Ай, аттиңдики ай…

А. Атамбаев мүдүрүлдү


Байыркы грек тарыхчысы Геродот "тарыхты бурмалаган адам өлүмгө татыктуу" - деп жазган экен. Атагы таш жарган бул адамдын минтип айтканынын себеби - тарых бурмаланып кетсе ал келечектеги коом үчүн тескери зор таасирин берет. Кийинки муундун өткөнгө карап ой жүгүртүүсүнө, артты карап алдыдагы ишке умтулуусуна эбегейсиз залалын тийгизет. Демек, келечек муундун алдында адашуу жаралат дегендик. Бул мисалды айтып жатканымдын себеби, кечээ 2012- жылдын 7-апрелинде ачылган Бишкекте Ак үйдүн чыгыш капталындагы аянтка мындан туура эки жыл мурда өткөн кан төгүү менен, өлүм менен бийликти кулаткан улуу эрдикке арналган монументалдык-скульптуралык композициянын бетине "Бул эстелик 7-апрель окуясынын каармандарына жана Аксыда курман болгон баатырларга арналат" - деп жазылганында. Бийликтин бул не деген өзүм билемдиги? Ал композициянын Аксы окуясына кандай тиешеси бар? Эч тиешеси жок. Дал Аксы окуясын 7-апрелге жармаштыруу - Аксы окуясынын 10 жылдыгын эскерүүгө Аксыга барганда президент А. Атамбаевдин оозунан чыккан. Мен бул жерден "Аксы окуясынын 7-апрелге эч тиешеси жок" - деп айтуу менен Аксынын Боспиек айлында курман болгон азаматтардын арбагына шек келтирейин деп жатканым жок, тек тарыхты, Ак үй жанындагы монументалдын- композициянын жасалыш максатын тактап коюуга ниет кылып жатканым. Тарых көз алдыда бурмаланып жатканда жан кейибей коймокпу.
Анан калса азыр турган монументалдык-скульптуралык композициянын жасап орнотуу идеясы 2010-жылы эле пайда болгон. Ошол 7-апрель кандуу окуясына гана карата атайын конкурс жарыяланган. Ал конкурста "Аксы окуясын кошо чагылдыруу маселеси" каралган эмес. Архитекторлор менен скульпторлор 7-апрель окуясынын, ошол окуяда диктатуралык "кара бийликти" кулатуу багытында гана иштешкен. Натыйжада, азыркы тургузулган эстелик жаралган. Бийлик болсо кыргызбайчылык менен кол шилтеп "боло берет" деген адатка салып, бул монументке эч бир коошпосо да Аксы окуясын жабыштыра салыптыр.
Арийне, көркөм маданият - бул тармактан кабардары жок бийлик адамдары ойлогондой боло бербейт. Көркөм маданияттын улуу сынчысы В. Белинский өз убагында "сүрөткер баарыдан мурда ойду билдирүүнүн оригиналдуулугу жөнүндө эмес, чынчылдыгы жөнүндө кам көрүү керек" - деп жазган экен. Бул ойчул, даанышман адам айткандай, архитектор Улан Бейшенбаев менен Садабек Ажиев жаңы орнотулган эстеликти жаратууда жан-дүйнөсүн, сезиминин ой-толгоолору 7-апрель окуясынын чындыгына багыштаганы эмгектен даана сезилип турат. Бул монументалдык композияцияда Аксы окуясына байланышкан элемент да жок. Минтип айткан сөзүм жайдак эмес, токулгалуу болуш үчүн монументтин бирдиктүү курулушуна, композициясына көңүл буралычы.
Бул эстеликтин композициясы - бирдиктүү курулушу ак жана кара таштан, скульптурадан турат. Кара менен ак адамзат жашоосунда ар дайым кармашып, алышып келет. Кара менен актын кармашы көркөм чыгармалардын, атүгүл диндердин да түбөлүктүү темасы. Эстеликтеги скульптурада - адамдар бүт күчүн жумшашып, кара ташты - бийликти кулатып жатат. Архитектор жана скульптор тарабынан бул өтө элестүү жана динамикалуу берилген. Көркөм маданиятты терең эмес, жөн эле бир караган адамга бул эстелик: Бакиевдин элге кара ниеттик-диктатуралык бийлигин жаңы ачышкан азаматтар кулатып жатканын туюндуруп турат. Мындай окуя 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн. Демек, монументалдык композиция бир гана 7-апрелге таандык.
Эми тарыхый фактыга келсек, 2002-жылы март айында Аксынын Боспиек айлында болгон кандуу окуяда ага катышкандар ошол кездеги "кара бийликти" кулаткан эмес. Анан кантип Аксы окуясы сөз кылып жаткан монументке тиешелүү болуп калат? Тескерисинче, Аксы окуясы 2002- жана 2005-жылы бийлик талашкан топтун, ал кездеги президент А. Акаевге карата колдонгон куралы болуп келген. Бул окуяга ошол кезде өкмөт башчысы болуп туруп, "Тайфун" - деп аталган куралдуу операцияны киргизген К. Бакиевдин чыныгы жүзү, А. Акаевден бийлик талашкан ошол эле топтор тарабынан жашырылып келген. Ошол эле бийлик талашкан топтор калкты караңгылыкка каптаган, элди кан жуткузган Бакиевдин бийликке алып келишкенин Кыргызстандын эли эмес, чет элдиктер билишет. Керек болсо али да Аксы окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөр алигиче жазаланбай келүүдө. Эгер, бийлик шейит кеткен Аксылык азаматтардын арбагын урматтаса, мамлекетте адилеттүүлүктү көздөсө, ал азаматтардын ысымын муздак таш менен белгилебей, ал жигиттердин өлүмүнө күнөөлүү адамдар эмдигиче жазасын беришмек. Аксы окуясы "бийликтин куралы" - дегенимдин себеби ушундай.
