакшылыктабы, адамдык мамилебиз бүгүнкү күнгө дейре бир да үзүлгөн жок. Ошол курултайдын алдында дагы экөөбүз 2 сааттай сырдашканбыз. Сиз эскерген тамаша сөзүм чындыктан алынган. Бирок урматтуу Kesh, аны эстеп тийишесиз дагы, ошол эле курултайда мамлекеттик чиновнитерден жалгыз гана Эшимканов трибунадан Исмаил Исаковго, Балыкчы, Петровкадагы саясий туткундарга эркиндик сураганым, светтин кымбатташы, "Түндүкэлектронун" сатылышы, өкмөттүн коррупцияга чырмалганы боюнча чындык издеп, чырылдаганымды кантип эле укпай, эстебей калдыңыз? КТРден бүт өлкө көрбөдү беле?
Экинчи сурооңуз боюнча. Кайсы ат-башылыктар мени саткынчы деп жүргөндөрүн укпаптырмын, бетке чабаар тоолук жердештерим артыңан суу куйганды билишчү эмес эле, ушу пияз, чеснок сата калчу аралашма туугандардын жомогу эмеспи? Бакиевдин убагында деп катуу жаңылгансыз, байкеси, мен тээ Усубалиевдин, Масалиевдин, Акаевдин доорунда эле "Жалал-Абад областында туулгам" дегеним үчүн дайыма тил укчумун. Жарыктык ата-энем ошол жактан туултуп, паспортко жазылганым үчүн күнөөлүүмүнбү? Деги сиз каяктыксыз деп сурайсыз? Кыргызстандыкмын! (Киийнки сурооңуз Takedaныкына окшош экен, кайталабай эле коеюн ).
аяра: 1) жубайыңыздын кайсы сапатын жактырып, өмүрлүк жар болуусун сунуштадыңыз эле? 2) кайсы принципке таянып жашайсыз? 3) эң биринчи чоң жетишкендигиңиз?
М.Э: 1. Жубайым Аселдин жупунулугун, адамкерчилигин, ашкере токтоолугун жана мени көз карашыман гана түшүнө билген сапатын жактыргам. 2. жараткан алдында бардыгыбыз бирдейбиз. 3. 1974-жылы борбордун 50-мектебинин 4 "г" классынын окуучусу катары республикалык конкурстан жеңип, КТРдин балдар диктору болуп калганым биринчи чоң жетишкендигим эле.
Patriot.(25-01-2011). Мелис мырза, силердин оюнуңар бүткөн, чыныгы эркек болуп бир тараптуу эл үчүн иштеш керек болчу, акчага, бийликке азгырылбай.Эл сыйлабайт,кайра келгенге духуң да жетпесе керек, бетиң калың болсо деле.
М.Э: Балким, сиздин пикириңиз жөндүүдүр. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болгусу келген Атамбаев байкемди туурайм деп артынан ээрчибей, Бакиев командасына өтпөй, сиз айтмакчы, бир тараптуу эл үчүн туруп, митингдерди башкарып жүрө берсем - бүгүнкүдөй ачуу сөздөрдү укпайт элем да, туурабы? Макул эместигим - КТРдин гендиректорлугун акчага, бийликке азгырылуу деш кыйын. Ишенбесеңер, азыркы гендиректор К.Оторбаевден сурап көргүлө. Ушул эле сурооңузду азыркы бийликтегилердин 99%на багыштасаңыз да туура болмок.
Melis. (26-01-2011). Мелис мырза, сизди жакында "Ар-Намыс" партиясынын гезитин чыгарып, ошол аркылуу коомчулукка аралашат деген пикирлер бар. Бул чынбы?
М.Э: Андай эмес.
BEKEN.(26-01-2011). Мелис мырза, журналист катары КТРКнын Текебаевге ыңгайлаштырылып калгандыгына кандай карайсыз?
М.Э: КТРКга Текебаев эмес эле, Отунбаева эжекебиз катуу ыңгайлашты го. Өмүрбек Чиркешевичтин андайын байкаган жокмун, анүстүнө телевизорду өтө сейрек карайм.
Rusha: Мелис мырза, менде 2 суроо: 1. Сиз Өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп бир топ иштедиңиз. Ушул фонддо ошол убакта мыйзам бузуулар болгон деген сөздөр жөнүндө эмне айта аласыз.
2. Революцияга чейин курултайда (Курултай согласия) сиз президенттик квота менен делегат болгонсуз. Ошондо кабыл алынган резолюцияда И.Исаковго жана Петровка, Балыкчы окуяларынын катышуучуларына амнистия жарыялоо боюнча сунуш киргизгенсиз. Ушул инсандар менен сиздин азыр байланышыңыз барбы?
М.Э: 1. Мен ал фонддун жетекчиси эмес, Байкоочу кеңешинин гана төагасы болуп, 2 айга жетпеген убакыт иштегем. Ал мезгилде мыйзам бузуулар болгон эмес. Дегинкисин эле статусум боюнча жана убакытттын тардыгынан көп иштерди текшергенге мүмкүнчүлүк болбоду.
2. Ал инсандар менен азыр байланышым жок. Бир гана Эркин Бөлөкбаев кокусунан жолугуп, ыраазылык билдирген.
