Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын
Президенти Р.И.Отунбаевага,

Жогорку Кеңештин төрагасы
А.К.Келдибековго,

Премьер-министр А.Ш.Атамбаевге

К А Й Р Ы Л У У
"Каратал Кушчу" (Кутчу) коомдук бирикмеси сиздерге кайрылып жатканын себеби, Талас районунда буга чейин айыл чарбасында, кен тармагында, элдердин социалдык турмушун жакшыртууда, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу аракеттери боюнча жүргүзүлүп келген саясатына нааразы. Себеби, айыл чарбасын көтөрүүдө, кен тармактары боюнча иш алып барууда областтык жана райондук деңгээлдеги жетекчилер ич жылытаарлык иштерди жасай алышкан жок. Элде ар кандай нааразычылыктар болуп жатканын билип, сезип турушса дагы, акчалуу, кен тармагындагы компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп турушту. Мындай аракеттердин негизинде мамлеккеттик чиновниктердин кадыр-баркы, эл ишениминен ажырады жана көнүмүш адат менен ушул кездерде да өзгөрүшкөн жок. Бир эле Талас районунда бүт республикага аты белгилүү болуп калган "Жерүй", "Талды-Булак", "Андаш" кендери бар экендиги белгилүү. Бул кендер элдин кызыкчылыгын эске алуу менен туура ишке берилсе, мамлекетибиз үчүн чоң пайда алып келмек. Аталган алтын кендеринин ичинен "Жерүй" кени ушул кезде эң көйгөйлүү маселеге айланган.
1990-жылдардан бери ушул кезге чейин кеминде 74 тонна алтын кору бар "Жерүй" кени өз ишин баштабай же биротоло токтоп калбагандыктан улам, кен чыккан аймакка жакын жайгашкан айыл тургундарынын ар кандай нааразычылыктары пайда болууда. Биздин билишибизче, кенди казып алуу иштери жолго түшүп кетпей жатышынын эң негизги себеби мындан мурдагы жетекчилердин коррупциялык иштеринин кесепетинен улам ар кайсыл компаниялар мамлекетке жана элге пайдалуу боло тургандай иштерди жасай алышкан эмес. 1998-жылы Н.Танаевдин өкмөтү Англиялык "Оксус Голд" компаниясына кыргыз өкмөтү тарабынан лицензия берилип бирок, аталган компания ошол учурда алтындын дүйнөлүк баасы түшүп кеткен себептен, 2003-жылган чейин даярдык жумуштарды гана аткарып келген. Ушул эле жылы "Оксус Голд" компаниясы өкмөттүн койгон талабынын негизинде, курулуш иштерин баштаган. 2005-жылы Бакиев бийлиги орногон соң , ал кездеги өкмөт башчысы Феликс Куловдун 28-декабрь №619 токтомунун негизинде "Оксус Голд" компаниясынын 70% курулуш иштеринин бүткөндүгүнө карабай ишти токтоткон. Ушул эле өкмөт 2006-жылдын 26-майында №377 өкмөттүн токтому менен "Глобал Голд Холдинг" компаниясына "Жерүй" кенин иштетүүгө макулдугун берген. Ал Австриялык "Глобал Голд Холдинг" компаниясы болгону 2006-жылдын 17-мартында гана негиздөөчүсү овщордук зонада түзүлгөндүгү белгилүү жана буга чейин алтын казуу боюнча эч тажрыйбасы жок болгондугу да анык. Ошондон улам 2006-жылдын май айында ОАО "Кыргызалтын" менен ЖЧК "Глобал Голд Холдинг" компанияларынын ортосунда кен казуу боюнча келишим түзүлөт. 2006-жылдын май айынан бери 2010-жылдын ноябарь айына чейин бир канча даярдык иштерин жүргүзгөнү менен "Жерүй" кенин казуу боюнча убада кылынган инвестициялык милдеттемелерин аткарышкан эмес. Мунун баарына түздөн-түз тиешеси болгон жана күнөөлүү ошол кездеги өкмөт башчысы, азыркы "Ар-Намыс" партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов эл алдында жооп береби? Азыркы күндө белгилүү болгондой Борис Березовскийге таандык "Глобал Голд Холдинг" компаниясын алып келген Максим Бакиев да эч жооп бербестен бөлөк өлкөдө качып жүрөт. Биздин мамлекет мыйзамды сыйлаган өлкө экенин чындап таанысак, анда өз элине кыянатчылык кылган Феликс Кулов, Максим Бакиев өңдүү ушу ишке тиешеси бар мамлекеттик чиновниктер жана кээ бир депутаттар дагы мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.
Бүгүнкү күндө дагы "Жерүй" алтын кенинин тагдыры чечилбей келүүдө. Азыркы өкмөттүн Кыргызстандын кендерине болгон акыркы мамилелери жана алардын тагдырын туура чечүүдө жасаган аракеттери бизди үмүт байлатты. Ушул негиздерден улам "Жерүй" алтын кенин мамлекет жана кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ачык-айкын, бир тараптуу эмес, жергиликтүү элдин атайын өкүлдөрүнүн катышуусу менен элге пайдалуу шарттардын негизинде, экологиялык зыяндуулугу жок болгон учурда гана иштетсек болот.
Мындан ары "Каратал Кушчу" (Кутчу) коомдук бирикмеси жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн "Жерүй" алтын кенин иштетүүдө эл менен бирге мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн иштерге, инвесторду тандоодо, экологиялык коопсуздук маселелерин кароодо, иштетете турган компаниянын кен казуудагы болгон иштерин мониторинг кылууга, кен чыккан аймакка жакын жайгашкан жергиликтүү тургундарга жана жөнөкөй жумушчуларга укуктук жактан колдоо көрсөтүү боюнча кеңеш берүүгө, жана башка иш аракеттерге түздөн-түз катышат.
"Каратал Кушчу" (Кутчу) Коомдук Бирикмесинин төрагасы
Кубанычбек Молдобеков




