Календардын барагында
Нарын. 2 - февраль, 2010 - жыл
Диктатуралык бийликти кулатууга жасалган алгачкы сигнал
7-апрель, 2010-жыл. Мындан 2 жыл мурда так ушул күнү борбордук аянт тизеден канга жуулуп, көз алдыда замана аңтарылып, чырылдап учкан ок, чыркырап үзүлгөн өмүр, аалам аңтарылып келаткандай түтүн менен ышка толуп турган. Тагдыр ушундай экен кырчындай балдарыбыз түбөлүк жарыкчылык менен кош айтышып, арабыздан бөлүнүп кете беришти. Миңдеген адамдар оор жаракат алышты, көпчүлүгү эмгекке жараксыз болуп калышты. Түмөндөгөн жарандарыбыз түбөлүк кеткис жаракат алды, жүрөгүндө так, дилинде дак калды.

... Ошондо, Бакиев кетсе эле башкасын жөндөйбүз дегендер келишти бийликке. Аларга элдин ишеними чоң болду. Эми акыйкаттык болот, эми чындык орнойт, өлкөбүздө өсүштөр болуп, элибиздин жашоо тиричилиги оңолот деп үмүттөндүк. Бирок, чындык деген ачуу экен. Бул ишеним күндөн күнгө сынып баратат. Эки жылдан бери куру ураан, кургак кыйкырыктан башка эч бир өсүштүн өрүшүн көрбөдүк. Мурда бир үй-бүлөөнүн зомбулугун тарткан эл, эми бир нече партиянын кожоюндугуна бөлүнүштү. Учу кыйыры көрүнбөгөн чатак, бийлик бөлүшүү, байлык талашуу оюндар баштагыдан да күчөдү. Ишенген кожолорубуз чукушмайдын гана үстүндө. "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" дегендей, кимдин ким экенин өздөрү тааныта башташты. Революциянын шарданы менен ким канча дүнүйө жыйнагандыгын бүгүн кыргыз эли бүт билет. Андай болсо "биздин балдар эмнеге өлүштү, биз ким үчүн мунжу болдук, биз кайсы ажыдаарлар үчүн ажалга башты байладык эле" дегендер четтен чыгат. Бүгүн кыргыз эли бир да саясатчыга ишене албай турат. Бул чындык.
Өткөн шайлоолордо миллиондорду чачкан, өз кызыкчылыгы үчүн миллиарддарды тапкан саясатчылар, жада калса ошолор үчүн өмүрүн беришкен шейиттердин астында да ак боло алышпай келет. Ырас, ал кайгынын эң оор бөлүгү Теңир-Тоолуктарга түштү. Анткени, кайтыш болгон 90дон ашык баатырдын 47 эр азаматы Нарын областынын жарандары эле. (же далайы түбү Нарындыктар).
Буларды эскергенибиз, так ошол ызгардуу февраль суугуна карабай Теңир Тоолуктар диктатуралык бийликтин өзүм билемдигине каршы чыгып, миңдеген адамдар обл.борбордо нааразычылык митингине чыгышкан. Мунун өзү Бакиевдик диктатуранын кулашына каратылган алгачкы сигнал болгон. Айрымдар ал күндөрдү канчалык бурмалаганы менен бул карт тарыхтын барагында өчкүс болуп жазылып калган күн.





Кышкы чыйрыгуу
Өйдөлөсөңөр боло өйдөкүлөр…
Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирине-бири ишенбеген эл. Тукулжураган экономика. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Жаңы демагогдор эски демагогдордун ордун баскандай. Баарынан да кызыгы, баягы эле болтовня. Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Башкача айтканда, кудум эле 2005-жыл менен 2010-жылдын накта "ксерокопиясы". Ошондо да кудум ушундай сөздөр айтылган. Баарын ордуна келтиребиз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкен.
Ошол революция №2 болуп өткөнүнө эки айдан кийин эки жыл болот. Азыр кайдабыз, эмне заманга туш болдук? Талуун маселелерди дагы унутуп бараткан жокпузбу? Мисалы, Бакиевдин маселеси эмне болду? Себеби, элдин көксөөсү ушул маселеде эле го? Ушинтип, билинбей отуруп эле качып жоголушабы? "Булар кылмышкерлер, орду түрмөдө" деп кыйкырып жатпадык беле, бийликке келгенге чейин. Ал кезде башкы "командачы" айымыбыз Бакиевди болсо казак вертолету менен аттап-тоңдоп "узатып" койду. (Уйкулук таштап кетпей өлүппү, ошончо урмат көрсөтүп жатышса…) Калгандары кайда? Биздин каарман аскер башчыларыбыз менен куралчан жоокерлерибиз, толгон-токой генералдарыбыз, "секретный службаларыбыз", жер тыңшаар маамыттарыбыз каратып туруп эле жок издеп жүргөнү же унутуп калышкандары кандай? Бул туурасында азыр ныпым сөз жок. Кур дегенде ошол Бакиев бийлигинен 8 жылга "жебеген самсы үчүн" кесилип жатканда, жабалактап "генерал эле, генерал" деп кыйкырып жаткан Исабековубуз неге тымпыят? Ушундай да көргөзбөйбү генералдыгын.
Аттиңдики, "Тени исчезают в пол день" деген мираж ушул белем? Же чын эле "жыргатабыз" дегендерибиз Ак үй менен Көк үйгө кирип жылуу жумшак орун алган соң алардын баары эле ибилис болуп ийрилип, "шайтан" болуп азгырып, жомоктогу желмогуз кемпирдей кубулуп кетиштиби? Ал тургай жакында жаңы өкмөт түзүп, жандарына К.Бакиев менен М.Бакиевдердин жанында жүргөндөрдүн жарымын чогултуп, "табакташ" болуп да алышты. Ошолордон башка кадр жок калгансып. Бакиевдер десе "аллергиясы" кармаган кечээки журт башы болчу Текебаев бүгүн ЖКнын жетинчи кабатына "бекинип" алып, өзүнчө өпкө-жүрөгүн чаап жүрөт, портфель "оорусу" менен "ооруп". Кырчындай 90го жакын жигиттин өмүрүнө татычу ишпи, ушул? Же бийлик үчүн жанталашуубу?..
А мындайда жыйынтык кандай болмок эле, нааразылык эмитен көп. Удургуган сөздөр, бирин-бири жөөлөгөн коллективдер, локалдык "төңкөрүштөр", стресстер" кыйраган нервдер, нааразыланган эл. Айла жок ойлоносун: азыр эмне болуп жатат бүгүн Кыргызстанда? Байлык десе баарын унутуп, бийлик десе бирин-бири жеп, бири-бирин саткан жолдон чыгабызбы деги? Неси болсо дагы, маңкурттуктан сактай көр… А, Ак үй болсо муздак, күмбөзгө окшоп турат…

Кенжебек Арыкбаев