"Пир" жана карапайым эл


2012-жылдын 6-апрель күнү Жалал-Абад областына караштуу ашууларда кар көчкү түшүп жатканына карабай бел ашып, "Кыргызнефтегаз" АКсынын эмгек жааматынын атынан профсоюздар уюмунун төрагасы Акынбек Раимкулов баш болгон адамдар Бишкекке келишип, алардын "пири" болгон Жогорку Кеңештин депутаты Искак Пирматовдун иши боюнча маалымат жыйын өткөзүштү.


Бул жыйында Акынбек Райымкулов
мындай пикирлерин билдирет:
"Кыргызнефтегаз" ишканасынын эмгек жааматы коррупциялык иштерге тиешеси бар И.Пирматовдун кол тийбестик укугун алуу боюнча Жогорку Кеңештен талап кылабыз. Бул - эмгек жааматтын негизги талабы!. Эгер, И. Пирматов күнөөсү жок болсо, анда аны сот чечиш керек. Биз парламентке бул маселе боюнча кайрылганбыз, бирок натыйжа чыккан жок. Депутатты коргоп жаткан мындай парламент таркатылыш керек" - деп ачуу айтты. Андан аркы сөзүндө "Кыргынефтегаз" АКсынын профсоюздар уюмунун жетекчиси А. Раимкулов журналисттерге "И. Пирматовдун иши айкын эмес, айкын болуш үчүн мындай фактыларды келтирем" деп төмөнкү ойлорго токтолду.
И. Пирматов "Кыргызнефтегаз" компаниясын башкарып турганда ишканага 5 миллион доллар зыян келтирген. 2009-жылы И. Пирматов бургулоочу техниканы 8,5 миллион АКШ долларына сатып алса, биз жакында ушундай эле бургулоочуну 3,7 миллион долларга сатып алдык. И.Пирматов 2009-жылы жогорудагы бургулоочу техниканы 2005-жылы жасалган, тетиктери жок сатып алган. Биз сатып алган бургулоочу техниканы жап-жаңы дагы кошумча тетиктери менен алдык. И. Пирматов сатып алган бургулоочу техниканы "Хайнан" - деген аралда каттодо турган ортомчу фирма аркылуу сатып алган имиш. Биз иликтөө жүргүзүп көрсөк андай фирма жер жүзүндө жок экен" дейт.
Ошол эле маалымат жыйынында "Кыргызнефтегаздын" бургулоо иштерин башкаруу цехинин мастери Алинур Довранов да мындай ойюн ортого салды. "И. Пирматов иштен кеткенден кийин ишкана кызматкерлеринин жана жумушчуларынын айлык акылары эки эсеге өстү. И. Пирматовдун убагында орточо айлык акы 6-7 миң сом болсо, азыр айына 15-16 миң сомдон айлык акы алып жатабыз. Пирматовдун мезгилинде жумушчулар кыскарып келсе, азыр жумушчулардын саны, айрыкча жаш жумушчулар көбөйүүдө" - дейт.
Кара мазут менен күндүр-түндүр жуурулушуп, "Кыргызнефтегаз" компанисында иштеп жаткандардын айткандары ушундай, окурманым. Ал эми И. Пирматовду 2012-жылдын 6-апрелинде актап чыгышкан депутаттардын кылгандары башкача. Анан кантип мамлекет оңолот? Кантип эл азыркы бийликке ишенет?
Эскерте кетсек, депутат И. Пирматовго Башкы прокуратура 2012-жылдын 12-февралында 2008-2010-жылдары "Кыргызнефтегаз" АКсын башкарып турганда техникаларды сатып алууда жана Кытайга арзан баада мазут сатып, натыйжада мамлекетке 12 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген деген айып койгон. Бирок, Жогорку Кеңеш бул иш боюнча депутаттык комиссия түзө салышып, натыйжада И. Пирматовдун күнөөлүү эмес - деген корутундусун чыгарып, ушул комиссиянын жыйынтыгы менен 2012-жылдын 2-апрелинде И. Пирматовдун кол тийбестик укугун калтырып коюшкан .

Ногойбай Султанов


Карайлаган кадр саясаты

Элчиликке этиканын тиешеси жокпу?


Бакиев бир туугандарын, балдарын биринин артынан бирин мамлекеттик чоң кызматтарга өз колу менен дайындап жатып: "Бир туугандарымды, балдарымды өз жайына койгулачы. Менин бир туугандарым, балдарым акылдуу жана билимдүү болсо эмне кылайын?" деп балп эттирип айтып салганы бар.