  Демдүү демилге!

Таласта бийликке таарыныч бар, бирок аны ынтымак менен жеңишет
Талас-кут даарыган жер. Манастай айкөл баатыр байырлап, Чыңгыздай залкар чыккан аймак. Кас душманын дос кылган касиеттүү эли бар. Ошол себептен "Таарынсаң Таласка бар" деген кеп тараган өңдөнбөйбү. Ушул ыйык жерде жакшы жышаана башталды. Учурда болуп жаткан саясий оюндар, аймак-аймакка, жик-жикке бөлүнгөн элге үлгү болчудай демилге көтөрүшүп "кыргыздын башын кошолу, бөлүнгөн элди бөрү жеп кете турган болду" деген ой айланасында, Таластын баш-аягы кары-жашы дебей 500 дөй адам чогулуп, чай үстүндө даам сызышып "бир билектей бололу, бул улама жол уланып бүт Кыргызстанга тарасын, түштүк-түндүк деген сөз кыргыздын кас душмандарынын сөзү болсун" деген тилектерин айтып, азыркы кыргыз саясатындагы шалаакылыктарды, элди экиге бөлүп-жарып жаткан айрым саясатчылардын да дарегине наалат сөздөр айтылды. Алгач сөз алган Токон аксакал: "Бул эмне деген шумдук, парламент элди ойлобой эле бири-биринин артын чукушмайга өттү, эл унутулуп эле калды. Мунун кесепети эмнеден болуп жатат? Жанагы мурунку бийликтегилер кайрадан келип калышкандыктарынан болууда. Бийликке жетсе эле төрт тарабы төп келип, ага эч ким жаза бере албагандай болуп калышат экен. Эл эки бийликти омкорду. Ишенген кожолорубуз сууга агып, эл ырыскысын жеп-ичкендердин бирине да жаза бере алышпай койду. Элди эки жикке бөлүшкөнү аз келгенсип, кыргыз элинин байлыгына кол салгандары жаныбызды кейитет. Булардан жакшылык күтүп болбойт экен, жалпы кыргыз эли биригип, баарына тиешелүү жазасын берип, жалпы көзөмөлдү колубузга алышыбыз керек болуп калды. "Эл эч нерсе кыла албайт, айдактаган жагыңа кете берет, акча берип алдайбыз "деген түшүнүктөрдү унуткарыш негизги ишибиз. Эл аларга шайлоодо гана керек. Кудай бетин салбасын, бутума чөгөлө десең деле чөгөлөп бере турган боло калышат го кысталактар. Бүгүн эмне, баягы таз кейпибизге кайра сүйрөй башташты. Жалпы карапайым эл үчүн тынчтык менен эле бейкуттук керек. Ошону ойлоно алышпай жатпайбы. Тынчтык болсо экен деп чыдап отурсаң биринин этин бири жеп койгондон кайра тартышпайт буларың. Жанагы парламенттеги, өкмөттөгү "акжолчуларды" айланайындар элде кан төгүлбөсүн, өзүңөргө, тууган уругуңарга зыян болбосун десеңер сыйыңар менен кызматыңарды тапшырып кеткиле дешибиз керек. Болбосо, билинбеген менен элдин кыжырдануусу курч. Баарынан да жанагы 7-апрелде курман болгон азаматтарды эч ким эстегиси да келбей калды. "Ак-жолчулар" кайра