Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КУЙКАҢЫЗДЫ КУРУШТУРБАСАҢЫЗ ЭКЕН, ИРИНА
Мугалимдердин айлык маяналарына нааразылыгы бүткүл республиканы кучагына алганын Жогорку Кеңеште отурган депутаттарыбыз ар кандайча жоруп жатканы бизге жакпайт. Алсак, СДПК фракциясынан депутат болгон Ирина Карамушкина аттуу айым Билим жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюздар комитетин сынга алып, "мугалимдерди көкүтүп митингге чыгарып жаткан ушулар" дейт. Анын айтымында, "Өкмөт социалдык сферада эмгектенген кызматкерлердин проблемасын тезирээк чечип берүүгө аракеттенип жатканын профсоюз анча көңүлүнө албай жаткан" имиш. Ошондой эле ал Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасына кайрылып, эмненин негизинде алар билим берүү мекемелеринде пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканына да тынчсызданган. Бул эле дейсизби, Ирина айымдын куйкасы ЖоКеде жума намазга жыгылчубуз дегендерге да курушуп, "биз светтик мамлекетибиздин светтик мүнөздөгү принциптерин бузуп жатабыз" деп ачууланат. Бул көз караш - исламдык радикалдык саясат күчөп, террордук уюмдар пайда боло баштаганда , бул катачылык деген "Вечерка" тараткан пикирге үндөшүп турганын карасаң. Ирина айымга айтаарыбыз, мугалимдерди эч ким көкүткөн жок. 2-3 миң сом маяна алып жашасаңыз көрөт элек. Эч ким көкүтпөй эле өзүңүз митинг-пикет байрактарын көкөлөтүп көтөрүп чыкмаксыз! Баягы, "башы оорубагандын кудай менен иши жок" деген ушул да. Ал эми, жума намазга жыгылган адамдардан террорист болуп кетет деп коркпой эле коюңуз. Дин ишенимине өтө кылдат болуңуз, депутат айым!
А.Матеева






"ИЛБИРСтин" "ЗЕБРАсы" өчүп калыптыр

Өткөндө Орусиянын 1-каналын көрүп отуруп, журналист бир проблеманы көтөрүп чыкканына күбө болдум. Жол коопсуздугу тууралуу кызуу талаш-тартыш болуп, жөө адамдар өтүүчү кадимки эле "зебранын" өтө чоң ролун белгилешти. Орусиялык МАИшниктердин айтуусу боюнча, адамдын бир буту эле "зебрага" тийсе, ар жак,бер жактан келе жаткан бардык автоунаалар ошол замат тып токтошу керек экен. Ошон үчүн асфальтка ак сызыктарды даана, кашкайта түшүрүп туруу зарыл керектүү экенин билдим.
Айтайын дегеним, ордо калаабыз Бишкектин да сфетофор коюлбаган жерлеринде "зебралар" коюлган. Ырас, кай бир жерлерде жөө адамдар үчүн жолдун аркы бетине өтүүчү мындай белги жаңыланып сызылып турат. А бирок, дагы бир жерлерде таптакыр өчүп, кара жол болуп калганын биздин МАИ кызматкерлери таназар албайт. Башкасын коелу, Киев көчөсүндө, шаардын борбордук аянтындагы "Илбирс" ишканасынан Агропромдун имаратына өтүүчү жерге да бир кезде ошондой белги түшүрүлсө керек. Аябай баамдап, көзүңдү ачып-жуумп тигилсең, анда-мында ак сызыктар көрүнүп калышы мүмкүн. А көпчүлүк адамдар дал ушул жерде бир кезде белги салынганын боолголоп билишип, аркы беттен - берки бетке, берки беттен - аркы бетке өтүүгө аракеттенишет.
Бул - жөө кишилердин аракети дейли, ал эми автоунаа айдаган айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин билбегендигин мындан билиңиздер, таман алдында "зебра" турабы-жокпу, аны менен иши жок. Светофор болбогондон кийин, эмнеге токтомок элем дейби, жолдон өтүп бараткан адамдарды көзүнө илбей, коюп кетчүдөй оомуроолойт. Жаман айтпай , жакшы жок, ошол "зебрадан" бирөөнү коюп кетип, бир пенденин убалына калбаса болду деп коркосуң.
Ушул жерден дагы бир белгилей кетчү нерсе, айдоочулардын машине айдоо "сабатын" ачып, жөө жүргүнчүлөрдүн укугун сыйлоону үйрөтүү керек. Бир светофордон башканы билбеген айдоочуларга, кадимки эле светофордун "зебра" деген сиңдиси бар экенин жөө жүргүнчүлөрдүн атынан айтып коюу - ашыктык болбос.
Нурайым САТКЕЕВА,
Бишкек шаары.





Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдигиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түүзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска,нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772 682199

1.
Урматтуу "Айкын Саясат" гезитинин кызматкерлери! Сиздердин гезитти алгачкы санынан тартып окуй баштадым. Кайсы гезитте иштебесин, өз принцибинен жанбаган сиздердей журналисттер бар экенине сыймыктанам кыргызда. Гезитиңиздердин нускасы көбөйө берсин. Кыргыз журтчулугу күтүп окуган окумал гезиттен болуңуздар! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалап,-
Кемелбек, Бишкек шаары.
2.
Аны-муну дегиче январдын бүтүп баратканын караң! Мезгил деген көзгө илешпей гана учуп жатканы ушул да. Эми, жакында жаз келет. Мен өзүм табиятыман жазды жакшы көргөн жанмын…өзгөчө, жаз жамгырын сүйөм. Жаздан бардык жакшылыктарды күтө берем. Ылайым эле ушул жаз жумурай-журтка жакшылык алып келсе экен деп тилей берем. Жазда жакшы гана окуялар болуп туруусун көптөн-көп тилеп,-
Гүлзаада, Талас району.
3.
"Айкын Саясат" деген атыңар жакты. Чынында ушул убакта жүргүзүлүп жаткан саясаттын баары киргил тартып, булганыч болуп кетип жатпайбы. А сиздер ушул алган багытыңыздардан жанбай, апачык, айкын саясат кандай экенин гезит бетине чагылдыра бериңиздер.
Сапар, Ош облусунан.
4.
Июнь окуясына баа берүү максатында түзүлгөн Улуттук комиссиянын чыгарган корутундусуна чычалагандар көбөйдү. Кыргызда "Чын - чычалайт" деп койчу беле… Андан көрө, чычалабай эле, кетирген кемчиликтерди моюнга алып, кайра эл кызыкчылыгы үчүн болгон күчүн жумшап аракеттенишсе, алардан айланабызбы? Жүздөгөн адамдар курман болуп, миңдеген адамдар качып-бозуп, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирүүгө аз калганын баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Кимдер ката кетиришсе өздөрү эле моюнга алып, кыргыз үчүн туруп берсе кана!
М.Жанадилов,
Жалал-Абад облусу.
5.
Ушул убакта катуу кейип жүрөм. Жакын деп санаган адамдардан алыстап кетүү адам үчүн кыйынга турат экен. Бирок, ушунун баары мобул заманыбыздын катаал шартынан улам чыгып жатканын ачык эле айткым келет. Күндөр улам оордоп, баалар жогорулагандан жогорулап эле кетип баратканы, эч кимдин чекесин жылытпай атпайбы…
Бактыгүл,
Бишкек шаары.
6.
Депутат болуп шайланаарда "айланып кетейин" деп бура бастырбай айланчыктап жүргөн депутаттарыбыз, эми өздөрүн ак сөөк сезишип Жогорку Кеңештин көркүн чыгарып отурушат. Айрымдары популисттенип бир сөзүн миң кайталап телевизорго түшүп, эл көзүнө көрүнүп калуу менен алек болсо, айрымдары болбогон жерден чыр чыгарып, бири-бирине көчөдөгү боз балдардай жулунушуп…айтор, кышы менен элди эриктирбей чыгышат окшойт. Мейли, кара курсактын камын көрүп, өзү менен өзү болгон калың элге да эрмектээрге бир жакшы шоу программа керек да. Кечке чейин кара жанын карч уруп иштеп, кечинде каткырып күлүп отурууга не жетсин! Бар болуңуздар, депутаттар, тоюс…
Жамалдин,
Сузак району.
7.
Манас районунда жашап-иштеп жаткан жеңебиз Иманкулова Уулбекти кутман курак 50 жашы менен куттуктайбыз! Мугалимдик кесиптин өтөсүнө чыгып, окуучуларыңдын, алардын ата-энелеринин алкышына арзып келесиң. Агабыздан калган уул-кыздарды чоңойтуп, турмуштун туура жолуна салып, ушул кезде бактылуу чоң энесиң. 60-70-80-90 жашты багынтып, урматтуу өмүр сүрүңүз!
Бишкектен кайнилериңиз жана
кайын сиңдиңиз.
8.
Жаңы келген коен жылын ким кандай тосту, билбейм. А бирок, менин настроением бир бузулуп барып кайра оңолду. А эмнеге?-деп сурайсыздар да. Себеби - баягы эле светтин азабы! 31-декабрда кечке свет күйбөй, жаңы жылга 3-4 саат калганда гана күйсө болобу. Караңгыда шам жагып отурдук, апам экөөбүз. Анан, даярдоого үлгүрүп калган салат-малаттарды столго коюп, эптеп тамактанып алып уктоого баш койгондо жарык күйсө болобу. Аяз ата мага эң чоң белек алып келгендей сүйүнгөнүмдү айтпа! Жаңы жылдын кечинде бизге мындан артык белектин кереги жок болуп калган. Адамдын психологиялык абалына мындай сыноо койгон күндөр аз болсо экен!
Зарина, 8-класстын окуучусу,
Бишкек шаары.
9.
Айланабыз чуулдакка толуп кетти. Бирөө бир нерсе кылайын десе эле, ага сөзсүз бирөө каршы чыгат. Деги, биринин сөзүнө экинчиси муюган учурлар аз, сөзсүз талашып-тартышат да турат. Мына, Ош базарын эле алалы, бири келип оңдоюн деп аракеттене баштады эле, ага базардагылар каршы чыгышып, жакалашып эле жатып калышты. Ушул убакта закүн-макүнүңдү уруп ойногон эч ким калбай калды. Азыр "законопослушный" адамдарды табыш кыйын. Аарынын уюгундай болуп баш-аламан болгондорду иретке келтирип, бир сыйра жаңыланып, тазаланып алууга жол берсек кантет, туугандар.
Замира,сатуучу,
Бишкек шаары.
10.
Алтышкам! 30-январь, туулган күнүң менен куттуктайм! Дайыма маанайың жарык, ден соолугуң чың болуп жанымда жадырап жүрсөң экен. Сага ааламдагы бардык жакшылыктарды чын дилимден каалайм.
Сенин гана Эмилиң.
Бишкек шаары.

Бетти даярдаган Нурбүбү Бөдөшова







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??