Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ө.Текебаев резиденциядан чыгып кетти
Убактылуу Өкмөт бийликке келгени анын анабашчылары президенттик резиденциядан орун алышкан.Парламенттик шайлоолор бүтөөрү менен депутаттык мандат алышкан айрым УӨ мүчөлөрү жашаган жерин тапшырышып чыгып кетишкен. Бирок, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушул кезге чейин резиденцияда жашап келген. Мунун эмне себеп экенин билген эч ким жок эле. Мүмкүн шайлоо алдында "криминалдардын баарын жоготом" деген Өмүке ошолордон сагыраак жашаш үчүн айланасын кароолго алган жерде баш калкалап турууну көздөгөнбү деген да ой келет. Жакында жашаган жеринен чыкпай жармашып келген Өмүрбек Текебаев резиденциядагы үйүн тапшырып бериптир. Атаңдан калган үй болбогондон кийин акыры ушундай жол менен бүтмөк да. Криминалдар чөйрөсүнөн башын катып жүрдү дейин десек, деми күчтүү Текебаев кечээ гана криминалдардын айланасында абдан күчтүү сын айтты. Демек, Текебаев үчүн баш калкалоо башчылар жашаган жатагы үйлөрдөн эмес.


"Кумтөр" кенинин иши элдик талкууга алынат
Кыргызстанда элдер тарабынан кендерге болгон кыргыз бийлигинин мамилеси туурасында ар кандай ойлор акыркы кездерде жанданып, ал тургай нааразычылыктар да жок эмес. Азыркы бийликтин кечиктирилип, ачык тендер менен иштетүүгө бербей турган "Жерүй", "Андаш", "Талды булак" кендери бүгүнкүнүн негизги иши. Бирок, ишин баштап өлкөгө өз жардамын берип жатат деген эң көп алтын кору бар "Кумтөр" кенинин иш алып баруусуна, ага карата болгон кыргыз бийлигинин мамилелерине эл нааразы болуп жаткан да жайы бар. Жакында Ысык-Көл эли бийликке аталган кендериндеги мыйзамсыз иш аракеттери жана "Кумтөрдөн" түшкөн пайданын көпчүлүк пайызын кыргыз тарапка калтыруу боюнча демилге көтөрүп чыгышкан эле. Эми ошол демилгелүү тобу "Кумтөр" алтын кен долбоорунун ишмердүүлүгүн талдап, анын Кыргызстан үчүн натыйжалуулугу боюнча маселени элдик курултайда көтөрүүнү көздөп жатат. Курултайга Талас, Оштон, Чүй, Баткенден Нарын тараптан атайын өкүлдөр чакырылууда. Өткөн , он беш жыл ичинде "Кумтөр" алтын кенинен Кыргызстан 750 миллион доллар өлчөмүндө пайда көргөн. Демилгелүү топтун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч канадалык тарап тапкан пайдадан бир кыйла төмөн. Анткени "Кумтөрдөн" болжол менен жылына он беш тоннага жакын алтын өндүрүлүп жаткандыгы белгиленген. Ал эми "Кумтөр" тараптагылар блл иштер кайсыл бир адамдардын кызыкчылыктары экендигин айтышып, мындан майнап чыкпаарын белгилешүүдө.




Шакиев баскан шайтан жолдор
Нурланбек Шакиев деген мыкты жигит. Жармашкан жагынан буга эч ким жетпейт. Азыр заман ушундай болуп калбадыбы. Бирөөгө жармашып оокатыңды кылбасаң талаада каласың. Жармашпай, бирөөгө кошамат кылбай канча деген кыргыздын мыкты жигиттери бүгүн жумушсуз калышты. Алар Нурлан Шакиевче жармашып жүрүп кыргызга кызмат кылса болбойт беле эмине? Болмок. Ага да Шакиевдикиндей шарт деле керек эмес болчу. Муну мыкты жөндөмдүүлүк деп коет. Билбесеңер, Нурлан мырзадан үйрөнүп алгыла. Ал Акаевдин мезгилинде Кубанычбек Жумалиевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөн, ал ортодо акасы Курманбек Акаевди оодарып түштү эле акырын ал кишинин этегине жармашып жардамчысы болуп, кызарган жердеги кыл чайнаштардын үстүндө жүрүп ММКаны муунткандардын анабашы да болду. Эгер реалдуу караган кишиге Шакиев дагы Бакиевдер менен кошо жаза алыш керек эле, бирок бактысына Бакиев аны апрель окуялары болгучакты жумушунан бошотуп жиберип азыр андан өткөн бактылуу киши жок. Жаза алгандын ордуна жармашып жүрүп бүгүн Маданият министри кызматын алды. Азырынча ишинин майын чыгара элек. Майын чыгарат деп ишенгендер да жок. Ал үчүн иштин майын чыгарыш керек эмес, жармашкан жактын майын чыгаруу болуп жатса керек. Кашайып, жазда дагы бир балээ болуп кетет деген сөздөрдү айтып жатышпайбы. Иштин жыйынтыгын эмес, жаздын келишин күтүп жатса керек.