Отунбаева баштаган мурунку Убактылуу өкмөттү кекетип, аларды соттогону жүрөт. Биринчи балээнин баарын ким кылды эле деп уялып коюшса болбойбу" деп, азыркы парламент жүрүшүндөгү айрым нерселерге ичи чыкпай жатканын айтса, Жуман аксакал: "Ынтымак деген сөздүн өзү жакшы. Ынтымак болсо гана бардык жеңиштерге жетебиз. Душманыбыз кыргыз эмес экенин билишибиз керек. Чыныгы душман элди өзүнө кул кылып, жерин басып, мал-жаныңды талап жоготот. Биз ошондой сырт душмандарыбыздан да сак бололу. Азыркы бийликти жаман дей бербей, жакшысын да көрүп, жаманын барып айталы. Ал үчүн баарыбыз кыргыз деген ураан алдында биригип калыс ойлорубузду айталы" деди. Жолугушуунун уюштуруучусу Рыскелди Ботиков болсо, "бул жерде эч бир саясий оюндар жок экенин, түндүк-түштүк дегенди бери коюп, болуп өткөн акыркы парламенттик шайлоодон кийин бир айыл 29 партиянын айынан 29 жикке бөлүнүп калганын, анын арты айыл ичинде, керек болсо туугандар ортосунда уруштар чыгып кетип жатканын, ынтымакка келип, ошол ооруудан айыкпасак алдыда боло турган президенттик шайлоолордо эл бытыранды болуп кетээрибизди" айтып жаштарды биримдикке, акыйкаттуулукка, сабырдуулукка үндөдү. Эл болгондон кийин боло берет эмеспи. Кызык тамашалар кийинки жүрүштөрүндө башталды. Борбордон атайын барган Дуулат аттуу жигит, ал ынтымак кеченин төркүн-төшүн түшүнбөй калдыбы, же баягы жел аргы сөздөрдүн кесепетиби айтор, эч бир ойдо жок жерден: "Мени бул жакка Болот Шер жиберди. Мындай аракетиңер менен Талас губернатору Койсун Курманалиеваны түшүрүп, башканы шайламакчы болуп жатыпсыңар. Андай нерсе оюңарда тырмактай да болбосун. Койсун эч жакка кетпейт" деп парламенттин тийиштүү жетекчисинин өкүлүндөй оң тараптан омуроого алды. Сыягы мындай чогулуштун айланасында ар түркүн сөздөр жүрүп кеткен шекилдүү. Жыйын андан ары ар кандай талкуулар, ойлор, сунуштар менен коштолуп акыры эл ынтымагын бекемдеп бул саамалыкты Талас аймагынын бардык райондорунда улантып, республикалык деңгээлде алып чыгып кыргыз элинин ынтымагы катары көтөрүүнү макулдашышты. Ырас эле губернатор айланасында айтылган сөздөр дагы мурунку күндөрдө айтылганы белгилүү болду. Керек болсо, Талас губернаторунун жакындары болуп өткөн жыйындын уюштуруучусунун үйүнө 20 га жакын адам менен барып коркуткан учуру болгонун да кулагыбыз чалды. Ынтымак үчүн чогулганыңар чындык болсо, андай иштер жалпы эл үчүн "чепуха".
Баймырза НАКАЙ











кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??