Инсан төр
"Кыргызга калыс заман, калыс бийлик келет. Анын карааны арабызда азыр аралап жүрөт"
Канткенде биз өнүгүп өскөн өлкөгө айланабыз, канткенде бүгүнкү "балчыка" баткан абалдан арылабыз? Ушул жана башка ойлордун негизинде сунулган суроолорубузга Курултай институтунун мыйзамдаштырылышына активдүү катышуучулардын бири, юрист Ахунбай Кошой "аталган институт ишке киришмейин өнүгүү жолуна чыгаарыбыз күмөн" дейт. Ошондой эле, бүгүн бийлик төрүндө болуп жаткан окуяларды "ар бир нерсенин башталышы да, бүтүшү да бар. Мындай бийликтин да соңу бар. Ал тургай "Эркиндик, теңдик" деген бир топ жакшы нерселери бар коммунистик доорунун да бүтүшү болдуго. Бизде деле бүгүнкү бийликтин бүтмөгү келип калышы мүмкүн. Керек болсо биз күтпөгөн чукул мезгилдерде" деген ойлорун ортого салды.

- Акыркы учурларда далай жолу курултайлар өттү, өтүп да жатат. Бирок, анын коомчулукка таамай тийген учурларын көпчүлүк аңдай албай деле келет. Жакында атайын топ дейбизби, жеке жамааттар дейбизби, коомчулугубузга курултай институтун киргизиш керек, антпесек биз өнүгүү жолуна түшө албайбыз сыяктуу ойлору менен чыгып, ал тургай митингдер өтүп, эми болсо чыны менен эле ал маселе парламентте талкууланып, биринчи окуудан да өттү. Айтыңызчы, чыны менен эле курултай институту жалпы элге эмне жакшылык алып келет же бүгүнкү парламентке болгон кош бийликпи?
Мындайча айтканда же жөн гана авантюралык аракеттердин бириби?
- Ачык сурооңо мен да ачык жооп берейин. Оюмду орустун улуу окумуштуусу Гумлевдун оюу менен баштайын. Анын доктордук бир диссертациясында минтип айткан жайы бар: "Улуу империялар өзүнүн маданиятын, искусствосун, мыйзамдарын майда этностордун алдында басым кылуу менен аларга таңуулап жашайт. Ошондо майда элдердин тили, салт-санаасы, үрп-адаты, каада-салты таптакыр басынып калат да, улуу империянын мыйзамдары какафониялык түрдө басып, майда улуттар өзүнөн өзү жок болуп кетүүсү мүмкүн" дейт. Бул көрүнүш биздин кыргыз маданиятына, мыйзамдарына, үрп-адатына да тиешелүү көрүнүш. Тескерисинче, ар бир улут өзүнүн мыйзамдары менен, фольклору, маданияты, искусствосу менен уланганда гана өнүгүүнүн жолуна барат. Ошондуктан, азыр Советтик империя деген жок, биз орустардын колониясы да эмеспиз. Демек, бизде мыйзамдарыбыз да, жана башка көрүнүштөрдүн баары өзүбүздүкү болуш керек.
Жашырганда не, буга чейин биз ошол орустардын мыйзамдарынын көчүрмөсү менен жашап келдик. Ал эми эки жыл мурун Текебаев башында тургандар тетиги Венециянын конституциясынан кошумчалап жаңы Баш мыйзамды да коомчулукка тартуулады. Анын натыйжасы коомубузга канчалык деңгээлде сиңип жатат, аны ар бирибиз азыр жон терибиз менен сезип жатабыз. Демек, эмне кылыш керек? Демек, кылымдарды карытып, канча мезгилдерден бери жашап келе жаткан кыргыз мыйзамдарын, албетте баарын эмес, бүгүнкү цивилизациялык доорго ылайыктуу жерлерин алып чыгышыбыз керек. Ошол адаттардын бири - Курултай институту.
- Мисалы, ошол сиз айткан курултайдын коомчулукка кандай пайдасы бар?
