Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Омоктуу ой

Бегиш Ааматов, коомдук ишмер:
"Ич ара тирешкен бийлик туруктуу боло албайт"
- Парламент азыр саясаттын чордонуна айланып турган кез. Мыйзам чыгаруу бийлиги өзүн иш менен эмес, саясий оюндары менен көрсөтүп жаткандыгы коомчулуктун назарында болуп, нааразычылыктарды жаратып олтурат…
- Туура. Парламент бир казанда кайнап жаткандай өзүнчө кыжы-кужу, ызы-чуу… Алар маданияттан, этикалык эрежелерден алыс, өз билгендерин жасап жатат. Негизинен, кептин маңызы анда эле эмес. Биз жыйырма жылдан бери мыйзамсыз жүргүзүлүп келген референдумдардын курмандыгы болдук. Дайым айтам, 1993-жылда Баш мыйзамды өзгөртүү, толуктоо боюнча жол каралган. "Аны бир гана эл шайлаган Жогорку Кеңеш өзгөртүп, толуктай алат" деген элек. Болбосо, саткынчы, шылуундар элдин башын айлантып, референдум менен Конституцияны өзгөртүп, натыйжада, үй-бүлөлүк, кылмыштуу система куруп алат. Ошондуктан, бири-биринен ашпаган бийлик орношу абзел. Эгер Президенттик башкаруу системасы келсе, ал сөзсүз үй-бүлөлүк, кландык жолдон алыс кете албайт. Ал эми Парламенттик бийлик болсо, анда ал жерде олтурган партиялык мафия деле бир үй-бүлөдөй биригип, саясий оюндарын жүргүзөт. Андыктан, кандай болбосун, бийлик тең салмакты сакташы керек. Ооба, дүйнөдө идеалдуу Конституция жок. Бирок, кеп мыйзамдуу Баш мыйзамдын негизинде иш алып баруу болуп саналат. Дал ошол мыйзамдуу Конституция кай жеринен жана кайсыл убакта бузулганын тактап, жарака кеткен жеринен баштап бүтөп, оңдоп, кайрадан жаңыча жол менен арыш алмайын туура багытты көрө албайбыз. Ар бир шылуун келип эле өзүнө ылайык Баш мыйзам жазып жатпайбы. Мына, кечээ кан төгүлүү, кыргын болуп жатса, Баш мыйзамды кабыл алып жатышат. Аны ким окуду, ким ага өзгөртүү, толуктоолорун киргизди?! Деги кимдер так, таасын талкууга алды?! Анан эле "Парламенттик Республика болдук" деп жатышат. Кайдагы Парламенттик Республика?! Парламенттик мамлекетте депутаттарды эл шайлайт. А буларды ар бир партиянын кожоюну дайындады. Депутаттар кожоюндарынын кулу болбостон, шайлоочулардын колдоосуна таянса, ошондо гана көз карандысыз, эркин боло алышат. Эгерде башчысынын тилин алып, айдаган жерине баспайт экен, андайлардын үнүн өчүрүп, депутаттыктан айдап жиберет. Деги бул көрүнүштөн кантип арылууга болот? Мына, өнүккөн, алдыңкы демократиялуу өлкөлөр - Англия, Германияда округдан шайлашат. Тагыраагы, ар бир округдан партиялар өзүнүн өкүлчүлүгүнүн талапкерлигин коё алат. Ал эмес шайлоого партияда жок, бирок, бычакка сап азаматтар баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бизде партиянын катарына кирбеген адамдар шайлоо укугунан четтетилген. Бул адам укугун чектөөгө, каратып туруп аны тебелөөгө алып келди. Партияда "мыкты чыкмалардын" бар болгону 10 пайызы гана кирген. Андай болгон соң, калгандар эмне, экинчи сорттогу адамдарга киреби? Таң...
- Буга чейин биз элдик эмес, бийликтин ыргагындагы Курултайларды да көрдүк го… Дегеле, Конституциялык орган боло албаган мындай Курултайларды өткөрүү менен артта калган абалды оңдоого болобу?