Мына ошол жөрөлгө, мына ошол салт бийликтин мураскорлору тарабынан дале да ырааттуу уланып жатат. Болгондо да УКМКдан да "жабык" - Тышкы иштер министрлигинде. Тышкы иштер министрлигиндеги кадр саясаты демекчи, 2010-жылы Тышкы иштер министринин орунбасары болуп дайындалган Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич арадан көп убакыт өткөрбөй, ТИМге өзүнүн кызын кызматка алып алган. Эгер Тышкы иштер министрлигинин 2006-жылдын 27-апрелдеги №35-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин этика кодексине ишене турган болсок, "сотрудник дипломатической службы КР не вправе: находиться на государственной должности в государственных органах, в которых его служба связана с непосредственной подчиненностью или подконтрольностью лицам, имеющим с ним близкие родственные отношения (родители, супруг, родные братья и сестры и дети)" деп ак-карасынан жазылып турат. Ыраматылык Салижан Жигитов "кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт" дечү эле, буйрукту атайы орусча бердик. Сыягы, Тышкы иштер министринин орун басары Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич бул этика кодекси менен тааныштыгы жок окшойт.
Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин этика кодексин "билбеген" дагы бир орунбасар министр бар. Ал - Кемелова Динара Амантуровна. 2010-жылдын августунда орунбасар министр болуп дайындалган. Динара Амантуровнаны КР дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин этика кодексин билбейт дегенибиз, анын өмүрлүк жубайы Молдогазиев Рысбек Турганбаевич 2011-жылдын 3-июнунда Отунбаеванын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Кубатбек Байболовду моралдык-этикалык жактан ээлеген кызматына ылайыксыз деп, Башкы прокурорлук кызматынан алып түшкөн Роза Исаковна КР дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин этика кодексин көзүнө илбей туруп, ушундай иш жасап ийиптир. Же ушундай этика кодекси бар эле деп, орунбасар министр Динара Амантуровнанын айтып койбогону кызык.
ТИМдин дасыккан дипломаттары Молдогазиев Рысбек Турганбаевичти кызматка коюуда этикалык жактан орой катачылык кеткенин айтышат. Себеби, Тышкы иштер министрлиги элчилерди дайындоодо түздөн түз катышат. Демек, биерде орунбасар министр Динара Амантуровна өмүрлүк жубайы Рысбек Турганбаевичти Японияга элчилик кызматка өзү сунуштабаса да, тиешеси болбогонуна кепилдик жок. "Ооба, бизде, Кыргызстанда балдарын, ата-энелерин, өмүрлүк түгөйлөрүн, жадагалса курбу-курдаштарын, абысындарын жогорку кызмат орундарына дайындоо абсурддук абалга чейин жетти" дешет, дипломаттар. Анан калса, Отунбаева Рысбек Турганбаевичти элчилик кызматка сунуштаган жарлыкка карабай туруп кол койгон деп айткан да болбойт. Кыргызстан менен достук мамилелери жакшы, миллиондогон доллар гранттарды, инвестицияларды берип жаткан донор-мамлекетке эл аралык кадыр-баркы бар дипломат дайындалышы керектиги жана дайындоо иштеринде моралдык-этикалык нормаларга жат көрүнүштөр болбоо зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Биерде, дагы бир кызык жагдай бар. Орунбасар министр Динара Амантуровна 2004-2008-жылдары Япониядагы кыргыз элчилигинде 1-катчы болуп иштеген экен. Ал мөөнөтү бүтүп, бул жакка ишке которулгандан кийин анын ордуна өмүрлүк түгөйү Молдогазиев Рысбек элчиликтин 1-катчылык кызматына барган. Баса, Рысбек Турганбаевичти дайындоодо дагы бир процедуралык катачылык кеткен. Анын Япониядагы Кыргызстандын элчилигинде иштеп келип, бул жакта ТИМде иштеп жатканына болгону бир жылдын (2010-жылдын августунда келген) гана жүзү болгон. Дипломатиялык тартип боюнча ал бери дегенде 2 жыл ТИМдин өзүндө иштеп, андан соң гана элчилик кызматка кетсе болмок экен. Бирок, эмнегедир аны ушунча бат өстүрүштү, 3-4 айдын аралыгында улам бир кызматка дайындап, рангасын көтөрүп олтуруп, министрдин кеңешчиси даражасына жеткиришти дешет.
Жогоруда айттык. Күн чыгыш өлкөсү менен болгон кызматташтыктын биз үчүн болгон мааниси айтып болгус. Демек, ал жактагы ар бир кызматкер япон тилин япондордун өзүнөн мыкты билген, дасыккан дипломаттар болууга тийиш. Тилекке каршы, элчи Молдогазиевдин дипломатиялык этикалык нормаларга ылайык эмес дайындалып калганын айтпаганда, анын Япония элчилигиндеги 1-катчы катары ишмердиги тууралуу ар кандай сөздөр бар. Ошол эле Азимбек Анаркуловичтин Кыргызстандын Япониядагы элчиликте иштеп жаткан уулу тууралуу айтсак, ал деле эл аралык мамилелер тууралуу билими, же иш тажрыйбасы жок болсо керек. Япон тилин деле көп жакшы билбейт деп айтышат.
Кадр саясатындагы абал ушундай, туугандар, кайрадан эле баягы "менин бир тууганым, балдарым акылдуу болсо эмне кылайын" дегендей тырмоону тебелеп жатышат. Аттигиң, кадр саясаты кор болуп туру гой.

Асанбек Муктаров





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

12-апрель, 2012-жыл






??.??