- Мына мисалы, азыр парламенти дагы, президентибиз дагы "уурдабагыла, биз коррупция менен күрөшөбүз" деп жатат. Макул, алар бир министрге чап жабышсын, ал деле жанына күч келгенде айтышы мүмкүн, "сиз деле беш заводду текейден арзан баага менчиктештирип албадыңызбы" жана башка ушул сыяктуу нерселерди айтышы мүмкүн, ошону менен бул иш да аягына чыкпай калат. Ал эми курултай институту кирсе, айда-жылда анын өкүлдөрү чогулуп, мисалы ошол менчиктештирүү маселесин карап, анда өтө одоно бузулган фактылар оркоюп чыгып калат да, андайлар казынага кайтарылууга тийиш болот. Себеби, бүт Кыргызстандын ар тарабынан келген курултайдын даанышмандар кеңеши туура чечим чыгарса, аны президент аткарууга мажбур болот.
- А бирок, ошол сиз айткан менчиктештирүүнүн дагы бир жери бар да мисалы, андан бери канча мезгил өттү, канчалаган завод-фабрикалар, бала-бакчалар, далайлаган жерлер заңкайып айланасы курчалып, бирөөнүн менчигине небак эле айланган. Ал жерде азыр таптакыр башка өндүрүш иштеп жатат. Мисалы, казино, сауна, ресторан жана башкалар. Алар деле "ме, алыңыз" деп бере койбойт да? Себеби, ал карапайым элдин менчиги эмес, ал байлыктар айланып келип эле бийликтин бийик мунарасында отургандардын менчиги болуп жатпайбы? Ошондуктан, аларды тартып алуу да мүмкүн эмес, жанагы силер айтып жаткан курултайдагы сунуштарга алар далысын салып коюушу толук мүмкүн.
- Туура. Бирок, мунун да юриспруденцияда туура чечип койчу жолдору бар. Мисалы, эгерде мурда ошол менчиктештирилгенге чейин элге кандай кызмат кылса, азыр да ошондой пайдасы тийген кызмат кылып жатса, аларга жөн эле репрессивный ыкманы колдонгонго болбойт. Ал эми ошол заңкайган имараттар элге эч пайдасын тийгизбей жеке эле бир адамдын чөнтөгүнө кетип жатса, бул маселени кароого эмне үчүн болбосун. Бул эми курултай институтундагы бир эле маселе. Эң негизгиси курултай институтунун максаты сот, Жогорку Кеңеш, президент жана башка бийликтин негизги бутактары менен кыргыз мыйзамынын негизинде, ийри отуруп, түз кеңешели деген максат. Мисалы, илгери бабаларыбыз дөбөдө отуруп, ошол жерден кадыр барктуу даанышман аксакадарыбыз маселени ар дайым кеңешишип, оң жагына чечип келишкен. Ошол сыяктуу эле курултайда да, мисалы айыл чарбасын кантип өндүрүү керек деген маселе козголду дейли. Ошондо, жанагы жер-жерлерден келген, айыл чарбанын алчы-таасын билген адамдар менен акыл калчашып, кантип бул тармакты көтөрүү керек деген сыяктуу нерселерди тап-так чечип койсо болот. Болбосо, айыл чарбасына делинген кредиттер кумга сиңген суудай болуп эле, ушул эле Бишкектен чыкпай, канчасы жок болуп кетип жатат. Ошого бирөөсү да жооп бердиби, ушул эгемендик алган 21 жыл ичинде. Бул бир жагы. Деги эле көпчүлүк отурганда, адегенде айыл-айылдарда, андан кийин областтык курултайда талкууланып, аягы республикалык курултайда аталган маселелер калыс адамдар тарабынан каралса, эл үчүн далай нерселер оң жагына чечилмек. Өсүш болмок ошондо. Көпчүлүк тараза, алар калыстыкты таап алмак. Ал эми бир министр эмне кылат. Ал тигиге же буга азгырылат, өзү жалгыз эч нерсени чече албайт. Же дагы бирөө менен көз кысты болушат да, "тияка-бияка кетти" деп "жеп" коюп жатышпайбы. Бул элге калыс мамиле кылуунун бир жагы.