"Кыргызстан маданияты" гезити жарыкка чыгат
Кыргызстандын оор турмушунда гезит чыгаруу, болгондо элибиздин маданиятын чагылдыра турган "Кыргызстан маданияты" деген аталыштагы гезитти жарыкка чыгаарын кулагыбыз чалды. Эл маданияттан саясатка өтүп, улутубуздун уюткусу бөксөрүп бара жатканда мындай гезиттин чыгышы жалпы эл үчүн жакшы жышаана экенин белгилегибиз келет. Гезитти "Бишкек Таймс" гезитинин мурдагы редактору Нуралы Капаров баштап, көздөп-төштөгөнү жатыптыр. Аталган гезиттин мурдагы жамаатын кайрадан чогултуп бир жарк эткизе чыгабыз деген үмүттөрүнө биз да сүйүнүп турабыз. Жок дегенде маданиятыбызды чагылдырган бир гезит болсо эмине. Гезитти экс-депутат, кыргыз байларынын бири Аскар Салымбеков демөөрчүлүккө алат имиш. Эмнеси болсо, да элдик гезит болсун.


Би-Би-Си кыргыз кызматы берүүлөрүн уланта берет
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы өз берүүлөрүн кыскартты. Буга эң негизги себеп акча каражатын үнөмдөө. Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматын каржылоого жылына жетимиш алты миллион фунт берилип келген болчу. Жакынкы аралыкта ушул сумманы кыскартуу милдети коюлган. Ага жараша беш кызматты жаап, мындан сырткары, ири кыскартууларды да ишке ашыруу жарыяланды.
Натыйжада, жүздөгөн орундар, жетекчи кызматтар жоюлат. Бир катар тил кызматтарынын: орус, украин, азербайжан, түрк сындуу кызматтардын радиосу жабылып, кызматкерлеринин саны кыскартылмакчы болгон. Анын ордуна интернетке басым жасалуусу күтүлүүдө. Борбор Азия жана Кавказ кызматтары 1994 - жылы ачылган. Бул кызматтар азербайжан, кыргыз, казак, өзбек жана Борбор Азия аудиториясы үчүн орус тилинде программаларын чыгарып келген. Кийин Борбор Азия үчүн орус тилиндеги программалар Би-Би-Синин орус кызматына өткөрүлүп берилип, казак кызматы мындан 4-5 жыл илгери жабылган. Бүгүнкү өзгөрүүлөр Борбор Азия жана Кавказ кызматына чоң таасирин тийгизе турган болду.
Азербайжан кызматынын радио аркылуу чыгышы токтотулуп, 8 орун кыскартылууга тийиш. Кичирейтилген Азербайжан кызматы Европа бөлүмүнө өткөрүлүп, ишинде интернетке басым жасалат.
Өзбек тилиндеги кызматта 8 орун жоюлмакчы. Ошентип, Борбор Азия кызматында кыргыз жана өзбек тилиндеги программалар гана калууда.
Кыргыз кызматы эч кыскартуусуз толук бойдон калууда. Себеби, угармандардын саны жагынан алдыда болуп келген. Ошону менен бирге, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү өзгөчөлүктөрдү эске алууда. Ошол себептен: "Би-Би-Си глобалдык аудиторияга мурдагыдай эле кызмат кылууну уланта берет. Биз азыраак жергиликтүү болуп, көбүрөөк глобалдык бололу," - деген ураан ташталып отурат.


Кыргызстан-Тунис-Египет
Египетте эки күн мурда массалык толкундоолор чыгып, өкмөт мындан аркы демонстрацияларга жол бербей тургандыгын эскертүүдө. Коңшулаш Тунистеги соңку төңкөрүшкө куштарланган толкундоолордун катышуучулары "түшпөс хан" Хосни Мубарак кетмейинче чыкканыбыз чыккан деп жатышат. Египеттин ички иштер министрлиги бүгүн демонстрацияларга тыюу салып, анын катышуучулары айыпка тартылат деп эскертти. Бирок өкмөткө каршы чыгуулардын уюштуруучулары баш калаа Каирде кайра жаңы акцияларга камданып жатышкандыгын айтышты. Жакында өткөн пикетте Египеттин эли буга чейин болуп көрбөгөн көрүнүшкө - он миңдеген киши катышкан демонстрацияларга күбө болду. Бул мындан 30 жыл мурда бийликке келген президент Хосни Мубарактын авторитардык бийлигине каршы эң ири чыгуулар болуп калды.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??