- Ырас, Курултай өткөрүү - бул мыйзамда каралган. Бирок, ал сиз айтмакчы, Конституциялык орган эмес. Анда сөздөр гана сүйлөнөт, бирок, ачыгы эмне өзгөрөт? Курултайда маш болгондор чыгат да, калыптанып калган "дүжүрлүк" вазийпаны аткарып, тим болушат. Демек, андан эч кандай майнап чыкпайт.
- Парламентте ич ара тирешүүлөр, Түндүк-Түштүк маселелери да көтөрүлүп жатканы айтылат. Бул эмнеден кабар берет?
- Кечээги референдум менен кабыл алынган мыйзамсыз Конституция мына ушул ээн баш, башаламан жагдайга алып келди. Мандат алган депутаттардын бардыгы өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат. Трибунага чыгып алып, сүйлөгөндөрүн бүтүндөй коомчулук угат. Андай болгон соң, өзүлөрүн кичине маданияттуу кармай билсе эмне! Элдин эртеңин чече турган адамдар: "Бөрү баласы ит болбойт!" деп күпүлдөп жатканы - бери болгондо акылсыздык… Алар түндүк-түштүк маселелерин козгоп, от менен ойнобош керек. Ич ара тытышып, ыркырашкан бийлик эгерим туруктуу болгон эмес.
- Боло турган президенттик шайлоо адаттагыдай эле өз ичине саясий "сюрприздерди" камдап жаткандыр?..
- Дагы бир ирет баса белгилегим келет. Эгерде биз баштапкы мыйзамдуу Баш мыйзамды алып келбейт экенбиз, анда президенттик шайлоо кайрадан жаңжалдар менен коштолот. Калктын каарын эч ким токтото албайт! Мыйзам жок жерде ыйман болбосо, ыйманы кеткен жерде эч качан тынчтык орун албайт. А тынчтык байыр албаса, инвестиция келбейт, өнүгүүгө да жол жок. Саткындар менен коюн-колтук алышкан мафия, террористтер гана баш багып, өлкөнүн ички-тышкы абалын алсыратат.
- Түштүк коогалаңын иликтөө үчүн түзүлгөн Улуттук комиссия өз жыйынтыгын чыгарды. Ал боюнча ар түрдүү кайчы пикирлер бар. Сиздин баамыңызда, ал жыйынтык оьбективдүү болдубу?
- Улуттук Комиссияны Убактылуу өкмөт түзгөн. Демек, Комиссия Утурумдук өкмөттүн сөзүн сүйлөп, анын обонун созоору айтпасак да белгилүү. Бирок, жоопкерчиликти, эл тагдырын колго алган Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү мыйзам алдында, өзүлөрүнүн абийир, ар-намысы алдында жооп берүүгө тийиш. Утурумдук өкмөттүн бардык мүчөлөрү 7-апрелден тартып беш жарым миллион калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эки чылбыр, бир тизгинди колго алышкан. Андай болгон соң, эмнеге жазаланбашы керек? Көрүнгөн шылтоонун кереги жок. Эгер эл коопсуздугун сактоо колдорунан келбесе, унчукпай үйлөрүндө олтуруш керек болчу.
- Массалык-маалымат каражаттары - чындыкты көрсөтүүнүн рычагы эмеспи. Айтсаңыз, көзгө басар коомдук 1 - каналыбыз биз күткөндөй ачык-айкын нукта болуп жатабы?
