"Базардан" келген парламент


Жогорку Кеңештин депутаттары элдин эсебинен айына 40-50 миң сомго чейин маяна алышса да, пленардык жыйындарга катышканы көп учурда 40 адамдын тегерегинде гана болуп келет - (бири-биринин кнопкаларын басып, "искусственный" көбөйүп кетишпегенин эсептебегенде) бул парламентти таркатууга негиз эмеспи?


Жалпы шайлоочулардын 64%ы бул парламенттин курамын түзгөн партияларга добуштарын беришпегендиги бул - ошол шайлоочулардын өкүлдөрү эмес деген сөз. Бул да негизги саясий себептердин бири, парламентти таркатууга.


Курамын бир эмес, эки жолу түзгөн Жогорку Кеңештин өкмөткө баягы эле элди жийиркенткен, кыжырын кайнаткан адамдар келип алышты бул да парламенттин чоң күнөөсү экени талашсыз.


Анан калса парламенттеги "Ата-Журт", "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" фракциялары ыркы жок абысындардай болушуп, экиге бөлүнүшүп келет, бул көрүнүшкө эл, президент кантип көз жумуп кое алат? Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы эмес, "бизнес борборго" айланып кеткенин эшиктеги элдин дээрлик баары кеп кылууда. Бул да факт.


Парламентте дагы бир кейиштүү жери - интеллектуалдык көрөңгөсү бар депутаттардын аздыгынан "тышкы саясатты ким аныктайт? "президентпи же премьер-министрби?" - деген маселени эки жылдан бери талашып жатышат. Бул негизги маселе мындан бир жыл мурда эле такталыш керек эле, эгер билимдүү, акылдуу депутаттар болгондо. Деги эле парламенттеги жогорудагы айтылган жана дагы көптөгөн терс көрүнүштөр эмненин кесепетинен келип чыгып жатат? Англис тили менен айтканда Жогорку Кеңештин курамынын 90%ын бизнесмен аталгандар, кыргызча "алып-сатар" - деп аталып, далайы бир кезде Бишкек менен Ош жана башка шаарлардын базарларынан келгендер, өткөн эки режимдин тушунда элди итке миңгизген "сууга салса чөкпөгөндөр", кесиби юрист - деген диплому бар, мурдакы "паракор" судьялар, прокурорлор, баңги заттын "ишмерлери", дагы да карапайым эл эмес, өздөрүнүн ооздору менен айтылып келген криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү да түзөт. Тескерисинче, чыгармачыл, илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн 3-4сү гана жүрөт. Бирок, дал ушундайлар парламентке жакшы түс бере албай келгени да чындык.


(Уландысы 8-бетте)




Кош, планетанын №1 балерону!


Кыргыз элинин чыгаан уулу, улуттун профессионалдык көркөм дөөлөтүнүн жаратуучуларынын бири, улуу бийчи жана балетмейстери Уран Сарбагышевдин бул дүйнөдө ичээр суусу түгөнүп, бул жарыкчылыктын горизонтуна батып кетти.
Бул улуу инсан өмүрүн улуттун профессионалдык балет өнөрүнө арнап, чарчоо дегенди билбеген өнөрдүн дыйканы болуп келген. Башка эмгектерин айтпаганда анын чыгармачылыгынан жаралган "Саманчынын жолу" балет ораториясы эле эмнеге турат!
Уран Сарбагышев 1955-жылы Ленинград шаарындагы таланттуу өспүрүмдөрдүн балет өнөрү боюнча академиялык окуу жайын бүтүрүп келгенден дээрлик 60 жыл бою эмгегин күч-кубатын Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын сахнасына жумшаган.

(Уландысы 5-бетте)




Германия президентсиз калды


2012-жылдын 17-февралында Германиянын президенти Кристан Вульф өзүнүн резиденциясында "элдин ишениминен кеткендигим үчүн" деген тыянак менен кызматын мөөнөтүнөн мурда таштаганын билдирди. К. Вульфтун мындай кадамга барышына өткөн 2011-жылдын декабрь айында "Бильд" - аттуу газетага жарыяланган макала себепкер болгон. Бул макалада президент К. Вульф мындан бир нече жыл мурда өзүнүн тааныштарына бир жеке банктан төмөнкү пайыздагы 500 миң евро кредит алып берген имиш. Газетага жарыяланган макала боюнча президент К. Вульф газетанын редакциясына телефон чалып "өткөн ишти чукубай эле койбойсуңарбы, бул фактыны далилдей албай калсаңар айыпка жыгыласыңар" - деген сөздөрдү айтат. Бирок, көшөргөн журналисттер "президент ишкерлердин эсебинен эмгек өргүүсүн өткөзгөн деген" фактыларды жарыялайт. Бул иш боюнча жакында Гонновер шаарынын прокуратурасы Бундестагкка (парламент) "президентке сурак жүргүзүү үчүн кол тийбестигин ажыратып бергиле" - деген кат жолдойт. А бирок, Бундестагда бул маселе карала электе эле К. Вульф отставкага кете берди. Кетип жаткан президент менен Федералдык Канцлер А. Меркел жылуу жумшак, бири-бирине урмат кылуу менен коштошту. Мына, бийликтеги бийик самат, мына, мыйзам жана бийик мораль! Кыргыздар болсо куумайынча бийликтен кетпейт. Кокус бийликтен кетип калганы болсо "ит аягын жаламайынча тойбойт" дегендей айланып келип эле, ит аяк болуп калган казынаны жалаш үчүн кайтып келе берет. Антпесе тоюшпайт. Бул деген кыргыздын бийлик чөйрөсүндөгүлөрүнүн моралы.
Германия ХХ кылымда эки жолу дүйнөлүк согушту баштап, эки жолу жеңилип кайра эле бутуна туруп, экономикасы дүркүрөп, азыр дүйнө жүзүндө жан башына киреше бюнча (ВВП) 3 орунда солк этпей бара жатат. Мунун себеби, дүйнөлүк 2-согуштан кийин 73 жаштагы Конрад Аденауер канцлер болуп келип, немец элине дух берип, чыныгы демократияны орнотуп, бийликтеги жана коомдогу бийик моралды бекемдеп таштаган. Анан минтип немец элиндеги ушул сапат салтка айланып калган. Эскерте кетсек, Германиянын мыйзамы боюнча иштен кеткен президенттин кол тийбестик укугу дароо күчүн жоготот. Эми экс-президент К. Вульф прокуратурада сурак берет. Биздин КМШ президенттери болсо Конституция жана дагы мыйзам, жарлыктарды кошо жармаштырып кол тийбестик укугун түбөлүккө, өлгөнчөктү чырманып алышкан. Мунун себеби демек алардын баарынын арты таза эмес, демек жазадан коркушат дегендик эмеспи?

Күлчоро Кабылов



about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!