Каргыш тийсин силерге,
"демократтар"!
Гезитибиздин өткөн (16.02.) санында "бизге анча сезилбегени менен жер жүзүндө дүйнөлүк үчүнчү согуш жүрүп жатат, 1999-жылдан бери уланып келе жаткан бул согуш дүйнөлүк экинчи согуш сыяктуу эле планетанын үч материгин - Европа, Азия, Түндүк Африканы каптап, бир канча мамлекеттерди - мурдакы Югославияны, Түштүк Азияда Ооганстан менен Иракты, кавказда Грузияны, Түштүк Осетияны Россияны, Түндүк Африкада Ливияны, Египетти, Тунисти тартты. Эми бул дүйнөлүк үчүнчү согушка Сирия менен Иран, Израил мамлекеттер тартылганы турат. Глобализациянын айдыңында НАТО күчтөрү өзүнүн стратегиясын ишке ашырып, чакан мамлекеттерди бирден талкалап, ошону менен өздөрүнө баш ийдирип келе жатат. Европа, Азия жана Африка мамлекеттериндеги болуп жаткан өрттүү, кандуу окуяларда дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуштарда колдонулбаган НАТО терроризмди согуштун жаңы куралы катары пайдаланып жатышат" - деген ойду айткан элем. Дегеним, геосаясатта ананда "жогоркудай дүйнөлүк согуш" деген сыяктуу оор пикирлерди айтууда анан калса бул согуштун баяндарын ийне жибине чейин чечмелеп берүү үчүн бир нече адистердин машакаттуу эмгегин талап кылат. Бирок, ошондой болсо да бул согуштагы ЕвроАмериканын көздөгөн негизги максаттарына токтолоюн.
Тарыхты карап көрсөк, ар бир согуш бир эмес эки масатты көздөгөнү көрүнөт. Ушул сыяктуу эле НАТО күчтөрүнүн 1999-жылы Югославия мамлекетине болгон агрессиясы да эки максатта жасалган. Биринчиси: Бирдиктүү Югослвияны бир канча мамлекеттерге бөлүп жиберип, ошону менен ушул эле Югославия сыяктуу СССР - деп аталган көп улуттуу мамлекеттердин өзүнчө бөлүнүп кетүүсүнө түрткү берүү блгон. Бул агрессиянын экинчи максаты: НАТО Балкан жарым аралында кандайдыр бир аймакты плацдарм катары колдонууну көздөшкөн. Бул эки максат тең ишке ашты. НАТО Балканда Албан этностору жыш жайгашкан Косово деп аталган, али эл аралык коомчулук тааныбаган "мамлекетти" түзүп койду. Учурда бул эч бир мамлекет тааныбаган Косово баңги заттарды дүйнө таркатуучу гиганттык базага айланды. Ооган апийими, героини ушул жерде. Тарыхтан бир мисал. Өткөн кылымдын 70-жылдары Америка Чыгыш Азиядагы Вьетнамга агрессия жасап, бул элди 4 жыл согушуп жеңе албай (Себеби, Вьетнам элин СССР колдоп турган) АКШнын конгресси финансылоону токтотуп коет. Бирок, ошого карабастан ал кездеги АКШ президенти Р. Никсон баңги заттарды жүгүртүүдөн түшкөн көмүскө акчаларды колдонуп, согушту улантып кеткен. Баңги зат Америкага эмне үчүн керек, эми түшүнүктүү болду го деп ойлойм.
Ушул баңги заттар жагдайында дагы бир мындайча ой: Орус окумуштуусу Олег Платонов "Конец империя зла, почему гибнет Америка?" - деген эмгегинде "эл аралык массондук уюмдар баңги заттарды жайылтуу менен, айрым элдерди, анын ичинде орус элинин бир бөлүгүн жок кылууну максат кылып коюшкан" - деп жазат. Бул көз карашты четке кагуу мүмкүн эмес. Демек, баңги зат адамзатка карата көрүнбөгөн, бирок өтө кыянаттуу согуш куралы деп бааласак болот. Себеби, баңги заттардан куралсыз эле миллиондогон адамдардын өмүрлөрү кыйылууда. НАТО мамлекеттери Ооганстанга киргенден кийинки убакта апийим өстүрүү 400 эсе көбөйгөн. Өткөн жылы АКШ президенти Б. Обама кадимки Камчы Көлбаевди "дүйнөдөгү эң ири баңгизаттын кожоюну" деп билдирип жибербеди беле. АКШ президентинин бул сөзү баңги затка байланышып, чырмалышып калган Американын өзүнүн кылмыштуу ишин башкаларга оодара салуу амалы болчу. К. Көлбаев азыр Араб Эмираттарында жүрөт, бирок, апийимди АШК көзөмөлдөп, Ооган тараптан агылып келип жатпайбы. Кечээ жакында түштүктө Россияга жөнөтүлүүчү 60 килограмм апийим колго түштү, буга К. Көлбаевдин эч тиешеси жок да.
