Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Түлкү саясат

Кан базарды ордунан козгоп алып, каарына калбайлы...
Калдайган калың журтту, кыргыз журтун камсыз кылган кан базар - Ош базары болуп саналат. Кан базарды ордунан козгоп, калың элдин каарына калбайлы. Эми мамлекетибиз дагы бир кырсыкка туруштук бере албайт!

Бул базарда көр оокаттын айынан өлкөбүздүн төрт тарабынан келгендер эмгектенишет. Ооба, шаарыбызды көрктөндүрүп, тазалоо зарыл. Бирок азыр эмес! Кычыраган кыштын ызгаарында, тамандарынан сыз өтүп кайсалап турган соодагерлерди сокур тыйынсыз калтыруу Кудайга да жакпас. Кан базардын анты уруп кетпесин кыргызды. Ансыз да нечендеген кыргыз жарандарыбыз башка өлкөдө күнкор болуп, тентип кетишкен. Ош базардагы соодагерлердин бардыгы жалпысынан кыргыздар болуп саналат. Учурда алардын ал-ахыбалы өтө оор болууда.

Эң биринчи чиновниктердин көңүл ачуучу жайларын, казино, сауна, ресторандарын тазалоо керек!

Бийлик элди бакпайт, эл бийликти багып, карапайым калк базарда тишинин кирин соруп соода кылган акчасынын теңинен көбүн бийликтин чөнтөгүнө төгүп берет. Мына ошол элден түшкөн салыктар аткаминерлерди чалчактатып, оозунан майын агызып казы-карта жегизип, уул-кыздары кымбат машинелерди минип жүргөнү жалган эмес.
Өз жанын өзү багып жаткан элди ордунан козгоордон мурда, бардык шарты бар, талапка жооп бере турган жайга жайгаштыруу керек эле. Каратаман элдин жонунан кайыш тилгенди жакшы өздөштүргөн бийлик төбөлдөрү элди коюп, борбордук көчөлөрдө жайгашкан казино, ресторандарын тазалап алышса жакшы болоор эле. Анткени, ресторан, казинолорго тиешелүү жерден сырткары машине өтө турган чоң жолдун жарымына чейин парковка кылып коюшкан. Негизинен шаардын көчөлөрү кенен болуусу кажет. Ал гана эмес кафе-ресторандардын кожоюндары жөө адамдар өтүүчү жолго да тосмо коюп алышкан. Муну көрбөгөн мэр Иса Өмүркуловдун көзү тумандап калганбы? Андан көрө Наримандын, Данчиктин учурунда мыйзамсыз тосулуп алынган жерлерди, соода орундарын калыбына келтирүү менен алектенип, андан кийин каратаман эл менен кармашса чоң аброй топтомок. Ош базарын ордунан козгогондон кийин, шаардагы бардык базарларды "Орто-Сай", "Аламүдүн" базарларын толугу менен тазалоо зарыл. Ошону менен бирге мындай чоң базарларды шаардын четине жайгаштыруу керек. Мына ошондо Бишкек тынч жана таза шаарга айланат.

Исанын "лиса" саясаты

Өкмөттөн сокур тыйын сурабаган элдин жеп жаткан токочун тартып алуу - кызматка келген ар бир мэрдин алектенип, алаксый турган оюнчугу болуп калды. Кайсы гана мэр болбосун Ош базарын оңдоо деңгээлинен өйдө көтөрүлө алышпады. Данияр Үсөнов мэр болуп келээри менен Ош базардын Бейшеналиева тарабын тазалоодон баштаган. Иретке келтирет экен деп кубанып отурганыбызда, соодагерлерди кууп чыгып, бизнесмен орус айымдын павильондорун кыдыракей тиздирип койгон. Андан кийин Нариман Түлеев "талапка жооп бербейт, темир жолдун боюнда" деген шылтоосун шынаа кылып, "Баткен" базарын "Дыйкан" жаңы ачылган жашылча базарына көчүргөн. Иликтесек "Дыйкан" базарынан түшкөн каражаттын теңинен көбү өз чөнтөгүнө түшчү экен. Ал эми "Баткен" базарына "Комфортту" көчүргөн. Териштире келсек, "Баткендин" ээси Аскар Шадиев болуп чыккан. Наримандын наадандыгын караңыз, талапка жооп бербеген базар биротоло жараксыз болушу керек эле да. Ал эми өз кызыкчылыгына ачкан "Дыйкан" базары талапка таптакыр жооп бербеген жайда экендиги анык. Ал эми азыркы мэр Иса Өмүркуловдун Ош базарын "Дордой-Дыйкан" базарына көчүрүү талабын колдойлу деп турганыбызда, "Дордой-Дыйкан" базары айтылуу чоң бизнесмен Аскар Салымбековдуку болуп чыкса болобу. Кайран гана Иса мырзанын кезектеги "лиса" саясатын жүргүзүп жаткандыгына баш чайкадык. Түлкү саясат элдин түбүнө жетпесе эле болгону.

Эсирген саясатчыларды чо-оң кемеге салып туруп, океанга чөктүрүп жиберсек...

Айта берсе арман көп дегендей, чиновниктерибиздин бети бет эмес эле батек болуп калды. Эзели эсине келбеген эсирген саясатчылардын бардыгын чо-оң кемеге салып туруп, океанга чөктүрүп жиберсек дегенде элдин эки көзү төрт. Анда эле Кыргызстанда чымындын гана үнү угулгандай тынчтык өкүм сүрүп калат эле го чиркин. Ош базары боюнча башталган балээ бир нерсенин ичинен чыкпаса эле болгону. Жаза тайып "бакиевчилер" базардагы соодагерлерди пайдаланып, төңкөрүш жасап жиберсе, 7-апрел революциясы төгүнгө учурап, Исаны УККнын СИЗОсунан алып чыгаарда кылмыштуу бийликтин огуна учкан 87 эр азаматыбыздын арбагы нааразы болоор. Өмүркулов эч нерсени анализдебей иш кылып жатканда араң турган "бакиевчилер" жандана баштаганы маалым болууда.
Назгүл МАМЫТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??