кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї


Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында КР премьер-министри Алмазбек Атамбаев, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. КР Президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнөн кийин сөз алып сүйлөдү. Ал өкмөт мүчөлөрүн кызматка расмий киришкендиги менен куттуктап, анттын күчү жогору болорун жана кыргыз элинде "антты аткарбаса, анын кусуру урат" деген сөз бар экенин айтты. "Ант берген өкмөт мүчөлөрү дайым мыйзам чегинде иштейсиңер деген үмүттөмүн. Мына бүгүнкү күндөн баштап, бардык бийлик бутактары легитимдүү иштей баштады жана шайлоочулар алдында мыйзамдуу болуп, өлкө укук талаасына кирди", - деп белгиледи Роза Отунбаева. Ал чогулгандарга эл саясий интрига жана чабышууларды карап отура албастыгын, социалдык турмуш жана экономиканы тез жакшыртуу керектигин эскертти. Мен Конституциянын гаранты катары өлкөнүн бөлүнүп жарылуусуна жол бербейм. Бөлүнүп жарылууну токтотпосоңор эл парламентти таратууну маселе кылып көтөрүп чыгышаарын да айтты. Ант берүүдөгү айтылган Отунбаеванын "анттын кузуру урат" деген сөзү муну менен экинчи ирет айтылып жатат. Мындан мурун 7-апрелде курман болгон азаматтарды акыркы жайга узатып жатканда айткан. Көптөгөн жоопкерчиликти моюндарына алган УӨ мүчөлөрүнүн былыктарын ал кездеги Каржы министри Темир Сариев ачыктап бергени "ап" этме жагдайбы же чындап эле эл үчүн пайдаланыштыбы акча жаатындагы иштер элге ачыкталды. Ушул кезде деле өлкөнүн жетекчилерине, өзгөчө парламенттин депутаттарына нааразылыктар арбын. Анттын кусуру кимди уруп кетээр экен…











??.??