Бийлик деле "эл!" дейт, бийликке каршы


адамдар деле "эл!"дейт. Кимисине ишенебиз?


10-апрелде Жалал-Абад шаарында өткөн "оппозиция" - деп аталган акчалуу топтун уюштурган митингинде бир маалыматта 4 миң, башка маалыматтарда 10 миң адам катышкан экен. Бул эки цифранын орточосун алганда 7 миң болот. Митингдин анабашылары депутаттар К. Ташиев, А. Келдибеков, "коммунист" И. Масалиев, "Асаба" улуттук партиясынын төрагасы С. Дыйканов, КСДПнын экс-депутаты К. Кадыров жана да азыркы бийликке нааразы адамдар. Бирок, булардын көлөкөсүндө бир дирижер бар. Бирок, ал ким экендигин айтыш бир аз эртелик кылат. Митингде коюлган талаптары өткөндө, Баткенде айтылган талаптар. "Өкмөт кетсин! "Жаңы өкмөт түзүлсүн!", "2010-жылы "АзияУниверсалБанкынан" уурдаган акчалар аныкталып, күнөөлүүлөр жазалансын, ушул эле жылы түштүктөгү кандуу окуяга тиешелүү адамдар жазалансын!". Чынында бул талаптар жүйөөлүдөй эле. Себеби, чынында Өкмөт өз билгенин кылып жатат, жаза алуучулар жазадан кутулуп чардап жүрүшөт. Бирок, эки нерсе эч бир логикага туура келбейт. Биринчиси: Өткөн жылы декабрь айында Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын түзгөндө К. Ташиев башында турган "Ата-Журт" фракциясы азыркы өкмөткө добуш беришкен. Арадан 3,5 жарым ай убакыт өттү, эмнеге айный түшүштү? "Ата-Журтчулар" ата-журттун тагдырына ушундай айнып кетмей мамиле кылабы, чунактар! Митингдеги талаптардын дагы бири - Башкы прокурор А. Салянованын отставкасы экен. Бул талап дагы албетте жүйөөсүз талап. А. Салянова эмнеден жаза - тайды же өткөн режимдер менен биргелешип кызматташ, табакташ болуп акча уурдады беле? Азыр бийликте коррупцияга малынып кетпеген бирден бир таза кадр. Болгону А. Салянова өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүп далалат кылып жатат, бирок, буга коррупцияга баткан депутаттар тоскоолдук кылып жатат. Жалал-Абаддын эстүү кары жашы оппозициячылардын "ушул маселени талапка киргизбегиле" - деп коюшса болмок. Ошол митингке келген карапайым адамдарды митедей соруп жаткан коррупция - экенин билишпесе керек, атаганат десе. Антсе да, А. Саляновага карата коюлган талап суу кечпейт.
Жалал-Абад митингинде коюлган талаптар 2012-жылдын 21-апрелине чейин аткарылбаса анда митинг Таласта, Ысык-Көлдө, Бишкекте уланат имиш.
Депутат А. Келдибеков: "2012-жылдын 21-апрелинен кийин мамлекетте чоң өзгөрүүлөр болот, эгер коюлган талаптар аткарылбаса, анда президенттин отставкасын талап кылабыз!" - деп жатат. Ушундай эле ойду К. Ташиев да белгилептир. Минтип митинг жүрүп жатканда өкмөт башчысы Ө. Бабанов А. Мадумаров, К. Ташиев менен сүйлөшүптүр. Эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрү айтылган жок. Бирок, Камчыбек катуу күүлөнүп алыптыр, Каныкей чаптырган Тайторудай болуп...
Ал митингде "биздин үчүнчү революцияны жасаганга күчүбүз деле жетет, бирок биз мыйзамдар аркылуу бийликке келебиз. Президент ойлоп жатат, кызмат берип алдап коем деп, бирок биз кызматка алданбайбыз" - деген экен күүлөнүп. Айтор, бийлик деле "эл"! - дейт, бийликке каршы адамдар деле "эл" - дейт. Эки тараптын ооздорунан чыккан "эл" - деген сөз бүгүнкү саясатчылардын бренди болуп калган окшобойбу…
Күлчоро Кабылов







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

12-апрель, 2012-жыл






??.??