Шляпалар шыбырайт


Доктор Эдвард де Боно- орус, жапон, кытай, араб ж.б отузга жакын тилге которулган 32 китептин автору, буга дейре дүйнөнүн элүүдөн ашык өлкөсүндө адамдын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жаатында семинарларды өткөргөн, атагы дүйнөгө тараган чыгаан инсан. Анын ойлонуу технологиялары боюча IBM,Exxson, Du Pont сыяктуу дүйнө чарпында иш жүргүзгөн гигант ишканалардын кызматкерлери окуудан өтүшкөн. Төмөндө Едвард де Бононун алты шляпалуу ойлонуу ыкмасына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Сиз белгилүү түстөгү шляпаны кийип жатып, аны менен салыштырылган ой жүгүртүү тибин тандайсыз. Шляпаларды чечүү менен бирге ойду да акылдын күчү менен максаттуу түрдө алмаштыруу зарыл болуп саналат. Ар бир кадамды ирети менен аткарып, суроолорго толук жооп берсеңиз, өзүңүз бул мезгилге чейин байкабаган жактарыңызды ачууга мүмкүнчүлүк аласыз. Ал өзүңүздү кайсы багытта өнүктүрүшүңүз керек экендигин аныктоого жардам берет.

Ак шляпа
Цифралар жана фактылар. Маалыматтар. Суроолор. Толук бейтараптык жана обьективдүүлүк. Кандай маалыматтарга ээбиз? Дагы кандай маалымат бизге зарыл?
Ушул нукта өзүңүзгө, жеке өзүңүзгө гана таандык факты- маалыматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк келтириңиз. Далилдер сизге көп ачылыштарды жасайт.

Сары шляпа
Артыкчылыктары. Позитивдүү ой корутундуларын куруу. Негиздөө. Эмне себептен муну жасаш керек?Артыкчылыктары кайсылар? Эмне үчүн муну жасоого мүмкүн?
Жан дүйнөңүздү байыткан дагы мыкты сапаттарды өнүктүрүүгө аракеттениңиз.

Жашыл шляпа
Чыгармачылык. Ар түрдүү идеялар. Жаңы идеялар. Сунуштар. Болушу ыктымал болгон чечимдер, аракеттер, кадамдар. Кандай альтернативалар бар?
Мен өзүмдү таанууда кандай чыгармачылыктын үлгүлөрүн колдоно алам жана жаңы идеяларды жаратуу үчүн эмнеге муктаждыгым бар? Ушул суроону ар дайым эсиңизге түйүп жүрүңүз.

Жогорудагы ойлонуу ыкмалары менен төмөндөгү артыкчылыктарга ээ боло аласыз:
Альтернативаларды көрүү, идеяларды жаратуу
Шаблондуу чечимдердин чегинен чыгуу
Адамдардын ортосундагы байланышты жакшыртуу
Натыйжалуу жумушчу топторду түзүү
Жалпы ишмердүүлүктү координациялоо, жөнгө салуу
Зарыл учурларда чыгармачыл инсан болуу ж.б

Кара шляпа
Этияттык. Ойлоо. Баалоо. Чынбы? Иштеше алабы? Күмөн саноо. Кемчиликтер эмнеде? Бул жерде эмнеси туура эмес?
"Жөн эле корстон болуп басып жүргөн жокмунбу? Мени жүрүм- турумума бир нече күн бою көзөмөлгө алган толук бейтарап бирөө мага кандай баа берээр эле?"- деп ойлонуп көргөн жок белеңиз? Ойлонуп көрүңүз.

Кызыл шляпа
Эмоциялар бийлиги. Ички туюм, сезимдер жана алдын ала сезүүлөр. Сезимдерди негиздөө талап кылынбайт. Бул тууралуу менде кандай сезимдер пайда болот?
Менин жүрүм- турумумда жасалмалуулук басымдуулук кылабы же табигыйлыкпы? Ушул суроону өзүңүзгө берип көрүңүз.


Көк шляпа
Ой жүгүртүүнү уюштуруу. Ой жүгүртүү жөнүндө ой жүгүртүү. Биз эмнеге жетиштик? Мындан ары эмне кылуу керек?
Сиз бул ой жорумдарды дагы эффективдүү колдонуунун жолдорун таба аласыз.



about | A Free CSS Template by RamblingSoul
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!