- Болгон жок… Бизде көз карандысыз канал болушу да мүмкүн эмес. Жыйырма жылдан бери байдын эшигинин алдында ырдап жүргөндөй абалдабыз. Жоопкер бийлик болбогон соң, аны "коомдук" дейбизби же "мамлекеттик" деген аталышты беребизби, айтор, баары бир чоңдордун чордонунда алар жылмайса, кошо ырсайып жүрө берчү адатыбыз калбайт. Ар бир каналдын өзүнүн уставы, мыйзамы болот. Бизде андай эмес. Кезинде улуттук каналыбыздан: "Айдар жашкы. Андан өтүп, Максим мыкты" дегенден башка ачык-айкын маалыматтар топтомун көрө албадык го. Азыр эмне, башкача сүйлөп калыштыбы? Жок! Кокус эфирге келген бир "мыкты чыкмага" кекиртектен алган суроо берип көрүшсүнчү. Бир заматта ал журналист "уйпаланып" калат. Кызмат деген кыйын тура. Телевидениеде эмгектенген кызматкерлер жумуш ордун сактап калууну каалашат. Демек, бул: "Айтканыңды кыламын, айдаган жагыңа барамын" деген түшүнүктү берет. Мына, биздин коомдук 1-каналыбызда да дал ушундай аргасыз абал орун алган…
Аида САДЫКОВА




  Агарбаган агартуучулар

Куру убада деле курсак тойгузат
Мугалимдерди иренжите тургандай жагымсыз кабар күтүп турган экен. "Кабар" маалымат агенттигинде Билим берүү министрлигинин кызматкерлери өткөргөн пресс-конференцияда ЮСАИДдин "сапаттык билим" долбоорун финансылоонун регионалдык директору Жылдыз Өзүбекова жаңы киргизилип жаткан эмгек акыларды төлөө системасына ылайык, шаардык мугалимдердин жалыйнасы 6 миң 947 сомго, ал эми, элет жериндегилердики 6 миң 392 сомго туура келип каларын жарыя кылды. 19-январда өкмөттүн жыйынында Билим берүү министри доклад жасап, мугалимдердин айлыгы биринчи майдан баштап эки-үч эсеге дейре көтөрүлө турган убадасын берген эле. Министрдин ошол эки-үч эсеси, көрсө, 6 миң 947 сомго (6 миң 392 сом) туура келет экен. Эгер Билим берүү тармагынын профосюзунун маалыматына караганда мектеп окутуучуларынын орточо айлыгы 3 миң сомго туура келерин эске алсак, анда чындап эле мугалимдердин жалыйнасы эки эсеге көтөрүлгөн болуп чыгат. Ал эми өлкөдөгү жалпы эле бюджетниктердин айлык акысы 4 миң 200 сом экенин көнүлгө түйсөк, анда эки-үч эсе көтөрүлөт дегениң миф, куру кеп, мугалимдерди алдоо болуп чыгат. Өкмөттүн алдыдагы башкы милдети мугалимдердин артта калган эмгек акысын өлкөдөгү орточо айлык акыга теңдөө экенин эстен чыгарбоо керек эмеспи.
Азыр инфляция астрономиялык чекке жетти. Расмий билдирүү боюнча инфляция 19,2% ке туура келет. Көз каранды эмес экономикалык эксперттердин айтымдарында ал 25%ти чапчыйт. Азыркы тапта баанын күн сайын асмандап өсүп жатканы жашыруун деле болбой калбадыбы-мисалы, 19-январга карата алганда азык түлүк продуктуларынын наркы 27% ке чыкканын, анын ичинен өсүмдүк майы 47%ке, ун 43% ке, эт 33% ке, нан 22% ке, кант23% ке көтөрүлгөнүн эске алсак "эки-үч эсе көтөрүлгөн" 6 миң 947 сомдук айлык акы дегениң бүрксө да жетпестиги анык. Инфляция мугалимдердин келечекте "көтөрүлө турган" айлыгын алеки заматта жалмап таштаары талашсыз. Ошентип, мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү жөнүндөгү өкмөттүн убадасы-популисттик убада болуп чыгат.
Пресс-конференцияда Билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун айлык акыны көтөрүү үчүн 4,6 млрд. сом талап кыларын жарыялар замат журналистер андай акча кайсы булактардан табылат деген суроо берип жиберишти эле министр "каражатты өкмөт издеп жатат, биз үчүн башкысы өкмөт акчаны таап беребиз деп убада бергени маанилүү" деп алакан жайганы баарынан кызык болду. Г.Сооронкулов өкмөттүн берген убадасы менен курсак тойгуза берсе болот деп, чындап эле ишенип алган шекили барбы деп кетесиң.
Үсөн Касыбеков





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??