Акаевден, Бакиевден ашып түшүп...


Өткөн аптада аталышы бир укмуш "Тур, улуу журт!" - деп аталган коомдук уюмдун өкүлдөрү маалымат жыйын өткөзүшүп, өлкөдө 1 жылга митингдерди токтотолу - деп чыгышты эле, эми ушул демилгени өкмөт коштоп жатыптыр. (Кезинде мындай пикирди (Бакиев доорунда) бийликке ыктап жүргөн, бүгүн болсо өзү ошол митингдерден калбай жүргөн Исхак Масалиев да ЖК трибунасынан көтөрүп чыккан эле) "Баракелдеге" айткан сөзүндө бир кездеги К. Бакиевдин жардамчысы, азыр өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Беков "Ө. Бабанов, депутат К. Ташиев жана депутат С. Жапаров менен жолугушуп, жакшы маанайда сүйлөшүп, "эл үчүн жакшы иштейли, ал үчүн 3 жылга митингдерге мораторий жарыялайлы деп аларга (К. Ташиевдерге) меморандумдун долбоорун бергенбиз" - дептир. Болуптур, жогорудагы "Тур, улуу журт!" - коомунун адамдары өз ойлорун элге сунуш кылгандыр деп коелу, ал эми аткаруу бийлигинин 3 жылга мораторий жарыялайлы дегени эмнеси? Баш мыйзамда адам укугу жана эркиндиги жөнүндө бүтүндөй бир глава, 28-берене менен кепилденип турбайбы. Же Ө. Бабанов менен К. Ташиев элдин укугу менен эркиндигин экөө эле чечип коюшабы? Бийликтин билими, деңгээли ушундай болсо, жетиптирбиз го, жеткен жерибизге.





Өз көмөчүнө күл тартып...

Депутаттар бүргөдөй "секиришип"...


Мурдагы күнү Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев парламенттин тартип сактоо жана коррупцияга каршы комитетинде "ИИМдин айрым кызматкерлери менин "Дан уюк" компанияма келишип, мыйзамсыз тинтүү жүргүздү. Бул боюнча териштирип бергиле" - деди. Комитетте отурушкан айрым депутаттар "бүргөдөй секиришип", "бул эмне деген жорук, депутаттын компаниясын текшеришкендери" - дешип, бул боюнча иликтөө тобун да түзө салышты.
Депутат А. Арапбаевдин жүгүртүп турган алып-сатарлык иши бар экени белгилүү дечи, (жеке ишкердиги болбосо кайдан депутат болот эле) бирок, КРнын Баш мыйзамынын 72-беренеси боюнча "депутат жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдарда жетекчиликке шайланбашы керек" - деп жазылган да. Арапбаев парламенттин комитетине барып, ишкерлигин жашырбай ачык эле айтып жатат, демек ал Баш мыйзамды урматтаса депутаттык мандатын ыктыярдуу ташташ керек да, анан барып даттаныш керек эле. Бул депутаттын айтканы боюнча комиттеттин түзө калган комиссиясы да мыйзамсыз. Комиссия кимдин даттануусу боюнча түзүлүп жатат? Жеке ишкер, депутат А. Арапбаевдин арызы боюнча түзүлүп жатат. (Деги эле учурдагы "эл өкүлдөрү" өздөрүн коргоодо өлгүдөй эле аракетке өтүштү. Баары "аппак", баары "таза" болушса кантсин. Өткөн санда да жазган элек, азыр да айталы, бизге азыр Баш прокуратура, ИИМ, УКМК дегенди жоюп эле салбайлыбы. Себеби, алардын милдетин Жогорку Кеңеш өздөрү эле аткарып, өздөрү комиссия түзө калып өздөрүн актап алып жатышпайбы…) Эми бул ишти териштирүүчү депутаттык топ кимдин даттануусу боюнча иликтөө жүргүзөт, депутат А. Арапбааевдинби же ишкер А. Арапбаевдинби? Бирок, А. Арапбаевге ыраазы да болуш керек, чындыкты: ишкер жана депутат экенин жасалмалап жашырбай "дүң!" эттирип ачык айтып салганына.