Nazima.(26-01-2011). Мелис Асаналиевич, саламатсызбы? 1) Ассоль Мокдокматова сиз үчүн КТРден кеткенинде жана анын сизге койгон дооматтарында (чет өлкөгө барып, чогуу эс алып келүү сунушунда) канчалык чындык бар? 2) Бакиевдин фронтуна өткөнүңүзгө таянып сурагым келет: "Акча, байлык, бийлик адамды өзүнүн принциптеринен баш тарттырабы?" Бирок, алардын баарын адам өзү менен кошо алып кетпейт да! Көз жумулганда калат да баары бир!
М.Э: Саламатсызбы, Назима. 1. КТРди туш-туштан эле саан уйдай ээмп, сүтү чыкпай калса да желинге койгулап, канынан бери зыркыратып ийген Ассольго окшогон ондогон ордунан козголгус, монстр журналисттерди кызматтан кетиргеним үчүн ачкачылык жарыялашкан, аянттан сүрөтүмдү өрттөшкөн, бокочо образымды жаратышкан, көз ачыктарга окутушкан, сиз сурагандай, интим мүнөздөгү дөдөй уламыштарды чыгарышкан.
2. Омар Хайямдын саптарын эске салдыңыз да. Бу жалган дүйнөнүн күнүмдүк азгырыктарын адам өзү менен кошо тиякка ала кетпейт. Ак кепинге оронуп, көзү топуракка толгону менен, жүрөгү жана жаны ат көтөргүс күнөөлөрү менен, элдир-селдир жакшылыктары менен чогуу сапар тартат. Жараткандын сотун карай. Бакиевдин фронтуна сиз айткандай өтүп жатып, мен ушул нерселерди тилекке каршы эстен чыгардым. Жаратыма туз сээп койдуңуз.
Akipress. (26-01-2011). Мелис мырза, кандай максат менен гезит-журналдардын жамаатын бир жерге (ресторанга) чакырып, коноктоп, топтодунуз эле?
М.Э: "Ленинчил жаш", "Жаштык жарчысы", "Асаба", "Агым" деген ысымдар менен 85 жылдык жолду баскан гезитке өмүрү, ден соолугу, жаштыгы, таланты арналган калемгер кесиптештеримди ресторанга чакырдым. Улуусу 80де, кичүүс 18 жашта экен. Бир фактыга таң калганым да, кубанганым да - кыргыз тилдүү журналистиканын каймагы, тың чыкмалары, профессионалдары дал ушул гезиттин уясынан (Гоголдун шинелинен чыккан орус жазуучуларындай) чыгышыптыр. Азыр ойлосом, эки максат көздөптүрмүн. Биринчиси, кыргызча жөн эле сагыныч жазуу, 15-20 жылдап көрүшпөгөндөрдү жолуктуруу, жакшы, жарык күндөрдү эскерүү болсо, экинчиси, мектеп окуучу кезимен бери киндигим туташкан бул басылмада издери калган улуу-кичүү кесиптештерим аркылуу Кыргыз элимен кечирим сурагым келди. Эч кандай саясат-паясаты жок эле.
Max-Sad. (26-01-2011). Мелис Асаналиевич, эгерде сизге "5 партиянын бирөөсүнө кир же саясатка мындан ары киришпе"- деп, талап койгон болсо, сиз кайсы саясий партия менен иштейт элениз?
М.Э: Эгер бүгүнкү парламенттеги 5 партияны айтып жатсаңыз, бирине да кирбей, саясаттан тыш калмакмын. Бул сиздин койгон талап боюнча. А реалдуу саясатта мен кайсы бир партиянын мүчөлүгүнөн чыга элекмин.
baihan. (27-01-2011). Падыша барында алдында жалпандайсыңар, кетти дегенде эле артынан жамандайсыңар. Качан өз убагында талкалайсыңар или токтотосуңар, аларды жадатты го бул мите курттар.
М.Э:Мунуңузга кошулам. Кыргыздарда орой, бирок адилет кеп бар: "качканды катын саят" деген. Качып кеткен эки падышабызды тең артынан сөккөндөр, найза, таш ыргыткандар толтура. Айрыкча кечээ эле алардын этегине намаз окуп, кареги менен тең айланган, кошоматчы жан-жөөкөрлөрүнүн бүгүн не деп аткандарын угуп атпайбызбы. Акаев тактыдан тайганда дагы, Бакиевдин ооматы кеткенде дагы алардын артынан асылган, коллективдүү хорго кошулуп, ырдагым келбегиним ушундан.
Kyrgyz. (30-01-2011.) Урматтуу Мелис мырза, сизди "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү деп угуп келем. Бүгүнкү күндө да партиянын катарындасызбы?
М.Э: Ооба, али күнчө "Ата Мекен" партиясынын катардагы мүчөсүмүн. 2007-жылы КТРдин гендиректорлугу кызматында жүргөнүмдө "Эпицентр" көрсөтүүсү аркылуу бул фактыны ачык моюнга алгам. Бирок партиянын саясий кеңешинин айрым жетекчилеринин Эшимкановду катардан чыгаруу боюнча бир канча сунушуна карабастан, анын лидери Текебаев эмнегедир мени тизмеден чийдиргиси келбей жатат. Азырынча соңку чекит кое элекпиз.
"Баракелде"
маалымат булагы




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0204_10.htm on line 55