Дагы бир нерсеге көңүл бөлүү зарылдыгы келип чыгууда. 2002-жылда Боспиек айлындагы кандуу окуя ал жердеги кар кете электен улам эл кышкы кийимчен болгон. Сөз кылып жаткан композицядагы скульптурадагы жигиттердин үстүндөгү кийимдери (ошол мезгилге карата 2010-ж. 7- апрелиндеги) жазгы кийимдерчен турушат. Албетте, мындай көрүнүштүн баары скульптор тарабынан ийне-жибине чейин эске алынып жасалган. Эми кантип скульптор өз каармандарына кышкы кийим кийгизет? 2002-жылдагы Аксыдагы жана 2010-жылдагы 7-апрелдеги окуялар ар бири өзүнчө эки тарых. Муну тана албайбыз. Көркөм чыгармада: проза, поэзия, сүрөт, кино, театрдын мүмкүнчүлүктөрү менен эки тарыхты байланыштырып, бир чыгарма жаратса болот, бирок архитектура, скульптура өнөрү менен эки тарыхты бириктирип, бир бүтүн кунардуу, нарктуу композиция жаратуу мүмкүн эмес. Мына ушундай жагдайлардан улам кечээ жакында Бишкекте коюлган эстеликти Аксы окуясына жармаштыра салуу бул чыныгы абсурд. Кыргызстанга келишкен чет элдик саякатчыларбы же башка иш менен келген адамдар бул эстеликтин кайсы окуяга карата курулганына сөзсүз кызыгып сурамжылабай койбойт. Көркөм өнөрдү түшүнгөн чет элдиктер 2 тарыхый окуяга бир эстеликтин коюлушуна албетте мыйыгынан жылмаят…
Бул маселеде дагы бир олутту жагдай - сөз кылып жаткан эстелик эмне үчүн "2002-жылдагы Аксыдагы жана 2010-жылдагы 7-апрелдеги окуяга байланыштуу" деп аташ керек? Андай болсо 2005-жылдагы март окуясы эмне үчүн атталып кетиши керек же 24-мартта элдик көтөрүлүш деген окуя болгон эмес беле? 2005-жылкы март окуясы болбосо анда Бакиевдин диктатурасы кайдан пайда болду? Тарых - кызыктар адамдар тарабынан укуп-чукуп алып пайдалана берилет, бирок ал баары бир калыбына, ирээтине келет. Азыр бийлик тарабынан 2002-жылкы Аксы окуясынан атталып, дароо 2010-жылдагы тарыхка секирип кетиши, сыягы ошол 2005-жылы март айында 21-кылымдагы эң ири диктатор Бакиевди бийликке алып келишкен адамдардын таасири менен, анан дагы президент А. Атамбаев "улуттук биримдикти бекемдеш үчүн ушундай кадам жасаганга баруу керек" - деп чечсе керек. Бирок, А. Атамбаев катуу жаңылып, катуу мүдүрүлдү. Президент Аксылыктардын көңүлүн жубатканы менен, 7-апрель революциясын ишке ашыргандардын, ошол кара бийликти кулаткандардын нааразылыгын жаратты. Тарыхый окуяларга оңду-солду мамиле кылуу менен, улуттук биримдикти сактоо мүмкүн эмес. Элди адал жана акыйкат иш менен бириктирет. Тарых бул адамзаттын баскан жолдору менен байланыштуу окуялар. Бүгүнкү күндөгү Аксы окуясын 7-апрелге чаптай салынуусу да тарыхый факт. Бирок, ал эртедир кечтир кайра калыбына келет. Искусство - бул трибунада калп да болсо жалындуу сөздөр эмес, ал адамдын эт жүрөгү менен миң толгонуп жасалчу эмгек. Албетте, Аксы окуясы кайгылуу окуя, тарыхтын бир процесси. Бирок, кыргыз тарыхында мындан миң эсе кайгылуу да, олуттуу да процесстер болгон. Кыргыз тарыхындагы бул процесс тарыхта "Үркүн" деп 1916-жылдагы аталган падышачылык Россияга карата элдик көтөрүлүш. Кыргыз элинин бийликке карата болгон нааразычылыгынын башаты ушул окуяда турат. Бул көтөрүлүш кыргыз тарыхында эмес, бүтүндөй орус падышалык империясынын кулашына алып келген, дүйнөлүк тарыхтын бурулушуна 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынын чыгышын тездеткенге түрткү болгон. Эгер тарыхкка чындап баа берсек кыргыздын улуу "Үркүнүн" алдыңкы планга чыгаруу керек. Кыргыз элинин эркиндикке умтулуусунун башталышы ошол 1916-жылкы тарыхта жатат. Кыргыздын акыркы, 21-жылдагы бийлиги, бир эле өздөрү бийлик кылган мезгилди даңазалап, өздөрү жаңы тарыхтын жаратуучусу катары көрүшүп, ушул мезгилге гана басым жасашат.
Ырас 7-апрель революциясынан кийин элдин демилгеси менен Ала-Тоо аянтына Манаска эстелик тургузулду. Бирок, бул эстеликте Манас - ээри жок, жайдак ат үстүндө үзөңгүнү тээп турат. Анан да тизгинди кармабай кайсы кыргыз баласы ат чапсын. Бул да болсо бийликтин көркөм маданияттан кабардар эмес экенинин айкын далили...




Жолдошбек Токоев





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

12-апрель, 2012-жыл






??.??