Карт бөрүлөр кайра айланчыктап келатат


"Түндүкэлектро" ААКсынын башкы директорлук кызматынан Нурлан Кайдуев жана ушул эле мезгилде, ушул эле компаниянын техникалык директору Кубанычбек Турдубаев 2012-жылдын январь айында айдалып кеткен. Энергетика министри А. Шадиев аларды кайрадан кызматка алып келгенге аракет кылып жатканы тар чөйрөдө көбүрүп жабырып кирген кез. Бул жөнүндө 10-апрель күнү, 2009-жылы Москва районундагы Петровка айлында бир зөөкүр күрддүн секелек кызды мазактаганга нааразылыкка аралашкандыгы үчүн Бакиевдин түрмөсүндө 7-апрель революциясына чейин отурган, азыр "Түндүкэлектро" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев" айтып чыкты. А. Шадиев бул компаниянын башкы директору К. Исмаиловго кат жолдоп, Н. Кайдуевди техникалык директорлукка, ал эми К. Турдубаевди коммерциялык директорлукка дайындагыла - деген экен. С. Аргынбаевдин айтымында "мамлекеттин үлүшү арбын болгон компаниядан куулуп кеткен кызматкер кайра кызматка алынганга мыйзам жол бербейт" дейт. Байыркы акылман М. Т. Цицерон "акча менен куралда тил болгондо мыйзамдын үнү чыкмак эмес" - деп айткандай, бул иште акчада тил чыгып жатса керек, түгөттүкү...




3-МАЙ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН


ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА КОНКУРС


3-майда бүткүл дүйнөдө белгилене турган Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык уюму (IFEX), "Журналисттер" коомдук бирикмеси, "Internews Network" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлү жана дагы бир катар республикалык медиа уюмдар эки кесиптик конкурсту жарыялайт.

"СӨЗ АЙТПАЙ СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУУРАЛУУ" темасындагы
Карикатуралардын республикалык бешинчи конкурсу
Бул сынакка карикатура жана шарж жанрында иштегендердин бардыгы катыша алат. Сынакка жиберилген сүрөттөр ЖМК, журналистикага же журналисттерге байланыштуу болушу керек.
Эмгектер төмөнкү номинацияларда болушу мүмкүн:
- Күзгүдө не айып
- Булганган кадыр-барк жана аморалдык зыян
- Журналисттер коркпогон өлкөдө
- Талант курчуп жатты
- Көнгөн адатты өткүр кылыч менен
Жеңүүчүлөргө Дипломдор жана акчалай премиялар тапшырылат. Ошондой эле сынактын жыйынтыгы боюнча сынакка түшкөн эмгектердин көргөзмөсү уюштурулат.
Ошондой эле бардык сүрөттөр уюштуруучулардын сайттарында www.monitoring.kg, www.journalist.kg, www.internews.kg, маалыматтык өнөк "Азаттык Медианын" сайтында (http://www.azattyk.kg/) жана да атайын ачылган "Karikatura" блогунда (http://karikatura.kloop.kg) жарыяланып турат.
Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын жетекчилеринен, белгилүү журналисттерден жана сүрөтчүлөрдөн турган жюри аныктайт.
Сүрөттөр А4 форматында (ак-кара жана түстүү), автору тууралуу резюме менен 28-апрелге чейин төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:
Бишкекте: Сыдыков көч., 169/40, тел. (0312) 29-94-52, e-mail: journalist.kg@gmail.com, meri.bekeshova@gmail.com
Ошто: Курманжан Датка көч., 274/4, (03222) 2-49-04, jipar2005@mail.ru


"СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУУРАЛУУ - ЭЭН-ЭРКИН" ТЕМАСЫНДА
Басма сөз ЖМКларынын жана интернет басылмаларынын журналисттеринин арасындагы республикалык конкурс
Конкурска басма сөз ЖМКлардын жана интернет-басылмаларынын штатындагы жана штаттан сырткаркы кабарчылары, эркин журналисттер катыша алат. Материалдар каалаган жанрда болушу мүмкүн: очерк, интервью, макала, журналисттик иликтөө. Эң негизгиси - материалда кыргызстандык журналистикадагы курч маселелер (цензура жана өзүн өзү чектөө, этикалык маселелер, эмгектик мамилелер, журналисттерге жана ЖМКларга каршы доо арыздар, соттук иштер, журналисттердин коопсуздугу ж.б.д.у.с.) көтөрүлүп, учурдагы абалга аналитикалык көз караш болушу керек.
Башкы шарт: макала гезит-журналдарда же интернет-басылмаларда жарыяланган болушу зарыл. 2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 25-апрелине чейин жарыяланган макалалар кабыл алынат.
Материалдардын тили: кыргыз жана орус тили
Бир адамдан: 5тен ашык эмес эмгек кабыл алынат.
Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2012-жылдын 28-апрели.
Сынактын жыйынтыктары Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарада жарыяланат. Жеңүүчулөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Материалдар төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:
Бишкекте: Сыдыков көч., 169/40, тел. (0312) 29-94-52, e-mail: journalist.kg@gmail.com, meri.bekeshova@gmail.com
Ошто: Курманжан Датка көч., 274/4, (03222) 2-49-04, jipar2005@mail.ru






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

12-апрель, 2012-жыл






??.??