- Макул, айтканыңызга кошулалы, бирок, мыйзам жаатында кандай иштерди жасай алмакчы, ошол курултай?
- Мисалы, азыр бизде далай мыйзамдар Россиянын же Батыштын үлгүсүндө жазылып келет. Бирок, бул биздин менталитетке көп жагынан туура келбей жатпайбы. Кана, ушул жыйырма жыл ичинде бир чоң ууру кармалып, иши сотко аштыбы? Катуурак айтканда ошол ууру камалдыбы? Ал эми уурулук болбоду деп айталбайбыз, чоң чиновниктер, министрлер, вице-премьер министрлер, премьер-министрлер уурдады деп канча коомчулукка чуу болгон. Кана, анын натыйжасы? Ошондуктан, сиз айтып жатпайсызбы, курултай институту мыйзамдарга кантип көзөмөл кыла алат деп. Мен айтаар элем, ошол жети аймактан, Ош менен Бишкекти кошкондо тогуз субъектиден келген даанышмандар, калыс делегаттар бул маселени кабыргасынан коюп, бабалардай ийри отуруп, түз кеңешип, чече алаарына ишенем. Себеби, алардын баары тең эле ууру министрди колдоп кетиши мүмкүн эмес. Азыр калыс сөз айта турган киши жок, орган жок. Ошондуктан, эгер курултай институту чындап мыйзамдаштырылса, кыргыздын табиятына ылайык келген мыйзамдар аркылуу жогоркудай жосунсуз жоруктарды көзөмөлдөй турган орган болуп калмак. Буга мен бөркүмдөй ишенем.
- Мисалы?
- Түркиянын парламенти "Улуу жыйын" деп аталат, ал эми Монголияда "Элдик хурал" деп аталат. Хурал деген курултайдын бир түрү. Мен өз көзүм менен көрүп келдим ал жерлерди. Анда өтө калыс сүйлөгөн адамдар чогулган. Мисалы, Монголияда коммунисттер башкара албай койду эле, алып койду, "Элдик хуралы". А биздечи, кечээ тигинтип, өз бийлигин колдойм деп К.Бакиев канчалаган адамдарды аттырып таштады. А кыргыздын мыйзамында хан акылмандарды чогултуп, маселе курат, акылдашат, аягында калыс адамдар туура баасын берет. Бул кыргыз менталитетинин мыйзамы. Ушундай мыйзам азыр барбы, бизде. Өзүңөр билесиңер, эки революция эмне үчүн болду. Өйдөкүлөрүбүз "өздөрүн-өздөрү" билип, "өтүктөрүн төргө илип" алышканда, аягы жанагындай кейиштүү окуя менен бүтпөдүбү. Ошондо кыргыз мыйзамына таянып, акылман, калыс адамдардын сөзүн угуп, биздин ошол "хандар" мунасага келишсе, андай кейиштүү окуялар балким болбойт да беле, балким бей-күнөө жап-жаш азаматтар окко учуп, шаар өрттөнүп, тонолбойт беле. А биздикилер анткендин ордуна, күч органдарына Батышты туурап, жанагыдай "черепахаларды" кийген кызматкерлерге курал карматып, элге каршы коюп, ошону менен коргоном деп жатпайбы. Мындайды кыргыз эли сүйбөйт дагы, керек болсо аларга карата курал сунулса, эл таптакыр башка мамилеге өтүп, ортодо жанагыдай каршылык болуп кеткен ошол. Кыргызга курал такадыңбы, алар Европанын боп-боз элдериндей болуп каскатар тизилип туруп бербейт. Кыргыз жоокерчил эл. Сага кол көтөрдүбү, өлсөң да барып кылыч чаап өл дейт, себеби, бул биздин каныбызда бар. Мына, эки президентти алып коюшту, жылаңач колдору менен.

(Уландысы 10-бетте)