Эми башка бир кандуу окуяга өтөлү. 1991-жылы Ирак аскерлери коңшу Кувейтти басып кирет. Буга Америка ачык кийлигишип, Ирак аскерлерин Кувейттен сүрүп чыгарып башташат. Ушул согуштук операцияда Ирактын 150 миң жоокерлери жеңилгендиги жана сүйлөшүүнүн белгиси катары ак желек көтөрүп чыгышса, ал кездеги АКШ президенти Д. Буштун буйругу менен аба күчтөрү тарабынан бомбаланып ташталат. Ушул эле согушта АКШ согуш күчтөрү тарабынан жертөлөөдө жатышкан Ирактын 12 миң жоокери тирүүлөй көмүлгөн. Согуштардын тарыхында мындай мыкаачылык немецтик фашизмдин убагында гана болгон. Бул келтирилген мисалдар дүйнөлүк үчүнчү согуштун жаңырыктары эмей эмне?
Жогоруда "ар бир согуштун бир эмес эки максаты болот" - деп айтып өтпөдүмбү. Ушул маселеге келсек, НАТО таңуулаган Ооганстанда 9 жылдан бери уланып келе жаткан согуштун бир максаты баңги затты дүйнөгө жайылтуу жана ага ээ болуу болсо, экинчи максаты - Ооганстан аркылуу өтүүчү Иран газ түтүктөрүн Индияга өткөзбөө болуп саналат. ЕвроАмерика Ирандын газы Азия тарапка сатылса, анда Иран мамлекетинин экономикасы кубаттуу болуп кетет деп ичтери өрттөнүп жатышат. (Кытай мамлекети болсо Түндүк Африкадагы мамлекеттер менен алака кылып, мунай заттарды ал өлкөлөрдөн алууну көздөп келет.) "Демократия" - деп аталган түшүнүктү Египетке, Туниске таңуулап, акырында Ливияга НАТО кол салды. Натыйжада, ЕвроАмерика "демократия" - деп аталган түшүнүктү колдонуу менен Түндүк Африка мамлекеттеринин мунай затын Кытай тарапка бууп таштады. Анан калса Иран өзүнүн мунайзатынын 20%ын Кытага экспорттойт, ушул тапта. Америка "Иран ядролук курал жасап жатат" - деп айыптап жаткан себебинин бири ушул мунай затка байланышкан. Иран жакында тынчтык максатта байытылган уранды алышкандыктарын билдирди. Бирок, ошентсе деле, буга ишенбегендей түр көрсөтүп жатышат, жаңы согушту каалаган күчтөр. Кандай болгондо да эртедир-кечтир НАТО Иранга кол салып, Кытайга кетүүчү мунайзаттын жолун бууйт. Дүйнөлүк биринчи, экинчи согуш - тигил же бул элдерди баш ийдирүүдөн, ошону менен жаратылыш ресурстарын кенен, өз билгениндей пайдалануу максатында келип чыккан. Азыркы жүрүп жаткан дүйнөлүк "үчүнчү согуштун" максаттары деле ошондой, бирдей. Жаңы согуштун бир өзгөчөлүгү - террорчулук менен баңги заттарды колдонулушунда. Ушул кезде Сирия, Иран мамлекеттери НАТОнун бутасында туруп жатат. Израил болсо даярдыкты небак эле көрүп койгон. Сирия менен Иран болсо биргелешип, Жер Ортолук деңизинде деңиз флотунун жана авиациянын машыгуусун өткөрүшүүдө. Айтор, Жакынкы Чыгышта кайрадан согуш оту алоолонгону калды. Айла кеткенде "каргыш тийсин сага, согуш отун тутантып жаккандар! - деп айтат экенсин.
Иби Саяк аль Жумгали
