Кийинки президент Таластан болобу?


2012-жыл Кыргызстан үчүн кандай жыл болот? - деген суроо жыл баштала электе эле ар кандай көзү ачык, парапсихолог, экстрасенс, айтымчы, телепат, гипнологдор тарабынан түрдүү божомолдор айтылып келген. Жылдын биринчи жарымына жете электе эле, кээ бир божомолдордун бир тобу туура чыгып, жер титирөөлөр болуп, айылдарды сел каптап, аскер бөлүктөрдө жана абактарда тополоңдор чыкты. Бул айтуулардан биздин өлкөнүн саясаты да куру калбады. Бир далай төбөлдөрдүн орун алмашуусу, министирликтердеги туура эмес аткарылган иштердин аркасындагы ызы-чуулар, коррупциянын бетин толук кандуу ача албагандыктын айынан аткаминерлердин бири-бири менен болгон тирешүүлөрү күндөн күнгө күч алууда.
Ушундай дал келген божомолдордон кийин, 2012-жылдын калган кийинки айларын кандай болот деген кызыгуу менен биз кайрадан көзү ачык, экстрасенс, бүбү, бакшыларга кайрылууга багыт алдык.


Мариям Абдыкеримова,
Бүбү, көзү ачык, элдик дарыгер:

"Эгер өлкө бул калыпта кете берсе жаңы ыңкылаптын кайталануусу мүмкүн"


2012-жылдын кийинки айларында да өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болот. Жаздын кеч келиши, быйылкы жылдын түшүмү өтө мол болбошун айтат. Жай айлары абдан ысык жана кургак болгондуктан, жылдык түшүмгө чоң таасирин тийгизет. Кургакчылык жана аптаптуу ысыктын айынан көптөгөн оорулар пайда болушу да күтүлүүдө. Күзүндө күчү 5-6 балга жеткен жер титирөөлөр түштүк аймагында жана түндүктүн күн батышында катталышы толук ыктымал.
Саясатта да өтө чоң өзгөрүү болот. Учурдагы саясий лидерлердин иштерин так аткарбагандыгынын айынан чоң чыр-чатактар чыгат. Аткаминерлердин өз ара тирешүүлөрү күч алып, бирин-бири тактан кулатууга аракеттер көп болот. Жаз, жай айларында өлкөдө ыңкылаптын кайталанышы да күтүлүүдө, тактыдагы адамдардын өз ара сөзгө келише албагандыгынан, ыңкылаптын кайталануусу, бийлик алмашууга чейин алып келиши да мүмкүн.

Саадат Сагыбаева, Парапсихолог, гипнолог.

"Келээрки хандык такты өлкөнүн түндүгүнүн


күн батышынан келген жигитти күтүп турат"…
Быйылкы жылы мамлекетибизди өтө чоң кооптуу окуялар алдыда күтүп турат. Жылдык түшүмдүн аздыгы саясий экономикалык кризистерге да дуушар кылат. Кымбатчылык күч алып, элдин нааразычылыгын күчөтөт. Чоңдорубуздун учурдагы чыр-чатактары элди козголууга алып келет. Бийликтеги орун алмашуулардын өтө көп болуусу күтүлүүдө. Оор маселелерди кандайдыр бир жаңы күчтөр чечүүгө жетишет. Келээрки хандык такты жаш, ишенимдүү, өлкөнүн түндүгүнүн күн батышынан келген жигитти күтүп турат. Бул сөзсүз болот деп көрсөтүп жатат. Менимче, бийлик башына жаңы таза хандын келүүсү күтүлүүдө.


Манап Казиев. Экстрасенс, гипнолог.

"Кийинки ажолукка Таластык жаш жигит келет"


Жылдын башталышы эле оор кырдалдарды жаратыптыр. Бирок аягы абдан ийгиликтүү болот. Бул жылы жаратылыш кырсыктары көп катталат жана өтө чоң зыяндарды алып келет.
Жерлер, суулар башка өлкөлөргө сатылышы да күтүлүүдө. Мындай терс көрүнүштөр элди толкутат. Кытай тараптан өтө кооптуу жана арам иштер күтүлүүдө. Кытайлар кыргыздардын үстүнөн үстөмдүк кылуусу ыктымал. Бийликтегилерге каршы жаңы күчтөр топтолууда. Булар өлкөнүн аруулануусуна жаңы жолдорду курат. Талас өрөөнүнө кут түштү, Манас атабыздын урпактары өйдө көтөрүлдү. Бул, ажолукка Таластык жаш жигит келет дегендин белгиси. Алтын казык жылдызынын нуру бул жигиттке жарык берип, тийип турат, Манастын арбагы колдогон, оң жагынан жолборс жандаган Эл башы болот.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

12-апрель, 2012-жыл






??.??