Тарс эткен таразадан
(Уландысы. Башталышы 2-бетте)
Адатта кыргыз "сенаторлору" тигил же бул жагдайларда АКШ менен Россияны мисал кылышып, ушул эки өлкөнү эталон кылганды жакшы көрүшөт. Ушулар сыяктуу мен дагы Россиянын МамДумасынын курамын эталон катары алып, ага сереп салып көрөйүн. Ириде Россиянын мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин өмүр-таржымалына токтолсом, бул инсан совет доорунда СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинде иштеп, кийин мезгил алмашканда Санкт-Петербург шаарынын депутаттыгынан карьерасын баштап, аткаруу бийлигинде такшалып, мамлекетти башкаруунун системасынын далай тепкичтерин басып өтүп, анан президенттин администрация башчысына дайындалган, азыркы кызматына чейин. А биздин бийликке умтулгандар С. Нарышкин сыяктуу жергиликтүү кеңештерде иштөөнү намыс кылышып, дароо эле борбордук бийликке жулунушат. МамДумадагы КПРФ фракция башчысы Геннадий Зюганов болсо сөөгүнө чейин социалчыл адам. Г. Зюганов илимий интеллигенциянын өкүлү, философия илимдеринин доктору, профессор. Партия боюнча Г. Зюгановдун орун басары, азыр вице-спикер И. Мельников да илимдин доктору. КПРФ фракциясы илимий теореяларды мыйзам чыгарууда эффективдүү айкалыштыра билгендиги үчүн, шайлоочулардын санын жыл сайын арттырып, МамДумадан улам барган сайын көп орундуу көбөйтүп келет. Ал эми "Справедливая Россия" фракциясынын лидери Сергей Мироновдун кесиби геофизик, илимдин доктору. Саясатагы карьерасын Санкт-Петербург шаарынын депутаттыгынан баштаган. Мамлекеттик башкаруунун көп тепкичтерин басып өткөн. Сергей Мироновдун көп жылдардан берки саясаттагы оң колу МамДуманын 3 жолку чакырылыштагы депутаты Елена Мизулина да юридикалык илимдеринин доктору, профессор. ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский да юридикалык илидеринин доктору, профессор. В. Жириновскийдин көптөгөн жоруктары канчалык оң көрүнбөсүн, бир эле МамДумада гана эмес, жалпы Россия боюнча Америкалык империализмди жана милитаризмди, НАТО согуш блогун айыптап келе жаткан бирден-бир рупор депутат. Россия парламентинде бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү деле бар, бирок алар "алып-сатарлар" эмес, өндүрүштү жаңы технология менен иштетүүгө жетише алышкандар. Ошондой Мыйзам чыгаруу бийлигинин бутагында "Чечен согушу" деп аталган кандуу окуяларга катышкан Игорь Баринов, Дмитрий Коньков сыяктуу чыныгы мекенчилдер депутат болуп жүрүшөт. Россиянын МамДумасынын спикеринин 2-орун басарынын бири (бирөөсү жогоруда айтып кеткендей бири КПРФ фракциясынан И. Мельников) "Единая Россия" фракциясынан Александр Жуков кесиби экономист, математик, Гарвард университетинин дипломуна ээ. Интеллектуалдык спорт оюну болгон шахмат боюнча спорттун мастери. А. Жуков азыркы кызматка келгенге чейин бир кыйла бийлик тепкичин да басып өткөн. Базарларда "алып-сатарлык" кылган эмес. МамДумада интеллектуалдык потенциалы эбегейсиз арбын. Буга мисал, сиздин чөнтөгүңүздөгү уюлдук телефон менен үйүңүздөгү же автоунааңыздагы компакт диск деп аталган буйумду ойлоп чыгарган улуу физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жорс Алферов (КПРФ)дун депутат болуп отурушу эле эмнеге татыйт. Ал эми орус элинин чыныгы сыймыктары болгон космонавтар Валентина Терешкова, ("Справедливая Россия" - фракциясы) Светлана Савицкая (КПРФ), дүйнөгө белгилүү спортсмендер Вячеслав Третьяк менен Николай Валуев жана башкалар Мамлекеттик Думада элдин өкүлдөрү болуп жүрүшөт. Булар чынында орус элинин чыныгы элитасы, акыл-эси жана намысы.
Ар тургай Россиянын бийлик ээлери Д. Медведев менен В. Путин В. Терешкова менен Ж. Алферовду көргөндө сүрдөп турушат дешет. Себеби, бул эки улуу инсандын эл ичиндеги даражасы, кадыры президент менен премьер-министрдикинен ашса ашат, бирок калбайт. А биздин бүгүнкү парламентте улуттук деңгээлдеги ушундай адамдар барбы? Албетте жок. Кимдир бирөөлөр шайлоолордо добуш алыш үчүн Россия саясатчылары ушундай улуттук элита өкүлдөрүн кошуп алышкан деп бир жактуу ойлогондор да чыгаар. Андай болсо эмне үчүн, биздикилер ар дайым мисал кылышып жатышкан, ошол орус элиндегидей кадам жасашпайт? Улуттук акыл-эсти, сыймыкты, чыныгы эрдиктин үлгүсүн бийликке пайдаланыштан качат? Себеби, бизде, кыргыздарда, "акыл баалуулук эмес, акча баалуу" деген көз караш орун алып калган. Азыркы кыргыз улутунун бир трагедиясы ушунда туруп жатат.
Минтип тизмектегенибиз, кыргыз парламенти орус элинин парламенти менен салыштырууда ушундай терең айырмачылыктар бар экенин үшкүрүнүү менен айтып жатканыбыз. Анан калса Жогорку Кеңеш карапайым элдин үнүн айта турган эң бийик трибуна. Бүгүнкү статусу менен айтканда да тазалыктын тазалыгы ошол жерде болуш керек. Үлгүнүн үлгүсү ошол жерде болуш керек. Дүнүйө дайым салыштырмалуу, бул менин жеке пикирим эмес, илимий жактан далилденген теориянын жыйындысы. Биз, кыргыз эли башкалардан прегрессивдүү элдерден үлгү алып, жаңыча ой менен жаңыча кадам ташташыбыз абзел, бир жерде тапталып отура бербей. Качан гана бийликке таза, билимдүү, акыл-эстүү адамдар аралашканда гана мамлекет алга жылат. Базардан, коррупциядан, баңги заттан келген адамдар эч качан мамлекетти алга сүрөгөнгө ниет кылбайт жана ага кудуреттери да жетпейт. Элдин дээрлик калың катмарынын пикири да ушундай экенинде күмөнүм жок. Ошондуктан азыркы парламенттин келечеги жок. Бийликтин бул бутагы өзүнүн ресурсун небак эле жоготуп бүткөн.
Жолдошбек Токоев
"Базардан" келген парламент